Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-июнундагы № 327 «Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шаңхай кызматташтык уюмунун Региондук антитеррордук түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 327
Кабыл алынган
2011-жылдын 17-июну
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Реестрде

Минюст коду
95210

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция17.06.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 17-июну № 327

"Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шаңхай кызматташтык уюмунун Региондук антитеррордук түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шаңхай кызматташтык уюмунун Региондук антитеррордук түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашуунун 21-беренесине ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шаңхай кызматташтык уюмунун Региондук антитеррордук түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

А.Атамбаев

 

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шаңхай кызматташтык уюмунун Региондук антитеррордук түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

 

Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шаңхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Макулдашуунун 6-беренесин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети аны ишке ашыруу үчүн компетенттүү орган болуп аныкталсын.

 

3-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Шаңхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жана аны ишке ашырууга жооптуу болгон компетенттүү орган жөнүндө билдирсин.

 

4-берене.

 

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

 

 

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.