Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-сентябры №529
Санкт-Петербург шаарында 2010-жылдын 17-сентябрында кол коюлган Адамдарды сатууга каршы күрөшүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин (полицияларынын) кызматташуусу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Санкт-Петербург шаарында 2010-жылдын 17-сентябрында кол коюлган Адамдарды сатууга каршы күрөшүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин (полицияларынын) кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун 17-беренесине ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Санкт-Петербург шаарында 2010-жылдын 17-сентябрында кол коюлган Адамдарды сатууга каршы күрөшүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин (полицияларынын) кызматташуусу жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин.
2. Ушул Макулдашуудан келип чыгуучу милдеттенмелерди аткаруу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө ушул Макулдашуу боюнча депозитарий болуп эсептелген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |