Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-октябры №662
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
О.Бабанов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 159-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "аткаруучу" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. 2-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мүлккө муниципалдык менчик укугунун пайда болушуңа, анын ишке ашырылышына жана токтолушуна байланыштуу келип чыккан мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Мүлккө муниципалдык менчик укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Колдонулуп жаткан редакция │ Сунушталган редакция │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│2-берене. Мүлккө муниципалдык │2-берене. Мүлккө муниципалдык │
│ менчик укугу │ менчик укугу │
│ │ │
│[1. Мүлккө муниципалдык менчик │1. МҮЛККӨ МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИК │
│укугунун пайда болушу, ишке │УКУГУНУН ПАЙДА БОЛУШУНА, АНЫН ИШКЕ│
│ашырылышы жана токтотулушу менен │АШЫРЫЛЫШЫНА ЖАНА ТОКТОЛУШУНА │
│байланышкан мамилелер Кыргыз │БАЙЛАНЫШТУУ КЕЛИП ЧЫККАН МАМИЛЕЛЕР│
│Республикасынын Конституциясы, │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН │
│Кыргыз Республикасынын Граждандык │КОНСТИТУЦИЯСЫ, УШУЛ МЫЙЗАМ, КЫРГЫЗ│
│жана Жер кодекстери, ушул Мыйзам │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШКА ЧЕНЕМДИК │
│жана Кыргыз Республикасынын дагы │УКУКТУК АКТЫЛАРЫ МЕНЕН, ОШОНДОЙ │
│башка ченемдик-укуктук актылары │ЭЛЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШКАН │
│менен жөнгө салынат.".] │ЖАНА МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ│
│2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу│КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕР│
│органдары жергиликтүү маанидеги │МЕНЕН ЖӨНГӨ САЛЫНАТ". │
│маселелерди чечүү үчүн зарыл │2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу│
│болгон муниципалдык менчикти │органдары Кыргыз Республикасынын │
│Кыргыз Республикасынын │мыйзамдарынын чегинде жергиликтүү │
│мыйзамдарына ылайык, өз каалоосу │маселелерди чечүү үчүн өзү │
│боюнча сатып алат, ээлик кылат, │каалагандай муниципалдык менчикке │
│пайдаланат жана тескей алышат. │ээлик кылат, пайдаланат жана │
│ │тескей алат. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
|
|