Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-октябры №\673
"Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
"Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2002-ж., № 4, 158-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Мыйзамдын преамбуласы "сууну пайдалануучулардын бирикмелеринин (ассоциацияларынын)" деген сөздөн кийин "жана алардын кошундарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1-берене. Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары)
жана алардын кошундары жөнүндө мыйзамдар
Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана алардын кошундары жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинен, ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.";
- 2-беренеде:
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Сууну пайдалануучулардын бирикмеси (ассоциациясы) (мындан ары СПА) - сугат тутумун пайдалануу жана кармоо максатында айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөрдү сугат суу менен камсыздоо үчүн суу пайдалануучулар түзгөн коммерциялык эмес уюм.";
төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Сууну пайдалануучулардын бирикмелеринин (ассоциациясынын) кошундары (мындан ары - СПАК) - тиешелүү сугат жана дренаж тутумдарын биргеликте башкаруу, пайдалануу жана техникалык тейлөө максатында эки же андан көп СПАнын кызыкчылыгын жана ишин камсыз кылуу, координациялоо үчүн түзүлгөн коммерциялык эмес уюм.";
3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"СПАнын же СПАКтын тейлөө зонасы - СПАнын же СПАКтын тармагынан тейленүүчү белгилүү бир географиялык аймак";
6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Суу берүүчү - сугат тутумун пайдалануу жана техникалык тейлөө үчүн жооптуу жана сууну берүү боюнча келишимдин негизинде сууну пайдалануучулар ассоциацияларына же башка жактарга берип туруу үчүн сууну алып жана жеткирип турган мамлекеттик суу чарба уюмунун аймактык органы же башка юридикалык жак.";
- 3-беренеде:
2-бөлүктүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- сууну берүү боюнча контракттын негизинде суу берүүчүдөн сугат сууну алуу же лицензияга ылайык табигый суу объектилеринен (дарыялардан, көлдөрдөн жана жер астындагы суу булактарынан) сууну өз алдынча алуу жана СПА тейлеген зонада сууну пайдаланууну жана бөлүштүрүүнү жөнгө салуу;";
2-бөлүктүн жетинчи абзацында "сууну жеткирүүнү башкаруу жана" деген сөздөр алынып салынсын;
- 5-берененин 7-бөлүгүндө:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна ылайык келбесе;";
расмий тилдеги төртүнчү абзацтагы "водного поставщика" деген сөздөр "поставщика воды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-беренеде:
биринчи бөлүктөгү "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" деген сөздөр "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
- 16-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"16-берене. САПтын кеңешинин аткаруучу органы
1. САПтын кеңешинин аткаруучу органы болуп САПтын дирекциясы эсептелет.
2. САПтын уставында дирекцияга төмөнкүлөр тапшырылышы мүмкүн:
- САПтын кеңешине берүү үчүн сугат тутумдарын пайдалануунун жана кармоонун жумушчу планын, бюджеттин долбоорлорун жана башка талап кылынган документтерди даярдоо;
- САПтын мүчөлөрүнүн жана мүчө эмес жактардын реестрлерин жүргүзүү, ал жылына кайра каралып чыгып, жаңыланууга тийиш жана САПтын тейлеген зонадагы САПтын ар бир мүчөсүнүн жана мүчө эмес жактын жер участогунун өлчөмүнүн жана тескөөсүнүн баяндамасын камтыйт; САП алган суунун өлчөмүн каттоо журналын, САПтын мүчөлөрүнө жана ага мүчө эмес жактарга сугат суунун берилишине табыштамалардын журналын жана сугаруулардын санынын журналын жүргүзүү;
- сугат тутумдарын кармоону жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуу;
- САПтын кеңеши менен макулдашылгандан кийин, бекитилген бюджетке жана САПтын тейлөө зонасындагы сугат тутумдарын кармоо жана пайдалануу боюнча иштердин планына ылайык контракттарды даярдоо жана түзүү;
- суу берүүчү менен суу алуунун өлчөмүн, иштөө графигин жана сууну САПтын мүчөлөрүнө бөлүштүрүүнү макулдашуу;
- САПтын дирекциясынын штатын ишке алуу жана иштен бошотуу, алардын ишине көзөмөл жүргүзүү;
- САПтын бардык жалданган кызматкерлери милдеттүү түрдө аткара турган буйруктарды жана нускамаларды чыгаруу;
- САПтын кеңеши бекиткен жобого ылайык САПтын банк эсептерин башкаруу;
- САПтын кеңеши аныктаган же ушул Мыйзамда белгиленген башка маселелер.
3. САПтын директору жана бухгалтери САПтын кеңеши тарабынан жалданат.
4. САПтын директорунун жана бухгалтеринин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү эмгек келишими (контракты) менен аныкталат.";
- 17-берененин 1-бөлүгүндөгү "жана анын төрагасынын" деген сөздөр ", анын төрагасынын жана СПАнын дирекциясынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- расмий тилдеги 22-берененин 2-бөлүгүндөгү "водным поставщиком" деген сөздөр "поставщиком воды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 23-берененин 2-бөлүгүндөгү "сугат фондун" деген сөздөр "сугат жана дренаж тутумдарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 24-берененин 1-бөлүгү "сугат суусун" деген сөздөрдөн кийин "жыл сайын түзүлүп турган келишимдердин негизинде" деген сөздөр менен толукталсын;
- Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы IV-I глава менен толукталсын:
IV-I глава
Сууну пайдалануучулардын бирикмелеринин
(ассоциацияларынын) кошундары
26-1-берене. СПАКтын максаттары жана милдеттери
1. СПАК мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүп берилген чарбалар аралык сугат жана дренаж тутумун биргелешип башкаруу, пайдалануу жана техникалык тейлөө боюнча бир же андан көп СПАнын ишин координациялоо жана алардын кызыкчылыктарын камсыздоо максатында, ушул Мыйзамга ылайык коммерциялык уюм катары түзүлөт.
2. СПАКтын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- СПАК тейлеген зонада сууну пайдалануунун шарттарын жөнгө салуу;
- СПАКтын курамына кирген СПАлардын суу чарбалык ишин координациялоо;
- СПАК тейлеген зонада сугат тутумдарын жана ага байланыштуу инфраструктураларды пайдалануу жана техникалык тейлөө;
- табигый суу объектилеринен сууну белгиленген тартипте алуу;
- СПАКтын курамына кирген СПАларга сугат суусун жеткирүү жана бөлүштүрүп берүү;
- ирригациялык тутумдарда курулуш жана оңдоо жумуштарын аткаруу;
- СПАларга көрсөтүлгөн кызмат акыны, ирригациялык тутумдарды жана ага байланыштуу инфраструктураларды техникалык тейлөө кызмат акысы менен биргеликте чогултуу;
- СПАКтын курамына кирген СПАлардын ортосунда сууну пайдалануу жана сууну бөлүштүрүп берүү боюнча талаш-тартыштарын чечүү;
- СПАКтын курамына кирген СПАлардын кызыкчылыгын коргоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка милдеттерди аткаруу.
26-2-берене. СПАКты түзүү
1. СПАКты эки же андан көп СПАлар тарабынан ыктыярдуу негизде уюштурулат.
2. СПАКтарга "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жалпы жоболору, ошондой эле коомдук бирикмелердин ишин жөнгө салуучу жоболор колдонулат.
3. СПАКтын мамлекеттик катталышы "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
4. СПАКтын мүчөлөрү өз алдынчалыгын жана юридикалык жак катары укуктарын сакташат.
5. СПАКтын уставында СПАКтын мүчөсү болгон СПАлардын ортосундагы талаштарды чечүү боюнча комиссияны түзүү каралышы мүмкүн.
26-3-берене. СПАКтын киреше булактары
1. СПАКтын киреше булагы болуп СПАКтын тейлөө зонасындагы СПАга сугат сууну берүү боюнча кызматтары үчүн төлөмдөр, банк эсептери боюнча проценттер, мамлекеттик жана башка булактардан түшкөн акчалар жана гранттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген кирешенин башка булактары эсептелет.
2. СПАКтарга мамлекеттик сугат жана дренаж тутумдарынын бөлүктөрү белгиленген тартипте пайдаланууга жана башкарууга өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
3. Мамлекеттик сугат жана дренаж тутумдарынын бөлүгүн СПАКка пайдаланууга жана башкарууга өткөрүп берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
26-4-берене. СПАКтардын резервдик фонду
1. СПАК камсыздандыруу резервдик фондун түзүүгө жана ал үчүн өзүнчө эсеп ачууга укуктуу.
2. Камсыздандыруунун резервдик фонду СПАКтын тейлөө зонасындагы СПАнын төлөмдөрүнүн эсебинен түзүлүшү керек жана сугат, дренаж тутумдарын оңдоого, ошондой эле күтүлбөгөн жагдайлар учурунда кеткен чыгымдарды жабууга гана колдонулууга тийиш.
3. Камсыздандыруунун резервдик фондунун каражаттарын колдонуу чечими СПАКнын жалпы чогулушунун (өкүлчүлүк чогулушунун) чечими менен кабыл алынат.";
- V глава төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"V глава.
