Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-сентябры №532
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Төмөнкүдөй жарыялоолор расмий жарыялоо деп эсептелсин:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, норма чыгаруу ыйгарым укуктарын берүү актыларына ылайык нормативдик укуктук актыларды чыгарууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын нормативдик укуктук актыларын:
а) "Эркин-Тоо" гезитинде;
б) аталган мамлекеттик органдардын расмий веб-сайттарында, буга норма чыгаруу ыйгарым укуктарын берүү актыларына ылайык нормативдик укуктук актыларды чыгарууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын веб-сайттары кирбейт;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын нормативдик укуктук актыларын:
а) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында кеңири таралуучу басылмалардын арасынан аныктаган тиешелүү басылмаларда;
б) тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын расмий веб-сайттарында";
- 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 23-сентябрында № 79 жарыяланды
Премьер-министри | А.Атамбаев |