Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-июну № 313
"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Долбоор
1-берене.
"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2003-ж.,№ 8, 322-берене) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин.
1. 8-беренеде:
- 1-бөлүгүнүн тогузунчу абзацындагы ," ошондой эле жаныбарларды дарылоо үчүн колдонулуучу дары-дармек каражаттары" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Жаныбарларды дарылоо үчүн колдонулуучу дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо, сапатын, натыйжалуулугун, коопсуздугун экспертизалоо Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүргүзүлөт.".
2. 26-беренесинин 4-бөлүгүндөгү "саламаттык сактоо жаатында" деген сөздөр "ветеринария жаатындагы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
┌─────────────────────────────────┬───────────────────────────────────┐
│ Колдонуудагы редакция │ Сунуш кылынган редакция │
├─────────────────────────────────┼───────────────────────────────────┤
│8-берененин 1-бөлүгүнүн 9-абзацы:│8-берененин 1-бөлүгүнүн 9-абзацы: │
│"- дары каражаттарын, биологиялык│"- дары каражаттарын, биологиалык │
│активдүү тамак-аш кошулмаларын, │активдүү тамак-аш кошулмаларын, │
│дарылоо - косметикалык жана │дарылоо - косметикалык жана │
│гомеопатиялык дары каражаттарын, │гомеопатиялык дары каражаттарын │
│ошондой эле малды дарылоого │мамлекеттик каттоону ишке ашырат" │
│ашырат" колдонулуучу дары │ │
│каражаттарын мамлекеттик каттоону│ │
│ишке ашырат" │ │
├─────────────────────────────────┼───────────────────────────────────┤
│ │8-беренеге төмөндөгү мазмундагы │ │
│ │бөлүк кошулсун: │
│ │" Малды дарылоого колдонулуучу дары│
│ │каражаттарынын мамлакеттик │
│ │каттоосун, сапатын, таасирдүүлүгүн,│
│ │коопсуздугун экспертизалоо Кыргыз │
│ │Республикасынын ветеринария │
│ │тармагындагы ыйгарым укуктуу │
│ │мамлекеттик орган тарабынан ишке │
│ │ашырылат" │
├─────────────────────────────────┼───────────────────────────────────┤
│26-берененин 4-бөлүгү: │ 26-берененин 4-бөлүгү: │
│"Дары каражаттарын клиникалыкка │ "Дары каражаттарын клиникалыкка │
│чейинки изилдөөлөрдү жүргүзүүдө │ чейинки изилдөөлөрдү жүргүзүүдө │
│малды пайдалануунун укуктук жана │ малды пайдалануунун укуктук жана │
│этикалык ченемдерин сактоого │ этикалык ченемдерин сактоого │
│көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын │ көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын │
│саламаттыкты сактоо тармагындагы │ ветеринария тармагындагы ыйгарым │
│ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган│ укуктуу мамлекеттик орган ишке │
│ишке ашырат" │ ашырат" │
└─────────────────────────────────┴───────────────────────────────────┘
|
|