Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-сентябры №557
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Долбоор
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-берененин 3 жана 4-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын структурасын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин сунуштоосу боюнча бекитет.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын Кыргыз Республикасынын ички иштер министри башкарат, ал кызматка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалат жана бошотулат. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри өзүнүн иши үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында жеке жоопкерчиликтүү болот.".
2. 7-берененин 1 жана 3-бөлүктөрүндөгү "Президенти" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 7-2-беренеде:
- 1-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. ички иштер органдарынын окуу жайларында окутуучулук кызматта иштегендер 65 жашка чейин кызматта болууга укуктуу.
Аларды ички иштер органдарынан кызматтан бошотуу ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарына ылайык жалпы негизде ишке ашырылат;";
4-бөлүгүндөгү "Президенти" деген сөз "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) катардагы жана жетекчи курамдагы атайын наамы бар аялдар запаска жаш курагы боюнча 45 жаштан бошонууга укуктуу.".
4. 8-берененин 12-пунктундагы "Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин" деген сөздөр "улуттук коопсуздук органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 9-беренеде:
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) эгерде токтоосуз түрдө изоляциялоо зарыл болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кармоого жана он сегиз жашка толбогон жана укуктук тартипти бузган жашы жете элек адамдарды адаптациялоо жана реабилитациялоо борборлорунда кармоого, ошондой эле атайын окутуучу-тарбиялоочу мекемелерге жиберүүгө;";
- 14-пункттагы "прокурорго" деген сөз "сотко" деген сөзгө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 29-пункт менен толукталсын:
"29) жашаган жери белгисиз жана документтери жок адамдарды ким экенин аныктоо же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка чараларды көрүү максатында кармоого жана кабыл алып-бөлүштүрүүчү жайга жеткирүүгө жана андан кийин тийиштүү органдарга жана мекемелерге өткөрүп берүүгө.".
6. 21-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-берене. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин иш убактысы
жана эмгек акысы
Ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн иш убакыттын жалпы узактыгы аптасына кырк сааттан ашык эмес белгиленет.
Зарыл болсо кызматкерлер кызматтык милдетти аткарууга белгиленген убакыттан сырткары, ошондой эле түнкү убакта, дем алыш жана майрам күндөрү да чакыртылышы мүмкүн.
Түнкү убакта, дем алыш жана майрам күндөрдө иштегени үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген иш убакыттан ашык иштегени үчүн кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте компенсация берилет.
Ички иштер органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.".
7. 25-берененин 5-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Байланыш министрлиги" деген сөздөр "байланыш тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
КРнын жаңы Конституциясы кабыл алынгандыгына байланыштуу КРнын бардык нормативдик-укуктук актылары ага ылайык келтирилет. Ушуга байланыштуу ИИМде "КРнын ички иштер органдары жөнүндө" КРнын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" КРнын Мыйзам долбоору иштелип чыкты, анда КРнын ИИМи жөнүндө Жоболорду бекитүү бөлүгүндө министрди дайындоого жана иш-аракеттери үчүн Жогорку Кеңештин жана КРнын Өкмөтүнүн алдында анын жоопкерчилигине, юридикалык жана физикалык жактардын объектилерин, мүлкүн күзөтүү, ошону менен бирге ведомстволук күзөттүн иш-аракеттерин уюштурууга контролдук кылууга өзгөртүүлөр киргизилет жана жашы толо элек жана укук бузган өспүрүмдөрдү изоляциялоо менен кармоо жана багып туруу бөлүгүндө ИИОнун укуктары толукталат.
Мындан тышкары КРнын жаны Конституциясына ылайык соттун санкциясы менен турак жана башка жайларга тоскоолдуксуз кирүү бөлүгүндө Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет.
Кыргыз Республикасынын мурдагы Конституциясында жана "КРнын ИИОсу жөнүндө" КРнын азыркы Мыйзамынын "ИИО кызматерлеринин социалдык жактан корголгондугу" бөлүгүндө эмгек акы төлөө шарттарын КРнын Президенти белгилечү. Жаңы Конституцияда көрсөтүлгөн шарттар каралбастан. "КРнын Өкмөтү жөнүндө" КРнын жаңы Конституциялык Мыйзамынын долбоорунда болгондуктан, бул жоболор нормативдик-укуктук актылардын алдыда кабыл алынуучу долбооруна ылайык келтирилди, анда бул маселе КРнын Өкмөтүнө жүктөлгөн.
Ошондой эле, "Аскер кызматындагыларды пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" КРнын Мыйзамына ылайык, жашы, оорусу, штаттын кыскаргандыгы, же саламаттыгынын чектелгендиги боюнча, ошондой эле 20 календарлык жыл камсыздандырылган стажысы бар, анын ичинде атайын наам ыйгарылган учурдан тартып 10 жылдан кем эмес ИИОда кызмат иштеген 45 жашка чыккандыгы боюнча аялдарды (кызматтан бошотуу бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилет. Ошондой эле ички иштер органдарынын окуу жайларында окутуучулук кызматта иштешкен адамдардын жашы боюнча өзгөртүүлөр киргизилет.
"КР ИИО жөнүндө" КРнын иштеп жаткан Мыйзамында ИИО кызматкерлеринин иш убактысынын узактыгы КРнын эмгек мыйзамына ылайык белгиленет. Бирок эмгек укуктарынын нормаларын камтыган ушул Кодекс, мыйзамдар жана башка нормативдик актылар ИИОнун катардагы жана башчылык курамындагы адамдарга тиешеси жоктугу жөнүндөгү оңдоолор Эмгек кодексине киргизилген (2007-жылдын 7-августундагы № 136, 2009-жылдын 12-октябрындагы № 260 КР Мыйзамдарынын редакциясында).
Ушуга байланыштуу түнкү мезгилде белгиленген убакыттан ашык, компенсациялоо менен дем алыш жана майрам күндөрүндө иштегендиги үчүн кызматкерлерге акы төлөө боюнча "КР ИИО жөнүндө" КРнын Мыйзамына оңдоолор киргизилүүдө.
2009-жылдын 30-октябрындагы № 480 КРнын Президентинин Жарлыгы бекиткен КРнын ИИОнун катардагы жана башчылык курамынын кызмат өтөө жөнүндөгү Жобосуна ылайык, ИИОнун ишинин бөтөнчөлүгүнөн улам, бардык кызматкерлер белгиленген убакыттан тышкары, ошондой эле түнкү мезгилде, дем алыш жана майрам күндөрүндө кызмат милдеттерин аткарууга тартылышат. Ушул Жободо ИИО кызматкерлерине көрсөтүлгөн күндөр үчүн компенсация белгиленген. 1999-жылы 13-июлда № 389 КРнын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген КРнын ИИОнын катардагы жана башчылык курамынын кызматкерлерине акы төлөө жөнүндө Жобого ылайык, катардагы жана башчылык курамдын адамдарына убактысынан ашык иштегендиги үчүн, ошондой эле дем алыш жана майрам күндөрүндө иштегендиги үчүн кошумча акы төлөнбөйт. Ал үчүн КРнын Өкмөтүнүн атайын чечимдерине негизделүүчү өзгөчө кырдаалдар болушу мүмкүн.
"КР ИИО жөнүндө" КРнын Мыйзамына бул толуктоолор жогоруда келтирилген жоболорду мыйзамдуу бекитүү зарылдыгына байланыштуу киргизилди.
"КРнын ички иштер органдары жөнүндө" КРнын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" сунушталган КРнын Мыйзам долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт.
Министр | З.Рысалиев |
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ "Ички иштер органдары жөнүндө" │ "Ички иштер органдары жөнүндө" │
│Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын │Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын │
│ сунушталган редакциясы │ колдонуудагы редакциясы │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│1-берененин 3 жана 4-абзацтары │1-берененин 3 жана 4-абзацтары │
│ │ │
│"Кыргыз Республикасынын ички иштер│Ички иштер органдарынын түзүмүн │
│органдарынын структурасын жана │жана Кыргыз Республикасынын Ички │
│Кыргыз Республикасынын Ички иштер │иштер министрлиги жөнүндө жобону │
│министрлиги жөнүндө жобону Кыргыз │Кыргыз Республикасынын │
│Республикасынын Өкмөтү Кыргыз │Премьер-министринин сунушу боюнча │
│Республикасынын ички иштер │Кыргыз Республикасынын Президенти │
│министринин сунуштоосу боюнча │бекитет. │
│бекитет. │Кыргыз Республикасынын ички иштер │
│Кыргыз Республикасынын ички иштер │органдарына жетекчиликти Кыргыз │
│органдарын Кыргыз Республикасынын │Республикасынын Президенти │
│ички иштер министри башкарат, ал │дайындаган, Кыргыз Республикасынын│
│кызматка Кыргыз Республикасынын │Ички иштер министри жүзөгө ашырат.│
│мыйзамдарына ылайык дайындалат │Кыргыз Республикасынын Ички иштер │
│жана бошотулат. Кыргыз │министри өз иши үчүн Кыргыз │
│Республикасынын ички иштер │Республикасынын Президентинин жана│
│министри өзүнүн иши үчүн Кыргыз │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │
│Республикасынын Жогорку Кеңешинин,│алдында жеке жоопкерчиликтүү │
│Кыргыз Республикасынын │болот. │
│Президентинин жана Кыргыз │ │
│Республикасынын Өкмөтүнүн алдында │ │
│жеке жоопкерчиликтүү болот.". │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│7-берененин 1-бөлүгү │7-берененин 1-бөлүгү │
│ │ │
│Ички иштер органдарында кызмат │Ички иштер органдарында кызмат │
│өтөөнүн тартиби жана шарттары ушул│өтөөнүн тартиби жана шарттары ушул│
│Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын│Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын│
│[Өкмөтү] тарабынан бекитилүүчү │Президенти тарабынан бекитилүүчү │
│ички иштер органдарынын катардагы │ички иштер органдарынын катардагы │
│жана башкаруучу кылуучу курамынын │жана башкаруучу кылуучу курамынын │
│кызмат өтөөсү жөнүндө Жобо │кызмат өтөөсү жөнүндө Жобо │
│тарабынан регламенттештирилет. │тарабынан регламенттештирилет. │
│ │ │
│7-берененин 3-бөлүгү │7-берененин 3-бөлүгү │
│ │ │
│Ички иштер органдарынын │Ички иштер органдарынын │
│кызматкерине коюлуучу │кызматкерине коюлуучу │
│квалификациялык талаптар Кыргыз │квалификациялык талаптар Кыргыз │
│Республикасынын [Өкмөтү] бекиткен │Республикасынын Президенти │
│Кыргыз Республикасынын ички иштер │бекиткен Кыргыз Республикасынын │
│органдарынын катардагы жана │ички иштер органдарынын катардагы │
│башкаруучу курамынын │жана башкаруучу курамынын кызмат │
│кызмат өтөөсү жөнүндө │өтөөсү жөнүндө Жобо менен │
│Жобо менен аныкталат. │аныкталат. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│7-2-берененин 4-пункту │7-2-берененин 4-пункту │
│ │ │
│4. ички иштер органдарынын окуу │4) ички иштер органдарынын окуу │
│жайларында окутуучулук кызматта │жайларында окутуучулук кызматта │
│иштегендер 65 жашка чейин кызматта│болгондор: │
│болууга укуктуу. Аларды ички иштер│- 65 жашында отставкага бошотулат;│
│органдарынан кызматтан бошотуу │- 60 жашында запаска бошотулууга │
│ушул берененин 1-бөлүгүнүн │укуктуу. │
│1, 2 жана 3-пункттарына ылайык │ │
│жалпы негизде ишке ашырылат; │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│7-2-берененин 4-бөлүгү │7-2-берененин 4-бөлүгү │
│ │ │
│Ички иштер органдарынын │Ички иштер органдарынын │
│кадрларынын карамагында │кадрларынын карамагында │
│калтырылган адамдарга Кыргыз │калтырылган адамдарга Кыргыз │
│Республикасынын [Өкмөтү] │Республикасынын Президенти │
│белгилеген тартипте жана өлчөмдө │белгилеген тартипте жана өлчөмдө │
│4 ай бою акча төлөмдөрү төлөнөт. │4 ай бою акча төлөмдөрү төлөнөт. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│7-2-берененин 5-бөлүгү │Мурда 5-бөлүк болгон эмес │
│ │ │
│5) катардагы жана жетекчи │ │
│курамдагы атайын наамы бар аялдар │ │
│запаска жаш курагы боюнча │ │
│45 жаштан бошонууга укуктуу.". │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│8-берененин 12-пункту │8-берененин 12-пункту │
│ │ │
│12) келишимдик негизде │12) келишимдик негизде │
│объектилерди, юридикалык жактардын│объектилерди, юридикалык жактардын│
│жана жеке адамдардын мүлкүн │жана жеке адамдардын мүлкүн │
│кайтарууга, ошондой эле Улуттук │кайтарууга, ошондой эле Улуттук │
│гвардиянын, Коргоо министрлигинин │гвардиянын, Коргоо министрлигинин │
│жана [улуттук коопсуздук │жана Улуттук коопсуздук боюнча │
│органдарынын] объектилеринен башка│мамлекеттик комитетинин │
│объектилердин ведомстволук │объектилеринен башка объектилердин│
│кайтаруу ишинин уюштурулушуна │ведомстволук кайтаруу ишинин │
│контролдук жүргүзүүгө; │уюштурулушуна контролдук │
│ │жүргүзүүгө; │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│9-берененин 6-пункту │9-берененин 6-пункту │
│ │ │
│6) эгерде токтоосуз түрдө │6) эгерде аларды токтоосуз түрдө │
│изоляциялоо зарыл болсо Кыргыз │бөлөк кармоо зарыл болсо, он сегиз│
│Республикасынын мыйзамдарына │жашка толбогон жана укук тартибин │
│ылайык кармоого жана он сегиз │бузган жашы жете элек адамдарды │
│жашка толбогон жана укуктук │кармоого жана кабыл │
│тартипти бузган жашы жете элек │алып-бөлүштүрүүчү жайларда │
│адамдарды адаптациялоо жана │күтүүгө, ошондой эле аларды атайын│
│реабилитациялоо борборлорунда │окутуу-тарбиялоо мекемелерине │
│кармоого, ошондой эле атайын │жөнөтүүгө, багаар-көрөөрү жок │
│окутуучу-тарбиялоочу мекемелерге │балдарды жана өспүрүмдөрдү опека │
│жиберүүгө; │жана попечителдик кылуучу │
│ │органдарга жеткирүүгө; │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│9-берененин 14-пункту │9-берененин 14-пункту │
│ │ │
│14) мыйзамдарда каралган негиздер │14) мыйзамдарда каралган негиздер │
│болгон учурда граждандарга таандык│болгон учурда граждандарга таандык│
│болгон турак жайларга жана башка │болгон турак жайларга жана башка │
│жагдайларга, ишканалардын, │жагдайларга, ишканалардын, │
│мекемелердин, уюмдардын │мекемелердин, уюмдардын │
│(чет мамлекеттердин Кыргыз │(чет мамлекеттердин Кыргыз │
│Республикасындагы дипломатиялык │Республикасындагы дипломатиялык │
│жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн │жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн │
│башка) аймагына жана имараттарына │башка) аймагына жана имараттарына │
│тоскоолдуксуз кирүүгө жана аларды │тоскоолдуксуз кирүүгө жана аларды │
│коомдук тартипти сактоо, │коомдук тартипти сактоо, │
│кылмышкерлерди кармоо, адамдын │кылмышкерлерди кармоо, адамдын │
│өмүрүн, саламаттыгын же мүлкүн │өмүрүн, саламаттыгын же мүлкүн │
│сактап калуу максатында карап │сактап калуу максатында карап │
│чыгууга укуктуу. Турак жайда │чыгууга укуктуу. Турак жайда │
│жашаган граждандардын эркине каршы│жашаган граждандардын эркине каршы│
│аларга кирүүнүн бардык учурлары │аларга кирүүнүн бардык учурлары │
│жөнүндө ички иштер органдары сотко│жөнүндө ички иштер органдары │
│24 сааттын ичинде билдиришет; │прокурорго 24 сааттын ичинде │
│ │билдиришет; │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│9-берененин 29-пункту │Мурда 29-пункт болгон эмес │
│ │ │
│29) жашаган жери белгисиз жана │ │
│документтери жок адамдарды ким │ │
│экенин аныктоо же Кыргыз │ │
│Республикасынын мыйзамдарында │ │
│каралган башка чараларды көрүү │ │
│максатында кармоого жана кабыл │ │
│алып-бөлүштүрүүчү жайга жеткирүүгө│ │
│жана андан кийин тийиштүү │ │
│органдарга жана мекемелерге │ │
│өткөрүп берүүгө. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│21-берене │21-берене │
│21-берене. Ички иштер органдарынын│21-статья. Ички иштер органдарынын│
│ кызматкерлеринин иш │ кызматкерлеринин иш │
│ убактысы жана эмгек │ убактысы жана эмгек │
│ акысы │ акысы │
│ │ │
│Ички иштер органдарынын │Ички иштер органдарынын │
│кызматкерлери үчүн иш убакыттын │кызматкерлеринин иш убактысынын │
│жалпы узактыгы аптасына кырк │узактыгы Кыргыз Республикасынын │
│сааттан ашык эмес белгиленет. │эмгек боюнча мыйзамдарына ылайык │
│Зарыл болсо кызматкерлер кызматтык│аныкталат. │
│милдетти аткарууга белгиленген │Ички иштер органдарынын │
│убакыттан сырткары, ошондой эле │кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн│
│түнкү убакта, дем алыш жана майрам│шарттарын Кыргыз Республикасынын │
│күндөрү да чакыртылышы мүмкүн. │Президенти аныктайт. │
│Түнкү убакта, дем алыш жана майрам│ │
│күндөрдө иштегени үчүн, ошондой │ │
│эле Кыргыз Республикасынын │ │
│мыйзамдарында белгиленген иш │ │
│убакыттан ашык иштегени үчүн │ │
│кызматкерлерге Кыргыз │ │
│Республикасынын мыйзамдарында │ │
│белгиленген тартипте компенсация │ │
│берилет. │ │
│Ички иштер органдарынын │ │
│кызматкерлерине эмгек акысы │ │
│төлөөнүн шарттарын Кыргыз │ │
│Республикасынын Өкмөтү белгилейт. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│25-берененин 5-бөлүгү │25-берененин 5-бөлүгү │
│ │ │
│Байланыш тармагындагы ыйгарым │Кыргыз Республикасынын Байланыш │
│укуктуу мамлекеттик орган │министрлиги тарабынан ички иштер │
│тарабынан ички иштер органдарынын │органдарынын бөлүктөрүнө жана │
│бөлүктөрүнө жана мекемелерине │мекемелерине кызматтык │
│кызматтык телефондорду коюп │телефондорду коюп берүүдө жана │
│берүүдө жана АТСтен номер бөлүп │АТСтен номер бөлүп берүүдө │
│берүүдө акыркылар байланыш │акыркылар байланыш түйүндөрдүн │
│түйүндөрдүн өнүктүрүү боюнча │өнүктүрүү боюнча үлүштүк катышууга│
│үлүштүк катышууга каражат │каражат төлөөдөн бошотулушат. │
│төлөөдөн бошотулушат. │ │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