КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-сентябры № 586
Кишинев шаарында 2008-жылдын 14-ноябрында кол коюлган, Эл аралык автотранспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун өнүктүрүүнүн негизги багыттары жөнүндө Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечимин жана Кишинев шаарында 2008-жылдын 14-ноябрында кол коюлган, Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин транспорт чөйрөсүндөгү кызматташтыгынын 2020-жылга чейинки мезгилге артыкчылыктуу багыттары жөнүндө Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечимин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кишинев шаарында 2008-жылдын 14-ноябрында кол коюлган, Эл аралык автотранспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун өнүктүрүүнүн негизги багыттары жөнүндө Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечими;
- Кишинев шаарында 2008-жылдын 14-ноябрында кол коюлган, Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин транспорт чөйрөсүндөгү кызматташтыгынын 2020-жылга чейинки мезгилге артыкчылыктуу багыттары жөнүндө Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечими.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
А.Атамбаев |