СПАлардын жана СПАКтардын ишин мамлекеттик жөнгө салуу
27-берене. СПАлардын жана СПАКтардын ишин мамлекеттик жөнгө салуу
СПАлардын жана СПАКтардын ишин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруу төмөнкүдөй жолдор менен жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуу;
- белгиленген тартипте СПАлардын жана СПАКтардын ишин контролдоо;
- СПАларга жана СПАКтарга СПАлардын жана СПАКтардын мамлекеттик сугат жана дренаж тутумдарынын бөлүктөрүн пайдаланууга жана башкарууга өткөрүп берүү;
- СПАларга жана СПАКтарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кеңеш берүү жана жардам көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык суу пайдалануу маселелери боюнча СПАлардын жана СПАКтардын жоопкерчилигин камсыз кылуу.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
┌─────────────┬──────────────────────────┬────────────────────────────┐
│Берене, пункт│ Күчүндөгү редакция │ Сунушталуучу редакция │
├─────────────┼──────────────────────────┼────────────────────────────┤
│ Мыйзамдын │"Сууну пайдалануучулардын │ "Сууну пайдалануучулардын │
│ преамбуласы │ бирикмелери │бирикмелери (ассоциациялары)│
│ │(ассоциациялары) жөнүндө" │ жана алардын кошундары │
│ │ │ жөнүндө" │
├─────────────┼──────────────────────────┼────────────────────────────┤
│1-берене │Сууну пайдалануучулардын │Сууну пайдалануучулардын │
│ │бирикмелери │бирикмелери (ассоциациялары)│
│ │(ассоциациялары) жөнүндө │ЖАНА АЛАРДЫН КОШУНДАРЫ │
│ │мыйзамдар │ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМДУУЛУК. │
│ │ │ │
│ │Сууну пайдалануучулардын │Сууну пайдалануучулардын │
│ │бирикмелери │бирикмелери (ассоциациялары)│
│ │(ассоциациялары) жөнүндө │ЖАНА АЛАРДЫН КОШУНДАРЫ │
│ │мыйзамдар Кыргыз │жөнүндө мыйзамдар Кыргыз │
│ │Республикасынын │Республикасынын │
│ │Конституциясынан, Кыргыз │Конституциясынан, Кыргыз │
│ │Республикасынын Граждандык│Республикасынын Граждандык │
│ │кодексинен, Кыргыз │кодексинен, Кыргыз │
│ │Республикасынын "Суу │Республикасынын Суу │
│ │жөнүндө" Мыйзамынан, ушул │кодексинен, ушул Мыйзамдан, │
│ │Мыйзамдан, Кыргыз │Кыргыз Республикасынын башка│
│ │Республикасынын башка │мыйзам актыларынан жана │
│ │мыйзам актыларынан жана │аларга ылайык кабыл алынуучу│
│ │аларга ылайык кабыл │ченемдик укуктук актыларынан│
│ │алынуучу ченемдик укуктук │турат"; │
│ │актыларынан турат. │ │
├─────────────┼──────────────────────────┼────────────────────────────┤
│2-берене, │Сууну пайдалануучулардын │"Сууну пайдалануучулардын │
│биринчи бөлүк│(ассоциациясы) бирикмеси │бирикмеси (ассоциациясы) │
│ │(СПА) - ушул Мыйзамга │(мындан ары СПА) - СУГАТ │
│ │ылайык сууну │ТУТУМУН ПАЙДАЛАНУУ ЖАНА │
│ │пайдалануучулар тарабынан │ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ МАКСАТЫНДА│
│ │түзүлгөн уюм. │АЙЫЛ ЧАРБАЛЫК ТОВАР │
│ │ │ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ СУУ МЕНЕН │
│ │ │КАМСЫЗДОО ҮЧҮН ТҮЗҮЛГӨН │
│ │ │КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС БИРИКМЕ". │
├─────────────┼──────────────────────────┼────────────────────────────┤
