Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-ноябры №690
Курман айт күнү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 6-ноябры Кыргыз Республикасынын аймагында Курман айтты майрамдоо күнү деп жарыялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 2011-жылдын 8-ноябры дем алыш күн экендиги эске алынсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |