Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18 ноябрындагы № 641 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-сентябры №548
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргоо, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы №398 "Улуттук коргоо, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктта:
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги," деген сөздөрдөн кийин "Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коому" деген сөздөр менен толукталсын;
"Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы" деген сөздөр жана "жана агенттиктердин" деген сөздөр алып салынсын;
"Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр "Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"комитеттердин," деген сөздөн кийин "акционердик коомдордун жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2 жана 3-пункттардагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик" деген түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук коргоо, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуунун тартибинде:
3-пункттун жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- сатып алуулар ыкмасын мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу.";
5-пунктта:
"Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги" деген сөздөрдөн кийин "Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коому" деген сөздөр менен толукталсын;
"Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы" деген сөздөр алып салынсын;
"Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр "Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2. "Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунда улуттук коргоо, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуунун тартибин сактоо үчүн жеке жоопкерчилик "Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А.Атамбаев |