Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2012-жылдын 10-апрели№237
Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 576 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында жыл сайын 1-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнүн, 1-октябрда - Улгайган адамдардын эл аралык күнүн, 3-декабрда - Майыптардын эл аралык күнүн өткөрүүгө байланыштуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомчулуктун көңүлүн балдардын, улгайган жарандардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын проблемаларына буруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жыл сайын, 15-майдан 15-июнга чейин "Биздин балдар - планетанын келечеги!", 15-сентябрдан 15-октябрга чейин - "Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук", 15-ноябрдан 15-декабрга чейин - "Биз биргебиз!" деген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү бир айлыгы өткөрүлсүн.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары балдарды, улгайган адамдарды, майыптардын коргоонун эл аралык күндөрүнө карата бир айлыктарды жыл сайын өткөрүү максатында төмөнкү чараларды көрүшсүн:
- юристтер, медициналык жана социалдык кызматкерлер, педагогдор менен балдардын, улгайган жарандардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын конституциялык укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү боюнча жолугушууларды уюштуруу;
- акысыз тиричилик кызматтарын көрсөтүү (бут кийимдерин оңдотуу, химиялык тазалоо, кирлерин кир жуугуч жайдан жуудуруп берүү), кышка отун алууда, улгайган жарандардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын турак жайын ремонттоодо материалдык жардам көрсөтүү;
- өтө муктаж балдарга, улгайган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга акысыз кайрымдуулук түштөнүүлөрдү уюштуруу;
- балдар, улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн саламаттык сактоо мекемелеринде акысыз медициналык консультацияларды берүү;
- балдар, улгайган адамдар жана майыптарды коргоонун эл аралык күндөрү темасындагы телекөрсөтүү жана радиоберүүлөрдү уюштуруу;
- бир айлыктарды өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат жайгаштыруу;
- тамак-аш продуктуларын, биринчи кезекте керектелүүчү товарларды арзандатылган чекене баада сатуучу жарманкелерди өткөрүү;
- бала асырап алган үй-бүлөлөрдү, үй-бүлө тибиндеги үйлөрдү, балдар үйлөрүн, балдар ооруканаларын, санаторийлерди, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мектеп-интернаттарын белек жана сувенирлерди таратуу менен кыдыруу;
- улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, анын ичинде балдарды медициналык көрсөткүчтөрү бар болсо, жеке алга жылуучу каражаттар (кресло-коляска) менен камсыз кылуу;
- театрдык-оюн-зоок иш-чараларга акысыз алып барууну уюштуруу.
3. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын жана уюмдардын жетекчилерине балдарды, улгайган адамдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коргоонун эл аралык күндөрүнө карата бир айлыктарын өткөрүүнүн алкагында ушул токтомдун 2-пунктунда каралган иш-чараларды өткөрүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү сунушталсын.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына төмөнкүлөр сунушталсын:
- оор турмуштук абалдагы балдарга, улгайган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга бир жолку жардам көрсөтүү максатында түрдүү кайрымдуулук акцияларын өткөрүү боюнча уюштуруу иш-чаралардан планын иштеп чыгуу жана бекитүү;
- министрликтерге, мамлекеттик комитетке, администрациялык ведомстволорго балдар, улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштешкен коомдук уюмдарды тартуу менен балдарды, улгайган адамдарды, майыптарды коргоонун эл аралык күндөрүнө даярданууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;
- ведомствого караштуу аймакта жайгашкан карылар үйлөрүнө, интернат тибиндеги балдар мекемелерине, үй-интернаттарына финансылык жардам, ошондой эле колдоонун башка түрлөрүн (тамак-аш, отун, кийим-кече) көрсөтүү;
- балдар сүрөттөрүнүн жана плакаттарынын көргөзмөлөрүн, балдар үчүн экскурсияларды уюштуруу;
- балдар, улгайган жарандар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында спартакиадаларды, фестивалдарды жана көркөм жана кол өнөрчүлүк конкурстарын өткөрүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 576 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар министрликтерге, мамлекеттик комитетке, администрациялык ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына каралган каражаттардын чегинде, бюджеттен тышкары уюмдар үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каражаттардын эсебинен төлөнөөрү белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги интернат тибиндеги балдар мекемелерине, улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын мекемелерди өз убагында жана толук каржылоону камсыз кылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 576 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына облустардагы жана Бишкек жана Ош шаарларындагы балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүнүн бир айлыктарына даярдыкты жана өткөрүүнү чагылдыруу сунушталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 576 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жыл сайын 26-июнга, 26-октябрга жана 26-декабрга чейин өткөрүлгөн бир айлыктардын чегинде жасалган иштер тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине тиркемеге ылайык формада беришсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 576 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул токтомдун аткарылышы жөнүндө жалпыланган маалыматты жыл сайын 16-июлга чейинки, 16-ноябрга чейинки жана 16-январга чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 576 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 2-майындагы№261 "Кыргыз Республикасында Майыптардын эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 26-ноябрындагы№384-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 8-октябрындагы№437-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 24-майындагы№209-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 19-ноябрындагы№467-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 29-сентябрындагы№380-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-ноябрындагы№451-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 29-ноябрындагы№452-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 23-сентябрындагы№510-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-сентябрындагы№565-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-сентябрындагы№621-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-сентябрындагы№412-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-сентябрындагы№365-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-ноябрындагы№502-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы№480-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-ноябрындагы№624-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы№55-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-майындагы№236-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-сентябрындагы№507-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы№15-б буйругунун 3 жана 4-пункттары.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 576 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Ө.Бабанов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө маалыматтарды берүү ФОРМАСЫ
Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын аталыштары | |||
N | Социалдык мекемелердин, ишканалардын аталыштары, кошумча социалдык колдоо алган балдардын, улгайган жарандардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны (материалдык, гуманитардык жардам жана кайрымдуулук кызматтары) | Өткөрүлгөн иш-чаралар (жарманкелер, конкурстар, концерттер, майрамдык түштөнүүлөр, спорттук оюндар ж.б.) | Чыгымдардын суммасы (миң сом.) |
1 |
|
|
|
2 |
|
|
|
3 |
|
|
|
Жыйынтыгы | |||
Эскертүү: Маалымат мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында каралган негизги функцияларын (мамлекеттик кепилдик ж.б. программалар боюнча социалдык төлөмдөрдү, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү) камтыбоого тийиш.