Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-сентябры №535
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 "Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүү үчүн алып келүүнүн тартиби жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоонун натыйжаларын таануу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 "Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүү үчүн алып келүүнүн тартиби жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоонун натыйжаларын таануу жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнүн тартиби:
- ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда 1 жана 2-тиркемелер менен толукталсын;
- 1.4 - пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- түзүлгөн келишимдердин (контракттардын) негизиндеги продукциялар, ошондой эле сатуудан пайда табуу максатында Кыргыз Республикасынын базарларында жүгүртүү же ажыратуу үчүн арналбаган, ага болгон менчик укугун тастыктоочу башка документтер".
алтынчы абзацта:
"кепилдик кат" деген сөздөрдөн кийин "(1-тиркеме)" деген сөз менен толукталсын;
"же кат" деген сөздөр "(2-тиркеме)" деген сөз менен алмаштырылсын;
"көрсөтүлгөн" деген сөз "жогоруда көрсөтүлгөн" сөздөргө менен алмаштырылсын;
төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- Билдирүүчүгө жогоруда көрсөтүлгөн продукциялардын бардык түрү үчүн маалымкат берүү мөөнөтү бардык ырастоочу документтери болгон учурда бир күндөн ашпашы керек. Маалымкат эсепке алынуучу документ болуп эсептелет, ага жекече катар номер коюлат. Мамлекеттик көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган берилген маалымкаттарды эсепке алат. Жетекчилеринин (кол коюуга укуктуу кызмат адамынын) колунун жана мөөрдүн үлгүсү менен мамлекеттик көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын маалымкаттарынын үлгүлөрүн бажы мамлекеттик көзөмөлдүн ыйгарым укуктуу органы бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берет".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 9-сентябрында №75 жарыяланды
Премьер-министри | А.Атамбаев |
1-тиркеме
"1-тиркеме
Кепилдик кат 201__-ж. "____" __________
__________________________________________________________________
(субъектин аталышы жана анын дареги)
________________________________________________________________ атынан
(кызмат орду, фамилиясы, аты, атасынын аты)
____________________________________________________________ даярдалган
(чыгарган фирма, өлкө)
_______________________________________________________________________
(товардык - коштоочу документтердин аталышы)
_______________________________________________________________________
(ТЭИ ТН коду) (продукциянын аталышы, тиби, маркасы,саны)
бул продукциялардын партиясы менен жеке өзүмдүн жоопкерчилигимде экендигин билдирем.
жоопкерчилиги:
- базарларда жүгүртүү же ажыратуу үчүн арналбаган продукцияларга(*);
- эл аралык, мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык уюмдардын, чет мамлекеттик өкүлчүлүктөрдүн алдындагы, ошондой эле алардын кызматкерлеринин пайдалануусуна арналган продукцияларга(*);
- бензиндин жана газойлдин (дизелдик отун) партиясына, аларды мунайзаттар менен камсыз кылуучу ишканаларга жайгаштыруу шартында(*);
- дары каражаттарына жана медициналык багыттагы товарларга, аларды алуучунун дарыкана кампаларына жайгаштыруу шартында(*);
- сертификатташтыруунун алдында орнотууну жана монтаждоону талап кылган техникалык каражаттарга жана жабдууларга(*) Кыргыз Республикасынын базарларына жайгаштырылбайт.
((*)- керектүүсүн көрсөтүңүз)
Көрсөтүлгөн продукциялар Кыргыз Республикасынын базарларына жайгаштырылган учурда өз жоопкерчилигине кепилдик берем.
______________ ________________________________
(колу) (Билдирүүчүнүн А.Ф.А)
М.О. (мөөрү бар ТЭИ субъекттери үчүн)"
2-тиркеме
"2-тиркеме
__________________________________________________________________
(мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдын аталышы)
Маалымкат №___ 20___-ж. "___" ____________
Бул маалымкат менен тастыкталат, продукциялар:
_______________________________________________________________________
(ТЭИ ТН коду)(продукциянын аталышы, аталышы, тиби, маркасы, саны)
____________________________________________________________ даярдалган
(чыгарган фирма, өлкө)
Кыргыз Республикасынын аймагына алып келген
_______________________________________________________________________
(субъектин аталышы жана анын дареги)
________________________________________________________________ атынан
(кызмат орду, фамилиясы, аты, атасынын аты)
_______________________________________________________________________
(товардык - алып жүрүүчү документтин аталышы)
жоопкерчилиги:
- базарларда жүгүртүү же ажыратуу үчүн арналбаган продукцияларга(*);
- эл аралык, мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык уюмдардын, чет мамлекеттик өкүлчүлүктөрдүн алдындагы, ошондой эле алардын кызматкерлеринин пайдалануусуна арналган продукцияларга(*);
- бензиндин жана газойлдин (дизелдик отун) партиясына, аларды мунайзаттар менен камсыз кылуучу ишканаларга жайгаштыруу шартында(*);
- дары каражаттарына жана медициналык багыттагы товарларга, аларды алуучунун дарыкана кампаларына жайгаштыруу шартында(*);
- сертификатташтыруу алдында орнотууну жана монтаждоону талап кылган техникалык каражаттарга жана жабдууларга(*).
((*)- керектүүсүн көрсөтүңүз)
_____________ _____________________________________
(колу) (мамлекеттик көзөмөл боюнча ыйгарым
укуктуу органдын жетекчисинин Ф.А.А.)
(М.О.)"