│2-берене, │СПАнын тейлөө зонасы - СПА│"СПАнын ЖЕ СПАКТЫН тейлөө │
│үчүнчү бөлүк │тармагынан тейленүүчү │зонасы - СПАнын же СПАКТЫН │
│ │белгилүү айрым │тармагынан тейленүүчү │
│ │географиялык аймак. │белгилүү айрым географиялык │
│ │ │аймак"; │
├─────────────┼──────────────────────────┼────────────────────────────┤
│2-берене, │Сууну берип туруучу - суу │"СУУНУ ЖАБДЫП ТУРУУЧУ - │
│алтынчы бөлүк│чарбасын пайдалануучу уюм │СУГАТ ТУТУМУН ПАЙДАЛАНУУ │
│ │же башкы сугат каналдарын │ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ ҮЧҮН │
│ │башкарган жана сугат │ЖООПТУ ЖАНА СУУНУ БЕРҮҮ │
│ │суусун берип турган башка │БОЮНЧА КЕЛИШИМДИН НЕГИЗИНДЕ │
│ │юридикалык жак. │СУУНУ ПАЙДАЛАНУУЧУЛАР │
│ │ │АССОЦИАЦИЯЛАРЫНА ЖЕ БАШКА │
│ │ │ЮРИДИКАЛЫК ТАРАПКА БЕРИП │
│ │ │ТУРУУ ҮЧҮН СУУНУ АЛЫП ЖАНА │
│ │ │ЖЕТКИРИП ТУРГАН │
│ │ │ТЕРРИТОРИАЛДЫК МАМЛЕКЕТТИК │
│ │ │СУУ ЧАРБА МЕКЕМЕСИ ЖЕ БАШКА │
│ │ │ЮРИДИКАЛЫК ЖАК". │
├─────────────┼──────────────────────────┼────────────────────────────┤
│2-берене, │ │СПАЛАРДЫН КОШУНДАРЫ (МЫНДАН │
│экинчи бөлүк │ │АРЫ СПАК) - МЫЙЗАМГА ЫЛАЙЫК │
│(толуктоо) │ │ӨТКӨРҮЛҮП БЕРИЛГЕН СУУ ЧАРБА│
│ │ │КУРУЛМАЛАРЫН ЖАНА ТУТУМДАРЫН│
│ │ │БИРГЕЛИКТЕ БАШКАРУУ, │
│ │ │ПАЙДАЛАНУУ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК │
│ │ │ТЕЙЛӨӨ МАКСАТЫНДА ЭКИ ЖЕ │
│ │ │АНДАН КөП СПАНЫН ҮЧҮН │
│ │ │АРАКЕТТЕНГЕН КООМДУК │
│ │ │БИРИКМЕ. │
├─────────────┼──────────────────────────┼────────────────────────────┤
│3-берене, │- сууну берип туруучудан │"СУУНУ БЕРҮҮ БОЮНЧА │
│бешинчи │суусун сатып алуу же │КОНТРАКТЫН НЕГИЗИНДЕ СУУНУ │
│абзац, │алынган лицензияга ылайык │ЖАБДЫП ТУРУУЧУДАН СУГАТ │
│экинчи бөлүк │сууну дарыядан, жер │СУУНУ АЛУУ ЖЕ СПА ТЕЙЛЕГЕН │
│ │астындагы же башка табигый│ЗОНАНЫН ИЧИНДЕ СУУНУ │
│ │суу объектилеринен СПА │ПАЙДАЛАНУУГА АЛЫНГАН │
│ │тейлеген зонанын ичинде │УРУКСАТКА ЫЛАЙЫК ТАБИГЫЙ СУУ│
│ │бөлүштүрүү үчүн сууну өз │ОБЪЕКТИЛЕРИНЕН (ДАРЫЯЛАРДАН,│
│ │алдынча топтоо; │КӨЛДӨРДӨН ЖАНА ЖЕР АСТЫНДАГЫ│
│ │ │СУУ БУЛАКТАРЫНАН) СУУНУ ӨЗ │
│ │ │АЛДЫНЧА АЛУУ, ПАЙДАЛАНУУНУ │
│ │ │ЖӨНГӨ САЛУУ ЖАНА БУЛГАНУУДАН│
│ │ │АЛДЫН АЛА САКТАП КАЛУУ ". │
├─────────────┼──────────────────────────┼────────────────────────────┤
│3-берене, │- сууну жеткирүүнү │- СУУНУН БУЛГАНЫШЫН │
│жетинчи │башкаруу жана суунун │БОЛТУРБАЙ КОЮУ; │
│абзац, │булганышын болтурбай коюу;│ │
│экинчи бөлүк │ │ │
├─────────────┼──────────────────────────┼────────────────────────────┤
│5-берене, │- ушул Мыйзамдын │"ушул Мыйзамдын │
│экинчи │жоболоруна ылайык келбесе;│ЖЕ КЫРГЫЗ │
│абзац, │ │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШКА │
│жетинчи бөлүк│ │КҮЧҮНДӨГҮ МЫЙЗАМДАРЫНЫН │
│ │ │ЖОБОЛОРУНА ЫЛАЙЫК КЕЛБЕСЕ". │
├─────────────┼──────────────────────────┼────────────────────────────┤
│6-берене, │СПАны мамлекеттик │СПАны мамлекеттик каттоодон │
│биринчи бөлүк│каттоодон өткөрүү │өткөрүү "Юридикалык │
│ │"Юридикалык жакты │жактарды, ФИЛИАЛДАРДЫ ЖАНА │
│ │мамлекеттик каттоо │ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРДҮ МАМЛЕКЕТТИК │
│ │жөнүндө" Кыргыз │КАТТОО ЖӨНҮНДӨ" Кыргыз │
│ │Республикасынын Мыйзамына │Республикасынын Мыйзамына │
│ │ылайык жүзөгө ашырылат. │ылайык жүзөгө ашырылат. │
├─────────────┼──────────────────────────┼────────────────────────────┤
│6-берене, │ │"СПАНЫ КАЙРА УЮШТУРУУ ЖАНА │
│бешинчи бөлүк│ │ЖОЮУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН │
│(толуктоо) │ │КОЛДОНУУДАГЫ МЫЙЗАМДАРЫНА │
│ │ │ЖАНА СПАНЫН УСТАВЫНА ЫЛАЙЫК │
│ │ │ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫЛАТ"; │
├─────────────┼──────────────────────────┼────────────────────────────┤
│6-берене, │СПАнын уюштуруу │ │
│экинчи бөлүк │документтери Кыргыз │ │
│(алып салуу) │Республикасынын │ │
│ │мыйзамдарына ылайык │ │
│ │келбеген учурда гана аны │ │
│ │мамлекеттик каттоодон │ │
│ │өткөрүүдөн баш тартылышы │ │
│ │мүмкүн. │ │
│ │Мамлекеттик каттоодон │ │
│ │өткөрүүдөн баш тартуу, │ │
│ │мамлекеттик каттоодон │ │
│ │өткөрүүнүн мөөнөттөрүн же │ │
│ │тартибин бузуу, ошондой │ │
│ │эле мындай каттоодон │ │
│ │четтөө мыйзамда │ │
│ │белгиленген тартипте сотко│ │
│ │даттанылышы мүмкүн. │ │
├─────────────┼──────────────────────────┼────────────────────────────┤
│16-берене │- ирригациялык тутумдарды │"СПА ТЕЙЛЕГЕН ЗОНАНЫН │
│биринчи │эксплуатациялоонун жана │ИЧИНДЕГИ ИРРИГАЦИЯЛЫК │
│бөлүк, │күтүүнүн бекитилген │ТУТУМДАРДЫ КҮТҮҮНҮН ЖАНА │
│бешинчи абзац│бюджетине жана иш │ЭКСПЛУАТАЦИЯЛООНУН │
│ │пландарына ылайык СПАнын │БЕКИТИЛГЕН БЮДЖЕТИНЕ ЖАНА ИШ│
│ │Кеңешинин бекитүүсү үчүн │ПЛАНДАРЫНА ЫЛАЙЫК СПАНЫН │
│ │контракттарды даярдоо; │КЕҢЕШИНИН МАКУЛДАШУУСУНАН │
│ │ │КИЙИН СУУ БЕРҮҮ ҮЧҮН СУУНУ │
│ │ │ЖАБДЫП ТУРУУЧУ МЕНЕН │
│ │ │КЕЛИШИМДЕРДИ СПАНЫН АТЫНАН │
│ │ │ДАЯРДОО ЖАНА ТҮЗҮҮ". │
├─────────────┼──────────────────────────┼────────────────────────────┤
│16-берене, │- суу берип туруучунун │"СУУНУ ЖАБДЫП ТУРУУЧУ МЕНЕН │
│биринчи │сугат суусун берүүсүнө │СУУ БЕРҮҮНҮН КӨЛӨМДӨРҮН ЖАНА│
│бөлүк, │жана анын СПАнын │ГРАФИКТЕРИН МАКУЛДАШУУ ЖАН │
│алтынчы абзац│мүчөлөрүнүн ортосунда │СПАНЫН МҮЧӨЛӨРҮНҮН ОРТОСУНДА│
│ │бөлүштүрүлүшүнө контролдук│СУУНУ БӨЛҮШТҮРҮҮ". │
│ │жүргүзүү; │ │
├─────────────┼──────────────────────────┼────────────────────────────┤
│17-берене, │Текшерүү комиссиясы СПАнын│ТЕКШЕРҮҮ КОМИССИЯСЫ СПАНЫН │
│биринчи бөлүк│Кеңешинин жана анын │КЕҢЕШИНИН, АНЫН ТӨРАГАСЫНЫН │
│ │төрагасынын каржылык жана │ЖАНА СПАНЫН ДИРЕКЦИЯСЫНЫН │
│ │чарбалык ишине │КАРЖЫЛЫК ЖАНА ЧАРБАЛЫК ИШИНЕ│
│ │контролдукту жүзөгө │КОНТРОЛДУКТУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРАТ. │
│ │ашырат. │ │
├─────────────┼──────────────────────────┼────────────────────────────┤
│22-берене, │Суу берүү боюнча кызмат │Суу берүү боюнча кызмат │
│экинчи бөлүк │көрсөтүү үчүн СПАнын │көрсөтүү үчүн СПАнын │
│ │мүчөлөрүнүн төгүмдөрүнүн │мүчөлөрүнүн төгүмдөрүнүн │
│ │өлчөмүн жалпы чогулуш │өлчөмүн жалпы чогулуш │
│ │аныктайт жана [суу │аныктайт жана сууну жабдып │
│ │берүүчүлөрдүн] сугат │ТУРУУЧУЛАРДЫН сугат суусун │
│ │суусун берүүгө кеткен │берүүгө кеткен чыгымдарын, │
│ │чыгымдарын, СПАнын өзүнүн │СПАнын өзүнүн сугат │
│ │сугат тутумдарын │тутумдарын пайдаланууга жана│
│ │пайдаланууга жана күтүүгө │күтүүгө кеткен чыгымдарды │
│ │кеткен чыгымдарды жабууну │жабууну камсыз кылууга │
│ │камсыз кылууга тийиш. │тийиш. │
├─────────────┼──────────────────────────┼────────────────────────────┤
│23-берене, │Камсыздандыруунун │Камсыздандыруунун резервдик │
│экинчи бөлүк │резервдик фонду СПАнын │фонду СПАнын аймагынын │
│ │аймагынын ичиндеги сугат │ичиндеги ирригациялык ЖАНА │
│ │фондун оңдоого жана │ДРЕНАЖДЫК ТАРМАКТАРДЫ │
│ │күтүлбөгөн жагдайлар │оңдоого жана күтүлбөгөн │
│ │учурунда кеткен чыгымдарды│жагдайлар учурунда кеткен │
│ │жабууга гана пайдаланылышы│чыгымдарды жабууга гана │
│ │мүмкүн. │пайдаланылышы мүмкүн. │
├─────────────┼──────────────────────────┼────────────────────────────┤
│24-берене │СПА өзүнүн тейлөө │СПА өзүнүн тейлөө зонасынын │
│биринчи бөлүк│зонасынын ичиндеги СПАнын │ичиндеги СПАнын мүчөлөрү │
│ │мүчөлөрү болуп │болуп эсептелбеген жер │
│ │эсептелбеген жер │участокторунун ээлерине же │
│ │участокторунун ээлерине же│пайдалануучуларга ЖЫЛ САЙЫН │
│ │пайдалануучуларга сугат │ТҮЗҮЛҮҮЧҮ КЕЛИШИМДЕРДИН │
│ │суусун берип тура алат. │НЕГИЗИНДЕ сугат суусун берип│
│ │ │тура алат. │
├─────────────┼──────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Глава IV-1 │ │ СПАЛАРДЫН КОШУНДАРЫ │
│(толуктоо) │ │26-1-БЕРЕНЕ. СПАКНЫН │
│ │ │ МАКСАТТАРЫ ЖАНА│
│ │ │ МИЛДЕТТЕРИ │
│ │ │ │
│ │ │1. СПАЛАРДЫН КОШУНДАРЫ │
│ │ │БИРГЕЛЕШКЕН БАШКАРУУ, │
│ │ │ПАЙДАЛАНУУ ЖАНА ТҮЗҮҮЧҮ │
│ │ │СПАЛАРДЫН МҮЧӨЛӨРҮН СУУ │
│ │ │МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛГАН ЧАРБАЛАР│
│ │ │АРАЛЫК СУГАТ ТУТУМДА │
│ │ │ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ ҮЧҮН ЭКИ │
│ │ │ЖЕ АНДАН КӨП СПАНЫН │
│ │ │КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ ҮЧҮН │
│ │ │АРАКЕТТЕНГЕН КОММЕРЦИЯЛЫК │
│ │ │ЭМЕС УЮМ КАТАРЫ УШУЛ │
│ │ │МЫЙЗАМГА ЫЛАЙЫК ТҮЗҮЛӨТ. │
│ │ │2. СПАКТЫН НЕГИЗГИ │
│ │ │МИЛДЕТТЕРИ: │
│ │ │- СПАК ТЕЙЛЕГЕН ЗОНАДА СУУНУ│
│ │ │ПАЙДАЛАНУУНУН ШАРТТАРЫН │
│ │ │ЖӨНГӨ САЛУУ; │
│ │ │- СПАКНЫН КУРАМЫНА КИРГЕН │
│ │ │СПАЛАРДЫН СУГАТ ЧАРБАЛЫК │
│ │ │ИШМЕРДИГИН КООРДИНАЦИЯЛОО; │
│ │ │- СПАК ТЕЙЛЕГЕН ЗОНАДА СУГАТ│
│ │ │ТУТУМДАРЫН ЖАНА АГА │
│ │ │БАЙЛАНЫШТУУ │
│ │ │ИНФРАСТРУКТУРАЛАРДЫ │
│ │ │ПАЙДАЛАНУУ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК │
│ │ │ТЕЙЛӨӨ; │
│ │ │- ТАБИГЫЙ СУУ ОБЪЕКТИЛЕРИНЕН│
│ │ │СУУНУ БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ │
│ │ │АЛУУ; │
│ │ │- СПАКНЫН КУРАМЫНА КИРГЕН │
│ │ │СПАЛАРГА СУГАТ СУУСУН │
│ │ │ЖЕТКИРҮҮ ЖАНА БӨЛҮШТҮРҮП │
│ │ │БЕРҮҮ; │
│ │ │- ИРРИГАЦИЯЛЫК ТУТУМДАРДА │
│ │ │КУРУЛУШ ЖАНА РЕМОНТТОО │
│ │ │ЖУМУШТАРЫН АТКАРУУ; │
│ │ │- СПАЛАРГА КӨРСӨТҮЛГӨН │
│ │ │КЫЗМАТ АКЫНЫ, ИРРИГАЦИЯЛЫК │
│ │ │ТУТУМДАРДЫ ЖАНА АГА │
│ │ │БАЙЛАНЫШТУУ │
│ │ │ИНФРАСТРУКТУРАЛАРДЫ │
│ │ │ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ КЫЗМАТ │
│ │ │АКЫСЫ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ │
│ │ │ЧОГУЛТУУ; │
│ │ │- СПАК ТЕЙЛЕГЕН ЗОНАДА │
│ │ │СУГАТКА ЖАНА СУУНУ │
│ │ │БӨЛҮШТҮРҮП БЕРҮҮГӨ ТИЕШЕЛҮҮ │
│ │ │СПАЛАРДЫН ТАЛАШ-ТАРТЫШТАРЫН │
│ │ │ЧЕЧҮҮ; │
│ │ │- СПАКНЫН МҮЧӨСҮ БОЛГОН │
│ │ │СПАЛАРДЫН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫН │
│ │ │КОРГОО; │
│ │ │- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН │
│ │ │МЫЙЗАМДАРЫНА КАРШЫ КЕЛБЕГЕН,│
│ │ │АР-ТҮРДҮҮ МИЛДЕТТЕРДИ │
│ │ │АТКАРУУ; │
│ │ │ │
│ │ │26-2 СТАТЬЯ. СПАКДУ ТҮЗҮҮНҮН│
│ │ │ ЖОЛ-ЖОБОСУ │
│ │ │ │
│ │ │1. СПАКДАРЫ ЭКИ ЖЕ АНДАН КӨП│
│ │ │СПАЛАР ТАРАБЫНАН УЮШТУРУУ │
│ │ │УШУЛ СТАТЬЯНЫН ЖОБОЛОРУНА │
│ │ │ЖАНА СПАНЫН ЫКТЫЯРДУУ │
│ │ │НЕГИЗДЕ УЮШТУРУЛАТ; │
│ │ │2. СПАКДАРГА "КОММЕРЦИЯЛЫК │
│ │ │ЭМЕС УЮМДАР ЖӨНҮНДӨГҮ" │
│ │ │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН │
│ │ │МЫЙЗАМЫНЫН ЖАЛПЫ ЖОБОЛОРУ, │
│ │ │ОШОНДОЙ ЭЛЕ КООМДУК │
│ │ │БИРИКМЕЛЕРДИ ЖӨНГӨ САЛУУЧУ │
│ │ │ЖОБОЛОР КОЛДОНУЛАТ; │
│ │ │3. СПАКНЫН МАМЛЕКЕТТИК │
│ │ │КАТТАЛЫШЫ "ЮРИДИКАЛЫК │
│ │ │ЖАКТАРДЫ, ФИЛИАЛДАРДЫ ЖАНА │
│ │ │ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРДҮ МАМЛЕКЕТТИК │
│ │ │КАТТОО ЖӨНҮНДӨ" КЫРГЫЗ │
│ │ │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНА │
│ │ │ЫЛАЙЫК ИШКЕ АШЫРЫЛАТ; │
│ │ │4. СПАКНЫН МҮЧӨЛӨРҮ │
│ │ │ӨЗДӨРҮНҮН ӨЗ АЛДЫНЧАЛЫГЫН │
│ │ │ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖАК КАТАРЫ │
│ │ │УКУКТАРЫН САКТАШАТ. │
│ │ │5. СПАКНЫН УСТАВЫНДА │
│ │ │ТАЛАШТАРДЫ ЧЕЧҮҮ БОЮНЧА │
│ │ │КОМИССИЯ БОЛУШУ МҮМКҮН. │
│ │ │ │
│ │ │26-3 СТАТЬЯ. СПАКНЫН КИРЕШЕ │
│ │ │ БУЛАКТАРЫ │
│ │ │ │
│ │ │1. СПАКНЫН СУУНУ ЖЕТКИРИП │
│ │ │БЕРҮҮДӨГҮ КЫЗМАТ АКЫЛЫК │
│ │ │ТӨЛӨМДӨРҮ, СПА - │
│ │ │УЮШТУРУУЧУЛАРДЫН МҮЧӨЛӨРҮ │
│ │ │БОЛБОГОН ЮРИДИКАЛЫК ЖАНА │
│ │ │ЖЕКЕ ЖАКТАРДАН АЛЫНГАН │
│ │ │КИРЕШЕЛЕР, БАНКТЫК ЭСЕПТЕР │
│ │ │БОЮНЧА ПАЙЫЗДАР, МАМЛЕКЕТТИК│
│ │ │ЖАНА БАШКА БУЛАКТАРДАН │
│ │ │АЛЫНГАН КАЙЫР-САДАГАЛАР ЖАНА│
│ │ │ГРАНТТАР, ОШОНДОЙ ЭЛЕ КЫРГЫЗ│
│ │ │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНА│
│ │ │КАРШЫ КЕЛБЕГЕН БАШКА │
│ │ │БУЛАКТАР СПАКНЫН КИРЕШЕ │
│ │ │БУЛАКТАРЫ БОЛУШУ МҮМКҮН. │
│ │ │2. СПАКДАРЫНА МАМЛЕКЕТТИК │
│ │ │СУГАТ ЖАНА КУРГАТУУ │
│ │ │ТУТУМДАРЫНЫН БӨЛҮКТӨРҮ │
│ │ │ПАЙДАЛАНУУГА ЖАНА БАШКАРУУГА│
│ │ │ӨТКӨРҮЛҮП БЕРИЛИШИ МҮМКҮН. │
│ │ │3. СУГАТ ЖАНА КУРГАТУУ │
│ │ │ТУТУМДАРЫН КАМТЫГАН МҮЛКТҮ │
│ │ │ПАЙДАЛАНУУГА ЖАНА БАШКАРУУГА│
│ │ │ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ КЫРГЫЗ │
│ │ │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ │
│ │ │ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛАТ. │
│ │ │ │
│ │ │26-4 БЕРЕНЕ. СПАКДАРЫНЫН │
│ │ │ РЕЗЕРВДИК ФОНДУ│
│ │ │ │
│ │ │1. СПАЛАР КОШУНДАРЫ │
│ │ │КАМСЫЗДАНДЫРУУ РЕЗЕРВДИ ФОНД│
│ │ │ТҮЗҮШҮ ЖАНА АЛ ҮЧҮН ӨЗҮНЧӨ │
│ │ │ЭСЕБИН АЧУУГА АКЫЛУУ. │
│ │ │2. КАМСЫЗДАНДЫРУУНУН │
│ │ │РЕЗЕРВДИК ФОНДУ СПА - │
│ │ │УЮШТУРУУЧУЛАРДЫН │
│ │ │ТӨЛӨМДӨРҮНҮН ЭСЕБИНЕН │
│ │ │ТҮЗҮЛҮШҮ КЕРЕК ЖАНА СПА - │
│ │ │УЮШТУРУУЧУЛАРДЫН ТЕЙЛӨӨ │
│ │ │ЗОНАСЫНЫН ИЧИНДЕГИ СУГАТ │
│ │ │ЖАНА КУРГАТУУ ТУТУМДАРЫН │
│ │ │ОНДООГО ГАНА ПАЙДАЛАНЫЛЫШЫ │
│ │ │ЗАРЫЛ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ │
│ │ │КҮТҮЛБӨГӨН ЖАГДАЙЛАР │
│ │ │УЧУРУНДА КЕТКЕН ЧЫГЫМДАРДЫ │
│ │ │ЖАБЫШЫ КЕРЕК. │
│ │ │3. КАМСЫЗДАНДЫРУУНУН │
│ │ │РЕЗЕРВДИК ФОНДУНУН │
│ │ │КАРАЖАТТАРЫН ИШТЕТҮҮ ЧЕЧИМИ │
│ │ │СПАКНЫН ЖАЛПЫ ЧОГУЛУШУНУН │
│ │ │(ӨКҮЛЧҮЛҮК ЧОГУЛУШУНУН) │
│ │ │ЧЕЧИМИ МЕНЕН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. │
├─────────────┼──────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Глава V │ СПАнын ишин │"V ГЛАВА. СПАЛАРДЫН ЖАНА │
│ │ мамлекеттик жөнгө салуу │СПАКДЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН │
│ │ жана контролдоо │МАМЛЕКЕТТИК ЖӨНГӨ САЛУУ │
│ │ │ │
│ │27-берене. СПАнын ишин │27-БЕРЕНЕ. СПАЛАРДЫН ЖАНА │
│ │ мамлекеттик │ СПАКДАРЫНЫН │
│ │ жөнгө салуу │ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН │
│ │ жана контролдоо│ МАМЛЕКЕТТИК ЖӨНГӨ│
│ │ │ САЛУУ │
│ │СПАнын ишин мамлекеттик │ │
│ │жөнгө салууну Кыргыз │СПАЛАРДЫН ЖАНА СПАКДАРЫНЫН │
│ │Республикасынын Өкмөтү │ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН МАМЛЕКЕТТИК │
│ │тарабынан СПАнын ишин │ЖӨНГӨ САЛУУНУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ:│
│ │координациялоо жана │- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН │
│ │контролдоо милдети │НОРМАТИВДИК-УКУКТУК │
│ │жүктөлгөн СПАнын жөнгө │АКТЫЛАРЫН КАБЫЛ АЛУУ; │
│ │салуу органы Кыргыз │- БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ │
│ │Республикасынын │СПАЛАРДЫН ЖАНА СПАЛАР │
│ │мыйзамдарына ылайык жүзөгө│КОШУНДАРЫНЫН ИШ-АРАКЕТИН │
│ │ашырат. │КӨЗӨМӨЛДӨӨ; │
│ │СПАны жөнгө салуучу орган │- СПАКДАРЫНА МАМЛЕКЕТТИК │
│ │СПАнын ишин көзөмөлдөө │СУГАТ ЖАНА КУРГАТУУ │
│ │боюнча өзүнүн милдеттерин │ТУТУМДАРЫНЫН БӨЛҮКТӨРҮН │
│ │жүзөгө ашыруу үчүн: │ПАЙДАЛАНУУ ЖАНА БАШКАРУУГА │
│ │- СПАнын мүчөлөрүнүн жазуу│ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ; │
│ │жүзүндөгү арызы боюнча │- СПАЛАРГА ЖАНА СПАКДАРЫНА │
│ │текшерүүлөрдү жүзөгө │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН │
│ │ашырууга же иликтөө │МЫЙЗАМДАРЫНЫН НЕГИЗИНДЕ │
│ │жүргүзүү үчүн көз │КЕҢЕШ БЕРҮҮ ЖАНА ЖАРДАМ │
│ │карандысыз аудиторлорду │КӨРСӨТҮҮ ФОРМАЛАРЫ АРКЫЛУУ │
│ │ишке тартууга; │ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. │
│ │- белгиленген үлгүдөгү │ │
│ │СПАнын реестрин │ │
│ │жүргүзүүгө; │ │
│ │- СПАга юридикалык, │ │
│ │бухгалтердик жана │ │
│ │техникалык маселелер │ │
│ │боюнча кеңеш берүүнү жана │ │
│ │жардам берүүнү камсыз │ │
│ │кылууга; │ │
│ │- ушул Мыйзамда │ │
│ │көрсөтүлгөн башка │ │
│ │милдеттерди аткарууга │ │
│ │укуктуу. │ │
│ │СПАнын жетекчи адамдары │ │
│ │Кыргыз Республикасынын │ │
│ │мыйзамдарына ылайык │ │
│ │отчеттордун туура эместиги│ │
│ │жана өз убагында │ │
│ │берилбегендиги үчүн │ │
│ │жоопкерчилик тартышат. │ │
├─────────────┼──────────────────────────┼────────────────────────────┤
│29-берене, │ │"ЭГЕРДЕ БУЛ МЫЙЗАМДЫН │
│1-1 бөлүк │ │ЭРЕЖЕЛЕРИНЕ СПАКДЫН │
│(толуктоо) │ │МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО │
│ │ │МАСЕЛЕЛЕРИ БАШКА │
│ │ │МЫЙЗАМДАРДЫН ЭРЕЖЕЛЕРИНЕ │
│ │ │КАРАМА-КАРШЫ КЕЛСЕ УШУЛ │
│ │ │МЫЙЗАМДЫН ЖОБОЛОРУ │
│ │ │КОЛДОНУЛАТ. │
└─────────────┴──────────────────────────┴────────────────────────────┘
Кыргыз Республикасынын суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы
|
3.Жамалдинов |