Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-сентябры № 598
"Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиаташуучу" ачык акционердик коомунун учкуч жана учкуч-сыноочу курамынын кызматкерлерине эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия төлөө жөнүндө
"Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиаташуучу" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "КАЖ УАТ" ААКы) учкуч жана учкуч-сыноочу курамында иштеген жарандардын пенсия жана социалдык төлөмдөрдү алууга конституциялык укуктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "КАЖ УАТ" ААКынын учкуч жана учкуч-сыноочу курамынын кызматкерлерине алар жалпы белгиленген пенсиялык куракка жеткенге чейин эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсиянын базалык, биринчи камсыздандыруу бөлүктөрүн төлөп берүү үчүн жыл сайын республикалык бюджетте каражаттарды караштырсын;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун "КАЖ УАТ" ААКынын учкуч жана учкуч-сыноочу курамынын кызматкерлерине эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсиянын базалык, биринчи камсыздандыруу бөлүктөрүн жана электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү төлөп берүүгө каражаттарды, алар жалпы белгиленген пенсиялык куракка жеткенге чейин республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен өз убагында каржыласын.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
- "КАЖ УАТ" ААКынын учкуч жана учкуч-сыноочу курамынын кызматкерлерине эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсиянын базалык, биринчи камсыздандыруу бөлүктөрүн республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен каржыласын;
- пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн социалдык камсыздандыруу каражатынын эсебинен каржыласын.
3. Кыргыз Республикасынын атайын администратору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине "КАЖ УАТ" ААКынын учкуч жана учкуч-сыноочу курамынын кызматкерлерине пенсия төлөө үчүн республикалык бюджеттен жумшалган чыгымдарды "КАЖ УАТ" ААКынын мүлкүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен компенсацияласын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-майындагы "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиаташуучу" ачык акционердик коомунун учуу жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия төлөө жөнүндө" № 240 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө тапшырылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
|
|