Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 174 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-июну № 331
Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге бюджеттик ссудаларды берүүнүн тартиби жөнүндө и жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, республикалык бюджеттин каражатын натыйжалуу чыгымдоо жана финансы тартибин чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге бюджеттик ссудаларды берүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге бюджеттик ссудаларды берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алышсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
|
|