Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы №395 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Аңчылык департаментинин максаттары жана милдеттери
3. Аңчылык департаментинин иш милдеттери
4. Аңчылык департаментинин укуктары жана милдеттери
5. Аңчылык департаментинин ишин уюштуруу
6. Эсеп жана отчеттуулук
7. Аңчылык департаментинин иш аракеттерин токтотуу
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу департаменти (мындан ары Аңчылык департаменти) жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана Департаменттин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, анын ыйгарым укуктарын жана иш милдеттерин аныктайт.
2. Аңчылык департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Агенттик) ведомстволук бөлүмү аңчылык жана аңчылык чарба иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруу органы болуп эсептелет.
3. Аңчылык департаменти өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын, Агенттиктин актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Аңчылык департаменти өз ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар менен байланышта ишке ашырат.
5. Аңчылык департаментинин карамагында республиканын региондорунда 7 өкүлчүлүк болот: Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Ош жана Баткен.
6. Аңчылык департаменти юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча баланска, Кыргыз Республикасынын гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдеги өзүнүн аталышы жазылган мөөргө, штамптарга, фирмалык бланктарга, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыначылык тутумунда атайын алыш-бериш эсебине ээ.
Менчигинин түрү - мамлекеттик. Мамлекеттик мүлктөр Аңчылык департаментине ыкчам башкаруу укугунда бекитилет.
7. Аңчылык департаментин каржылоо республикалык бюджеттин, атайын каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.
8. Аңчылык департаментинин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу департаменти";
- расмий тилде: "Департамент охотничьего надзора и регулирования численности охотничьих ресурсов Государственного агентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики".
9. Аңчылык департаментинин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, 720001, Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 87.
10. Аңчылык департаментинин ишинин максаты Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык ресурстарын сактоо, көбөйтүү жана аларды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу болуп эсептелет.
Аңчылык департаментинин негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
- аңчылык ресурстарын коргоо жана көбөйтүү, аңчылык ишин жүргүзүү, өзгөчө корголгон жаратылыш аймактарын (аңчылык заказниктерин), көбөйтүлүүчү жана үлгүлүү аңчылык участкаларын өнүктүрүү, аңчылык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле жапайы жаныбарлар байыр алган жерлерди (аңчылык жерлерди) сактоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- аңчылык ресурстарын жана алар байыр алган чөйрөнү коргоо, көбөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча жеке жана юридикалык жактар жүргүзүүчү аңчылык иштерин координациялоо;
- аңчылык ресурстарын жана алар байыр алган чөйрөнү коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу, жапайы жаныбарлардын көбөйүүсүнө өбөлгө болгон иш чаралар (биотехникалык жана башка) жаатында аңчылык көзөмөлдөөнү уюштуруу жана ишке ашыруу;
- белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана өз алдынча башкаруу органдарына, калкка жана башка кызыкдар жактарга аңчылык ресурстарынын абалы жөнүндө маалымдоо.
11. Аңчылык департаменти өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү иш милдеттерди жүргүзөт:
а) тармактык саясатты иштеп чыгуу чөйрөсүндө:
- аңчылык ресурстарын сактоо, көбөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу жана аңчылык иштерин жүргүзүү жаатында бирдиктүү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашырууга катышат;
- төмөндөгүлөрдү иштеп чыгат жана Агенттикке белгиленген тартипте киргизет:
жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин олжолоого эрежелерди, нормаларды, ыкмаларды жана аңчылык мөөнөтүн, лимитин жана квотасын белгилөө боюнча сунуштарды;
ченемдик укуктук актылардын, стандарттардын, аңчылык ресурстарын пайдалануу ченемдеринин жана эрежелеринин долбоорлорун, аңчылык иши, аңчылык ресурстарын сактоо, көбөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы мамлекеттик программаларды;
Жаныбарлардын аңчылык кыла турган түрүнүн тизмесин түзүү жана оңдоо-түзөтүү киргизүү боюнча материалдарды;
аңчылык минимумду - аңчылардан талап кылынуучу билимди, белгилүү маалыматтарды камтыган бирдиктүү окуу куралдарынын жана башка маалыматтык материалдардын долбоорлорун;
аңчылык билеттерин (күбөлүктөрүн) берүү жана каттоо тартибинин, шарттарынын, эрежелеринин долбоорлорун;
республикадагы аңчылык кылуу жерлерин эсепке алууну, аңчылык кылуу жерлерин берүү/бекитип берүү тартибин жана аларды пайдалануу шарттарын жөнгө салуучу жоболордун долбоорлорун;
жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдаланууга карата төлөө ченемдери жана аңчылык ресурстарга жана алар байыр алган жерлерге юридикалык жана жеке жактардын келтирген зыянына карата доо арыздын өлчөмүн эсептөө үчүн тарифтер боюнча сунуштарды;
аңчылык кыла турган жаныбарларга жана алар байыр алган чөйрөгө (аңчылык кыла турган жерлерге) кадастр жана мониторинг жүргүзүүнү ишке ашыруу тартибин, мөөнөтүн жана шарттарын белгилөө жана оңдоо киргизүү боюнча сунуштарды;
аңчылык ресурстарын жана алар байыр алган чөйрөнү коргоо, көбөйтүү жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуучу аңчылык иши жаатында ата мекендик жана чет элдик инвестицияларды жана технологияларды тартуу боюнча долбоордук сунуштарды;
б) координациялоо, көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндө:
- белгиленген тартипте төмөндөгүлөр боюнча өздөрүнүн өкүлчүлүктөрүнүн, юридикалык (менчигинин түрүнө карабастан) жана жеке жактардын ишин координациялоону жана көзөмөлдөөнү ишке ашырат:
аңчылык ишин жүргүзүү, бекитилген аңчылык кылуучу жерлердеги аңчылык ресурстарын пайдалануу; аңчылыкты уюштуруу жана жүргүзүү, аңчылык продукцияларын сатуу, иштеп чыгуу, даярдоо (сатып алуу), зыяндуу жаныбарларды олжолоого карата уруксат берүүчү документтерди берүү жана тариздөөнүн белгиленген тартибин сактоо;
аңчылык кыла турган жаныбарлардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген, жок болуп бараткан жана сейрек кездешүүчү жаныбарлардын санын эсепке алууну жүргүзүү;
жеке жана юридикалык жактардын (анын ичинде чет элдик) аңчылык кылуучу жерлерди реконструкциялоо, аңчылык кыла турган жаныбарлардын байыр алган жерлеринин шарттарын жакшыртуу, жапайы жаныбарлардын (карышкыр, чөө ж.б.) санын жөнгө салуу, ветеринардык-профилактикалык, биотехникалык курулмаларды түзүү жана пайдалануу, түрлөрдүн сапаттуу курамын оптималдаштыруу, жапайы жаныбарларды акклиматизациялоо жана реакклиматизациялоо, жасалма өстүрүү боюнча иш чараларды кошкондо биотехникалык иш чараларды пландоо, уюштуруу жана өткөрүү;
аңчылык заказниктерин жана аңчылык кыла турган жаныбарларды көбөйтүү питомниктерин түзүү жана иштетүү;
үлгүлүү аңчылык кылуу участкаларын түзүү жана ал жерде жапайы жаныбарларды олжолоо (кармоо, атып алуу), анын ичинде илимий багыттарда;
аңчылык иттерди асыроо, алгыр куштар жана аңчылык иттер менен аңчылыктын салттуу жана улуттук түрлөрүн, таксидермикалык иш жүргүзүүнү өнүктүрүүгө багытталган чараларды көрүү;
- аңчылык кыла турган жаныбарлардын байыр алган чөйрөсүнө жана башка жапайы жаныбарларга мониторинг жүргүзүүнү, аңчылык ресурстардын абалын жана алар байыр алган чөйрөнү баалоону ишке ашырат, маалымат банкын түзөт;
- Аңчылык департаментинин компетециясына кирген маселелер боюнча юридикалык жана жеке жактардан түшкөн арыздарды жана даттанууларды карайт, ошондой эле алар боюнча кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзүүгө катышат;
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин, алар байыр алган чөйрөнү, орун которуштуруу жолу менен көбөйүү шарттарын, ошондой эле бак-бадалдарын жана өзгөчө кайтарылган, анын ичинде суу жайылмаларындагы жана башка көлмө жээктериндеги өсүмдүк түрлөрүн кайтарууну уюштурат жана ишке ашырат;
