Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-сентябры №556
"Тынч чогулуштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Тынч чогулуштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Долбоор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам ар бир адамдын тынч чогулуштарга укугун ишке ашырууга байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салат.
2. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, ушул Мыйзамдын эрежелери төмөнкү чогулуштарга бирдей деңгээлде жайылтылат:
1) ар бир адамдын диний керектөөлөрүн канааттандырууга багытталгандарга;
2) шайлоо өнөктүктөрүн, референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн алкактарында өткөрүлгөндөргө.
2-берене. Чогулуштарды өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдар
1. Тынч чогулуштарга эркиндик укугун камсыз кылууда мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул Мыйзамды, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин жетекчиликке алышат. Мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамга карама-каршы келбөөгө тийиш.
2. Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо же башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максаттарында мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, тынч чогулуштарга эркиндик укугунан пайдалануу чектелиши мүмкүн эмес. Тынч чогулуштарга эркиндик укугунан пайдаланууга киргизилген чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга теңдеш болушу керек.
3. Тынч чогулуштарга эркиндик укугун чектөөчү мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынат.
3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган терминдер
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн пайдаланылган терминдер төмөнкүдөй мааниге ээ:
1) жаран - Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкөлүк жаран, жарандыгы жок адам;
2) каршы чогулуш - өткөрүү максаты ушул аймакта бир мезгилде өткөрүлүп жаткан башка чогулуштун катышуучуларынын ой-пикирлеринен айырмалуу ой-пикирди билдирүү болуп саналган чогулуш;
3) тынч чогулуш - өзүнүн мүнөзү боюнча зомбулуксуз жана куралсыз болуп саналган чогулуш;
4) тынч чогулуштун уюштуруучусу - тынч чогулуштун демилгечиси болуп саналган саясий партиялардын, башка уюмдардын, жарандардын атынан чыгуучу, көрсөтүлгөн иш чараларды даярдоого багытталган иш аракеттерди аткаруучу, ошондой эле алардын катышуучуларынын аракеттерине жетекчиликти жүзөгө ашыруучу адам;
5) жарыш чогулуш - ушул аймакта башка чогулуш менен бир убакта өткөрүлүп жаткан жана башка чогулуштун катышуучуларынын ой-пикирлеринен айырмалуу ой-пикирлерди билдирүү максатын көздөбөгөн чогулуш;
6) пландалган чогулуш - алдын ала кабарлоо менен өткөрүлгөн чогулуш;
7) чогулуш - жарандар кандайдыр бир маселелер боюнча ой-пикирлерин билдирген иш-чара;
8) ойлонулбаган чогулуш - алдын ала кабарлоосуз өткөрүлгөн чогулуш;
9) чогулуш өткөрүү жөнүндө билдирме - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пландалган чогулуш жөнүндө алдын ала кабар берүүсү;
10) чогулуштун катышуучулары - бул чогулушту уюштурган жана (же) ага катышкан бир же андан ашык адам.
2-глава
Тынч чогулуштарга эркиндик укугун камсыз кылуу
4-берене. Тынч чогулуштарга эркиндик укугун камсыз кылуу боюнча милдеттенмелер
1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жыныс, раса белгилерин, этностук таандыктыгын, тилин, диний ишенимдерин, жаш курагын, саясий жана башка ынанымдарын, тегин, мүлктүк же башка абалын, ошондой эле башка жагдайларды айырмалабастан, тынч чогулуштарга эркиндик укугун урматтоого жана камсыз кылууга милдеттүү.
2. Чогулушка катышуу ыктыярдуу болуп саналат. Чогулушка катышууга мажбурлаган же ага катышууга мыйзамсыз тоскоолдук кылган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликтерди тартышат.
3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пландалган же өткөрүлүп жаткан чогулуш жөнүндө маалыматтарды алганда, алар жөнүндө тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жана ички иштер органдарына токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.
4. Чогулуштардын катышуучуларынын жана уюштуруучуларынын талаптары багытталган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кайрылууларды кабыл алууну жана маңызы боюнча кароону камсыз кылууга, ошондой эле кабыл алынган чечимдер жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте билдирүүгө тийиш.
5. Тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуксуз:
1) тынч чогулуштарды өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугуна баа берүүгө;
2) каршы чогулуштар өткөрүлгөн учурда кайсы-бир тарапты колдоого;
3) тынч чогулушту өткөрүүнүн убактысын, ордун жана жүрүү маршрутун аныктоого;
4) мындай чараларды көрбөө, чогулушка катышпаган жарандардын укуктарынын бузулушуна алып келүүчү, ошондой эле ушул Мыйзамда аныкталган эрежелерди сактоо менен улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын коргоо максаттарындагы учурларды кошпогондо, тынч чогулуштардын орду, убактысы жана кыймыл маршруттары боюнча тыюу салууга жана чектөө киргизүүгө;
5) ушул Мыйзамда аныкталган учурларды кошпогондо, тынч чогулуштардын максаттарына жетүүсүнө тоскоолдук кылууга;
6) каршы чогулуш уюштурууга жана өткөрүүгө.
5-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) чогулуш өткөрүү аймагынын ички иштер органдарын, башка кызыкдар мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын пландалган же өткөрүлүп жаткан чогулуш жөнүндө маалыматтарды алганы тууралуу токтоосуз кабардар кылат;
2) ички иштер органдары жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара бирдикте тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
3) тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чогулуштун уюштуруучулары жана катышуучулары менен өз ара аракеттенет;
4) чогулуштарды өткөрүү жөнүндө кабарландырууларды кабыл алууну камсыз кылат;
5) зарыл болгондо коммуналдык жана башка кызматтардын (медициналык тез жардам, өрткө каршы кызмат, сактоо кызматы жана башка кызматтар) ишин уюштурат;
6) чогулуштар өтүп жаткан жерлерде алкоголду, баңги каражаттарын, психотроптук же башка дендароо кылуучу заттарды колдонуунун алдын алуу жана болтурбоодо ички иштер органдарына көмөк көрсөтөт;
7) чогулушту өткөрүүгө себеп болгон маселелер жөнүндө ошол маселелер даректелген мамлекеттик органдарды кабардар кылат;
8) ушул Мыйзамда каралган башка милдеттерди аткарат.
6-берене. Ички иштер органдарынын милдеттери
1. Ички иштер органдары:
1) пландаштырылган же өтүп жаткан чогулуштар жөнүндө маалыматтарды алгандыгы тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка кызыкдар мамлекеттик органдарга токтоосуз маалымдайт;
2) зарылдыгына жараша чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылууга байланыштуу маселелер боюнча башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенет;
3) аларды тынч чогулуштарды камсыз кылуунун көрүлүп жаткан иш-чаралары жөнүндө кабарландырууну кошкондо, тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу маселелери боюнча чогулуштарды уюштуруучулар жана катышуучулар менен өз ара аракеттенет;
4) тынч чогулуштардын катышуучуларына карата урматтоо мамилесин көрсөтөт;
5) жалпыга маалымдоо каражаттарынын тоскоолдуксуз иштешин камсыз кылат;
6) жарандардан жана кызмат адамдарынан коомдук тартипти сактоону, тынч чогулуштун максаттарына жетүүлөрүнө жана ички иштер органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууларына тоскоолдук кылуучу укук бузууларды жана иш аракеттерди токтотууну талап кылат, ал эми мыйзамдуу талаптар аткарылбаган учурда мыйзамда каралган мажбурлоо чараларын колдонот;
7) тынч чогулуштардын катышуучуларын жана тынч чогулуштар өткөн жерде турган башка адамдарды, ошондой эле алардын мүлкүн укукка каршы кол салуулардан коргоону камсыз кылат;
8) тынч чогулуш өткөн жерде медициналык жардам көрсөтүүгө жана коопсуз эвакуациялоого көмөктөшөт;
9) тынч чогулуш өткөрүлгөн аймакка коммуналдык жана башка кызматтардын кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат;
10) зарылчылыкка жараша тосуу, тынч чогулуштун катышуучуларын коштоо, транспорттордун жүрүү багыттарын жабуу же өзгөртүү, жол белгилерин коюу жол жоболорун ишке ашырат;
11) бир чогулуштун катышуучулары менен каршы жана жарыш чогулуштун катышуучуларынын кагылышууларын болтурбоо, ошондой эле чогулушту өткөрүүнүн жүрүшүндө пайда болгон үзгүлтүккө учуратуу провокациясын жана башка жаңжалдык кырдаалдарды болтурбоо боюнча чараларды көрөт.
2. Каршы чогулуштар өткөрүлгөн учурларда ички иштер органдары негизги чогулуштун жана каршы чогулуштун катышуучуларынын бирин бири көрүп, угуп турган чектердеги коопсуз аралыгын камсыз кылат жана аныктайт.
