Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-сентябры №558
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Военно-Антоновка айылдык аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Военно-Антоновка айылдык аймагынын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылдык аймагында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын жараны Кенжебаев Жаныбек Кубанычбековичтин жеке менчигиндеги 1,2 га кайрак айдоону "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А.Атамбаев |