Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы №52 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-октябры №671
"Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
"Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1993-ж. № 6, 169-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 20-берененин 1-бөлүгүнүн мамлекеттик тилдеги текстинде:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Журналист төмөнкүлөргө укуктуу:"
- он экинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Журналист төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өзүнүн кабарларынын чындыгын текшерүүгө;
- маалымат берген адамдардын авторду көрсөтүү жөнүндө өтүнүчтөрүн канааттандырууга.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Учурдагысы │ Сунушталганы │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│20-статья. Журналисттин укуктары │20-статья. Журналисттин укуктары │
│ жана милдеттери │ жана милдеттери │
│ │ │
│Журналист: │Журналист ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ УКУКТУУ: │
│- кабарларды чогултууга жана │- кабарларды чогултууга жана │
│таркатууга; │таркатууга; │
│- кесипчил журналисттик │- кесипчил журналисттик │
│милдеттерин аткарууга байланыштуу │милдеттерин аткарууга байланыштуу │
│кызмат адамы тарабынан кабыл │кызмат адамы тарабынан кабыл │
│алынууга; │алынууга; │
│- кабарлоочунун макулдугу менен │- кабарлоочунун макулдугу менен │
│маалыматтарды жазууга, анын ичинде│маалыматтарды жазууга, анын ичинде│
│зарыл техникалык каражаттар менен │зарыл техникалык каражаттар менен │
│жазып алууга; │жазып алууга; │
│- журналисттик күбөлүгүн көрсөтүү │- журналисттик күбөлүгүн көрсөтүү │
│менен табигый кырсыктар болуп │менен табигый кырсыктар болуп │
│өткөн жерлерде болууга, │өткөн жерлерде болууга, │
│митингдерге, демонстрацияларга │митингдерге, демонстрацияларга │
│катышууга: │катышууга; │
│- келип түшкөн материалдарга │- келип түшкөн материалдарга │
│байланыштуу фактыларды жана │байланыштуу фактыларды жана │
│жагдайларды текшерүүдө адистерге │жагдайларды текшерүүдө адистерге │
│кайрылууга; │кайрылууга; │
│- өзүнүн ынанымына карама-каршы │- өзүнүн ынанымына карама-каршы │
│келген материалды түзүүдөн жана │келген материалды түзүүдөн жана │
│кол коюудан баш тартууга; │кол коюудан баш тартууга; │
│- редакциялык даярдоонун жүрүшүндө│- редакциялык даярдоонун │
│өз пикири боюнча мааниси │жүрүшүндө өз пикири боюнча мааниси│
│бурмаланды деп эсептеген │бурмаланды деп эсептеген │
│материалга кол койбоого; │материалга кол койбоого; │
│- эгерде ал мыйзамды бузуу менен │- эгерде ал мыйзамды бузуу менен │
│байланыштуу болсо, редактор │байланыштуу болсо, редактор │
│тарабынан берилген тапшырмадан баш│тарабынан берилген тапшырмадан баш│
│таргууга; │тартууга; │
│- автордук сырды сактоого; │- автордук сырды сактоого; │
│- журналист берген автордук │- журналист берген автордук │
│материалды өз эркинче бурмалоо │материалды өз эркинче бурмалоо │
│менен редактор тарабынан │менен редактор тарабынан │
│келтирилген моралдык жана │келтирилген моралдык жана │
│материалдык зыяндардын ордун сот │материалдык зыяндардын ордун сот │
│тартибинде толтуруп алууга │тартибинде толтуруп алууга │
│укуктуу. │укуктуу. │
│[- маалымат берген адамдардын │- признать утратившим силу. │
│авторду көрсөтүү жөнүндө │ЖУРНАЛИСТ ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ МИЛДЕТТҮҮ: │
│өтүнүчтөрүн канааттандырууга │- ӨЗҮНҮН КАБАРЛАРЫНЫН ЧЫНДЫГЫН │
│милдеттүү.] │ТЕКШЕРҮҮГӨ; │
│ │- МААЛЫМАТ БЕРГЕН АДАМДАРДЫН │
│ │АВТОРДУГУН КӨРСӨТҮҮ ЖӨНҮНДӨ │
│ │ӨТҮНҮЧТӨРҮН КАНААТТАНДЫРУУГА. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