Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-сентябры №549
"Тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн гигиенасы" техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн гигиенасы" техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Долбоор
1-берене. Ушул Техникалык регламенттин максаты
Азык-түлүк чийки заттарын жана тамак-аш азыктарын өнөр жайлык өндүрүүдө пайда болуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун таасиринен адамдардын, айбанаттардын, өсүмдүктөрдүн өмүрүн жана ден соолугун, курчап турган айлана чөйрөнү коргоону камсыз кылуу ушул "Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" Техникалык регламентинин максаты болуп саналат.
2-берене. Ушул Техникалык регламентти колдонуу чөйрөсү
Ушул Техникалык регламент менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан азык-түлүк чийки заттарын жана тамак-аш азыктарын өнөр жайлык өндүрүүдө зарыл болгон шарттарды түзүүгө карата милдеттүү талаптарды белгилейт.
3-берене. Техникалык жөнгө салуу объекттери
Ушул Техникалык регламенттин техникалык жөнгө салуу объекттерине азык-түлүк чийки заттары жана тамак-аш азыктарын өндүрүү кирет.
4-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Техникалык регламенттин максатын аткарууну камсыз кылуу үчүн төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы - өндүрүш процессинин бардык баскычтарында тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон шарттар жана чаралар;
дезинфекция - микробдорду жок кылууга багытталган иш-чаралар;
дезинсекция - курт-кумурскаларды жок кылууга багытталган иш-чаралар;
дератизация - кемирүүчүлөрдү жок кылууга багытталган иш-чаралар;
кооптуу контролдук чекит - тамак-аш азыктарынын коркунучтуулугун болтурбоо, же анын деңгээлин калктын саламаттыгы үчүн коркунуч туудурбаган деңгээлге чейин төмөндөтүү үчүн маанилүү контролду колдонуу мүмкүн болгон баскыч;
мониторинг - кооптуу түйүндөрдө пландуу мезгилдик байкоолорду же контролдук чен-өлчөмдөрдү жүргүзүү;
коркунучтуу фактор - тамак-аш азыгындагы биологиялык, химиялык, физикалык агент; тамак-аш азыгынын адамдын ден соолугуна тескери таасир этүүгө жөндөмдүү биологиялык, химиялык, физикалык абалы;
тамак-аш азыктарын өндүрүү процессиндеги гигиеналык эрежелер - санитардык иштетүүнүн, дезинфекциялоонун, дезинсекциялоонун, дератизациялоонун көлөмүн жана тартибин жөнгө салуучу, сунушталган санитардык-гигиеналык талаптардын жыйындысы;
тамак-аш азыктарынын жарамдуулугу - тамак-аш азыгынын анын багытына ылайык адамдын керектөөсү үчүн жарамдуулугунун кепилдиги;
өндүрүштүк контроль - азыктарды жана өндүрүү процесстерин азык-түлүк чийки заттарын, тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн процессиндеги коопсуздук талаптарына ылайыктуулугун контролдоо;
тамак-аш азыктарын өндүрүү (даярдоо) - тамак-аш азыктарын алуу (өстүрүү, табуу), иштетүү, кайра иштетүү, өндүрүү жана таңгактоо процесстери жана коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүлөрү;
санитардык-коргоо чөлкөмү (СКЧ) - адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна таасир этүүнүн булагы болуп саналган кандай гана болбосун өндүрүш объектисинен турак жайга, эс алуу чөлкөмүнө, курортко жана башка курулмаларга чейинки аралык (кеңдик);
технологиялык документтер (технологиялык нускамалар ж.б.) - чийки заттын курамын жана мүнөзүн, технологиялык тартиптерин, тамак-аш азыктарын өндүрүүдө технологиялык процесстерди жана аткарымдарды жүргүзүү тартибин аныктоочу документтер;
тамак-аш азыктарын өндүрүүдөгү температуралык тартип азык-түлүктүн салмагындагы; азык-түлүктү убактылуу сактоого арналган муздаткыч жабдуусундагы камерадагы; тамак-аш азыктарын өндүрүүдөгү технологиялык процессте колдонулуучу өндүрүштүк (кампада) жайдагы температураларды жөндөөчү көрсөткүчтөрдүн жыйындысы;
технологиялык чынжыр - чийки заттын сапаттык өзгөрүүлөрүн мүнөздөлүүчү, чийки заттарды, жарым фабрикаттарды керектөө азыктарына кайра иштетүү;
азык-түлүктөрдү даярдоо чөйрөсүндөгү чарбалык ишке катышуучу өнөр жай ишканаларында тамак-аш азыктарын өндүрүүчү юридикалык же жеке жак.
5-берене. Имараттарга жана жайларга карата гигиеналык талаптар
1. Тамак-аш азыктарын өндүрүү ишканаларын долбоорлоо жана куруу, алардын аймактарын көрктөндүрүү жана санитардык-коргоо чөлкөмдөрүн уюштуруу чыгарылуучу азык-түлүктү эске алуу менен жүргүзүүгө тийиш.
Ишканаларды жайгаштырууда курчап турган айлана чөйрөдөгү зыяндуу заттардын бар экени, коңшу жерлерде кандай объекттер жайгашканы, алар эмне азык-түлүк чыгарганын жана мүмкүн болгон тобокелдикти аныктоо керек.
2. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканаларды долбоорлоодо, курууда чийки заттын жана даяр тамак-аш азыгынын, булганч жана таза шаймандардын каршы жана кайчы агымдарын жокко чыгаруучу процесстердин агымдуулугун сактоо зарыл.
3. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча имараттардын ички түзүлүшү чыгарылган азыктардын коопсуздугуна таасирин тийгизүүчү түзүлмөлөрдө бууланууга жана көгөрүп кетүүлөрдүн пайда болуусун жок кылгандай күтүүдө, жууп-тазалоолор жана дезинфекциялоого оңтойлуу болушу керек.
4. Тамак-аш азыктарын кайра иштетүү, өндүрүү, сактоо боюнча ишканалардын дубалдарынын, тосмолорунун жана астана тактайларынын үстү белгиленген тартипте колдонууга уруксат берилген, сууга чыдамдуу, суу өтпөгөн, ууландыруучу касиетке ээ болбогон материалдардан жасалышы керек.
5. Тамак-аш азыктарын кайра иштетүү, өндүрүү, сактоо боюнча ишканалардын дубалдары, тосмолору тегиз болуп, тазалоого жана дезинфекциялоого ыңгайлуу болушу керек.
6. Тамак-аш азыктарын өндүрүү үчүн пайдаланылуучу жайлар үзгүлтүксүз жыйналып, дезинфекцияланып, дератизацияланып жана дезинсекцияланып турушу керек.
7. Жайлардын жана жабдуулардын кайчы булгануу тобокелчилигин жокко чыгаруу максатында микробиологиялык лабораториялар өндүрүштүк жайлар өзүнчө бөлүнүүгө тийиш.
8. Астана тактайлары суу агып кеткидей жантайыңкы абалда курулушу керек.
6-берене. Суу менен жабдууга карата гигиеналык талаптар
1. Тамак-аш азыктарын өндүрүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп берген ичүүчү суу пайдаланышы керек.
2. Ишканаларды суу менен жабдуу борбордук тармактардан жана жергиликтүү булактардан (бургу булактардан) каралат.
3. Коопсуздук боюнча суунун көрсөткүчтөрү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык келиши керек.
4. Ичүүчү муздак жана ысык суу берилүүчү түтүктөр ар түрдүү боектор менен сырдалышы керек.
5. Ишканада техникалык максаттар үчүн ичүүгө жараксыз суу колдонулса, ишканада ичүүчү суудан ажыратылган суу менен жабдуу тутуму каралышы керек.
6. Тамак-аш азыктары менен тикелей катышта пайдаланылган буу тамак-аш азыктарынын булганышына алып келбөөсү жана адамдын ден соолугу үчүн коркунучтуу заттарды камтыбашы керек.
7. Тамак-аш азыктарын өндүрүүдө колдонулган идиштерди муздатуу үчүн ичүүчү таза суу колдонулушу керек.
7-берене. Каналдаштырууга карата гигиеналык талаптар
1. Ишканалар борбордук каналдаштырууга кошулган болушу керек, ал эми ал болбогон учурда, транспорттун эркин келишин эске алуу менен, өндүрүштүк жайлардан алыс жылчыксыз бетондолгон агынды чуңкурлар каралышы керек.
2. Өндүрүштүк жана чарбалык-тиричилик агын суулары үчүн каналдардын ички тарамдары өзүнчө жабдууланат жана коллекторго өз алдынча чыгуусу тийиш.
3. Өндүрүштүк жана турмуш-тиричилик сууларын ачык көлмөлөргө тиешелүү тазалоосуз кое берүүгө жол берилбейт.
4. Өндүрүштүк агын сууларын каналдаштырууга жана жергиликтүү тазалоо курулмаларына кое берүүнүн алдында тамак-аш өндүрүшүнүн технологиялык процесстерине жараша механикалык тазалоого кириптер кылынат, май чыпкалары аркылуу өткөрүлөт, майсыздандырылат.
5. Өндүрүштүк жана кампа жайларындагы агын суулар куюла турган тик түтүктөр текшерүүсүз сырты шыбалган тик тирөөчтөргө төшөлүүсү керек.
8-берене. Жарык берүүгө, желдетүүгө жана жылытууга карата
гигиеналык талаптар
1. Ишканалар гигиена эрежелерин жана эмгек коопсуздугунун шарттарын сактоо менен жумуштарды аткарууга мүмкүндүк берүүчү жасалма жана табигый жарык менен камсыз кылынууга тийиш.
2. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишкананын өндүрүштүк жайларындагы шамдар аларды бузулуудан жана азыктарга айнектин түшүүсүнөн сактоо үчүн коргоочу калканчтар менен жабдылышы керек.
3. Ишканаларда жайлардын функциялык багытын жана өндүрүш технологиясын эске алуу менен, табигый жана механикалык агынды-сормо желдетүү жана жылытуу тутуму каралышы керек.
4. Шамдарды ачылма технологиялык идиштердин үстүнө жайгаштырууга тыюу салынат.
5. Желдетүү тутумдарынын көзөнөктөрү өндүрүш жайларына курт-кумурскалардын жана кемирүүчүлөрдүн кирүүсүн болтурбоо үчүн майда торчолуу металл тор менен жабышы керек.
9-берене. Турмуш-тиричилик имараттарына карата гигиеналык
талаптар
1. Тамак-аш ишканаларынын өндүрүштүк цехтеринин жумушчулар үчүн турмуш-тиричилик жайлары иштегендердин санына жараша санитардык өткөрмө түрүндө жабдууланууга тийиш.
2. Бардык жумушчулар санитардык кийим менен камсыз кылынышы керек.
3. Санитардык кийим жана жеке буюмдар үчүн үкөктөр өз-өзүнчө болушу керек. Иштеген аялдардын саны 100дөн ашса, аялдардын өздүк гигиенасы үчүн жайлар жабдылат.
4. Жуунучу жайлар кийим үкөктөр аралаш жайгаштырылышы керек.
5. Ажаткананын кире беришинде дезинфекциялоочу суюктук менен нымдалган дезкилемче болушу керек.
6. Санитардык түйүндөрдү тазалоо жана дезинфекциялоо үчүн түстүү белгиси бар, атайын шайман бөлүнүп берилүүгө тийиш, аны сактоо үчүн өзүнчө бөлмө аныкталат.
10-берене. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканалардын
жайгашуусуна карата гигиеналык талаптар
1. Технологиялык аткарымдардын мүнөзүнө жана аларга байланыштуу тобокелчиликтерге жараша имараттар жана жайлар, жабдуулар жана техникалык каражаттар төмөнкүлөрдү эске алуу менен жайгаштырылышы, долбоорлонушу жана курулушу керек:
1) булгануу тамак-аш азыктарын өндүрүүдө керектөөчүлөрдүн ден соолугу үчүн коркунуч келтирбегидей төмөн болушун;
2) долбоор жана пландаштыруу инженердик коммуникацияларды техникалык тейлөөнү, жүргүзүүгө мүмкүндүк бергидей болуусун;
3) тамак-аш азыктарына тийүүчү капкактар жана материалдарды пайдаланууда ууландырбагыдай жана тазалоону, дарылоону жеңил жүргүзүүгө мүмкүндүк бергидей болуусун;
4) температураны, нымдуулукту жөнгө салуу үчүн жана башка чараларды камсыз кылуу үчүн техникалык каражаттардын болушун;
5) кемирүүчүлөрдөн жана башка зыянкечтерден натыйжалуу коргоонун болушун.
2. Тамак-аш ишканаларын жайгаштыруу жөнүндө чечимди кабыл алууда булгануунун мүмкүн болуучу булактарын эске алуу зарыл. Ишканалар бардык коргонуу чараларын жүргүзгөндөн кийин деле коркунуч сакталып калган жерлерде жайгаштырылбашы керек.
11-берене. Өндүрүш калдыктарынын чогулушуна жана аны жок кылууга
карата гигиеналык талаптар
1. Таштандыларды чогултуу үчүн кыртышы катуу аянтчаларга орнотулуучу капкактуу темир контейнерлер колдонулат, анын чен өлчөмдөрү контейнердин түбүнүн аянтынан үч эсе чоң келет. Таштандыларды чогултуу үчүн контейнерлер өндүрүштүк жана көмөкчү имараттардан окчунураак жайгаштырылат.
2. Ишканада курт-кумурскалардын жана кемирүүчүлөрдүн болушуна жол берилбейт. Курт-кумурскалардын жана кемирүүчүлөрдүн пайда болушунун алдын алуу үчүн ал аймакта, өндүрүштүк, кампа жана көмөкчү имараттарда санитардык тартип сакталышы керек.
3. Контейнерлер белгилениши жана аларды таза кармоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылгыдай жана аларга жаныбарлардын түшүп калышын болтурбагыдай долбоорлонушу керек.
4. Өндүрүш таштандыларын атайын бөлүнгөн жерге ташып чыгуу тамак-аш азыктарын өндүрүүчүнүн атайын жабдылган унаасы же таштандыларды чыгаруу боюнча ишкананын атайын унаасы менен жүзөгө ашырылышы керек.
12-берене. Технологиялык жабдууларга карата гигиеналык талаптар
1. Жабдууларды техникалык тейлөө жана тазалоо үчүн аларга жетүү мүмкүн болгудай, максаттуу багытына ылайык иштетиле тургандай жайгаштырылышы керек.
2. Тамак-аш азыктарынын булгануусун болтурбоо үчүн технологиялык процесстер мүмкүн болушунча көбүрөөк автоматташтырылышы жана механикалаштырылышы керек.
3. Тамак-аш азыктарына тийүүчү технологиялык жабдуулар уулуу эмес, дат баспаган материалдардан жасалышы керек жана тазалоого жана дезинфекциялоого оңой болууга тийиш.
4. Булгануу тобокелчилигин болтурбоо үчүн технологиялык жабдуулар натыйжалуу тазаланууга, жуулууга жана дезинфекцияланууга тийиш.
5. Технологиялык жабдуулардын жайгашуусу технологиялык процесстердин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуусу, чийки заттардын жана даяр азыктардын каршы агымдарын болтурбашы керек.
6. Жабдууларды жайгаштырууда өндүрүштүк процесстердин, чийки заттардын, жарым фабрикаттардын жана даяр азыктардын сапатына гигиеналык контроль жүргүзүүнү камсыз кылуучу шарттар жана ошондой эле жайларды жана жабдууларды жууп-тазалоо, жыйноо жана дезинфекциялоо мүмкүнчүлүгү сакталышы керек.
7. Технологиялык жабдуулар өлчөөчү каражаттар жана технологиялык процесстердин берилген көрсөткүчтөрүн талаптагыдай кармоо жана контролдук үчүн шаймандар менен камсыз кылынышы керек.
8. Бардык өлчөөчү каражаттарды колдонуунун мыйзамдуулугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ырасталуусу тийиш.
9. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканаларда төмөнкүлөрдү колдонууга тыюу салынат:
1) сымап термометрлерди;
2) айнек термометрлерди, ареометрлерди ж.б. ушундай коргоочу алкагы жок өлчөөчү каражаттарды.
13-берене. Технологиялык процесстерге карата гигиеналык талаптар
1. Бардык азык-түлүк чийки заттарын жана тамак-аш азыктарын кабыл алуу, кайра иштетүү жана сактоо процесстеринин бардыгы аларды булгануудан жана бузулуулардан сактоо, ошондой эле аларга башка нерселердин жана заттардын түшүп калуусунан сактоо шарттарында жүргүзүлүшү керек.
2. Тамак-аш азыктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыгууга тийиш.
3. Ишканалар чийки заттарды андан ары иштетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген документтери жок албоого тийиш.
4. Иштетүү үчүн келип түшкөн чийки заттар жана көмөкчү материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп бериши керек.
5. Технологиялык процесстерге карата гигиеналык талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчилик ишкананын жетекчиси тарабынан укук берилген жооптуу адамдарга жүктөлөт.
14-берене. Азык-түлүк чийки заттарынын кайра иштетүүгө карата
гигиеналык талаптар
1. Өндүрүүчүлөр төмөнкүлөр үчүн чара көрүүсү керек:
1) азык-түлүк чийки заттарынын абадан, жер кыртышынан, суудан зыяндуу заттар менен булгануусун болтурбоо же чектөө;
2) азык-түлүк чийки заттарын биологиялык жана башка булгануудан сактоо;
3) айлана-чөйрөнү өндүрүштүн зыяндуу таштандыларынан коргоону камсыз кылуу;
4) зыяндуу заттарды жана калдыктарды сактоодо жана утилдештирүүдө коопсуз шарттарды камсыз кылуу.
2. Азык-түлүк чийки заттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коопсуздуктун физикалык-химиялык, санитардык-микробиологиялык, мителик жана радиологиялык көрсөткүчтөрдүн талаптарын канааттандарышы керек.
3. Азык-түлүк чийки заттарын кайра иштетүүдө тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн гигиеналык шарттарын уюштурууну камсыз кылуу зарыл.
4. Гигиеналык шарттарга төмөнкүлөр кирет:
1) оор металлдар, пестициддер, микотоксиндер, радионуклеиддер, ветеринардык дары-дармектер, патогендик микробдордун токсиндери жана гельминттер менен булганган микроорганизмдер сыяктуу булгоочуларды контролго алуу;
2) колдонулуп жаткан сууну, органикалык калдыктарды жана жер семирткичтерди контролдоо;
3) өсүмдүктөрдү жана биоциддерди коргоо каражаттарын туура пайдалануу жана аларды байкоого алуу;
4) ветеринардык дары-дармектерди жана тоют кошумчаларын туура пайдалануу жана аларды байкоого алуу;
5) өлгөн жаныбарларды, калдыктарды жана таштандыларды утилдештирүү;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдоо жиберүү боюнча милдеттенмени кошо алганда, адамга тамак аркылуу жугуучу оору козгогучтардын түшүүсүн болтурбоону алдын алуу үчүн коргоо чаралары;
7) тамак-аштын тиешелүү гигиеналык шарттарды сактоо менен өндүрүлгөнүн, тазаланганын, таңгакталганын, сакталганын, алынып келингенин кепилдей турган дезинсекциянын, дератизациянын жана дегельминтизациянын натыйжалуу жол-жоболору;
8) малды жана канаттууларды союу алдындагы багуунун жана союунун ветеринардык-санитардык чаралары.
5. Азык-түлүк чийки затын өндүрүү, алып кирүү жана аны жүгүртүү чөйрөсүндөгү чарбалык иштердин катышуучулары коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча лабораториялык сыноолорду өткөрүүгө тийиш.
15-берене. Тамак-аш азыктарын ташып жеткирүүгө карата гигиеналык
талаптар
1. Тамак-аш азыктарын ташуу атайын арналган, жабдылган унаа каражаты менен жүзөгө ашырылышы керек.
2. Тамак-аш азыктарын ташуучу кандай болбосун унаа каражаттары жана (же) контейнерлер тазалыкта кармалышы жана тамак-аш азыктарын булгануудан сактоочу шарттарда күтүлүүсү жана аларды тазалоо жана (же) дезинфекциялоо мүмкүндүгү бар жерде кармалышы керек.
3. Машиналардагы идиштер, таралар же контейнерлер тамак-аш азыктарын гана ташуу үчүн колдонулууга тийиш.
4. Эгерде унаа каражаттары жана (же) контейнерлер бир эле учурда тамак-аш азыктарынын ар кандай түрлөрүн ташуу үчүн пайдаланылса, анда бул азыктарды өз-өзүнчө бөлүү каралышы керек.
5. Көлөмдүү суюк түрдөгү тамак-аш азыктары, же гранул же күкүм түрүндөгү тамак-аш азыктарын ташууга эсептелген идиштерде же контейнерлерде ташылышы керек жана "тамак-аш азыктары үчүн гана" деп белгиленүүгө тийиш.
6. Унаа каражаттарындагы жана (же) контейнерлердеги тамак-аш азыктары булгануу тобокелинин минималдаштыргыдай жайгаштырылышы керек.
7. Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын ташууда тамак-аш азыктарын ташуу үчүн пайдаланылуучу унаа каражаттарынын жана (же) контейнерлердин тийиштүү температуралык режимди кармоо боюнча шарттары болушу керек.
8. Унаа каражаттарын жана жүгүртүү тарасын жыйноо (жууп-тазалоо) жана дезинфекциялоо сапаты лабораториялык изилдөөлөрдүн жардамы менен аныкталат.
9. Белгиленген тартипте жууп-тазалоодон жана дезинфекциядан өткөн, унаа каражатынын үстүңкү бетинен жана тамак-аш азыктары салынган, жүгүртүүдөгү тарадан алынган изилденген материалда (сынамыктарда) адамда оору козгой турган шарттуу патогендүү жана патогендик козгогучтар болбошу керек.
10. Ташыла турган тамак-аш азыктарынын алардын чыгарылышын, коопсуздугун, сактоо шарттарын жана жарамдуулук мөөнөтүн тастыктаган документи болууга тийиш.
11. Ташуу учурунда тамак-аш продукциясын кармаган адамдар таза санитардык же атайын кийим менен камсыз болууга, ошондой эле медициналык китепчеге ээ болушу керек.
16-берене. Чийки заттарды, жарым-фабрикаттарды жана даяр тамак-аш
азыктарын сактоого карата гигиеналык талаптар
1. Ишканаларда чийки заттарды, жарым-фабрикаттарды жана даяр тамак-аш азыктарын сактоо продукциялардын түрүнө жана өндүрүүнүн технологиялык процесстерине жараша жүзөгө ашырылат.
2. Тамак-аш азыктарын сактоо төмөндөгү талаптарга ылайык келиши керек:
1) кампа жайларын чаңдын кирүүсүнөн, буулануунун пайда болушунан, аларга суунун жана агындардын агып кирүүсүнөн коргоону камсыздоого;
2) эркин аралыктын (дубалдар (полдор) жана стеллаждар ортосунда) жана натыйжалуу желдетүүнүн болушуна;
3) азыктардын жүгүртүү көлөмүнө ылайык жана нымдуу температуралык режимди камсыздаган кампа жайларынын, муздаткыч жабдууларынын, ошондой эле саламаттыкты сактоо органдары тарабынан тамак-аш азыктарын салуу үчүн уруксат берилген таңгактоочу материалдардын болушуна;
4) тамак-аш азыктарын сактоо режимдери өндүрүштүн технологиялык процесстеринин талаптарына шайкеш келиши керектигине;
5) көмөкчү материалдардан жана самын каражаттарынан тамак-аш азыктарын өзүнчө сактоону жүзөгө ашырууга;
6) колдонулган жерлерде гигиеналык талаптарга жооп берген поддондорду пайдаланууга;
7) тамак-аш азыктарын чекене соода түйүндөрүнө чыгарууда даярдоочу алардын коопсуздугун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайыктыгын тастыктаган документтердин негизинде ырастайт;
8) даяр тамак-аш азыктары өндүрүштө, сатууда сактоону даярдоочу тарабынан көрсөтүлгөн режимдерде жүргүзүлөт;
9) жүгүртүү стадиясындагы тамак-аш азыктарын сактоодо, сатууда даярдоочу тарабынан көрсөтүлгөн режимди жана сактоо шарттарын камсыздоо зарыл жана мындай талаптардын сакталышы өлчөө каражаттарынын көрсөткүчтөрүнүн тийиштүү жазуулары менен тастыкталат.
3. Тамак-аш азыктары жарамдуулук мөөнөтү бүткөндөн кийин сатылууга жатпайт.
17-берене. Кызматкерлерге карата гигиеналык талаптар
1. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканаларга ишке орношуп жаткандар же иштеп жаткандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген талаптарга ылайык медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
2. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканалардагы гигиеналык деңгээлди аткаруу үчүн өндүрүүнүн бардык этаптарында тамак-аш азыктарынын булганышын болтурбоо максатында өндүрүш жумушчуларын санитардык кийим менен камсыздоо, өздүк гигиенанын эрежелерин сактоого шарттарын түзүп берүү зарыл.
3. Инфекциялык оорулардын, жугуштуу жаракаттардын, тери инфекцияларынын, жаралардын жуктургуч булактары болгон адамдар тамак-аш азыктарын өндүрүүдөн четтетилүүгө тийиш. Оорунун белгилери пайда болгон учурда, жумушчу-кызматкер өзүнүн оорусу, анын симптомдору же оорунун себептери жөнүндө өндүрүштүн жетекчилигине маалымдоого милдеттүү.
4. Ар бир жумушчунун өздүк медициналык китепчеси болуп, анда текшерилүүнүн жыйынтыктары такай жазылышы турат, анын ичинде инфекциялык оорулардан өткөндүгү жана гигиеналык даярдык программасына ылайык окугандыгы тууралуу маалыматтар болууга тийиш.
5. Тамак-аш азыктарынын өндүрүшүнүн зонасында иштеген ар бир кызматкер өздүк гигиенасын жогорку деңгээлде кармоого жана таза санитардык кийимге ээ болууга милдеттүү.
18-берене. Тамак-аш азыктарын өндүрүүгө карата гигиеналык
талаптарды аткаруу боюнча чарба субъекттеринин
милдеттери жана жоопкерчилиги
1. Тамак-аш азыктарын өндүрүү чөйрөсүндөгү чарба субъекттери алардын контролунда турган, тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн, кайра иштетүүнүн жана сатуунун бардык этаптары ушул техникалык регламент тарабынан белгиленген гигиеналык талаптарга ылайык келерине кепилдик беришет.
2. Тамак-аш азыктарын өндүрүү чөйрөсүндөгү чарба субъекттери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) коопсуз продукцияны өндүрүү зарылдыгын жана кепилденген сапат үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) тамак-аш азыгынын ар бир түрүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген органолептикалык, физикалык-химиялык, микробиологиялык, мителик жана радиологиялык көрсөткүчтөргө ылайык келүүсүн камсыздоону;
б) тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн технологиялык процесстеринин талаптарын аткарууну камсыздоону;
в) жумушчулардын белгилүү бир мөөнөттө зарыл медициналык текшерүүлөрдөн өтүп туруусун, ошондой эле өндүрүш гигиенасы боюнча окуусун камсыздоону;
г) коопсуздук көрсөткүчтөрүнө жооп бербеген азыктарды чыгаруу жөнүндө маалымат келип түшкөндө аны жоюу боюнча чара көрүүнү;
д) ишкананын ар бир жумушчусун санитардык кийимдердин комплекттери менен камсыздоону, анын такай жуулушун, ал эми зарыл болгондо дезинфекцияланышын уюштурууну;
е) аймакты, имаратты тазалап туруу үчүн атайын жумушчуларды бөлүүнү жана жабдууларды сапаттуу, санитардык тазалоо үчүн шарттарды түзүүнү;
ж) аймакты шыпырып-тазалоочу жумушчуларды, цехтеги жууп-тазалоочу жумушчуларды продукцияларды өндүрүү боюнча иштерге жол бербөөнү;
2) техникалык регламенттин талаптарын, ошондой эле мамлекеттик контролдоочу органдарынын токтомдорун, эскертүүлөрүн жана корутундуларын аткарууга;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген түрлөргө ылайык баалоодон өтпөгөн азык-түлүк чийки заттарын, тамак-аш азыктарын жүгүртүүгө чыгарбоого;
4) өндүрүштүк контролду жүзөгө ашырууга;
5) коопсуздук талаптарына жооп бербеген азык-түлүк чийки заттарын, тамак-аш азыктарын, анын ичинде сатылып кеткендерди да алып коюуга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аларды керектөөчүдөн кайтарып алууну, аларды утилдештирүүнү же жок кылууну өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүүгө.
3. Техникалык регламентти аткаруу үчүн жоопкерчилик чарба субъекттеринин жетекчилигине жүктөлөт.
4. Ташуунун жана сактоонун белгиленген эрежелерин сактоодо өнөр жайда даярдалган тамак-аш азыктарынын жарамдуулук мөөнөтүнүн бүткүл мезгили ичинде коопсуздуктун белгиленген талаптарына продукциянын ылайык келбегендиги үчүн даярдоочу (берүүчү) жоопкерчиликтүү болот.
19-берене. Тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн, алардын коопсуздугун
кепилдөө принциптери
Продукцияларды өндүрүү төмөндөгү принциптерге ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш:
1) өндүрүлгөн продукциялардын коопсуздугун камсыздоочу, азыктарды өндүрүүнүн бардык этаптарында (участоктордо) аларды жүзөгө ашыруунун технологиялык процесстерин жана режимдерин тандоо;
2) өндүрүлгөн продукциялардын жана чийки заттардын булгануусуна болтурбай турган технологиялык процесстердин оптималдуу ырааттуулугун (агымын) тандоо;
3) өндүрүштү тийиштүү имараттар, коммуникациялар, жабдуулар, үйрөтүлгөн даяр жумушчулар менен камсыздоо;
4) чийки заттардын, таңгактоонун, көмөкчү материалдардын коопсуздугуна, алардын туура сакталышы жана ташылуусун контролдоо;
5) өндүрүлгөн азыктардын коопсуздугун камсыздоочу тартипте уюштурулган, технологиялык жабдуулардын ишин контролдоо; (оңдоо-профилактикалык иштер планы);
6) чийки заттарды ташуунун жана сактоонун зарыл шарттарын камсыздоо;
7) продукцияларды өндүрүү процессинде пайдаланылган имараттарды, жабдууларды, шаймандарды жана унаа каражаттарын алар азыктарды булгоочу булак болбой тургандай абалда кармоого;
8) продукцияларды өндүрүү процессинде алардын коопсуздугун камсыз кылуучу колдонулган имараттарды санитардык тазалоонун (жууп-тазалоонун), дезинфекциялоонун, дезинсекциялоонун жана дератизациялоонун, автоцистерналарды, жабдууларды жана инвентарларды санитардык тазалоонун (жууп-тазалоонун) жана дезинфекциялоонун ыкмаларын жана мезгилдерин тандоо. Санитардык тазалоо, дезинфекциялоо, дезинсекциялоо жана дератизациялоо продукциялардын булгануу тобокелчилигинен качуу үчүн жетиштүү мезгилдерде жүгүртүлүүгө тийиш. Санитардык тазалоонун, дезинфекциялоонун, дезинсекциялоонун жана дератизациялоонун мезгилдери өндүрүштүк (өздүк) контролдун тутумдарынын алкагында чарбалык иштердин катышуучусу тарабынан белгиленет.
