Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-февралындагы № 62 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-октябры №669
2011-жылдын январь-сентябры үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө
Орто мөөнөттүү келечекте өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүшү үчүн базалык шарттарды түзүү жана 2011-жылга коюлган милдеттерге жетишүү боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин келечектүү багыттарын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын январь-сентябры үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин тиркелген маалыматы көңүлгө алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-сентябрындагы №606 "2012-жылдагы түшүмү үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү өткөрүүнүн программасын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилгени иш-чаралардын бүткүл комплексин сөзсүз аткарууну камсыздасын;
- "Айыл Банк" ачык акционердик коому менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мурда бөлүнгөн УТО-904 маркасындагы кытай тракторлорун лизингге алуу үчүн дыйкан жана фермер чарбалар менен келишимдерди түзүүнү аяктоо боюнча иштерди тездетсин.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы №230 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жөнүндө" токтому менен бекитилген иш-чаралардын бүткүл комплексин сөзсүз аткарууну камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын кыскартуу боюнча ар тараптуу чараларды көрүшсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |