Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-сентябрындагы №533
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |