Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 485 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-октябры №685
Ойлоп табууга патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун тартибин, Өнөр жайлык үлгүгө патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Пайдалуу моделге патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Патент мыйзамына", Кыргыз Республикасынын "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Ойлоп табууга патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун тартиби;
- Өнөр жайлык үлгүгө патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежеси;
- Пайдалуу моделге патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежеси;
- Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежеси.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |