Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-сентябры №562
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257,258,280,281,287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 290-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 205-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо:
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"9. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган маркалануучу продукцияларды белгилөө үчүн сатып алынган жана чет өлкөгө чыгаруучу заводго жиберилген акциздик маркалар маркалануучу продукцияларды чыгаруунун технологиялык процесси аяктагандан кийин маркалоо үчүн пайдаланылат.";
- 13-пунктта:
"акциз салыгынын ставкасы боюнча" деген сөздөрдөн кийин ", эгерде ушул пунктта башкача каралбаса" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкү мазмундагы экинчи - төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Чыгарылуучу арак боюнча акцизди төлөө (ТЭИ ТН коду 220860) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 290-беренесинде белгиленген мөөнөттөрдө ишке ашырылат.
Арак чыгаруучулар үчүн акциздик жыйындын маркаларын берүү (ТЭИ ТН коду 220860) чыгаруучу акциздик марканы акыркы жолу сатып алган мезгилден кийинки салык мезгили үчүн маркаларды берүү учуруна карата акциздик салык боюнча салык карызы жок болгон учурда ишке ашырылат. Бул учурда арак чыгаруучулар (ТЭИ ТН коду 220860) салык органына акциздик маркалар алынган отчеттук мезгил үчүн маркалануучу продукциянын бардык санына акциздик салыкты төлөгөндүгүн ырастоочу төлөм документтеринин көчүрмөлөрүн жана түп нускасын берүүгө милдеттүү. Төлөм документинин көчүрмөсү салык органында, түп нускасы - төлөөчүдө калат.";
- 15-пункт:
экинчи абзацы төмөнкү мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:
"Бул учурда чыгарылуучу арак боюнча (ТЭИ ТН коду 220860) эсеп-өтүнмөдө акциздик салыкты төлөгөндүгү жөнүндө белгинин ордуна Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 290-беренесине ылайык акциздик салыкты. төлөө мөөнөтү көрсөтүлөт.";
үчүнчү абзацтын биринчи сүйлөмү "маркалануучу продукциянын" деген сөздөн мурда "арак продукцияларын чыгаруучуларды кошпогондо (ТЭИ ТН коду 220860)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 17-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"17. Чоң сыйымдуулуктарга куюлган алкоголдук продукцияны маркалоо үчүн акциздик маркаларды сатып алууга билдирмени тариздөөдө салык төлөөчү акциз салыгын (арак чыгаруучуларды кошпогондо (ТЭИ ТН коду 220860), акциздик маркалардын номиналдык наркын төлөгөнү жөнүндө ырастоосун жана чоң сыйымдуулуктарды маркалоо үчүн акциздик маркаларды алганы жөнүндө квитанциянын көчүрмөсүн берет. Маркаланууга тийиш болгон көлөмдү ырастагандан жана акциздик маркалардын номиналдык наркы төлөнгөндөн кийин салык органы акциздик маркаларды алууга квитанцияны толтурат.";
- 4-глава төмөнкү мазмундагы 32.1-пункт менен толукталсын:
"32.1. Өндүрүштүк брак табылган учурда салык төлөөчү жетекчинин, башкы бухгалтердин жана акциздик маркалардын сакталышына жооптуу адамдын катышуусунда брак акциздик маркалардын табылгандыгы жөнүндө акты түзөт, акциздик маркалардын тибин жана номерин, кутунун номерин көрсөтөт, ошондой эле табылган брак маркаларды сүрөткө тартат. Андан ары салык төлөөчү салык органына брак маркалардын табылгандыгы жөнүндө актыны, акциздик маркаларды сатып алууда төлөнгөн акча каражаттарынын квитанциясынын көчүрмөсүн жана брак маркалардын сүрөтүн берет. Салык органы материалды андан ары иликтөө үчүн акциздик марканы даярдоочу компанияга берүү үчүн ыйгарым укуктуу салык органына өткөрүп берет. Даярдоочу компания брактын болушун ырастаган учурда салык төлөөчү акциздик салыкты жана номиналдык наркын төлөбөстөн брак маркалардын ордуна акциздик маркаларды алууга укуктуу.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун 1-пунктунун бешинчи - он төртүнчү абзацында каралган толуктоолор 2011-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу болот.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
|
|
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомунун негизинде
КҮЧҮН ЖОГОТТУ