Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-октябры №676
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, жүргүзүлүп жаткан салык саясатын жакшыртуу жана өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 26-январындагы №1567-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 2-мартындагы №1699-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 6-апрелиндеги №1814-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтому;
Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-майындагы №55 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык аталган мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 4-ноябрында № 93 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2008-ж., № 8, 922-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) 4-беренеде:
- 2-бөлүктүн 11-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"11) Салык төлөөчү мойнуна алган салык карызы" - салык карызынын жабыла элек өлчөмү:
- салык төлөөчүнүн салык баяндамасынын негизинде кошуп эсептелген;
- ушул Кодекске ылайык салык кызматынын органынын чечиминин негизинде эсептелген, салык төлөөчү таанышкан жана талашпаган;
- ушул Кодекске ылайык салык кызматынын органынын чечиминин негизинде эсептелген, төлөө тууралуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими бар карыз".
- 2-бөлүк төмөнкү мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:
"17) "Салык кызматынын органынын чечими" - ушул Кодекске ылайык салык кызматы кабыл алган ченемдик эмес акт, аны ыйгарым укуктуу салык кызматына же сотко доо арызын берсе болот.".
2) 16-берененин 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында ушул Кодексте аныкталган күнгө чейин аяктаган мөөнөт көрсөтүлгөн учурда, каалаган мөөнөттүн жүрүшү берилген күн башталгандан кийинки күнү башталат.".
3) 18-берененин 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын колдонуу боюнча эрежелерди, жоболорду, нускамаларды жана башка документтерди басып чыгарууга милдеттүү.".
4) 20-берененин экинчи абзацы "белгилеген" деген сөздөн мурун "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен толукталсын.
5) 28-берене төмөнкү мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Электрондук санарип кол тамгасы бар электрондук документтер менен алмашуу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.".
6) 36-берененин 2-бөлүгүндө:
- 1-пунктта "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пунктта "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын.
7) 42-берененин 1-бөлүгүнүн 12-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"12) салык кызматынын органынын кызмат адамынын чечимине, аракетине же аракетсиздигине арыздануу;".
8) 44-берененин 1-бөлүгүнүн 11-пунктунда "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
9) 50-берененин 1-бөлүгүңдөгү 3-пунктта "ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген форма боюнча" деген сөздөр алып салынсын.
10) 51-беренеде:
- 1-бөлүктүн 13,14-пункттары төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"13) салык төлөөчүгө салык милдеттенмесин аткаруу жөнүндө чечимди ушул Кодексте каралган мөөнөттөрдө жана учурларда берүүгө;
14) ушул Кодексте аныкталган учурларда салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча суроо талап алынган күндөн кийинки күндөн тарта эки иш күнүнөн кечикпей, салык кызматынын органынын салыктардын, салыктык санкциялардын, туум жана пайыздардын өлчөмдөрү жана кошуп эсептелген күндөрү жөнүндө чечимин, ошондой эле салык төлөөчү жана/же анын салык милдеттенмеси жана/же анын салык карызына карата кабыл алынган чечимин берүүгө;";
- 2-бөлүктө "мамлекеттик" деген сөз "салык" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"3. Эгер ушул Кодексте каралган салык көзөмөлүн жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча кылмыш жоопкерчилиги баштала турган чектен ашып кеткен эсептелбеген салык өлчөмдөрү аныкталса, салык кызматынын органдары салык текшерүүнүн материалдарын укук коргоо органдарынын кароосуна төмөнкү учурларда жиберет:
1) эгер тиешелүү чечим мыйзамдуу күчүнө кирген болсо жана ушул Кодексте аныкталган салык төлөөчү даттануу берүү мөөнөтүнүн ичинде салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органына арызданбаса;
2) эгер салык төлөөчүнүн даттануусуна карата эсептелбеген салык өлчөмү кылмыш жоопкерчилиги баштала турган чектен ашып кеткенин тастыктаган ыйгарым укуктуу салык органынын мыйзамдуу күчүнө кирген тиешелүү чечими бар болсо, жана салык төлөөчү сотко арызданып кайрылбаса жана салык төлөөчүгө ыйгарым укуктуу салык органынын чечимин колуна бергенден кийинки күндөн баштап 30 календарлык күн ичинде;
3) эгерде эсептелбеген салык өлчөмү кылмыш жоопкерчилиги баштала турган чектен ашып кеткенин тастыктаган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген тиешелүү чечими болсо.
Эгер салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органынын же соттун тиешелүү чечиминде көрсөтүлгөн салык карызынын бардык өлчөмүн аныкталган мөөнөттө жапса, салык кызматынын органдары укук коргоо органдарына салыктык укук бузуу фактысы жөнүндө маалыматты жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алууга укугу жок.".
11) 58-берененин 1-бөлүгүндө "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
12) 64-берененин 2-бөлүгүндө "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
13) 65-беренеде:
- 2-бөлүк: "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-бөлүк: "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын.
14) 66-беренеде:
- 1-бөлүктөгү "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-бөлүк "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Физикалык жактын/жеке адамдын ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн аткарылбаган салык милдеттенмеси бар экени жөнүндө чечим, жеке адамды дайынсыз жок болгон же жөндөмсүз деп табуу жөнүндө маалымат алган күндөн кийинки күндөн баштап 5 күндүн ичинде өткөрүлүп берилет.".
15) 73-беренеде.
- 7-бөлүк "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын.
16) 74-беренеде:
- берененин аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"74-берене. Салык төлөөчү мойнуна алган салык карызын аткаруу";
- 4-бөлүктө "кийинки" деген сөз "кийин келген" деген сөзгө алмаштырылсын.
- 5-бөлүктө "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- 7-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"7. Бул берене салык төлөөчү мойнуна алган салык карызын аткарууну салык төлөөчүнүн жана/же үчүнчү жактардын накталай акча каражаттарынын жана/же эсептердеги акча каражаттарынын эсебинен камсыз кылуу жөнүндө чечим салык төлөөчүгө тапшырылып, бирок салык төлөөчү тиешелүү чечимди тапшырган күндөн кийинки күндөн тартып 15 календарлык күн ичинде берилген чечимди аткарбаса, же берилген чечимге ушул Кодексте аныкталган тартипте арызданбаган учурда колдонулат.".
17) 75-берененин 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн доо арызын берүүдө салык органы салык төлөөчүнүн үчүнчү тарабына, анын ичинде дебиторго, жумуш берүүчүгө, банкка же болбосо башка уюмга салык карызы бар салык төлөөчүнүн дарегине же анын тапшырмасы боюнча акча төлөмдөрүн токтотуу жөнүндө салык кызматынын органынын чечимин жана чечимдин тиркемесин жиберүүгө укуктуу.
Үчүнчү жак салык кызматынын органынын бул чечиминде көрсөтүлгөн талаптарды соттун чечими чыкканга чейин аткарбаган учурда бул төлөмгө барабар, бирок салык карызынын суммасынан ашпаган өлчөмдөгү сумма өндүрүлөт. Ушул бөлүктө каралган сумманы өндүрүү соттун чечими боюнча ишке ашырылат.".
18) 77-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "үч күндүк мөөнөттө" деген сөздөр "бул чечим чыгарылган күндөн кийинки 3 күндүн ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
19) 79-беренеде:
- 6-бөлүктөгү "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-бөлүктө "күндөн" деген сөз "күндөн кийинки күндөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"11. Калтыруу мөөнөтүн жана узартуу берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу салык органы салык төлөөчүгө жана ушул салык төлөөчү катталган салык кызматынын органына мындай чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн баштап 3 күндүн ичинде жөнөтөт.".
20) 80-беренеде:
- 3-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"3. Жеңилгис күчтүн жагдайларынын келип чыгыш себеби боюнча бузууларды кошпогондо, салык төлөөчү калтыруу мөөнөтүн жана/же узартуу берүү шарттарын бузган учурларда салык төлөөчү чечимди кабыл алган күндөн кийинки күндөн тартып 10 календарлык күн ичинде тартип бузууларды четтетүү жөнүндө салык кызматынын органы салык төлөөчүгө жөнөтөт. Эгер салык төлөөчү берилген чечимди аткарбаса же арызданбаса, калтыруу мөөнөтү жана/же узартуу салык төлөөчү калтыруу мөөнөтүнүн жана/же узартуунун шарттарын бузган күндөн тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулат.";
- 4-бөлүктөгү "алгандан кийин" деген сөздөр "алгандан кийинки күндөн баштап" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"5. Калтыруу мөөнөтүн же узартууну жокко чыгаруу жөнүндө чечимди бул чечимди кабыл алган ыйгарым укуктуу салык органы ушул Кодексте белгиленген тартипте чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып 3 иш күнүнүн ичинде салык төлөөчүгө жөнөтөт.".
21) 81-беренеде:
- 3-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"3. Салыктын ашыкча төлөнгөн өлчөмүн чегеримди салык кызматынын органы салык төлөөчүнүн аткарылбаган салык милдеттенмеси болгон учурда салык төлөөчүгө чегерим жөнүндө чечимди колуна берүү менен чегерим жүргүзүлгөн күндөн кийинки күндөн тартып 10 календарлык күн ичинде өз алдынча өндүрүп алат.";
- 5-бөлүктөгү "күндөн" деген сөз "күндөн кийинки күндөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7-бөлүктөгү "күндөн" деген сөз "күндөн кийинки күндөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-бөлүктөгү "күндөн" деген сөз "күндөн кийинки күндөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) 10-главанын аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Салык кызматынын органынын чечими".
23) 82-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"82-берене. Салык кызматынын органынын чечими жана анын мазмуну
1. Салык кызматынын органы чечимин ушул Кодекске ылайык салык төлөөчү үчүн юридикалык жактан маанилүү натыйжалары бар бардык маселелер боюнча кабыл алат.
2. Чечимдин түрүнө жараша анда булар көрсөтүлөт:
1) салык төлөөчүнүн аты-жөнү же толук аталышы;
2) салык төлөөчүнүн салык идентификациялык номери;
3) чечим кабыл алынган дата;
4) чечим кабыл алуу үчүн негиз;
5) кабыл алынган чечим;
6) чечим кабыл алынган күнгө карата эсептелген салыктар, пайыздар, туумдар жана салык санкциялары боюнча карыздын өлчөмү;
7) тиешелүү салыктар, пайыздар, туумдар жана салык санкцияларынын реквизиттери;
8) ушул Кодексте аныкталган салык милдеттенмесин аткаруу мөөнөтү;
9) салык төлөөчү чечимди аткарбаган учурда колдонула турган салык милдеттенмесин аткарууну камсыз кылуу боюнча чаралар;
10) салык кызматынын органы салык төлөөчү жана/же анын салык милдеттенмеси жана/же анын салык карызына карата кылган аракеттери жөнүндө маалымат;
11) доо арызын берүү тартиби;
12) салык төлөө же салык карызын жабуу үчүн зарыл банк реквизиттери;
13) башка зарыл маалымат.
3. Чечим салык төлөөчүгө берилген чечимди тапшыруу аркылуу жеткирилет.
