Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-октябры №667
"Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2011-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Карыз алуу (атайын операциялар) (Бишкек-Торугарт жолу, "Транспорттук коридор-1 ЦАРЭС" үчүнчү долбоор) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2011-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Карыз алуу (атайын операциялар) (Бишкек-Торугарт жолу, "Транспорттук коридор-1 ЦАРЭС" үчүнчү долбоор) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аны Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-пунктуна ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2011-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Карыз алуу (атайын операциялар) (Бишкек-Торугарт жолу, "Транспорттук коридор-1 ЦАРЭС" үчүнчү долбоор) жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Азия өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Борбордук-Азиялык регионалдык экономикалык кызматташуунун алкагында региондогу приоритеттүү жана конкуренттик жөндөмдүүлүк сапатында 6 приоритеттүү транспорттук коридор аныкталган, анын ичинен 4 Кыргыз Республиканын территориясынан өтөт, булардын ичине, өзүнчө ЦАРЭС 1: Европа-Чыгыш Азия транспорттук коридордун участогу болуп Бишкек-Нарын-Торугарт автожолу кирет.
Республиканын территориясы аркылуу транзиттик кыймылды Кытайдан түндүк-түштүк багытында - түштүктө чек аралык пункт "Торугарттан" Казакстандагы Кордай калктуу пунктунан түндүктө, камсыз кылган Бишкек-Нарын-Торугарт автожолу, биздин Республикабыз жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы эки негизги трассанын эң түндүк жактагы жана потенциалдуу эң маанилүү болуп эсептелет. Бул магистралдын жалпы узундугу 539 км-ди түзөт.
Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун алып караганда, муну белгилеп кетишибиз керек, бул жол, жүктөрдү ташуудан жана жук ташуучу транзиттик транспорттун өтүүсүнөн алынуучу бажы чогултууларынын түрүндө бюджетке түшүүчү негизги көлөмдү калыптайт.
Ишке ашырылып жаткан бул долбоор транзиттик шарттарды жакшыртуу жана транспорттук агымдардын, товарлардын жана жүргүнчүлөрдүн кыймылын жеңилдетүү, кыргыз-кытай экономикалык өз ара мамилелерди тереңдетүү жолу менен мамлекетибиздин экономикалык ситуацияга оң таасир көрсөттү жана бийик тоолуу аймактардын кийинки өнүгүүсүнө шарт түзөт.
Бул транспорттук коридордун өнүгүшүнүн маанисин жана жагымдуулугун эске алып, азыркы учурга Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун реабилитациялоонун долбооруна Азиялык Өнүгүү Банкынын каражаттары тартылды, 2008-жылы 20 млн. АКШ доллары өлчөмүндө грант бөлүнүп, буга 2010-жылдан баштап, Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 400 км-ден 439 км-ге чейинки участкасында курулуш жумуштары башталган. 2009-жылы Азиялык Өнүгүү Банкы тарабынан 365-400 км жана 439-479 км участкасына 50 млн. АКШ доллары өлчөмүндө экинчи транш бөлүнүп берилди. Мындан тышкары, бул жолдун 9-дан 272-аралыгын реабилитациялоо үчүн ШОС тармагынын алкагында жеңилдетилип каржыланып, Кытайдын Экспорттук Импорттук Банкы тарабынан бөлүнгөн 200 млн. АКШ доллар, ошондой эле 272-ден 365-жол аралыгын каржылоого Араб Координациялык Тобу тарабынан бөлүнгөн 72,4 млн. АКШ доллар кардар каражаттары колдонулууда.
Азиялык Өнүгүү Банкы тарабынан, жолдун акыркы 60 чакырым аралыгын (479-дан 539-км) реабилитациялоо үчүн, үчүнчү траншты бөлүп берүү жакталган. Көрсөтүлгөн долбоор 70 млн. АКШ доллар эсебинде бааланууда, анын 15 млн. АКШ доллары биздин мамлекет тарабынан кошумча катары каржыланыш керек. Долбоордун кредиттик бөлүгү 8 жылдык жеңилдетилген учур менен 32 жылдык мөөнөтү камтыйт да жеңилдетилген учурда 1% жылдык жана кийинки жылдарда 1,5% жылдык төлөм акысы коюлган.
Долбоор 2011-жылдын январынан 2016-жылдын декабрына чейинки убакыт аралыгында аткарылышы пландаштырылууда. Анын ичинде 12 айлык мөөнөт алдын алуучу иштерге жана контракттарды бекитүүгө, 36 айлык мөөнөт долбоорду жана курулуш иштерин аткарууга жана 12 ай гарантиялык мөөнөткө чектелүүдө.
Карыз алуу жөнүндө Макулдашуу боюнча Азиялык Өнүгүү Банкынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында 2011-жылдын 24-февралынын, № 42-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы бекитилди. 2011-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жана Азиялык Өнүгүү Банкынын ортосунда сүйлөшүүлөр болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө долбоорду ишке ашыруу механизмдери жана кредитти каржылоо шарттары такталып талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кол коюуга туура деп табылган, каржылык макулдашуунун акыркы тексти кабыл алынган.
2011-жылдын 17-майынын, № 176-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна ылайык Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Карыз алуу (Атайын операциялар) жөнүндө (Үчүнчү долбоор "Транспорт коридору-1 ЦАРЭС" Бишкек-Торугарт жолу) Макулдашуунун долбоору жактырылып жана Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан бул Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилди. Жогору аталган Макулдашууга Бишкек шаарында 2011-жылдын 19-сентябрында кол коюлган.
Каржы жөнүндөгү Макулдашуунун долбоору КР Жогорку Кеңешинин 3 комитетинде жактыруу процедурасынан өткөнүн белгилеп кетүү керек:
- транспорт, коммуникациялар, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитет;
- бюджет жана каржы комитети;
- эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитет.
Жогоруда маалымдаганга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Бишкек шаарында 2011-жылдын 19-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Карыз алуу (Атайын операциялар) жөнүндө (Үчүнчү долбоор "Транспорт коридору-1 ЦАРЭС" Бишкек-Торугарт жолу) Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө кароого жана макулдашууга киргизилет.
Министр | Э.Исаков |