- аңчылыкты көзөмөлдөө постторунун иш аракеттерин уюштурат жана координациялайт, аларды иш жүзүнө ашырууга катышат;
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтирүүчү укукка каршы аракеттерди жана аңчылык продукциясын пайдалануу, аңчылык ыкмаларын, мөөнөтүн, эрежесин бузган фактыларды табат, алдын алат жана токтотот;
- Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузууну токтотуу жана болтурбоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарбакер субъекттер менен байланышта иштөөнү ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасында жапайы жаныбарларды (аңчылык түрлөрүн) изилдөө, сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу программаларын ишке ашыруу боюнча иш аракеттерди координациялоону ишке ашырат;
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин жана алар байыр алган чөйрөнү пайдалануу жана сактоо, аңчылык чарбасын жүргүзүү, аңчылык эрежесин, нормасын жана мөөнөтүн сактоо, аңчылык продукцияларын пайдалануу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтирүүчү укукка каршы башка аракеттер жаатындагы административдик укук бузуулар жөнүндө материалдарды белгиленген тартипте карайт;
в) жөнгө салуу чөйрөсүндө:
- аңчылык иш аракетин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын чарбакер субъектилерине аңчылык кыла турган жерлерди бекитүү жөнүндө келишимди белгиленген тартипте түзөт жана бузат;
- чарбакер субъектилерди аңчылык кыла турган жаныбарларды олжолоого атуу бланктары, чет элдик аңчылар үчүн жаныбарларды олжолоого ысымдык атуу карточкалары жана олжо баракчалары менен белгиленген тартипте камсыз кылат;
- аңчылыктын жыйынтыгы боюнча толтурулган олжо барактарды күбөлөндүрөт;
- карышкырларды жана чөөлөрдү атууга уруксат кагаздарын белгиленген тартипте берет жана жокко чыгарат;
- бекитилген аңчылык кылуучу жерлерде биотехникалык иш чараларды өткөрөт;
- бекитилген аңчылык кылуучу жерлердеги жапайы жаныбарларды белгиленген тартипте олжолоону (кармоо, атып алуу) уюштурат жана ишке ашырат;
- белгиленген тартипте Агенттикке төмөндөгүдөй сунуштарды киргизет:
чарбакер субъектилер ортосунда жапайы жаныбарларды олжолоого карата белгиленген тартипте лимит белгилөө жана квотаны бөлүштүрүү боюнча;
жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин атайын пайдаланууга (анын ичинде илимий максатта), жапайы жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын Кыргыз Республикасынын чегине/чегинен алып кирүү/алып чыгууга карата уруксат берүү жана жокко чыгаруу боюнча;
г) кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө:
- белгиленген лимиттердин (квоталардын) чегинде бекитилген аңчылык кыла турган жерлерде юридикалык жана жеке жактарга аңчылык жүргүзүүгө келишим негизинде мүмкүнчүлүк берет;
- белгиленген тартипте аңчылык билеттерин (күбөлүктөрүн), аңчылык кылуу укугуна жолдомолорду, аңчылык кыла турган жаныбарларды атуу карточкаларын, карышкырларды жана чөөлөрдү атууга уруксат кагаздарын берет, сатат жана жокко чыгарат;
- келишимдин негизинде аңчылык иш аракетин жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин үйрөнүү боюнча иштерди аткарат;
д) иш аракетти колдоо чөйрөсүндө:
- экологиялык маалыматтык тутумдарды республикалык, региондук жана мамлекет аралык алкакта экологиялык маалыматтарды чогултууну жана алмашууну, аңчылык иш аракеттер чөйрөсүндө чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну белгиленген тартипте ишке ашырат;
- аңчылык ресурстарынын абалы жана аларды пайдалануу жөнүндө мамлекеттик маалыматтар базасын жүргүзүүнү, бул маалыматтарды анализдөөнү, маалымдамаларды даярдоону ишке ашырат;
- жаратылыш жөнүндө билимди пропагандалоо жана жайылтууну ишке ашырат, республикада туруктуу жаратылышты колдонуу маселелери боюнча аңчылык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча семинарларды, конференцияларды, конкурстарды, көргөзмөлөрдү өткөрөт;
- Агенттикке чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен аңчылык ресурстарын жана аңчылык кылуучу жерлерди сактоого багытталган келишимдерди түзүү боюнча сунуштарды киргизет.
12. Аңчылык департаменти мыйзамдарга ылайык, ошондой эле Агенттик тарабынан өткөрүлүп берилген башка иш милдеттерди да аткарат.
13. Аңчылык департаменти өзүнө жүктөлгөн иш милдеттерге ылайык төмөндөгүлөргө укуктуу:
- сатылуучу аңчылык билеттерине (күбөлүктөрүн), аңчылык кылуу укугуна карата жолдомолорго, аңчылык кыла турган жаныбарларды олжолоого атуу карточкаларына карата каражаттарды белгиленген тартипте алууга;
- уруксат берүүчү документтерди, аңчылык продукциясын жана кампалардагы, даярдоо пункттарындагы, базарлардагы, аңчылык бригадаларындагы жана айрым аңчылардагы алардан жасалган буюмдарды (мыйзамдуулугун) текшерүүгө;
- белгиленген тартипте транспорт каражаттарын, текшерилүүчү адамдардын буюмдарын, кол жүгүн, аңчылык жана кармоо куралдарын, олжолонгон продукцияларын жана башка предметтерин текшерүүгө;
- белгиленген тартипте жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин жана алар байыр алган жерлерди (анын ичинде суу жээктеринде жана бадалдарда) сактоо, пайдалануу жана көбөйтүү, аңчылык чарбасын жүргүзүү, аңчылыктын эрежелерин, нормаларын жана мөөнөттөрүн сактоо, аңчылык продукцияларын пайдалануу жаатындагы мыйзам бузуу фактылары боюнча жана жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтирген жана башка укукка каршы аракеттерге протоколдорду (актыларды) түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген тартипте мыйзамсыз аңчылык кылуу куралдарын (куралдар, капкандар, торлор ж.б.у.с), автотранспорттук жана пайдаланылган жүрүү каражаттарын убактылуу кармап турууга жана соттун чечими боюнча аларды алып коюуга;
- жаратылышты коргоо мыйзамын бузуучуларга республикалык бюджетке которула турган айыптарды жана башка административдик жазаларды салууга; зарыл болгондо ишти күнөөлүү адамдарды белгиленген жоопкерчиликке тартуу үчүн укук коргоо жана сот органдарына кароого берүүгө;
- келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо арыз берүүгө, өндүрүлгөн сумманы белгиленген тартипте Аңчылык департаментинин атайын эсебине которууга, анын 30%ин протокол түзүүчүлөргө сыйлык түрүндө төлөөгө;
- кармалган юридикалык жана жеке жактардан, алынган же тартып алынган жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн мыйзамсыз олжолонгон (ээ болгон) объектилерин же продукцияларын, ошондой эле алардан жасалган буюмдарды белгиленген тартипте сактоо жана сатуу үчүн алууга;
- аңчылык ресурстарын жана алар байыр алган жерлерди кайтаруу, пайдалануу жана көбөйтүү боюнча аңчылык иш аракеттерин ишке ашыруучу юридикалык жана жеке жактардын, алардын менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сактоо боюнча белгиленген тартипте чараларды көрүүгө;
- сот органдарында доогер жана жооп берүүчү катары өз алдынча, ошондой эле Агенттиктин жетекчилигин тапшырмасы боюнча чыгып сүйлөөгө;
- аңчылык ресурстарын жана жаныбарлар дүйнөсүнүн башка объектилерин жана алар байыр алган жерлерди кайтаруу, пайдалануу жана көбөйтүү боюнча аңчылык иш аракеттерин ишке ашыруучу юридикалык жана жеке жактардан белгиленген тартипте маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү, башка документтерди жана материалдарды, ошондой эле белгиленген отчет суроого жана алууга;
- Аңчылык департаментинин компетециясына кирген маселелер боюнча жеке адамдар жана коомдук бирикмелер, жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, ведомстволук институттардын, жогорку окуу жайларынын кызматкерлерин жана башка кызыкдар адамдарды тейлөөчү чөйрөдө илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн тартууга;
- аңчылыкты көзөмөлдөө жана жаратылышты коргоо боюнча иштерге жеке адамдарды ыктыярдуу негизде тартууга, штаттан тышкаркы аңчылык инспекторлордун тармагын түзүүгө;
- жаныбарларды көбөйтүүчү атайын ылайыкташкан питомниктерди, көмөкчү чарбаларды түзүүгө жана өнүктүрүүгө;
- белгиленген тартипте аңчылык куралдар боюнча атайын дүкөндөрдү, таксидермикалык устаканаларды жана аңчылардын клубун түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте формалык кийимди кийүүгө, кызматтык куралды жана атайын каражаттарды (транспорт, байланыш каражаттары, кишен, желим таякча, көздөн жаш агызуучу заттар) алып жүрүүгө, колдонууга жана сактоого, кызматтык милдеттин аткаруу учурунда күч колдонууга.
14. Аңчылык департаменти Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндөгү жободо белгиленген башка укуктарды пайдаланууга укуктуу.
