Редакцияот 06.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

 

2011-жылдын 6-сентябры №534

"Австриянын Вена шаарында 2011-жылдын 9-июнунда кол коюлган Бишкек-Торугарт автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Австриянын Вена шаарында 2011-жылдын 9-июнунда кол коюлган Бишкек-Торугарт автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-пунктуна ылайык аны кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен суралсын.

3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министри

А.Атамбаев

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Австриянын Вена шаарында 2011-жылдын 9-июнунда кол коюлган Бишкек-Торугарт автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

 

 

1-берене.

 

Австриянын Вена шаарында 2011-жылдын 9-июнунда кол коюлган Бишкек-Торугарт автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондуна билдирсин.

 

3-берене.

 

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти