Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-июну № 317
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, экспорттук контролдоо жаатында мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аталган мыйзам долбоору каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
Долбоор
1-берене.
"Экспорттук контролдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ведомосттору, 2003-ж., № 3, 135-берене) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 6-беренеде:
биринчи бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын улуттук контролдук тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Тышкы экономикалык иш-аракеттердин катышуучусу контролдонуучу товарларга жана технологияларга идентификациялоону жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте контролдонуучу товарларга жана технологияларга идентификациялоону жүргүзүү боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга атайын уруксат алган уюмга (мындан ары эксперттик уюм) ушундай эксперттик уюм менен тиешелүү келишим түзүү аркылуу тапшырууга укуктуу. Бул учурда контролдонуучу товарларды менен технологияларды идентификациялоонун жыйынтыктарынын тууралыгы жана негиздүүлүгү үчүн жоопкерчиликти эксперттик уюм тартат.";
- 8-берененин 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмесин жана бул продукцияларды экспорттоого тыюу салынган же чектелген өлкөлөрдүн тизмесин бекитет, ошондой эле контролдонуучу продукцияны экспорттоонун, импорттоонун жана реэкспорттоонун санын чектөөнү белгилейт;";
- 14-берене төмөнкү редакциядагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринин талаптары менен туура келбеген иш-аракеттер менен алектенүү.".
2-берене.
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ведомосттору, 1997-ж. № 3, 126-берене) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 10-берененин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "Президенти тарабынан" деген сөздөр "Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-берене.
"Кыргыз Республикасында тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ведомосттору, 1997-ж., № 8, 376-берене) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 13-берененин 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│"Экспорттук контроль жөнүндө" │ Колдонуудагы редакциясы │
│Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын │ │
│колдонуудагы редакциясы │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ 1-глава │ 1-глава │
│ Жалпы жоболор │ Жалпы жоболор │
│ │ │
│6-статья. │6-статья. │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын Улуттук │Кыргыз Республикасынын Улуттук │
│контролдоо тизмеси Контролдо │контролдоо тизмеси Контролдо │
│турган продукциялардын Кыргыз │турган продукциялардын Кыргыз │
│Республикасынын Улуттук контролдук│Республикасынын Улуттук контролдук│
│тизмеси Кыргыз Республикасынын │тизмеси Кыргыз Республикасынын │
│Өкмөтү тарабынан аныкталат жана │Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кыргыз│
│Кыргыз Республикасынын │Республикасынын Улуттук контролдоо│
│Президентинин Жарлыгы менен │тизмесине кирген контролго │
│бекитилет. Кыргыз Республикасынын │алынуучу продукциялар менчиктин │
│Улуттук контролдоо тизмесине │түрлөрүнө, чыгарылган жерине жана │
│кирген контролго алынуучу │аны өндүрүп чыгаруу убагына │
│продукциялар менчиктин түрлөрүнө, │карабастан экспорттук контролго │
│чыгарылган жерине жана аны өндүрүп│алынууга жана идентификацияланууга│
│чыгаруу убагына карабастан │тийиш. Идентификациялоо жүргүзүү │
│экспорттук контролго алынууга жана│тышкы экономикалык иш-аракеттин │
│идентификацияланууга тийиш. │катышуучуларынын милдети болуп │
│Идентификациялоо жүргүзүү тышкы │саналат. "Тышкы экономикалык │
│экономикалык иш-аракеттин │иш-аракеттердин катышуучусу Кыргыз│
│катышуучуларынын милдети болуп │Республикасынын Өкмөтү тарабынан │
│саналат. │белгиленген тартипте контролго │
│ │алынуучу товарларды жана │
│ │технологияларды идентификациялоо │
│ │боюнча (мындан ары - эксперттик │
│ │уюмдар) иш-аракеттерди жүзөгө │
│ │ашырууга атайын уруксат алган │
│ │уюмга мындай эксперттик уюм менен │
│ │тийиштүү келишимди түзүү аркылуу │
│ │контролго алынуучу товарларга жана│
│ │технологияларга идентификациялоо │
│ │жүргүзүүнү тапшырууга укуктуу". │
│ │ │
│ 2-глава │ 2-глава │
│ Экспорттук контролду уюштуруунун │Экспорттук контролду уюштуруунун │
│ укуктук негиздери │ укуктук негиздери │
│ │ │
│8-статья.Кыргыз Республикасынын │8-статья. Кыргыз Республикасынын │ │
│ Өкмөтүнүн жана │ Өкмөтүнүн жана │ │
│ мамлекеттик башкаруу │ мамлекеттик башкаруу │ │
│ органдарынын экспорттук │ органдарынын экспорттук │ │
│ контроль жаатындагы │ контроль жаатындагы │ │
│ ыйгарым укуктары │ ыйгарым укуктары │ │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: │Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: │
│экспорттук контроль жаатында, анын│экспорттук контроль жаатында, анын│
│ичинде экспорттук контролдун эл │ичинде экспорттук контролдун эл │
│аралык режимдерине карата │аралык режимдерине карата │
│мамлекеттик саясатты ишке ашырууну│мамлекеттик саясатты ишке шырууну │
│уюштурат; │уюштурат; │
│ушул Мыйзамга, Кыргыз │ушул Мыйзамга, Кыргыз │
│Республикасынын Өкмөтүнүн башка │Республикасынын Өкмөтүнүн башка │
│ченемдик укуктук актыларына ылайык│ченемдик укуктук актыларына ылайык│
│контролго алынуучу продукцияларга │контролго алынуучу продукцияларга │
│карата тышкы экономикалык │карата тышкы экономикалык │
│иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу жана │иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу жана │
│эсепке алуу тартибин аныктайт; │эсепке алуу тартибин аныктайт; │
│өз компетенциясынын чегинде │өз компетенциясынын чегинде │
│экспорттук контроль жаатында │экспорттук контроль жаатында │
│сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жана эл │сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жана эл │
│аралык, өкмөттөр аралык │аралык, өкмөттөр аралык │
│келишимдерге кол коюу жөнүндө │келишимдерге кол коюу жөнүндө │
│чечимдерди кабыл алат жана алардын│чечимдерди кабыл алат жана алардын│
│жүзөгө ашырылышына контролдук │жүзөгө ашырылышына контролдук │
│кылат; │кылат; │
│экспорттук контроль жана │экспорттук контроль жана │
│санкцияланган транзитти жүзөгө │санкцияланган транзитти жүзөгө │
│ашыруу үчүн жооптуу Кыргыз │ашыруу үчүн жооптуу Кыргыз │
│Республикасынын ыйгарым укуктуу │Республикасынын ыйгарым укуктуу │
│органдарынын иш-аракеттерин │органдарынын иш-аракеттерин │
│аныктайт жана аларга жетекчилик │аныктайт жана аларга жетекчилик │
│кылат; │кылат; │
│Контролдо турган продукциялардын │Кыргыз Республикасынын Улуттук │
│Кыргыз Республикасынын Улуттук │контролдук тизмесин жана бул │
│контролдук тизмеси, ошондой эле │продукцияларды экспорттоого тыюу │
│контролдо турган продукцияларды │салынган жана чектелген өлкөлөрдүн│
│экспортко, импортко жана │тизмесин бекитет, ошондой эле │
│реэкспортко сандык чектөөлөр жана │контролдо турган продукцияларды │
│ошол экспортко чыгарууга тыюу │экспортко, импортко жана │
│салынган же чектелген өлкөлөрдүн │реэкспортко сандык чектөөлөрдү │
│тизмеси боюнча сунуштар Кыргыз │белгилейт; │
│Республикасынын Президентине │өзүнүн компетенциясынын чегинде │
│бекитүүгө киргизилет; │экспорттук контроль жаатында башка│
│өзүнүн компетенциясынын чегинде │ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. │
│экспорттук контроль жаатында башка│ │
│ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. │ │
│Мамлекеттик башкаруу органдары: │Мамлекеттик башкаруу органдары: │
│экспорттук контроль жаатында ушул │экспорттук контроль жаатында ушул │
│Мыйзамдын, башка мыйзамдардын, │Мыйзамдын, башка мыйзамдардын, │
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │
│ченемдик укуктук актыларынын жана │ченемдик укуктук актыларынын жана │
│экспорттук контролго карата эл │экспорттук контролго карата эл │
│аралык милдеттенмелердин │аралык милдеттенмелердин │
│аткарылышын камсыз кылат; │аткарылышын камсыз кылат; │
│Кыргыз Республикасынын Улуттук │Кыргыз Республикасынын Улуттук │
│контролдоо тизмесин, ага түзөтүү │контролдоо тизмесин, ага түзөтүү │
│киргизүү, контролго алынуучу │киргизүү, контролго алынуучу │
│продукциянын экспортуна, импортуна│продукциянын экспортуна, импортуна│
│жана реэкспортуна, ошондой эле бул│жана реэкспортуна, ошондой эле бул│
│продукциянын экспортуна тыюу же │продукциянын экспортуна тыюу же │
│чектөө салынган Өлкөлөрдүн тизмеси│чектөө салынган Өлкөлөрдүн тизмеси│
│боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана│боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана│
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │
│кароосуна киргизет; │кароосуна киргизет; │
│контролго алынуучу продукциянын │контролго алынуучу продукциянын │
│транзитине корутунду даярдайт, │транзитине корутунду даярдайт, │
│текшерүү жүргүзүп, ага уруксат │текшерүү жүргүзүп, ага уруксат │
│берет, ошондой эле контролго │берет, ошондой эле контролго │
│алынуучу продукция Кыргыз │алынуучу продукция Кыргыз │
│Республикасынын аймагынан жүктөп │Республикасынын аймагынан жүктөп │
│жөнөтүлүп жаткан учурда текшерүүнү│жөнөтүлүп жаткан учурда текшерүүнү│
│жүзөгө ашырат; │жүзөгө ашырат; │
│контролго алынуучу продукциянын │контролго алынуучу продукциянын │
│Кыргыз Республикасынын аймагында │Кыргыз Республикасынын аймагында │
│мыйзамсыз орун которуштуруусун │мыйзамсыз орун которуштуруусун │
│жана мамлекеттик чек арасы аркылуу│жана мамлекеттик чек арасы аркылуу│
│алынып өтүшүн токтотот; │алынып өтүшүн токтотот; │
│тышкы экономикалык ишке │тышкы экономикалык ишке │
│катышуучулардан, кабыл алынган │катышуучулардан, кабыл алынган │
│милдеттенмелерге ылайык, мурда │милдеттенмелерге ылайык, мурда │
│жасалган бүтүмдөр боюнча алынган │жасалган бүтүмдөр боюнча алынган │
│контролго алынуучу продукциянын │контролго алынуучу продукциянын │
│пайдаланылышы тууралу маалыматты │пайдаланылышы тууралу маалыматты │
│сурап алат; │сурап алат; │
│эл аралык уюмдар, чет │эл аралык уюмдар, чет │