3. Чогулуштар жарыша өткөн учурларда ички иштер органдары бул чогулуштардын катышуучуларынын коопсуз аралыктарын камсыз кылат жана аныктайт.
7-берене. Ички иштер органдарынын аракеттерин чектөө
Тынч чогулуштарды өткөрүүнү уюштуруу иш-чараларды аткарган учурда, ушул Мыйзамда каралган мамлекеттик органдардын аракеттерин чектөөлөрдү эске алуу менен ички иштер органдарына кошумча төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) тынч чогулуштарга анын катышуучусу катары катышууга;
2) тынч чогулуштардын уюштуруучуларына, алардын өкүлдөрүнө жана катышуучуларына укук ченемдүү аракеттерди жүзөгө ашырууларына тоскоолдук кылууга;
3) мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айырмалуу белгилерин алып коюуга же жашырууга жана чогулуштардын катышуучуларына ички иштер органынын кызматкеринин күбөлүгүн көрсөтүүдөн жана анын мазмуну менен тааныштыруудан баш тартууга;
4) чогулуштун катышуучуларына же башка адамдарга чогулушту фото же видео тартып алууга тоскоолдук кылууга.
8-берене. Тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чаралар
1. Тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чаралар, анын ичинде тосуу, тынч чогулуштун катышуучуларын коштоо, транспорттордун жүрүү багыттарын жабуу же өзгөртүү, жол белгилерин коюу жана жолдордо коопсуздукту камсыз кылуунун башка чараларынын зарыл жол жоболору, ошондой эле коммуналдык жана башка кызматтардын (медициналык тез жардам көрсөтүү, өрткө каршы кызматтарынын, сактоо кызматынын, аймакты санитардык тазалоо жана башка кызматтардын) иштеши мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан акысыз негизде жүзөгө ашырылат.
2. Уюштуруучулар тынч чогулушту өткөрүү жөнүндө кабарландырганда тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чаралар төмөнкүлөрдү карайт:
1) тынч чогулуштун максаты, тынч чогулуштардын таризи же ар кандай тариздеринин айкалыштырылышы, өткөрүлүүчү жери жана күнү, катышуучуларынын жүрүү багыттары, тынч чогулуштун башталуу жана бүтүү убактысы, катышуучуларынын болжолдуу саны, көпчүлүк катышкан иш-чараны өткөрүүдө үн күчөтүүчү аппаратураларды жана башка нерселердин колдонулушу жөнүндө маалыматтарды эсепке алууну;
2) тынч чогулуштун катышуучуларын жана тынч чогулуш өтүп жаткан жерде турган башка адамдарды коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу, тынч чогулуштарды камсыз кылууда коммуналдык жана башка камсыздоо кызматтардын жеткиликтүүлүгүн, ошондой эле коопсуз эвакуациялоо мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну;
3) тосуу, тынч чогулуштун катышуучуларын коштоо, транспорттун жүрүү багыттарын жабуу же өзгөртүү, жол белгилерин коюу жол жоболорунун зарылдыгын аныктоо максаттарындагы уюштуруу чараларын;
4) коркунучтуу факторлорго баа берүүнү, тынч чогулуштун катышуучуларынын жана башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн металл издөөчү жабдууларды, тосмолорду орнотууну кошуп алганда, өткөрүү убактысын, ордун жана (же) тынч чогулуштун катышуучуларынын кыймылынын багытын өзгөртүүнүн зарылдыгы менен чектелбестен, кошумча чараларды көрүүнү;
5) тынч чогулушту камсыз кылуу боюнча зарыл күчтөрдү жана каражаттарды аныктоону;
6) ошол эле убакта жана ошол эле аймакта өткөрүлүп жаткан башка чогулуштар жөнүндө маалыматтарды талдоону, алынган маалыматтарды салыштырууну, тынч чогулуштарды өткөрүүгө жана анын максаттарына жетүүгө тоскоолдук кылуучу, жаңжаалдуу жагдайларды болтурбоочу зарыл чараларды (өткөрүү убактысы, орду жана/же катышуучулардын кыймылдарынын багыты боюнча чектөөлөрдү киргизүү жана башка) иштеп чыгууну.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, ички иштер органдары тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча иш чараларды жүзөгө ашырууда айкындалган проблемаларды кийин талдоону документтештирүүнү, алардын кызматкерлеринин аракеттерин териштирүүнү жүзөгө ашырышат.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, ички иштер органдары, жалпыга маалымдоо каражаттарын кабарландырууну кошуп алганда, транспорттун кыймылынын багыттарын жабууга жана өзгөртүүгө байланышкан иш-чаралар жана башка зарыл маалыматтар жөнүндө чогулушка катышпаган адамдарды күн мурунтан эскертишет.
9-берене. Тынч чогулуштун катышуучуларынын жана уюштуруучуларынын укуктары
Тынч чогулуштардын катышуучулары жана уюштуруучулары аларды өткөрүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалыматтарды алууга;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылууга катышып жаткан кызмат адамдарынын фамилиясы, аты, атасынын аты, кызмат орду, иштеген жери жөнүндө маалыматтарды алууга;
3) жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен байланышууну тоскоолдуксуз жүзөгө ашырууга;
4) тынч чогулушту өткөрүүдө үн басымынын жана добуш чыгаруунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилген деңгээлинен ашырбастан үн күчөтүүчү аппаратураларды колдонууга;
5) мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомчулуктун көңүлүн бурдуруунун мүнөзү боюнча тынч болуп саналган жана укукка каршы максаттарды көздөбөгөн, кайсы бир маселе боюнча пикир билдирүүнү, кол топтоо боюнча акцияны кошуп алганда, үгүттөөнүн ар кыл каражаттарын жана тариздерин пайдаланууга;
6) сунуштарды, билдирүүлөрдү, даттанууларды жана кайрылуунун башка түрлөрүн кабыл алууга жана мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүүгө;
7) кандай гана болбосун тариздерде чогулуштарды өткөрүүгө;
8) чогулуштарды фото- же видео тартууларды жүргүзүүгө;
9) башка адамдар тарабынан укукка каршы катылуулар болгон учурда ички иштер органдарынан коргоону талап кылууга жана тынч чогулуш өткөрүүдө башка көмөк көрсөтүүлөрүн өтүнүү менен ички иштер органдарынын кызматкерлерине кайрылууга;
10) медициналык жардам көрсөтүүнү жана тынч чогулуш өтүп жаткан жерден коопсуз эвакуациялоого көмөк көрсөтүүнү талап кылууга;
11) ички иштер органдарынан мыйзамдарга ылайык чогулуштун максаттарына жетүүгө тоскоолдук кылган адамдардын укук бузууларын жана аракеттерин токтотуу боюнча чараларды көрүүлөрүн талап кылууга;
12) мыйзамдарда тыюу салынбаган же чектелбеген башка аракеттерди жүзөгө ашырууга.
10-берене. Тынч чогулуштун катышуучуларынын жана уюштуруучуларынын милдеттери
1. Тынч чогулушту өткөрүүдө анын катышуучулары жана уюштуруучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Мыйзамдын талаптарын жана чогулуштун тынч мүнөзүн сактоого;
2) тынч чогулушту жөнгө салууга тартылган ички иштер органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарын аткарууга;
3) коомдук тартипти жана тынч чогулушту өткөрүүнүн уюштуруучусу тарабынан белгиленген тартипти сактоого;
4) санитардык-гигиеналык мүнөздөгү маселелерди регламенттөөчү ченемдик-укуктук актыларды сактоого;
5) орун жайлардын, курулмалардын, жабдуулардын, эмеректердин, инвентарлардын жана башка мүлктөрдүн, ошондой эле тынч чогулуш өткөрүлгөн жердеги өсүмдүктөрдүн сакталышын камсыз кылууга;
6) тынч чогулуштарга катышпаган жарандардын эркин жүрүүсүнө тоскоолдук кылбоого.
2. Тынч чогулуштардын уюштуруучулары ушул берененин биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптар менен катар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) тынч чогулуштардын катышуучулары тарабынан кабарландырмада көрсөтүлгөн аларды өткөрүүнүн шарттарын сактоолорун уюштурууга, эгерде өткөрүлгөн чогулуш алдын-ала кабарланган мүнөздө болсо;
2) тынч чогулуштардын катышуучулары тарабынан коомдук тартиптин жана аны өткөрүүнүн белгиленген тартибин сактоо боюнча ички иштер органдары менен өз ара аракеттенүүгө;
3) чогулушка тыюу салынганы же чектелгени жөнүндө маалыматтарды тынч чогулуштун катышуучуларына жеткирүүгө.
3. Чогулуштун катышуучуларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- курал-жарак, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна каршы пайдаланылышы мүмкүн болгон, ошондой эле мүлккө зыян келтирүү үчүн атайын даярдалган же ылайыкташтырылган нерселерди алып жүрүүгө;
- алкоголду, баңги каражаттарын, психотроптук же дендароо кылуучу башка заттарды таратуу же пайдалануу менен алектенүүгө.
11-берене. Тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө кабарлоо
1. Тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө уюштуруучулардын кабарламасы аны өткөрүү күнүнө чейин отуз күндүк мөөнөттөн эрте эмес жана он жумушчу күндөн кеч эмес уюштуруучулар тарабынан жазуу жүзүндө жүзөгө ашырылат. Кабарлама кат, телеграмма, телефонограмма түрүндө, почта, факсимилдик, электрондук же башка байланыш аркылуу башка ыкма же форма менен берилиши мүмкүн.
2. Кабарлама төмөнкү маалыматтарды камтыйт: уюштуруучу (уюмдун аталышы жана/же жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты) жана анын байланыш маалыматтары (уюмдун турган жери жана/же адамдын дареги, телефон номери) тууралуу, өтүүчү орду жана (же) кыймылынын багыты, күнү жана башталуу жана бүтүү убактысы, максаттары, катышуучуларынын болжолдуу саны жөнүндө, тынч чогулуш өткөрүүдө үн күчөтүүчү аппаратураны же башка нерселерди пайдалануу жөнүндө. Тынч чогулуштун уюштуруучусу кабарламанын мазмунуна башка маалыматтарды киргизүүгө, ошондой эле ага башка документтерди тиркөөгө укуктуу.
3. Башка тынч чогулуштарды өткөрүү же жарандардын коопсуздугуна таасир этүүчү башка жагдайга тиешелүү так маалымат болгондо, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар тынч чогулуштарды өткөрүү күнүн, анын өтүүчү ордун, ошондой эле кыймылынын багытын өзгөртүүнү сунуштоого укуктуу.
4. Тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө кабарлаган адамдар кабарламанын алынганын талап кылууга, ал эми мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабарламаны алганда ошол эле күнү алышканына жазуу жүзүндө ырастама берүүгө милдеттүү.
5. Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жазуу жүзүндөгү ырастамасы өзүндө кабарламаны кабыл алган кызматкердин фамилиясын, атын, атасынын атын жана койгон колун, кабарлама алынган күндү жана убакытты камтуусу тийиш.
12-берене. Тынч чогулуш өткөрүүнүн орду
1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жерлерди кошпогондо, тынч чогулуштар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өткөрүлүшү мүмкүн.
2. Катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тынч чогулуштар коркунучтуу жана зыяндуу өндүрүш объекттерине, электр станцияларга, темир жолдорго, мунай түтүктөрүнө жана мектепке чейинки балдар мекемелерине, мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарына, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарына жакын (50 метр) жерлерде жана жогорку чыңалуудагы электр линияларынын алдында өткөрүлүшү мүмкүн эмес.
13-берене. Укук бузуучуларга карата ички иштер органдары тарабынан көрүлүүчү чаралар
Коомдук тартипти бузган, укукка каршы аракеттерди жасаган же жасоого шыкактаган, тынч чогулуштун максатына жетүүгө тоскоолдук кылган адамдар ашкереленген учурда, ички иштер органдары тынч чогулушту токтотпостон, андай адамдарга карата мыйзамдарга ылайык зарыл чараларды көрүүгө тийиш.
14-берене. Чогулушка тыюу салуу же чектөө
1. Чогулушту өткөрүү убактысы, өткөрүү орду же кыймылынын багыты боюнча чектөө же аны токтотуу тууралуу чечим ушул Мыйзамда каралган негиздер болгон учурда сот тарабынан кабыл алынат.
2. Ички иштер органдарынын аймактык бөлүмчөлөрү жана аймагында чогулуш өтүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да ушул Мыйзамда каралган негиздер болгон учурда жана чогулушту өткөрүү убактысы, өткөрүү орду же кыймылынын багыты боюнча чектөө же өткөрүлүп жаткан чогулушка тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана ички иштер органынын мындай чечимдеринин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот тарабынан каралууга тийиш, мындай чечим чыгарган орган сотко ал чыгарылган учурдан тартып 24 сааттын ичинде кайрылууга милдеттүү.
3. Чогулушка тыюу салуу же аны чектөө жөнүндө арыз ал берилген күндөн тартып 24 сааттын ичинде сот тарабынан каралууга тийиш.
4. Чогулушка тыюу салууга же аны чектөөгө негиздер болгондугун сотто далилдөө жүгү арыз берүүчүгө жүктөлөт.
5. Чогулушка тыюу салууга же чектөөгө негиздердин болушуна карата кандай гана шектенүүлөр болбосун тынч чогулуш өткөрүү укугун жүзөгө ашыруу пайдасына чечмеленет.
6. Чогулушка тыюу салуу же аны чектөө жөнүндө биринчи инстанциядагы соттун чечими жогору турган сотко ал чыгарылган күндөн тартып 24 сааттын ичинде даттанылышы мүмкүн. Чогулушка тыюу салуу же аны чектөө жөнүндө соттун чечимине даттануу жогору турган соттор тарабынан ал берилген күндөн тартып 24 сааттын ичинде каралат. Соттордун чечими чыгарылган учурдан тартып күчүнө кирет.
7. Чогулушка тыюу салуу же чектөө жөнүндөгү соттун чечими боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ички иштер органдары чогулуштун уюштуруучуларына жана катышуучуларына ал чыккан күндөн тартып 24 сааттын ичинде оозеки жана жазуу жүзүндө жеткиришет.
8. Тыюу салуу же чектөө жөнүндөгү соттордун чечимдерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ички иштер органдары чогулуштун уюштуруучуларына жана катышуучуларына чечим чыккан учурдан тартып оозеки жана жазуу жүзүндө чектөөсүз маалымдайт.
15-берене. Чогулушка тыюу салуу жана чектөө үчүн негиздер
1. Чогулушту өткөрүү убактысы, өткөрүү орду же кыймылынын багыты боюнча чектөө тууралуу чечим чогулуштун катышуучуларынын жана көрсөтүлгөн жерлерде болгон башка жарандардын коопсуздугуна чыныгы коркунуч келтирген жагдайлар сакталып турган мезгилге карата кабыл алынат. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чогулуштун уюштуруучуларына жана катышуучуларына чогулушка чектөөлөр киргизүүнүн себептери жөнүндө маалыматтарды жеткирүүгө милдеттүү.
2. Чогулушка тыюу салуу жөнүндө чечим чогулуш укукка каршы максаттарды, анын ичинде төмөнкүлөрдү көздөгөн учурларда кабыл алынышы мүмкүн:
- согушту пропагандалаганда;
- басмырлоону, кастыкты же зомбулукту шыкактоо болуп эсептелген этностук, расалык же диний жек көрүү, гендердик жана башка социалдык артыкчылык пайдасына жактап чыгууларда;
- улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, башка адамдардын укугун жана эркиндигин бузууга чакырганда;
- башка тынч чогулушту үзгүлтүккө учуратуу максатында каршы чогулуш өткөрүүдө.
16-берене. Чогулушту чектөө жана токтотуу тартиби
1. Тыюу салуу жөнүндө чечим чыгарылган чогулуш токтотулууга тийиш.
2. Чогулушту чектөө жана токтотуу боюнча иш-чаралар мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдашылган, уюштуруучуларга жана катышуучуларга чогулуш өткөрүү ордунда чогулушка тыюу салынганда - чогулуш өткөрүү ордунан кетүүгө зарыл мөөнөт берүүнү, аны чектөөдө - чогулуштун ордун, убактысын же кыймылынын багытын өзгөртүүнү алдын ала жарыялоо менен ишке ашырылат.
3. Чогулуштарды чектөө жана аларды токтотуу боюнча иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катышуусуна тыюу салынат.
17-берене. Чогулушту токтотууда күч колдонуу
1. Чогулушту күч колдонуу менен токтотуу акыркы чара болуп саналат.
2. Эгерде чогулуш укукка каршы максат менен күч колдонууга жана курал-жарак пайдаланууга барбаса, күч колдонууга, анын ичинде атайын күрөштүн күжүрмөн ыкмаларын, колдо болгон каражаттарды, атайын каражаттарды жана курал-жаракты колдонууга тыюу салынат.
3. Чогулушту токтотуу үчүн күч колдонуу, анын ичинде шашылыш чараларды кабыл алууну талап кылган массалык башаламандык келип чыккан учурда күч колдонуу, ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен жана мыйзамдарда каралган тартипте ишке ашырылат.
18-берене. Жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын ченемдеринин бузууга жол берүүдө күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.
19-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасы, 2002-жыл 26-июль № 56);
- "Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасы, 2008-жыл 12-август, № 59-60).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүүгө багытталган;
- ушул Мыйзамдын ченемдеринен келип чыккан мыйзам долбоорлорун үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|