4. Чечим эки нускада түзүлөт, алардын бири салык төлөөчүгө же ушул Кодексте аныкталган учурда жактарга тапшырылат.
5. Чечимди кабыл алуу түрүн жана тартибин ыйгарым укуктуу салык органы аныктайт.
Эгер чечимдин түрү аныкталган болбосо, ал каалагандай түрдө түзүлөт.".
24) 83-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"83-берене. Салык кызматынын органынын чечимин салык төлөөчүгө
колуна берүү
1. Чечим бул учурларда тапшырылган деп эсептелет:
1) салык төлөөчү экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн дарекке же Кыргыз Республикасындагы акыркы катталган дарегине, же болбосо салык төлөөчүнүн салык өкүлүнө жеке кол коюу менен же анын алынганынын фактысын жана күнүн тастыктаган башка жол менен жеткирилсе;
2) салык төлөөчүгө же анын салык өкүлүнө салык органында жеке кол коюу менен берилсе.
2. Чечим почта аркылуу тапшырык каты менен жөнөтүлгөн учурда тапшыруу жөнүндө дүмүрчөктө көрсөтүлгөн тапшырык катын алган же алуудан баш тарткан күндө чечим тапшырылды деп эсептелет.
3. Чечим ушул Кодекске карама каршы келбеген, ушул Кодекстин талаптарына жооп берген жана ушул Кодексте аныкталган тартипте салык төлөөчүгө тапшырылган учурларда гана күчүндө болот.
4. Чечим ушул Кодексте көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаган учурда, ал эмес салык төлөөчү чечим жана анын мазмуну жөнүндө билген болсо дагы, жарамдуу же күчүндө деп эсептелбейт. Салык төлөөчүгө тиешелүү түрдө тапшырылган фактысын далилдөө салык кызматынын органынын милдети болуп саналат.
5. Салык төлөөчүгө же анын салык өкүлүнө төмөнкү чечимдер тапшырылат:
1) салык салуу максатында бүтүмдүн баасын аныктоо жөнүндө;
2) чыгып текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча;
3) салык кызматынын органы эсептеген салык милдеттенмесинин өлчөмү жөнүндө;
4) салык милдеттенмесинин дагы кошуп эсептелинген же азайтылган өлчөмү жөнүндө;
5) салык төлөөчүнүн дарегине же анын тапшырмасы боюнча акча төлөмдөрүн токтотуу талабын коюу жөнүндө;
6) администрациялык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө - администрациялык укук бузуу жөнүндө жобонун таризинде;
7) экспертиза жүргүзүү жөнүндө.
8) салык төлөөчүнүн депозити жөнүндө;
9) салык милдеттенмесин жана/же калтыруу мөөнөтү/узартуу боюнча салык карызын аткарууну;
10) салык баяндамаларын берүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө;
11) салык төлөөчүнүн доо арызы боюнча;
12) ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлүп алынган салык өлчөмдөрүн салык төлөөчүнүн арызы боюнча салык карызынын эсебине жана/же алдыдагы салык милдеттенмесин аткаруу эсебине чегерүү жөнүндө;
13) КНС ашып кеткен өлчөмүнүн ордун толтуруу жана кайтаруу жөнүндө;
14) КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу жөнүндө;
15) салык төлөөчү текшерген документтерди берүү жөнүндө;
16) салык кызматынын органы өз алдынча салык кызматынын органы өндүргөн ашыкча төлөнгөн салык өлчөмүн чегерүү жөнүндө;
17) чыгып текшерүү материалдарын кароо убактысы жана жайы жөнүндө;
18) жер тилкесине, мүлк объектисине физикалык ченөө жүргүзүлө турган күн жана убактысы жөнүндө;
19) камералык текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө;
20) салык төлөөчүнүн ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү камералык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча туура келбегени аныкталганы жөнүндө.
6. Салык кызматынын органынын чечими төмөнкү кишилерге алардын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча берилет:
1) салык төлөөчүгө же анын салык өкүлүнө:
а) чыгып текшерүүнү дайындоо жана/же узартуу жана/же токтото туруу жана/же кайра баштоо жөнүндө. Чечимдин реквизиттери салык төлөөчүгө тапшырылган текшерүүгө жаза буйругунда көрсөтүлөт;
б) чыгып текшерүүнүн натыйжасында эмес эсептелинген же азайтылган пайыз, туум, салык санкцияларынын өлчөмү боюнча;
в) салык милдеттенмесин аткарууну камсыз кылуу жана/же салык карызын жабуу жөнүндө;
г) жер салыгынын, мүлк салыгынын эсептелген өлчөмү жөнүндө;
д) салык төлөөчүнүн ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү камералык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча туура келбегени аныкталганы жөнүндө;
е) калтыруу мөөнөтүн/узартуу берүү шарттарын бузууну четке чыгаруу фактысы жөнүндө;
ж) салык баяндамаларындагы бузууларды четтетүү жөнүндө.
2) бажы органына, каржылык чалгындоо органына, каржы полициясына чыгып текшерүүнү дайындоо же аны өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө. Чечимдин реквизиттери жазуу жүзүндөгү жоопто көрсөтүлөт.
3) мүлктү ишеним башкаруу жүргүзүп жаткан камкорчуга, көзөмөлчүгө же башкармага, ошондой эле үй-бүлө жана балдарды колдоо боюнча органга - дайынсыз жок болгон же жөндөмсүз деп табылган физикалык жактын/жеке адамдын аткарылбаган салык милдеттенмеси бар экени жөнүндө.
4) мурас ачылган жер боюнча нотариуска жана мураскерге - каза болгон жеке адамдын салык карызы болгону жөнүндө.
5) банкка - текшерилип жаткан салык төлөөчүнүн эсептери менен жүргүзүлүп жаткан операциялар жөнүндө, ошондой эле анын эсебинин учурдагы абалы жөнүндө маалымат берүү жөнүндө.
Чечимди аны кабыл алган салык кызматынын органы суроо-талапты алган күндөн кийинки күндөн баштап эки иш күнүнөн кечикпей берет.".
25) 85-берененин 5-бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
26) 86-берененин 9-бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
27) 87-беренеде:
- 4-бөлүктө:
1-пунктта "20сынан" деген сан жана сөз "20сынан кийинки күндөн" деген сан жана сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктта "кечиктирбестен" деген сөздөн мурда "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын,
3-пунктта "20сынан" деген сан жана сөз "20сынан кийинки күндөн" деген сан жана сөздөр менен алмаштырылсын;
4-пунктта "20сынан" деген сан жана сөз "20сынан кийинки күндөн" деген сан жана сөздөр менен алмаштырылсын;
5-пунктта "20сынан" деген сан жана сөз "20сынан кийинки күндөн" деген сан жана сөздөр менен алмаштырылсын;
28) 88-берененин 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Кодексте аныкталган салык баяндамаларын берүү мөөнөтүнө чейин салык төлөөчүдөн жазуу жүзүндөгү арыз алган учурларда, салык органы салык баяндамаларын берүү мөөнөтүн берилген салык баяндамаларын берүү мөөнөтүнөн кийинки 30 күнгө узартуу жөнүндө чечим чыгарат.".
29) 4-бөлүктүн 89-беренеси төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"4. Салык төлөөчү ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган талаптарды бузган учурда, салык кызматынын органы салык төлөөчү берилген чечимди кабыл алган күндөн кийинки күндөн тартып 10 күн ичинде салык төлөөчүгө бузууну четтетүү жөнүндө чечимди жиберет. Көрсөтүлгөн чечимди салык төлөөчү аткарган учурда, салык баяндамаларын берүү боюнча милдеттенме аткарылды деп табылат.".
30) 92-берененин 7-бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
31) 95-берененин 3-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"3. Мамлекеттик реестрди түзүү жана алып баруу тартибин, каттоо документинин таризин жана аны салык төлөөчүгө берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.".
32) 96-беренеде:
- 2-бөлүктө:
1-пунктта "күндөн" деген сөз "күндөн кийинки күндөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-пунктта "күндөн" деген сөз "күндөн кийинки күндөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-пунктта "күндөн" деген сөз "күндөн кийинки күндөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-пунктта "күндөн" деген сөз "күндөн кийинки күндөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-пунктта "кечиктирбестен" деген сөздөн мурда "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
6-пунктта "күндөн" деген сөз "күндөн кийинки күндөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7-пунктта "күндөн" деген сөз "күндөн кийинки күндөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-бөлүктө "бергенден" деген сөз "берген күндөн кийинки күндөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- 10-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"10. Тиркелүүчү документтердин тизмесин жана салык төлөөчүнүн салыктык каттоодон өтүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.".
33) 97-беренеде:
- 1-бөлүктүн биринчи абзацында "алынгандан кийин" деген сөздөр "алынган күндөн кийинки күндөн кийин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
34) 98-беренеде:
- 6-бөлүктө:
1-пунктта "күндөн" деген сөз "күндөн кийинки күндөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-пунктта "күндөн" деген сөз "күндөн кийинки күндөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-бөлүгүндө "күндөн" деген сөз "күндөн кийинки күндөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-бөлүктөгү "3 жумушчу күнүнүн" деген сөздөрдөн мурда "берилген арыз алынган күндөн кийинки" деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-бөлүктөгү "календарлык күндөр" деген сөздөрдөн мурда "берилген өзгөрүүдөн кийинки" деген сөздөр менен толукталсын;
- 12-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"12. Каттоо документин жана каттоону алып баруу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.".
35) 101-беренеде:
- 1-бөлүктөгү "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2. Текшерүүлөр планын ыйгарым укуктуу салык органы учурдагы квартал үчүн түзөт, анда текшерилүүгө тийиш болгон салык төлөөчүлөрдүн тизмеси болот жана аны ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчиси квартал башталгандан 15 күндөн кечикпеген мөөнөттө бекитет.";
- 5-бөлүктүн 5-пунктундагы "салык органынын билдирүүсү" деген сөздөр "салык кызматынын органынын чечими" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Ушул Кодекстин 100-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктунун а, б, в жана г подпункттарында каралган пландаштырылбаган чыгып текшерүү жөнүндө чечимди салык кызматынын органы салык кызматынын органы пландаштырылбаган чыгып текшерүү жүргүзүү жөнүндө арыз алган күндөн кийинки күндөн тартып 30 календарлык күн ичинде кабыл алат.
Бул бөлүктө көрсөтүлгөн текшерүү пландаштырылбаган чыгып текшерүү дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып 60 календарлык күндөн кечикпей башталат.".
36) 102-беренеде:
- 3-бөлүктүн биринчи абзацындагы "күндөн" деген сөз "күндөн кийинки күндөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-бөлүктүн экинчи абзацындагы "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-бөлүктүн 1-пунктунда "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн тартып" деген сөздөр менен толукталсын, "талап" деген сөз "чечим" деген сөзгө алмаштырылсын.
37) 103-беренеде:
- 1-бөлүктүн биринчи абзацында "салык органынын" деген сөздөр "салык кызматынын органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-бөлүк төмөнкү мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"текшерүүнү дайындоо жөнүндө салык кызматынын органынын чечиминин реквизиттери.";
- 2-бөлүктөгү "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"3. Жазуу буйругуна салык кызматынын органынын жетекчисинин же салык кызматынын органынын жетекчиси ыйгарым укук берген кишинин колу коюлган, гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн жана ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте катталган болушу керек.";
- 4-бөлүктө "мурдагы көрсөтмөнүн каттоо номери жана датасы" деген сөздөр "мурдагы көрсөтмөнүн каттоо номери, датасы жана чыгып текшерүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө салык кызматынын органынын чечиминин реквизиттери" деген сөздөргө алмаштырылсын.
38) 106-беренеде:
- 1-бөлүктүн биринчи абзацында "салык органынын" деген сөздөр "салык кызматынын органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-бөлүктүн үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Салык кызматынын органы салык төлөөчүгө мындай кароого 5 күн калганда чечимди тапшырат.";
- 2-бөлүктүн биринчи абзацындагы "салык органынын" деген сөздөр "салык кызматынын органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-бөлүктүн 4-пунктунун экинчи абзацындагы "салык органынын" деген сөздөр "салык кызматынын органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4 жана 5-бөлүктөр төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"4. Салыктардын, туумдун жана салык санкцияларын эсептөө жөнүндө салык кызматынын органынын чечими салык төлөөчүгө тапшырылат. Салыктардын өлчөмдөрүн, туум жана салык санкцияларын эсептөө жөнүндө чечимди алган салык төлөөчү, эгер ал ушул Кодексте аныкталган тартипте чыгып текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча чечимге арызданбаса, чечим колуна берилген күндөн кийинки күндөн тартып 30 күн ичинде аткарууга милдеттүү.
5. Салык кызматынын органынын чечими ушул Кодексте белгиленген тартипте салык төлөөчүгө тапшырылат.";
- 7-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"7. Салык төлөөчү - жеке адам же салык төлөөчү - уюмдун кызмат адамы администрациялык жоопкерчиликке тартыла турган бузуулар аныкталганда, берилген салык төлөөчү катталган салык кызматынын органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы Администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзөт жана Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине ылайык администрациялык жоопкерчилик жөнүндө токтомдун таризинде салык төлөөчүнү администрациялык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим чыгарат.";
- төмөнкү мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Салык кызматынын органынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө чечиминин таризин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.".
39) 107-беренеде:
- 3-бөлүктөгү "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүктө "15 календарлык күн" деген сөздөрдөн мурда "берилген кабарлоону алган күндөн кийинки күндөн баштап" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-бөлүктө "билдирүү жөнөтүүгө укуктуу" деген сөздөр "чечим кабыл алып, аны салык төлөөчүгө тапшырууга милдеттүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
40) 108-берененин 5-бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
41) 109-берененин 4-бөлүгүндө "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
42) 111-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
43) 115-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "талап" жана "талаптар" деген сөздөр тиешелүү түрдө "чечим" жана "чечимдер" деген сөздөргө алмаштырылсын, "күндөн кийин" деген сөздөрдөн кийин "күндөн кийинки күндөн тартып" деген сөздөргө алмаштырылсын.
44) 125-беренеде:
- 2-бөлүгүндө "20сынан" деген сан жана сөз "20сынан кийинки күндөн" деген сан жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүгүндө "20сынан" деген сан жана сөз "20сынан кийинки күндөн" деген сан жана сөздөр менен алмаштырылсын.
45) 126-берененин 6-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"6) карыз алуучунун төлөнбөгөн карызын кечүү жана банктын карызды талап кылуу укугун токтотуу жөнүндө маалыматты тиешелүү суроо-талап алынгандан кийин келген 30 календарлык күн ичинде банктан берүүгө;".
46) 138-беренеде:
- 1-бөлүктө "билдирүү" деген сөз "салык кызматынын органынын чечими" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 2-бөлүктө "билдирүү" деген сөз "салык кызматынын органынын тиешелүү чечими" деген сөзгө алмаштырылсын.
47) 139-берене төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Салык санкциясын колдонуу жөнүндө чечим салык кызматынын органы тарабынан кабыл алынат жана ушул Кодексте аныкталган тартипте салык төлөөчүгө тапшырылат.".
48) 140-берененин 1-бөлүгүндө:
- "күндөн" деген сөз "күндөн кийинки күндөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "билдирүү" деген сөз "чечим" деген сөзгө алмаштырылсын.
49) 146-беренедеги "билдирүү тапшыруу менен" деген сөздөр алып салынсын.
50) 147-беренеде:
- 1-бөлүктө "тиешелүү чечим боюнча билдирүүнү салык төлөөчүгө тапшырылган" деген сөздөр "салык төлөөчүгө берилген чечим тапшырылган күндөн кийин келген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүктө "чечимдер" деген сөз "чечим" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 5-бөлүктө "кийин он күндүк мөөнөттө" деген сөздөр "кийин келген 10 күндүн ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
51) 148-беренеде:
- 2-бөлүктө:
2-пункттагы "салык органынын" деген сөздөр "салык кызматынын органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкү мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) ал боюнча доо арызы берилген чечимдин реквизиттери.";
5-бөлүктүн 2-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2) ал боюнча чечимдин көчүрмөсү;".
52) 149-беренеде:
- 1-бөлүктө:
- биринчи абзацында "жазуу жүзүндө жооп" деген сөздөр "жазуу жүзүндөгү чечим" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "календарлык күндөн" деген сөздөрдөн мурда "берилген доо арызы алынган күндөн кийинки" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацтагы "жооп" деген сөз "чечим" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 2-бөлүктө:
биринчи абзацтагы "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацтагы "аралык жооп" деген сөздөр "аралык чечим" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-бөлүктө "жазуу жүзүндө жооп" деген сөздөр "жазуу жүзүндө чечим" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-бөлүк төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарына ылайык ыйгарым укуктуу салык органынын чечими салык кызматынын органынын буга чейинки чечимин жокко чыгарат.";
- 5-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"5. Чечимди ыйгарым укуктуу салык органы ушул Кодекстин 82-беренесинде каралган тартипте салык төлөөчүгө тапшырат, ошондой эле чечимине доо арызы берилген салык кызматынын органына жиберет.
Ушул берененин 4-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган учурларда ыйгарым укуктуу салык органынын чечиминин негизинде, чечимине доо арызы берилген салык кызматынын органы ушул Кодекстин 106-беренесинин 2-6-бөлүктөрүнө ылайык жаңы чечим чыгарууга милдеттүү.";
- 6-бөлүктө "жазуу жүзүндөгү жооптор арыз ээсине бир нече ирет берилген" деген сөздөр "ал боюнча жазуу жүзүндөгү чечимдер арыз ээсине бир нече ирет жөнөтүлгөн" деген сөздөргө алмаштырылсын, "билдирилет" деген сөз "жазуу жүзүндө кабардар кылынат" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7-бөлүктөгү "сот тартибинде" деген сөздөрдөн мурда "администрациялык иштер үчүн бекитилген өзгөчөлүктөрү менен жарандык сот өндүрүшүнүн жалпы эрежелери боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
53) 150-беренеде:
- берененин аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"150-берене. Салык төлөөчүнүн даттануусу боюнча салык кызматынын
органынын чечиминин мазмуну";
- биринчи абзацтагы "жоопто" деген сөз "чечимде" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 6-пункттагы "кыскача мазмуну" деген сөздөрдөн мурда "реквизиттери жана" деген сөздөр менен толукталсын.
54) 151-беренеде:
-151-берененин 1, 2-бөлүктөрү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Кодексте белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу салык органына же сотко салык төлөөчү доо арызын бериши доо арызы берилген чечимдин аткарылышын токтото турат.
2. Чечимди аткаруу ыйгарым укуктуу салык органына салык төлөөчүнүн доо арызына карата жазуу жүзүндөгү чечим салык төлөөчүгө тапшырылган күндөн кийин келген 30 күндүн ичинде токтотула турат.
Доо арызы берилген чечимди аткаруу салык төлөөчүгө арыз берүүгө жазуу жүзүндөгү уруксат берилмейинче токтотула турат.";
- 3-бөлүктө "жооптун" деген сөз "чечимдин" деген сөзгө алмаштырылсын.
55) 153-берене төмөнкү мазмундагы 32-пункт менен толукталсын:
"32) "Коомдук тамактануу субъектиси" - коомдук тамактануу кызматтарын көрсөткөн уюм же жеке ишкер (ресторан, кафе, ашкана, тез татым, бар жана башка коомдук тамактануу пункттары).".
56) 157-берененин 2-бөлүгүндө "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
57) 177-беренеде:
- "15инен" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
58) 178-беренеде:
- 1-бөлүктөгү "20сынан" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөз менен толукталсын;
- 2-бөлүктө:
1-пунктта "кечиктирбестен" деген сөздөрдөн мурда "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
2-пунктта "20сына" деген сан жана сөз "20сынан кийинки күнгө" деген сан жана сөзгө алмаштырылсын;
- 3-бөлүктөгү "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
59) 182-берененин 3-бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
60) 215-беренеде:
"25инен" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
61) 219-берененин 3-бөлүгү "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
62) 220-берененин 3-бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
63) 221-берененин 4-бөлүгүндө "15инен" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын.
64) 222-берененин 3-бөлүгүндө:
"20сына" дегендин ордуна "20сынан кийинки күнгө" деген сөздөр менен толукталсын.
65) 229-беренеде:
- 7-бөлүктүн биринчи абзацында "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-бөлүгүнүн 4-пунктунда "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-бөлүктө "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
66) 230-беренеде:
- 1-бөлүктөгү "ыйгарым укуктуу салык органы белгиленген форма боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-бөлүктүн биринчи абзацында "кийин" деген сөз "күндөн кийинки" деген сөздөргө алмаштырылсын.
67) 274-беренеде:
- 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында:
- "25инен" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын.
- 2-бөлүктө "25ине" деген сөз "25инен кийинки күнгө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
68) 279-берененин 1-бөлүгүндө "жалпы көлөмүнүн" деген сөздөрдөн мурда "салык салынуучу" деген сөз менен толукталсын.
69) 280-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "күндөн тартып" деген сөздөр "күндөн кийинки күндөн тартып" деген сөздөргө алмаштырылсын.
70) 282-беренеде:
- 8-бөлүк "кийинки күндөн" деген сөздөн мурда "берилген КНС эсеп-фактурасы жоголгон күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-бөлүктө "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
71) 290-беренеде:
- 1-бөлүктүн 3-пунктунда "20сынан" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын.
- 2-бөлүктө "20сынан" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын.
72) 306-берененин 1-бөлүгүндө "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
73) 313-беренеде "20сына" деген сөз "20сынан кийинки күнгө" деген сөз менен алмаштырылсын.
74) 322-беренеде "20сына" деген сөз "20сынан кийинки күнгө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
75) 331-берененин 4-бөлүгүндө "күнүнөн баштап" деген сөздөр "күнүнөн кийин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
76) 332-беренеде:
- 1-бөлүктүн 1-пунктунда "кечиктирбестен" деген сөздөн мурда "кийин келген күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-бөлүктүн 1-пунктунда "20сына чейин" деген сөздөр "20сынан кийин келген күндөн кечиктирбестен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-бөлүктө "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-бөлүктүн 1-пунктунда:
а) пунктчасында "1-мартына чейин" деген сөздөр "1-мартынан кийинки күндөн кечиктирбестен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) пунктчасында "1-майына чейин" деген сөздөр "1-майынан кийинки күндөн кечиктирбестен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-бөлүктө "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
77) 336-берененин 5-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "ылайык билдирүүнү тапшыруу үчүн" деген сөздөр алып салынсын, "82" саны "83" санына алмаштырылсын.
78) 342-беренеде:
- 1-бөлүктүн бүткүл тексти боюнча "чейин" деген сөз "күндөн кийин келген күндөн кечиктирбестен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-бөлүктөгү "чейин" деген сөз "күндөн кийин келген күндөн кечиктирбестен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-бөлүктөгү "20сынан" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-бөлүктөгү "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-бөлүктөгү "чейин" деген сөз "күндөн кийин келген күндөн кечиктирбестен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
79) 345-беренеде:
- 2-бөлүктөгү "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүктөгү "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
80) 347-берененин 2-бөлүгү "15" деген сандан кийин "календарлык" деген сөз менен толукталсын.
81) 358-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
82) 359-берененин 3-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) коомдук тамактануу субъектилерине.".
83) 365-беренеде:
- 1-бөлүктө:
1-пунктунда "15инен" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
2-пунктунда "кечиктирбестен" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-бөлүктө "15инен" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
84) 367-беренеде:
- "субъектилер" деген сөздөн мурда "коомдук тамактануу субъектилеринен башка" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкү мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) коомдук тамактануунун ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканы 3 айга жете элек субъектилери.".
85) 369-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. Салык төлөө режимин контракттын негизинде колдонууну же контрактты кайра түзүүнү каалаган салык төлөөчү контрактты түзүү же кайра түзүүдөн мурунку жылдын 1-ноябрынан кийин келген күндөн кечикпестен салык органына салык контрактынын негизинде салык төлөөчү катары арыз берүүгө милдеттүү.";
-3-бөлүктө:
биринчи абзацта "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацта "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын;
- үчүнчү абзацта "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "узартылышы" жана "узартуу деген сөздөр "кайра түзүлүшү" жана "кайра түзүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- төртүнчү абзацта "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
86) 370-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"370-берене. Контракт боюнча салык милдеттенмесинин өлчөмүнүн
эсептелиши
1. Эгер ушул беренеде башкача айтылбаган болсо, контракт боюнча салык милдеттенмесинин өлчөмү буга чейинки 3 жылдын ичиндеги эң чоң контракт боюнча салык милдеттенмесинин өлчөмүнөн көп, контракт түзүлгөн биринчи жылдагыга караганда 25 пайыздан аз эмес өлчөмдө кабыл алынат.
2. Контракт боюнча салык милдеттенмесинин өлчөмү коомдук тамактануу субъектиси үчүн салык постунун натыйжаларынын негизинде аныкталат.
3. Контрактты мындан кийин кайра түзгөндө, салык милдеттенмесинин өлчөмү буга чейинки календарлык жылдын салык милдеттенмесинин өлчөмүнөн 10 пайыздан кем эмес көп болгон өлчөмдө кабыл алынат.".
87) 371-берененин биринчи абзацында "15ине" деген сөз "15инен кийинки күнгө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
88) 385-берененин 1-бөлүгүндө "15инен" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
1. Бул Мыйзам күчүнө кирген күнүнө карата коомдук тамактануу субъектиси болуп саналган Субъект контрактты 2011-жылы түзүүгө укуктуу.
2. 2011-жылы контракт түзгөн коомдук тамактануу субъектиси үчүн салык төлөө мезгил аралыгы катары контракт түзгөн күндөн кийинки күнү башталып, берилген контракт түзүлгөн жылдын 31-декабрында (аны кошуп) аяктаган мезгил аралыгы каралат.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Бул Мыйзам 2011-жылдын 1-январында күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууда салыктык башкарууну редакциялык оңдоо киргизүү жолу менен өркүндөтүү максатында даярдалган.
Ошентип, салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын курамына салык төлөөчүнүн салык баяндамаларынын негизинде кошуп эсептелген салык карызын кошуу сунуш кылынууда, бул салык төлөөчү салык баяндамасында көрсөтүлгөн салык өлчөмүн убагында төлөбөгөн учурда салык төлөөчүнүн кошуп эсептелген туум боюнча карызын моюнга алууга мүмкүндүк берет.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 147-беренесинин 1-бөлүгү салык төлөөчүнүн Салык органынын чечимдерине гана доо арызын берүү мүмкүнчүлүгүн карайт деп айта кетиш керек. 51-берененин 3-бөлүгү салык төлөөчүнүн кабар кат боюнча доо арызын берүүгө байланышкан аракеттерине таянат. 106-берененин 5-бөлүгү салык төлөөчүгө Салык кызматынын мамлекеттик органынын чечимин да, кабар катты да берүүнү карайт.
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Салык кодексинде "салык төлөөчү мойнуна алган салык карызы" деген атоонун түшүнүк бөлүгү өзүнө салык текшерүү актысы боюнча кошуп эсептелип, салык төлөөчү мойнуна алган салык өлчөмүн камтыйт. Ошентип, салык төлөөчүдөн салык органынын кабар катын же чечимин эмес, алгач салык текшерүү актына доо арызын берүү талап кылынат. Бирок, салык текшерүү акты салык төлөөчү үчүн өз алдынча эч кандай укуктук натыйжа алып келбейт экенин белгилөө керек: колдонуудагы Салык кодексине ылайык салык органдары салык текшерүү акты жана салык төлөөчүнүн даттануусу боюнча КР СК 106-беренесине ылайык чечим чыгарышат. Ошентип, атоолор бир ыктай колдонулбагандыктан, салык кызматынын да, салык төлөөчүнүн да эмне кылыш керектигинин анык ырааттуулугу жок.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Салык кодексинде салык органдарынын туум кошуп эсептөө, салык милдеттенмелерин аткарууну калтыруу мөөнөтүн жана узартуу берүү, жазма буйрук берүү ж.б. аракеттери боюнча формалдуу чечимдерди кабыл алуунун ченемдери аныкталган эмес. Ошентип, салык органынын көрсөтүлгөн аракеттерин, алар мыйзамга туура келбеген учурларда, талашка түшүрүүгө болбойт, ал эми конкреттүү кызмат адамынын жоопкерчилигин аныктоо мүмкүн эмес. Көрсөтүлгөн себептердин кесепетинен салык талашы боюнча бир соттук териштирүүдө салык төлөөчүлөргө ирети менен алгач салык текшерүү актын, андан соң салык органынын кабар катын жана чечимин талашка түшүрүүгө туура келген учурлар иш жүзүндө кездешет.
Көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү четтетүү максатында, долбоордо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин текстинин баарында акт менен кабар катка доо арызын берүү боюнча ченемди салык органынын чечимине гана доо арызын берүүгө алмаштыруу, ошондой эле салык органы менен салык төлөөчүнүн ортосунда келип чыккан мамилелерге тиешеси бар салык төлөөчүнүн бардык аракеттери боюнча формалдуу чечим кабыл алуу жол-жобосун киргизүү сунуш кылынат.
Иш жүзүндө, салык милдеттенмесин аткаруу мөөнөтү өткөн күн катары КР СК аныктаган мөөнөттүн акыркы күнүнөн кийинки күн алынат. Ошентип, салык милдеттенмесин аткаруу мөөнөттөрүн калыптанып калган тажрыйбага ылайык келтирүү максатында, ага ылайык Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында ушул Кодексте аныкталган күнгө чейин аяктаган мөөнөт көрсөтүлгөн учурларда каалаган мөөнөттүн жүрүшү берилген күн башталгандан кийинки күнү башталат деген ченем киргизүү сунуш кылынат.
Мыйзам долбоорунда мындан тышкары бир катар редакциялык мүнөздөгү ченемдер сунуш кылынат, булар атоолорду жана айрым мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" КР Мыйзамына ылайык келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Долбоордо ошондой эле салык мыйзамдары бузулганы аныкталган учурларда салык төлөөчүгө администрациялык басым жасоону төмөндөтүү максатында салык кызматынын органдары салык карызы жөнүндө маалыматты укук коргоо органдарына кайсы шарттарда берүүгө милдеттүү экени да такталган.
Долбоордо салык төлөөчүнүн салык карызын өндүрүп алууну салык органдарына даттануу баскычында гана эмес, сот органдары акыркы чечимди кабыл алган баскычта да кароо баскычында да токтото турууга мүмкүндүк берген бир катар ченемдерди каралганын да белгилей кетүү керек, бул соттун акыркы чечимине ылайык салыктык мыйзам бузуу жок экени аныкталган учурларда салык төлөөчүлөрдүн укуктарын коргоого мүмкүндүк берет.
Дагы белгилей кетчү нерсе - азыркы убакта коомдук тамактануу субъектилери (мындан ары - Субъектилер) кызмат көрсөтүүдөн алып жаткан чыныгы кирешелерди бардык жерлерде жаап-жашыруу болуп жатат. Иш жүзүндө Субъектилердин көбү бирдиктүү салыктын негизинде салык режимин пайдаланышат, бул пайда салыгы жана сатык салыгынын ордуна бир салык төлөөгө мүмкүндүк берет. Бирок иш жүзүндөгү жүгүртүүнү КНС боюнча каттоо чегинен төмөн кылып көрсөтүүнүн натыйжасында, эреже катары ири Субъектилер (ресторандар) дагы КНС төлөөчү болуп саналбайт.
Коомдук тамактануу секторундагы салык маданиятынын, ошондой эле накталай эсептешүү менен жүргүзүлгөн чекене соода шарттарында чыныгы кирешени үзүрлүү көзөмөлдөө тажрыйбасынын жоктугу иш жүзүндө алынган кирешенин негизинде эсептеле турган салыктарды толук өндүрүп алууну камсыз кылууга мүмкүндүк бербей жатат.
Берилген мыйзам долбоору салыкты салык контрактынын режиминде төлөө боюнча мүмкүнчүлүктөрдү берүү жолу менен коомдук тамактануу секторундагы салыктык башкаруунун үзүрлүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет, контракт бир календарлык жылга бекитилген салык жүгүн аныктап, аны салык контрактын андан кийин кайра түзүүдө акырындык менен жогорулатып турат. Берилген режим салык төлөөчүлөрдүн ишмердүүлүгүн салык боюнча текшерүүдөн бошотууну карайт жана берилген сектордо салык жыйноону божомолдоого уруксат берет. Мыйзам долбоорунда ошондой эле салык салуунун колдонулуп жаткан тутумунан сунушталып жатканына өтүүнү ишке ашырууга мүмкүндүк бере турган ченемдер каралган. Муну менен бирге долбоордо салык төлөөчүнүн жалпы салык салуу режиминин же салык контрактысынын режиминин өзү каалаганын тандап алуу укугу сакталып калат.
Айтылгандардын негизинде "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамдын долбоору Сиздин карооңузга киргизилди.
Министр | У.Ташбаев |