Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-июлу №389
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы №976 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускамада:
1.4-пункттун экинчи абзацындагы "500 кг же 500 литрден ашпаган санда" деген сөздөр "наркы 380 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган 2000 кг же 1500 литрден ашпаган санда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын "КР Өкмөтүнүн Ченемдик актылары" тиркемесинде 2011-жылдын 30-июлунда № 13-14 (394-395) жарыяланды
Премьер-министри | А.Атамбаев |