Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-сентябры № 608
Кыргыз экономика университетине Рыскулбеков Муса Рыскуловичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Профессор, экономика илиминин кандидаты, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Рыскулбеков Муса Рыскуловичтин ысымын түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз экономика университетине Рыскулбеков Муса Рыскуловичтин ысымы ыйгарылсын жана ал мындан ары "Рыскулбеков Муса Рыскулович атындагы Кыргыз экономика университети" деп аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
|
|