Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-июну № 326
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы № 103 "2011-жылдын I жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралууга тийиш болгон негизги маселелердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы № 103 "2011-жылдын I жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралууга тийиш болгон негизги маселелердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын I жарым жылындагы жыйындарында каралуучу негизги маселелердин тизмесинде:
"22-апрелде" бөлүмүнүн 6-пункту алып салынсын.
2. Бул токтом 2011-жылдын 20-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
|
|