Редакцияот 18.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2011-жылдын 13-сентябрындагы №546

 2011-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жерлерин мамлекеттик эсепке алуунун жыйынтыктары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 106-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2011-жылдын 1-январына карата категориялар жана жер пайдалануучулар боюнча Кыргыз Республикасынын жерлерин мамлекеттик эсепке алуунун жыйынтыктары жана айыл чарба жерлеринин түрлөру боюнча Кыргыз Республикасынын жер фондусун бөлүштүрүү 1-жана 2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

А. Атамбаев