Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-сентябры №528
"Талды-Булак сол жээк" долбоорун андан ары ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
"Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коому (мындан ары - "Алтынкен" ЖчК) "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "Кыргызалтын" ААК) "Саммер Голд" жоопкерчилиги чектелген шериктештик (мындан ары "Саммер Голд" ЖчШ) менен бирдикте анын "Алтынкен" ЖчКнын уставдык капиталындагы 60 (алтымыш) процент өлчөмдөгү үлүшүн "Алтынкен" ЖчКга катышуучу болуп эсептелбеген "SUPERB РАСIFIC LIMITED" компаниясына сатуу жөнүндө билдирүү менен кайрылган.
"Кыргызалтын" ААК менен "Саммер Голд" ЖчШнын ортосунда "Талды-Булак сол жээк" долбоорун ишке ашыруу боюнча биргелешип иштешүү жөнүндө түзүлгөн макулдашууга ылайык, "Кыргызалтын" ААК "Алтынкен" ЖчКнын катышуучусунун үлүшүн сатып алууда үчүнчү тараптарга караганда артыкчылыктуу укукка ээ.
Буга байланыштуу "Кыргызалтын" ААКга сатып алууга артыкчылыктуу укугун ишке ашыруу же ал укукту ишке ашыруудан баш тартуу сунушталган.
Ушул айтылгандарга байланыштуу, ошондой эле "Талды-Булак сол жээк" алтын кенин иштетүүнү тездетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин "Саммер Голд" ЖчШнын "Алтынкен" ЖчКнын уставдык капиталындагы 60 (алтымыш) процент өлчөмдөгү үлүшүн "Кыргызалтын" ААКнын сатып алуусунан баш тартуу жөнүндө сунушуна макулдук берилсин.
2. "Кыргызалтын" ААК менен "Саммер Голд" ЖчШнын жана "SUPERB РАСIFIC LIMITED" компаниясынын ортосундагы Укуктарды, милдеттерди жана милдеттенмелерди өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
3. "Кыргызалтын" ААКнын акционерлеринин жалпы чогулушуна "Кыргызалтын" ААК менен "Саммер Голд" ЖчШнын ортосундагы биргелешип иштешүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашууга кол коюу маселесин кароо сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги "Алтынкен" ЖчКнын мамлекеттик каттоодон кайра өтүшүн белгиленген тартипте ишке ашырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |