Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын сентябрындагы №560 токтому менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
II. Министрликтин максаты
III. Министрликтин негизги милдеттери
IV. Министрликтин функциялары
V. Министрликтин укуктары
VI. Министрликтин ишин уюштуруу
VII. Министрликтин финансылык жана чарбалык иши
VIII. Корутунду жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (мындан ары Министрлик) тышкы саясый чөйрөдө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну ишке ашыруучу, дипломатиялык кызмат органдарынын бирдиктүү системасын башкаруучу мамлекеттик орган.
2. Министрлик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө түздөн-түз баш ийет.
3. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого таянат.
4. Министрлик, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктөрү (мындан ары - чет мамлекеттеги мекемелер), Кыргыз Республикасынын аймагындагы министрликтин өкүлчүлүктөрү (мындан ары - Министрликтин өкүлчүлүктөрү) жана министрликке караштуу уюмдар (мындан ары - ведомствого караштуу уюмдар) дипломатиялык кызмат органдарынын бирдиктүү системасына кирет.
5. Министрлик юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде жазылган мөөрү бар.
6. Министрликтин максаты - тышкы саясатта Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгын коргоо жана илгерилетүү.
7. Министрликтин негизги милдеттери төмөнкүлөр:
1) Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын негизги багыттарын иштеп чыгуу жана тийиштүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү;
2) эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен тең укуктуу мамилесин ар тараптан өнүктүрүүчү тышкы саясий курсту жүргүзүү;
3) эл аралык мамиледе Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана башка улуттук таламдарын дипломатиялык каражаттар менен коргоону камсыз кылуу;
4) бардыгы үчүн тең укуктуулуктун жана коопсуздуктун принциптерине негизделген эл аралык тынчтыкты, ааламдык жана аймактык коопсуздукту колдоого көмөк көрсөтүү;
5) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен мамилесинде бирдиктүү тышкы саясатты жүргүзүү максатында мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;
6) чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
7) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен дипломатиялык жана консулдук мамилелерин, эл аралык уюмдар менен карым-катнаштарын камсыз кылуу;
8) дипломатиялык кызматтын материалдык-техникалык базасын, профессионал кадрдык потенциалын, анын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо системасын түзүү;
9) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык дагы башка милдеттерди ишке ашыруу.
8. Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Министрлик төмөнкү негизги кызматтарды турмушка ашырат:
1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө стратегиялык жана оперативдик сунуштарды киргизүү;
2) чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен өз ара мамиледе Кыргыз Республикасынын атынан иш жүргүзүү;
3) билдирүүлөр жана тышкы саясий акциялар менен чыгып пикирин билдирүү;
4) Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардын иштерине, эл аралык конференциялардын, форумдардын иштерине катышуусун камсыз кылуу, глобалдуу жана аймактык эл аралык маселелерди чечүүдө Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк коомчулуктун мүчөсү катары ролун жогорулатуу;
5) Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет мамлекеттерде консулдук ишти, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги юридикалык жана жеке жактарынын жана чет өлкөлөрдө эмгектенген мигранттардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык уюштуруу;
6) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттерде жашаган кыргыз диаспоралары жана мекендештер менен байланыштарын жана карым-катнаштарын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
7) өз компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
8) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана башка мамлекеттер аралык бирикмелер менен эл аралык мамлекет аралык келишимдерди жана өкмөт аралык келишимдерди түзүү;
9) өз компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерди түзүү, аткаруу, алардын күчүн токтотуу жана токтотуп туруу жөнүндө сунуштарын Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого киргизүү;
10) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин депозитарийинин функцияларын аткаруу;
11) эл аралык ачык укук маселелери жана Кыргыз Республикасынын тышкы саясый багытын ишке ашыруу боюнча өз алдынча жана мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптары боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү;
12) саясатты иштеп чыгууга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн улуттук коопсуздук, коргоо, жарандык коргонуу, табигый суу-энергетикалык ресурстар, айлана-чөйрөнү коргоо, соода-экономика, жана чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон башка байланыштар чөйрөсүндөгү иштерине өз компетенциясынын чегинде катышуу;
13) тышкы саясий ишти камсыздоо маселеси боюнча республикалык бюджетти түзүүгө катышуу жана сунуштарды киргизүү;
14) тийиштүү министрликтердин жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, илимий-изилдөөчү мекемелердин өкүлдөрүн тартуу менен тышкы саясатка байланышкан маселелер боюнча айрым изилдөөлөрдү жүргүзүү;
15) өз компетенциясынын чегинде билим берүү, илим жана маданият жагында мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышуу;
16) соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу маселелери боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын ишине жана эл аралык экономикалык уюмдардын жана алардын жумушчу органдарынын Министрликтин компетенциясына тийиштүү бөлүгүндөгү ишине катышуу;
17) Министрликтин компетенциясынын чегинде чет мамлекеттер менен дипломатиялык жана консулдук мамилелерди орнотуу жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдарга мүчөлүгү тууралуу сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна сунуштарды киргизүү;
18) чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин жана эл аралык уюмдардын алдында Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүктөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүн ачуу тууралуу сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентине киргизүү;
19) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги мекемелерин жетектөө жана алардын ишинин багыттарын аныктоо;
20) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин чет мамлекеттерге сапарларын ишке ашырууда, ошондой эле чет элдик делегациялардын (мамлекет башчылардын, өкмөт башчылардын, тышкы саясий ведомстволордун башчыларынын жана эл аралык уюмдардын башчыларынын) Кыргыз Республикасына эң жогорку жана жогорку деңгээлдердеги келишинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын протокол кызматтары менен бирдикте дипломатиялык протоколду камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
21) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик миграциялык саясатын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү, анын ичинде тийиштүү мамлекеттик органдар менен бирге мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана токтотуу жана миграциялык көзөмөлдү уюштуруу боюнча чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу менен көмөктөшүү;
22) Кыргыз Республикасынын тышкы саясый курсуна ылайык чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен карым-катнаштарды уюштуруу;
23) бирдиктүү тышкы саясатты камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелери толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуу максатында эл аралык иштер маселесинде мамлекеттик органдардын өз ара байланышта аракеттенүүсүн координациялоо;
24) эгерде ченемдик укуктук актыларда жана Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде аныкталбаган болсо, Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын жана мекемелеринин чет мамлекеттердин кызмат адамдары жана мекемелери менен карым-катнашынын тартибин белгилөө боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү;
25) Кыргыз Республикасынын башка аткаруу бийлик органдарынын барган мамлекетте жайгашкан өкүлчүлүктөрүнүн иштерин координациялоо жана контролдоо;
26) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, эл аралык укук жалпы таанылган ченемдерин жана принциптерин аткаруусун координациялоо;
27) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин каттоо жана эсепке алуунун бирдиктүү мамлекеттик системасынын иштешин камсыз кылуу;
28) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасы берген артыкчылыктардын жана иммунитеттердин Кыргыз Республикасында сакталышын контролдоо;
29) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун жана Кыргыз Республикасынын тышкы саясатына тийиштүү маселелер боюнча мамлекеттик органдар иштеп чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун макулдашууга коюу;
30) кызыкдар мамлекеттик бийлик органдарынын Кыргыз Республикасынын тышкы саясатына тийиштүү маселелер боюнча расмий маалымат таратуусуна макулдук берүү;
31) өз компетенциясынын чегинде тышкы карым-катыш маселеси боюнча буйруктарды чыгаруу;
32) ушул Жобо менен Министрликке тапшырылган милдеттерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тапшырмаларын аткарууну уюштуруу боюнча чечимдерди кабыл алуу жана алардын аткарылышын өз компетенциясынын чегинде көзөмөлгө алуу;
33) Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин милдеттерин ишке ашырууга көмөктөшүү, анын ичинде чет мамлекеттер, эл аралык экономикалык уюмдар менен экономикалык кызматташууну орнотуу жана өнүктүрүүдө, республикада жана чет өлкөлөрдө эл аралык форумдарды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды өткөрүүдө, чет мамлекеттердин тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктери жана алардын жергиликтүү органдары менен байланышты ишке ашырууда, боордош шаарлардын ортосунда тыгыз байланышты өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
34) республиканын мамлекеттик мекемелеринин жана алардын кызмат адамдарынын чет мамлекеттердин мамлекеттик мекемелери жана алардын кызмат адамдары менен карым-катнаштарында дипломатиялык колдоону камсыз кылуу;
35) дипломатиялык кызматтын кадрларын тандоо, даярдоо, кайра даярдоо, анын ичинде Министрликтин Дипломатиялык академиясы аркылуу ишке ашыруу, Министрликтин борбордук аппаратын жана чет мамлекеттердеги мекемелерди алар менен комплектилөө, кадр маселеси боюнча дайындоо жана жумуштан бошотуу мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирген чет мамлекеттердеги мекемелердин жетекчи кызматкерлерине тиешелүү сунуштарды даярдоо;
36) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, жалпыга маалымдоо каражаттарына эл аралык абал жана Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты тууралу маалыматтарды берүү;
37) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн эл аралык иш-чараларга катышуу маселесин координациялоо;
38) чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын тышкы жана ички саясаты, өлкөнүн социалдык-экономикалык, маданий жана руханий жашоосу тууралуу маалыматтардын таралышын координациялоо;
39) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттер аралык жана башка тышкы байланыштарын жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
40) Кыргыз Республикасында чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн зарыл шарттарды түзүүгө көмөктөшүү;
41) Министрликтин системасында иш кагаздарын жүгүртүүнүн бирдиктүү системасын уюштуруу, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды коргоону камсыз кылуу, жашыруун иш кагаздарды жүргүзүү, жашыруун режимди жана кызматтык сырды сактоо, дипломатиялык каналдар боюнча Кыргыз Республикасына келген дипломатиялык почтаны жана дипломатиялык жүктү кабыл алуу жана андан ары жөнөтүү боюнча ишти жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынан дипломатиялык каналдар боюнча жөнөтүлчү дипломатиялык почтаны жана дипломатиялык жүктү комплектилөө, тариздөө жана жөнөтүү;
42) чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле эл аралык уюмдарды тейлөөчү уюмдардын жана ишканалардын иштерин жетектөө жана координациялоо;
43) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерин эл аралык уюмдар жүргүзгөн миссияларга жиберүү боюнча ишти уюштуруу;
44) Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүн эл аралык уюмдардагы квоталык орундарга белгиленген тартипте дайындоо боюнча ишти уюштуруу;
45) чет мамлекеттердин массалык маалымат каражаттарынын кабарчыларын Кыргыз Республикасында аккредиттөө;
46) Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аккредиттөө;
47) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасында аккредиттөөдөн өткөн кызматкерлеринин автоунаа каражаттарын каттоо (кайра каттоо) иштерине катышуу;
48) бийликтин аткаруу органдарынын, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигинин органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын эл аралык ишке катышуусу Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын биримдик принциби сакталышын жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелери аткарылышын камсыздашы үчүн ушул органдардын эриш-аркак аракеттенишин камсыз кылуу;
49) Кыргыз Республикасынын экономикалык, социалдык жана миграциялык саясатын ишке ашырууга катышуу;
50) чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун алкагында тышкы саясий маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын иштеп чыгуу;
51) чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдар институтунун ишин координациялоо;
52) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө, экспортту жана Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга, Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды, жаңы технологияларды жана инновацияларды тартууга, чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен техникалык жана гуманитардык кызматташууну кеңейтүүгө катышуу;
53) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка функцияларды аткаруу.
9. Жүктөлгөн милдеттерди жана кызматтарды аткаруу үчүн Министрлик төмөнкүлөргө укуктуу;
1) өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын атынан чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары менен кошумча макулдашуусуз эле Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча ведомстволор аралык мүнөздөгү эл аралык келишимдерди түзүүгө;
3) өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана макулдашууларды түзүүгө;
4) мыйзамда белгиленген тартипте кенже тейлөөчү кызматкерлердин жана техникалык персоналдын санын аныктоого жана аларды жумушка кабыл алуу жана бошотуу боюнча маселелерди чечүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын тышкы саясый жана тышкы экономикалык ишинин маселелерин кароодо, эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууда мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин адистерин жана өкүлдөрүн белгиленген тартипте ишке тартууга, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруунун жүрүшүн карап чыгуу үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка органдардын өкүлдөрүн чакырууга, ошондой эле тийиштүү документтерди, маалыматтык жана башка материалдарды суратууга жана алууга;
6) Министрликтин бюджеттен тышкаркы каражаттарын, ошондой эле Министрлик акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн алган каражаттарды ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте Министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана өнүктүрүүгө, анын кызматкерлеринин социалдык муктаждыктарына, материалдык дем берүү үчүн пайдаланууга, адистерди ишке чакырууга, ошондой эле Министрликтин ишине байланышкан башка максаттарда пайдаланууга;
7) бул Жободон келип чыгуучу маселелер боюнча өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик мекемелерден жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле Кыргыз Республикасында жайгашкан бардык ишкана, мекемелерден, уюмдардан маалымат сурап алууга.
10. Министрликти Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри (мындан ары - Министр) жетектейт, ал кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалат жана бошотулат.
11. Министрликте статс-катчынын, министрдин үч орун басарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынан Шанхай кызматташтык уюмундагы улуттук координатордун кызмат орду караштырылат.
Министрдин орун басарлары жана Кыргыз Республикасынан Шанхай кызматташтык уюмундагы улуттук координатор кызматка министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурушат.
Статс-катчы "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте кызматка дайындалат жана бошотулат. Статс-катчынын милдеттери жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат. Министр Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында белгиленген тартипте статс-катчыга башка милдеттерди жана ыйгарым укуктарды аткарууну тапшырышы мүмкүн.
12. Министрликке тапшырылган милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн Министр жеке жооп берет, министрдин орун басарларынын, Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аныктайт.
13. Министр:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдө Кыргыз Республикасынын атынан өкүл болот, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине атайын ыйгарым укуктарсыз кол коет;
2) Министрликтин ишин жана чет мамлекеттердеги мекемелердин иштерин жетектейт, Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет, уюштуруучу, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү үчүн Министрликтин кызмат адамдарынын милдеттерин аныктайт;
3) Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилерин, эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлдөрүн дайындоо жана бошотуу сунушун Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президентине, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө - өкмөттүк делегациялардын жетекчилерин дайындоо тууралуу сунуштарын киргизет;
4) Кыргыз Республикасынын башкы консулдарын жана Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги мекемелеринин жетекчилерин дайындайт жана бошотот;
5) белгиленген тартипте тышкы саясат маселелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна сунуштайт.
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тышкы саясат жагындагы чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин стратегиялык жана шашылыш чечимдерин даярдоого өз компетенциясынын чегинде катышат;
8) аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу бийлик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин жана мамлекеттик бийликтин органдары тарабынан - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тышкы саясый чечимдеринин аткарылышын координациялайт;
9) мамлекеттик органдардан Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тышкы саясат жагындагы чечимдеринин аткарылышы жөнүндө сурайт;
10) белгиленген тартипте Өкмөттүн жыйналыштарына, Өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдардын коллегияларына катышат;
11) мамлекеттин тышкы саясатынын маселелери боюнча расмий билдирүүлөр жана демилгелер менен чыгат;
12) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги иштеринде ишеним ыйгарылган адамдарды дайындайт жана ишеним каттарды тапшырат;
13) төмөнкү жактарга консулдук экзекватура берет:
- Кыргыз Республикасында аккредиттөөдөн өткөн чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин башчыларына;
- Кыргыз Республикасында аккредиттөөдөн өткөн чет мамлекеттердин ардактуу консулдарына;
14) төмөнкүлөргө консулдук патент берет:
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү консулдук мекемелеринин жетекчилерине;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү башкы консулдарына;
15) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен өз ара байланышта иштешүүдө Министрликтин атынан чыгат;
16) Кыргыз Республикасынын Президентине Ишеним грамоталарын тапшырууга байланыштуу келген чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын кабыл алат;
17) Кыргыз Республикасынын эл аралык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө жана келишимдерине кол коюуга мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын белгиленген тартипте тариздейт;
18) дипломатиялык кызматтын башка кызматкерлерине тышкы саясый мүнөздөгү расмий маалыматтарды жарыялоо үчүн ыйгарым укуктарды берет;
19) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ратификациялоо жөнүндө грамоталарды кол коюу менен бекитет;
20) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттериндеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларына ишеним жана кайра чакыртуу грамоталарына кол коет;
21) Министрликтин, ошондой эле чет мамлекеттердеги мекемелердин, Министрликтин өкүлчүлүктөрүнүн жана дипломатиялык кызматтын бирдиктүү системасына кирген ведомствого караштуу бардык уюмдардын иштеринин бардык маселелери боюнча буйруктарды чыгарат;
22) өзүнүн кызматтык милдеттеринин бөлүгүн нормативдик укуктук актыларда белгиленген тартипте статс-катчыга жана министрдин орун басарларына аткарууга тапшырат;
23) өз компетенциясынын чегинде Министрликтин борбордук аппаратынын жана чет мамлекеттердеги мекемелердин жетекчи кызматкерлерин, ошондой эле дипломатиялык кызмат органдар системасынын Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалууга тийиштүү эмес кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
23) дипломатиялык кызмат органдар системасынын, ошондой эле ведомствого караштуу уюмдардын кызматкерлеринин жалпы санына жана эмгек акысынын фондуна жараша чет мамлекеттердеги мекемелердин түзүмүн бекитет;
24) Министрликтин түзүмүн жана штаттык кызмат орундарынын тизмесин белгиленген штаттык сандын чегинде бекитет;
25) өндүрүштүк зарылдык болгон учурларда дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин жана дипломатиялык кызмат органдарынын системасындагы дипломатиялык кызмат органдарынын башка кызматкерлерин жумуш ордунан жылыштырууга, которууга, убактылуу алмаштырууга укуктуу;
26) белгиленген тартипте атташеден тартып 1-класстагы кеңешчиге чейинки дипломатиялык рангдарды ыйгарат, ошондой эле Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчи, 1 жана 2-класстардагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу кичи элчи дипломатиялык рангдарын берүү, Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын ыйгаруу жана мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо тууралуу сунуштарды Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине киргизет.
14. Дипломатиялык кызматкерлердин кызмат өтөөсү Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.
15. Министрликте 18 мүчөдөн, анын ичинде министрден (коллегиянын төрагасы), статс-катчыдан, министрдин орун басарларынан, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлүнөн (макулдашуу боюнча), ошондой эле дипломатиялык кызмат органдар системасынын башка жетекчи кызматкерлеринен турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын мүчөлөрүнүн курамын (коллегиянын курамына кызмат орду боюнча киргенден башкалары) министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет.
16. Министрликтин коллегиясы өзүнүн жыйналыштарында Министрликтин ишинин жана анын ишин өркүндөтүүнүн негизги маселелерин карайт, тышкы саясатты ишке ашыруунун, өз чечимдеринин аткарылышын текшерүүнүн, кадрларды тандоонун жана пайдалануунун маселелерин, маанилүү буйруктардын жана нускамалардын долбоорлорун талкуулайт, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн отчетторун угат.
17. Сунуштарды кароо, рекомендацияларды, документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу, ошондой эле тышкы саясый иштин негизги багыттары боюнча чечимдерди макулдашуу үчүн илимий-усулдук, коомдук кеңештер, жумушчу топтор түзүлөт. Алар жөнүндө жобо Министр тарабынан бекитилет.
18. Министрликтин борбордук аппаратын жана ага караштуу бөлүмдөрүн камсыздоого чыгымдар республикалык бюджеттин жана Министрликтин атайын каражаттарынын эсебинен каржыланат.
19. Министрлик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык казына системасында атайын эсеби болот.
20. Министрликтин өзгөртүп уюштурулушу жана жоюлушу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
21. Министрлик жоюлганда документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталат.