Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июну № 323
«Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча уюштуруу чаралары тууралуу
2011-жылы бюджетти сапаттуу жана натыйжалуу аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган салыктык жана башка төлөмдөрдүн бюджеттин кирешесине түшүүсүн камсыз кылышсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги 583,0 млн. сом суммасында төлөмдөрдүн түшүүсүн камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык көзөмөл функциясын ишке ашыруу үчүн акыны жана жыштыкты пайдалануу үчүн акыны көбөйтүүдөн 196,0 млн. сом суммасында бюджетке түшүүлөрдү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген көрсөткүчтөргө ылайык дивиденддердин, менчиктештирүүдөн жана мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн алынган ижара акысынан түшкөн каражаттардын бюджетке түшүүсүн камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги эки жумалык мөөнөттө 2011-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоо объекттеринин титулдук тизмесин бекитүү жөнүндө" токтом долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эки жумалык мөөнөттө 2011-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде оңдоо-куруу иштерин жана авариялык калыбына келтирүү иштеринин план-болжолун бекитүү жөнүндө токтом долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
7. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- бюджеттик мекемелер жана чарбакер субъекттер, бардык деңгээлдеги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган бюджеттик каражаттар тийиштүү бюджеттерге өндүрүп алынары;
- кайтарып берүү негизинде берилген бюджеттик каражаттарды өз убагында кайтарбоо, ошондой эле аларды пайдалануу үчүн пайыздарды төлөө мөөнөтүн өткөрүү мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн бардык формаларын кыскартуу же токтотуу үчүн негиз болору, эгерде карыз каражаттарды кайтарып берүү боюнча кредиттик документтин шарттарында башкалар каралбаса Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын колдонулуудагы эсептик ставкасынын эки эсе өлчөмүндө айып алынары;
- ишканаларга, уюмдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген бюджеттик ссудаларды, кредиттерди, кайтарып берүү биринчи кезектеги тартипте ишке ашырылат.
8. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, башка борбордук аткаруу органдары, бардык деңгээлдеги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- эл аралык уюмдар жана донор өлкөлөр тарабынан берилүүчү программалык кредиттерди алуу жөнүндө макулдашууда каралган шарттарды аткаруу үчүн жетекчилердин катуу контролдугун, жеке жоопкерчилигин жана ай сайын отчет беришин белгилешсин;
- 2011-жылга белгиленген жылуулук жана электр энергиясын керектөөнүн лимитин сактоону камсыз кылышсын. Лимиттен ашып кеткен учурда бюджеттик уюмдардын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик таасир берүү чаралары көрүлөт;
- 2011-жылга белгиленген эмгек акы боюнча лимитти сактоону камсыз кылышсын, бюджеттик уюмдардын жетекчилерине эмгек акы фондунун лимитинен ашкандыгы үчүн жеке жоопкерчиликти белгилешсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган автотранспорт каражаттарынын санынын лимитин жана аларды күтүүгө чыгаша ченемдерин катуу сакташсын;
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана өз убагында пайдаланууну камсыз кылышсын;
- Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2011-жылга кошумча каражат бөлүү жөнүндө өтүнүч кат менен кайрылууга тыюу салышсын;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлүк мекемелерин кошпогондо Казыналык системасынан айланып өтүп, атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салышсын;
- атайын каражаттарга салык төлөөнү камсыз кылышсын;
- 2011-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төгүмдөр, медикаменттер, тамак-аш, стипендия жана башка социалдык төлөөлөр жана коммуналдык кызматтар сыяктуу элементтерди жана бюджеттик классификациянын беренелерин каржылоону биринчи кезектеги тартипте ишке ашырышсын;
- бул беренелерди жана бюджеттик классификациянын элементтерин өз убагында жана толук каржылоо үчүн жоопкерчилик тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине жүктөлсүн.
9. Бардык деңгээлдеги жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары коммуналдык кызматтар боюнча карыздарды өз убагында тындыруу жана иштин (кызмат көрсөтүүнүн) көлөмүн аткаруу, республикалык бюджеттен бөлүнгөн трансферттерди, анын ичинде жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамагын уюштурууга каражаттарды өз убагында жана максаттуу пайдалануу үчүн контролдукту белгилешсин.
10. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте:
- чыгымдардын артыкчылыктуу багыттарын каржылоого жана "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12 жана 13-беренелеринде белгиленген бюджеттик камсыздоону теңөө максатында теңөө гранттарын даректүү пайдаланууга багытталган категориялык гранттарды максаттуу пайдаланууну камсыздасын;
- мамлекеттик жана муниципалдык менчик болуп саналган чарбакер субъекттердин балансында турган объекттерди курууну жана кайра конструкциялоону каржылоого тыюу салсын;
- эмгек акыга, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөргө, медикаменттерге, тамак-ашка, жөлөкпулдарга, стипендияларга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү камсыздандыруу фондуна, ошондой эле мамлекеттик карыздык милдеттенмелер жана баалуу кагаздар боюнча республикалык бюджетте каралган чыгымдарды толук жана өз убагында каржылоону камсыз кылуучу чараларды көрсүн;
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө квартал сайын берсин.
11. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- сот органдарынын чечими боюнча айрым жеке адамдардын аткаруу барактары боюнча төлөөлөр тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылары;
- учурдагы жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансылык ресурстарды талап кылуучу чыгымдар кийинки жылдын бюджетинде каралары;
- кошумча алынган кирешелер жана гранттар бюджеттин тартыштыгын кыскартууга жумшалары.
12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
|
|