15. Аңчылык департаменти өзүнө жүктөлгөн милдеттемелерге ылайык төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого так ылайыкта өзүнүн иш аракетин ишке ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жаатында укук бузуулардын алдын алууга жана бөгөт коюуга, Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо жаатындагы мыйзамдарды бузуучуларга карата иштиктүү укук колдонуу чараларды көрүүгө;
- калкка, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аңчылык ресурстарынын жана алардын байыр алган жерлеринин абалы жөнүндө өз убагында так жана туура маалымат берүүгө.
16. Аңчылыкты департаментинин кызматкерлери белгиленген милдеттерди жана иш милдеттерди аткарбаганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык жана тартиптик жоопкерчилик тартышат.
17. Аңчылык департаментин Агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
18. Аңчылык департаментинин директорунун орун басары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн (бөлүмдөр/секторлор) жетекчилери, өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери Аңчылык департаментинин директорунун сунушу жана Агенттиктин директорунун макулдугу менен белгиленген тартипте Агенттиктин статс-катчысы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
19. Аңчылык департаментинин иш аракетин контролдоону Агенттик ишке ашырат.
20. Аңчылык департаментинин түзүмү жана штаттык расписаниеси Агенттиктин директору тарабынан бекитилет.
21. Аңчылык департаментинин ишинин маселелерин кароо жана чечүү үчүн 5 адамдан турган Техникалык кеңеш түзүлөт, анын курамына кызматы боюнча Департаменттин директору (Техникалык кеңештин төрагасы) жана анын орун басары жана башка кызматкерлер кирет. Департаменттин Техникалык кеңешинин жеке курамы Агенттиктин директорунун буйругу менен бекитилет.
22. Аңчылыкты көзөмөлдөө департаментинде башка кеңештер (илимийтехникалык, редакция-басма, кинология ж.б.у.с), көйгөйлөрдү ар тараптуу талкуулоону камсыз кылуу жана алардын чечими боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, Аңчылык департаментинин компетециясына кирген маселелерди чечүү үчүн комиссиялар, топтор түзүлүшү мүмкүн. Кеңештин жеке курамы, ошондой эле алар жөнүндө жоболор Аңчылык департаментинин директору тарабынан бекитилет.
23. Аңчылык департаментинин директору:
- Аңчылык департаментинин, анын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүктөрүнүн ишин жетектейт жана уюштурат;
- Аңчылык департаментине жүктөлгөн милдеттерди жана иш милдеттерди толук жана сапаттуу аткарууга карата жеке жоопкерчилик тартат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйрук чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
- Аңчылык департаментинин өкүлчүлүктөрүнүн милдеттерин, пландарын бекитет;
- Аңчылык департаментинин Техникалык кеңешинин отурумун өткөрөт;
- Аңчылык департаментинин өкүлчүлүктөрү жөнүндө жобону бекитет;
- Аңчылык департаментинин кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин бекитет;
- Агенттикке Аңчылык департаментинин штаттык расписаниесин жана чыгымдар сметасын бекитүүгө берет;
- Аңчылык департаментине ушул жобонун 18-пунктунда ылайык кызмат ордуна дайындалуучу жана бошотулуучу кызматкерлерден сырткаркы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке кабыл алат жана иштен бошотот;
- Аңчылык департаментинин тутумундагы айырмаланган кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, Агенттиктин теш белгилерине, анын ичинде "Курчап турган чөйрөнү коргоонун отличниги" төш белгисине жана башка сыйлыктар менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө Агенттиктин жетекчилигине өтүнүч кат берет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Аңчылык департаментинин кызматкерлерине тартиптик жаза берет;
- Аңчылык департаментинин кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген, жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандыгы жөнүндө протоколдорун, актыларын жокко чыгарат;
- мамлекеттик органдарда, сотто жана башка мекемелерде Аңчылык департаментинин атынан чыгат;
- Аңчылык департаментинин адистери үчүн квалификациялык даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат;
- Аңчылык департаментинин кызматкерлеринин эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртуу, социалдык колдоо көрсөтүүгө жардам берет;
- Агенттик тарабынан өткөрүлүп берилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
25. Аңчылык департаментинин директору жок болгондо, анын иш милдетин анын орун басары аткарат.
26. Аңчылык департаменти тарабынан бухгалтериялык, статистикалык эсеп жана отчет берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
27. Аңчылык департаментин кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
28. Аңчылык департаментинин иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.