Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2012-жылдын 15-мартындагы № 177 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 23-сентябры № 591

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-мартындагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылга карата мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-мартындагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылга карата мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылга карата мыйзам долбоорлоо иштеринин планына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 26-пунктта:

"Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "Финкөзөмөл" деген сөз алып салынсын;

- 42-пункт алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Премьер-министр

А.Атамбаев