Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 8-сентябры №539
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 16,9 га кайрак жерин которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын, анын ичинде:
- Крупская айыл округунун аймагында жайгашкан 7,9 га кайрак жерди жана Фрунзе айыл округунун аймагында жайгашкан 6,0 га кайрак жерди жеке турак жай куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына;
- Фрунзе айыл округунун аймагында жайгашкан 3,0 га кайрак жерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер" категориясына.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан төмөнкү категорияларга которулсун:
- "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына - Крупская айыл округунун аймагында жайгашкан 7,9 га кайрак жерди жана Фрунзе айыл округунун аймагында жайгашкан 6,0 га кайрак жерди жеке турак жай куруу үчүн;
- "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер" категориясына - Фрунзе айыл округунун аймагында жайгашкан 3,0 га кайрак жерди көрүстөн жайгаштыруу үчүн.
3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 13-сентябрында №76 жарыяланды
Премьер-министри | А.Атамбаев |