│мамлекеттердин мамлекеттик │мамлекеттердин мамлекеттик │
│оргаңдары жана мамлекеттик эмес │оргаңдары жана мамлекеттик эмес │
│уюмдары менен өз ара аракеттенүүнү│уюмдары менен өз ара аракеттенүүнү│
│жүзөгө ашырат, ошондой эле │жүзөгө ашырат, ошондой эле │
│экспорттук контроль жаатында │экспорттук контроль жаатында │
│Кыргыз Республикасынын коомдук │Кыргыз Республикасынын коомдук │
│уюмдары менен чет өлкөлүк өкмөттүк│уюмдары менен чет өлкөлүк өкмөттүк│
│эмес уюмдардын ортосундагы │эмес уюмдардын ортосундагы │
│байланыштардын өнүгүшүнө жана │байланыштардын өнүгүшүнө жана │
│маалымат алмашуусуна көмөк │маалымат алмашуусуна көмөк │
│көрсөтөт; │көрсөтөт; │
│өз компетенциясынын чегинде Кыргыз│өз компетенциясынын чегинде Кыргыз│
│Республикасынын мыйзамдарына │Республикасынын мыйзамдарына │
│ылайык тышкы экономикалык иштин │ылайык тышкы экономикалык иштин │
│катышуучуларына көзөмөл жана │катышуучуларына көзөмөл жана │
│текшерүү жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;│текшерүү жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;│
│өз компетенциясынын чегинде │өз компетенциясынын чегинде │
│экспорттук контроль жаатыңда башка│экспорттук контроль жаатыңда башка│
│ыйгарым укуктарды да жүзөгө │ыйгарым укуктарды да жүзөгө │
│ашырат. │ашырат. │
│ │ │
│ 4-глава. │ 4-глава. │
│ Экспорттук контроль жаатындагы │ Экспорттук контроль жаатындагы │
│ Кыргыз Республикасынын │ Кыргыз Республикасынын │
│ мыйзамдарын бузгандык үчүн │ мыйзамдарын бузгандык үчүн │
│ жоопкерчилик │ жоопкерчилик │
│ │ │
│14-статья.Экспорттук контроль │14-статья. Экспорттук контроль │
│ жаатындагы Кыргыз │ жаатындагы Кыргыз │
│ Республикасынын │ Республикасынын │
│ мыйзамдарынын бузулушу │ мыйзамдарынын бузулушу │
│ │ │
│Экспорттук контроль жаатындагы │Экспорттук контроль жаатындагы │
│Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын│Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын│
│бузуу болуп төмөнкүлөр саналат: │бузуу болуп төмөнкүлөр саналат: │
│контролго алынуучу продукцияны │контролго алынуучу продукцияны │
│экспорттоо, импорттоо, │экспорттоо, импорттоо, │
│реэкспорттоо боюнча тышкы │реэкспорттоо боюнча тышкы │
│экономикалык санкцияланбаган │экономикалык санкцияланбаган │
│бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу, ошондой │бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу, ошондой │
│эле аны Кыргыз Республикасынын │эле аны Кыргыз Республикасынын │
│аймагы аркылуу тиешелүү уруксаты │аймагы аркылуу тиешелүү уруксаты │
│жок алып өтүү; │жок алып өтүү; │
│контролго алынуучу продукция менен│контролго алынуучу продукция менен│
│тышкы экономикалык операцияны │тышкы экономикалык операцияны │
│жүзөгө ашырууда мамлекеттик │жүзөгө ашырууда мамлекеттик │
│башкаруу органдарына жасалма │башкаруу органдарына жасалма │
│документтерди же жалган │документтерди же жалган │
│маалыматтарды камтыган │маалыматтарды камтыган │
│документтерди берүү; │документтерди берүү; │
│ыйгарым укуктуу органдардын жазма │ыйгарым укуктуу органдардын жазма │
│буйруктарын аткарбагандык же толук│буйруктарын аткарбагандык же толук│
│аткарбагандык; │аткарбагандык; │
│экспорттук контроль жаатындагы │экспорттук контроль жаатындагы │
│ыйгарым укуктуу органдардын кызмат│ыйгарым укуктуу органдардын кызмат│
│адамдарынын өз ыйгарым укуктарын │адамдарынын өз ыйгарым укуктарын │
│жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук │жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук │
│кылуу; │кылуу; │
│экспорттук контролдоо максатына да│экспорттук контролдоо максатына да│
│ыйгарым укуктуу органдар сураган │ыйгарым укуктуу органдар сураган │
│маалыматтарды берүүдөн негизсиз │маалыматтарды берүүдөн негизсиз │
│баш тартуу, аны атайы бурмалоо же │баш тартуу, аны атайы бурмалоо же │
│жашыруу; │жашыруу; │
│контролго алынуучу продукция менен│контролго алынуучу продукция менен│
│тышкы экономикалык бүтүмдөрдүн │тышкы экономикалык бүтүмдөрдүн │
│эсебин алуунун белгиленген │эсебин алуунун белгиленген │
│тартибин бузуу. │тартибин бузуу; │
│ │мыйзамда белгиленген тартипте │
│ │күчүнө кирген Кыргыз Республикасы │
│ │катышуучу болуп саналган эл аралык│
│ │келишимдердин талаптарына туура │
│ │келбеген иш аракеттер менен │
│ │алектенүү. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын │ Сунушталган редакция │
│"Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамынын │ │
│ колдонуудагы редакциясы │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ II бөлүм │ II бөлүм │
│ Товарларды ( жумуштарды, кызмат │ Товарларды ( жумуштарды, кызмат │
│ көрсөтүүлөрдү) экспорттоону жана │ көрсөтүүлөрдү) экспорттоону жана │
│ импорттоону лицензиялоо │ импорттоону лицензиялоо │
│ │ │
│10-статья. Жалпы жоболор │ 10-статья. Жалпы жоболор │
│ │ │
│1. Товарларды (жумуштарды, кызмат │1. Товарларды (жумуштарды, кызмат │
│көрсөтүүлөрдү) импорттоодо жана │көрсөтүүлөрдү) импорттоодо жана │
│экспорттоодо башкы жана бир жолку │экспорттоодо башкы жана бир жолку │
│лицензиялар берилет. │лицензиялар берилет. │
│Лицензияланууга тийиш болгон │Лицензияланууга тийиш болгон │
│товарлардын (жумуштардын, кызмат │товарлардын (жумуштардын, кызмат │
│көрсөтүүлөрдүн) тизмеси, ошондой │көрсөтүүлөрдүн) тизмеси, ошондой │
│эле экспорттук-импорттук │эле экспорттук-импорттук │
│операцияларды жасоого │операцияларды жасоого │
│лицензияларды берүүнүн жана │лицензияларды берүүнүн жана │
│жол-жоболоштуруунун тартиби Кыргыз│жол-жоболоштуруунун тартиби Кыргыз│
│Республикасынын Жогорку Кеңешинин │Республикасынын Жогорку Кеңешинин │
│тарабынан белгиленет. │тарабынан белгиленет. │
│Кыргыз Республикасынын Президенти │Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │
│тарабынан бекитилген Кыргыз │тарабынан бекитилген Кыргыз │
│Республикасынын Улуттук контролдоо│Республикасынын Улуттук контролдоо│
│тизмесине киргизилген, массалык │тизмесине киргизилген, массалык │
│кыргын салуучу куралдарды, аларды │кыргын салуучу куралдарды, аларды │
│жеткирүү каражаттарын, куралдардын│жеткирүү каражаттарын, куралдардын│
│жана согуштук техниканын дагы │жана согуштук техниканын дагы │
│башка түрлөрүн түзүүгө │башка түрлөрүн түзүүгө │
│пайдаланылышы мүмкүн болгон │пайдаланылышы мүмкүн болгон │
│продукцияларды │продукцияларды │
│имлорттоо/экспорттоо жана │импорттоо/экспорттоо жана │
│реэкспорттоо боюнча операциялар да│реэкспорттоо боюнча операциялар да│
│лицензияланууга тийиш. │лицензияланууга тийиш. │
│2. Башкы лицензиялар экспорттук │2. Башкы лицензиялар экспорттук │
│жана импорттук операцияларды │жана импорттук операцияларды │
│жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон │жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон │
│мөөнөткө берилет, бирок ал │мөөнөткө берилет, бирок ал │
│календарлык бир жылдан ашпоого │календарлык бир жылдан ашпоого │
│тийиш. │тийиш. │
│Башкы лицензия боюнча операциялар │Башкы лицензия боюнча операциялар │
│бүтүмдөрдүн мүнөзүн милдеттүү │бүтүмдөрдүн мүнөзүн милдеттүү │
│түрдө көрсөтүү менен бир же бир │түрдө көрсөтүү менен бир же бир │
│нече контракттар боюнча жүзөгө │нече контракттар боюнча жүзөгө │
│ашырылышы мүмкүн. │ашырылышы мүмкүн. │
│3. Арыз берүүчүгө бир жолку │3. Арыз берүүчүгө бир жолку │
│лицензия ар-бир айрым бүтүм боюнча│лицензия ар-бир айрым бүтүм боюнча│
│экспорттук же импорттук │экспорттук же импорттук │
│операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн │операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн │
│календарлык жылдын мезгилине │календарлык жылдын мезгилине │
│берилет. Лицензиянын ээси бул │берилет. Лицензиянын ээси бул │
│тууралу лицензия берген органга │тууралу лицензия берген органга │
│кабарлоо менен андан баш тартууга │кабарлоо менен андан баш тартууга │
│укуктуу. │укуктуу. │
│4. Арыз берүүчүнүн жүйөлүү өтүнүчү│4. Арыз берүүчүнүн жүйөлүү өтүнүчү│
│боюнча башкы да, ошондой эле бир │боюнча башкы да, ошондой эле бир │
│жолку да лицензиялардын колдонуу │жолку да лицензиялардын колдонуу │
│мөөнөтү узартылышы мүмкүн. │мөөнөтү узартылышы мүмкүн. │
│5. Башкы жана бир жолку │5. Башкы жана бир жолку │
│лицензиялар товарларды │лицензиялар товарларды │
│(жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү)│(жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү)│
│аларда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө │аларда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө │
│экспорттоого жана импорттоого │экспорттоого жана импорттоого │
│берилген уруксат болуп эсептелет │берилген уруксат болуп эсептелет │
│жана продукдияларды бажылык │жана продукдияларды бажылык │
│жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп │жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп │
│кызмат кылат. │кызмат кылат. │
│6. Контрактка киргизилген │6. Контрактка киргизилген │
│аталыштардын санына карабастан │аталыштардын санына карабастан │
│лицензиялар товардын (жумуштардын,│лицензиялар товардын (жумуштардын,│
│кызмат көрсөтүүлөрдүн) бир түрүнө │кызмат көрсөтүүлөрдүн) бир түрүнө │
│берилет. │берилет. │
│Эгерде алар бир объектини куруу │Эгерде алар бир объектини куруу │
│(модернизациялоо) үчүн товарлардын│(модернизациялоо) үчүн товарлардын│
│бирдиктүү тобуна кирсе, ошондой │бирдиктүү тобуна кирсе, ошондой │
│эле жумуштар жана кызмат │эле жумуштар жана кызмат │
│көрсөтүүлөр бирдиктүү │көрсөтүүлөр бирдиктүү │
│технологиялык комплекске │технологиялык комплекске │
│(комплектиге) кирсе башкы │(комплектиге) кирсе башкы │
│лицензияны товарлардын бир нече │лицензияны товарлардын бир нече │
│түрүнө берүүгө жол берилет. │түрүнө берүүгө жол берилет. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ "Кыргыз Республикасындагы тышкы │ Сунушталган редакция │
│соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу│ │
│жөнүндө" Кыргыз Республикасынын │ │
│Мыйзамынын колдонуудагы редакциясы│ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ III бөлүм │ III бөлүм │
│ Тышкы соода ишин мамлекеттик │ Тышкы соода ишин мамлекеттик │
│ жөнгө салуу жөнүндө негизги │ жөнгө салуу жөнүндө негизги │
│ жоболор │ жоболор │
│ │ │
│13-статья. Экспорттук контроль │13-статья. Экспорттук контроль │
│ │ │
│Куралдар, аскердик техника жана │Куралдар, аскердик техника жана │
│эки жактуу пайдаланылуучу товарлар│эки жактуу пайдаланылуучу товарлар│
│жагындагы тышкы соода ишин жүзөгө │жагындагы тышкы соода ишин жүзөгө │
│ашырууда Кыргыз Республикасынын │ашырууда Кыргыз Республикасынын │
│улуттук таламдарын коргоо, ошондой│улуттук таламдарын коргоо, ошондой│
│эле Кыргыз Республикасында │эле Кыргыз Республикасында │
│массалык кыргындоо куралдарын жана│массалык кыргындоо куралдарын жана│
│куралдардын башка түрлөрүн, │куралдардын башка түрлөрүн, │
│алардын технологияларын түзүүнү │алардын технологияларын түзүүнү │
│жайылтпоо боюнча Кыргыз │жайылтпоо боюнча Кыргыз │
│Республикасынын эл аралык │Республикасынын эл аралык │
│милдеттенмелерин сактоо максатында│милдеттенмелерин сактоо максатында│
│экспорттук контролдоо тутуму иш │экспорттук контролдоо тутуму иш │
│жүргүзөт. │жүргүзөт. │
│Экспорттук контролдоого алына │Экспорттук контролдоого алына │
│турган куралдардын, аскердик │турган куралдардын, аскердик │
│техниканын, массалык кыргындоо │техниканын, массалык кыргындоо │
│куралдарынын, аларды жеткирүүчү │куралдарынын, аларды жеткирүүчү │
│ракеталык каражаттардын жана башка│ракеталык каражаттардын жана башка│
│куралдардын түрлөрүн түзүүдө │куралдардын түрлөрүн түзүүдө │
│колдонула турган же колдонулушу │колдонула турган же колдонулушу │
│мүмкүн болгон сырьелордун айрым │мүмкүн болгон сырьелордун айрым │
│түрлөрүнүн, материалдардын, │түрлөрүнүн, материалдардын, │
│жабдуулардын, технологиялардын, │жабдуулардын, технологиялардын, │
│илимий-техникалык маалыматтардын │илимий-техникалык маалыматтардын │
│жана кызмат көрсөтүүлөрдүн │жана кызмат көрсөтүүлөрдүн │
│номенклатурасы Кыргыз │номенклатурасы КЫРГЫЗ │
│көрсөтүүлөрдүн номенклатурасы │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ тарабынан │
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │бекитилүүчү тизмелер жана │
│сунушу боюнча Кыргыз │тизмектер тарабынан аныкталат. │
│Республикасынын Жогорку Кеңеши │Кыргыз Республикасы өлкөнүн │
│тарабынан бекитилүүчү тизмелер │коопсуздугун, анын саясый, │
│жана тизмектер тарабынан │экономикалык жана аскердик │
│аныкталат. │таламдарын камсыз кылуунун │
│Кыргыз Республикасы өлкөнүн │негизинде гана аныкталуучу │
│коопсуздугун, анын саясый, │экспорттук контролдоонун бирдиктүү│
│экономикалык жана аскердик │саясатын жүргүзөт. │
│таламдарын камсыз кылуунун │Ушул статьянын биринчи бөлүгүнө │
│негизинде гана аныкталуучу │ылайык контролдоого алына турган │
│экспорттук контролдоонун бирдиктүү│экспорттук товарларды, жумуштарды,│
│саясатын жүргүзөт. │кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле │
│Ушул статьянын биринчи бөлүгүнө │интеллектуалдык иштин │
│ылайык контролдоого алына турган │натыйжаларын,анын ичинде аларга │
│экспорттук товарларды, жумуштарды,│болгон өзгөчө укуктарды алып кетүү│
│кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле │Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │
│интеллектуалдык иштин │тарабынан аныкталуучу тартипте │
│натыйжаларын,анын ичинде аларга │жүзөгө ашырылат. │
│болгон өзгөчө укуктарды алып кетүү│ │
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │ │
│тарабынан аныкталуучу тартипте │ │
│жүзөгө ашырылат. │ │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
|
|