20-берене. Өндүрүш операцияларын контролдоо
1. Тамак-аш азыктарын өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу өндүрүүчү өндүрүштүк-технологиялык процесстин ар бир этабында коркунучтуу тобокелчиликтерди жана оор контролдук точкалар тамак-аш азыктарынын коопсуздугу менеджменти системасын талдоонун негизинде ушул Техникалык регламенттин талаптарынын сакталышына өндүрүштүк контролду уюштурат.
2. Өндүрүштүк контроль уюмдун жетекчиси же жекече ишкер белгиленген тартипте бекиткен өндүрүштүк контроль программасына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Өндүрүштүк контроль программасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- технологиялык процесстердин контролдонуучу чен-өлчөмдөрү;
- коопсуздук талаптары боюнча чийки затты, компонентти, даяр продукцияны лабораториялык өндүрүштүк контролдоонун мезгилдүүлүгү;
- жууп-тазалоо, жыйнаштыруу, дезинфекциялоо жана дератизациялоо графиктери жана режимдери;
- жабдууларды жана шаймандарды техникалык тейлөөнүн графиктери жана режимдери;
- продукцияны кайра алууну, толуктап иштеп чыгуу жана кайра иштетүү жолдору;
- кызматкерлердин гигиенасын камсыздоо боюнча иш-чаралар;
- мүмкүн болуучу булгоочулардын контролдонгон укуктары (контролдонуучу оор точкалар);
- продукцияны кайра алуу (жүгүртүүдөн алып коюу) жол-жобосу.
Өндүрүштүк контролдоо программасы ишкананын жетекчилигинин кароосу боюнча өндүрүштөгү өзгөрүлгөн жагдайга байланыштуу кайра каралышы же толукталышы мүмкүн.
Өндүрүүчү өндүрүлгөн тамак-аш азыктарынын булганышын жокко чыгаруучу, технологиялык процесстердин тандалып алынган оптималдуу ырааттуулугун (агымдуулугун) контролдоону камсыз кылууга тийиш.
4. Жүргүзүлгөн өндүрүштүк контролдун натыйжалары ушул Техникалык регламенттин талаптарын аткарылышын ырастоо үчүн документ түрүндө таризделүүгө тийиш.
21-берене. Тамак-аш азыктарынын коопсуздук менеджмент тутумунун
принциптери
Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн тамак-аш азыктарынын коопсуздук менеджмент (башкаруу) тутумунун принцибине негизделген милдеттүү контроль тутумун киргизүү зарыл. Ушул техникалык регламенттин талаптарына ылайык келген продукцияларды өндүрүү үчүн тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча чарба субъекттери төмөндөгү принциптерге негизденген өндүрүштүк контроль тутумун уюштурушу, колдонушу жана колдоосу керек:
1) өндүрүү жана жүгүртүү процессинде ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык келбеген продукцияны жүгүртүүгө чыгарууга алып келүүсү мүмкүн болгон, ар кандай коркунучтарды аныктоо;
2) өндүрүү процессинде коркунучтун болтурбоого жана жоюуга контролдун зарылдыгын талап кылган кооптуу контролдук точкаларды аныктоо;
3) технологиялык процесс тарабынан аныкталган берилген параметрлерди контролдоо, аларды сактабоо ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык келбеген продукцияларды жүгүртүүгө чыгарууга алып келүүсү мүмкүн;
4) кооптуу контролдук точкаларында аныктала турган жана контролдоно турган көрсөткүчтөрдүн чектүү маанисин белгилөө;
5) кооптуу контролдук точкаларда контролдоно турган көрсөткүчтөрдүн мониторингин жүргүзүү;
6) азыктын ар бир түрү боюнча коопсуздуктун белгиленген көрсөткүчтөрүнөн четтеген учур аракеттердин тартибин аныктоо;
7) өндүрүштүн технологиялык режимдердин жана параметрлерин белгилөөчү тиешелүү документтерди жүргүзүү.
22-берене. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын бузгандык
үчүн жоопкерчилик
1. Ушул Техникалык регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн мамлекеттик контроль Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын аткарбагандыгы үчүн тамак-аш азыктарын өндүрүү жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчиликти тартат.
23-берене. Өткөөл жоболор
Ушул Техникалык регламент күчүнө кирген күндөн тартып тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн санитардык-гигиеналык шарттарын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар ушул Техникалык регламенттин талаптарына каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
24-берене. Ушул Техникалык регламенттин күчүнө кириши
1. Ушул техникалык регламент расмий жарыяланган күндөн тартып 12 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын алты айлык мөөнөттө ушул Техникалык регламентке ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|