Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-сентябры № 592
Республикалык илимий-өндүрүштүк "Бейиш" элдик медицина борборун Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Салттуу жана эксперименттик медицинанын эл аралык академиясы деп өзгөртүп атоо жөнүндө
"Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, медицинага салттуу билимдерди киргизүү, калктын салттуу медицинанын кызмат көрсөтүүлөрүнө өсүп жаткан керектөөлөрүн канааттандыруу, бул тармакта жогорку квалификациядагы илимий, педагогикалык жана профессионал кадрларды даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык илимий-өндүрүштүк "Бейиш" элдик медицина борбору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Салттуу жана эксперименттик медицинанын эл аралык академиясы (мындан ары - Эл аралык академия) деп өзгөртүп аталсын.
2. Эл аралык академия Республикалык илимий-өндүрүштүк "Бейиш" элдик медицина борборунун укук улантуучусу болоору белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- Эл аралык академиянын жобосун, структурасын жана штаттык расписаниесин, ошондой эле илимий-педагогикалык жана практикалык ишинин программасын бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кабыл алынган нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө тапшырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
|
|