Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-октябры №677
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ниязалиева демилге кылган "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы №677 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ниязалиева демилге кылган "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Мыйзам долбоорунда "Мать-героиня" же "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган энелердин пенсияларына эсептик көрсөткүчтүн 1000 проценти, башкача айтканда 1000 сом өлчөмүндө ар айлык проценттик үстөк белгилөө нормасы каралган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия жөнүндө жобо ылайык СССРдин "Мать-героиня" жана Кыргыз Республикасынын "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган энелерге өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсиясына 20 процент өлчөмдө үстөк каралган.
2011-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү жогорулатылганын эске алганда, өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияга кошумчанын орточо өлчөмү баштапкы эсептөөлөр боюнча айына 782 сомду түзөт.
Пенсиялардын өлчөмдөрү жыл сайын көбөйтүлгөндө жогоруда аталган Жобого ылайык өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларга кошумчалар да кошо көбөйтүлүп турат.
Ошентип, пенсияга 20 проценттик үстөк болгон учурда республикалык бюджеттен каражаттарды керектөө жылына 119,2 млн. сомду түзөт, ал эми сунуш кылынган мыйзам долбоору боюнча пенсияга (1000 сом өлчөмдө) үстөк белгилөөдө республикалык бюджеттин чыгымдары бир жылда 183,1 млн. сомду түзөт, же кошумча 63,8 млн. сом керек болот.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кабыл алынып жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсе, анда Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия жөнүндө жобого ылайык 20 процент өлчөмдөгү берилип жаткан кошумча жоюлат.
Ошондой эле, 1-берененин экинчи жана үчүнчү абзацтарында "ж" тамгасын "з" тамгасына алмаштырууну сунуш кылабыз. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, нормативдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизгенде же нормативдик укуктук актылардын структуралык элементтерин күчүн жоготту деп эсептөөдө анын бөлүктөрүнүн, бөлүмдөрүнүн, главаларынын, беренелеринин (пункттарынын) номерлерин өзгөртүүгө болбойт.
Ушул айтылгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ниязалиева сунуш кылган "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун айтылган пикирлерди эске алуу менен кабыл алууну колдойт.