Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-октябры №657
И.Раззаков атындагы адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебин түзүү тууралуу
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн, ошондой эле сергек жашоо образын пропагандалоо, сапаттуу олимпиадалык резервди түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов
|
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдында И.Раззаков атындагы адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби (мындан ары - АБӨОРМ) түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги:
- АБӨОРМнин ачылышына бекитилген бюджеттин чегинде каражат караштырсын;
- эки айлык мөөнөттө өз чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин бул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштар киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов
|