Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-октябры № 682
"2010-жылдын 19-ноябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо жаатында кызматташуу жана Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңешти түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2010-жылдын 19-ноябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо жаатында кызматташуу жана Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңешти түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
2010-жылдын 19-ноябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо жаатында кызматташуу жана Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңешти түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялансын.
2-берене.
Макулдашуудан келип чыккан милдеттенмелерди аткаруу үчүн жооптуу төмөнкү ыйгарым укуктуу (компетенттүү) мамлекеттик органдар аныкталсын: Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасынын аталган макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол жоболорду аткаргандыгы тууралуу белгиленген тартипте билдирсин.
4-берене.
Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|