Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-октябры № 613
"Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мүчө-мамлекеттеринин аскердик арналыштагы продукцияны иштеп чыгуу, өндүрүү, пайдалануу, оңдоо, жаңылоо, пайдалануу мөөнөтүн узартуу жана утилдештирүү жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
"Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мүчө-мамлекеттеринин аскердик арналыштагы продукцияны иштеп чыгуу, өндүрүү, пайдалануу, оңдоо, жаңылоо, пайдалануу мөөнөтүн узартуу жана утилдештирүү жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашуунун 12-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мүчө-мамлекеттеринин аскердик арналыштагы продукцияны иштеп чыгуу, өндүрүү, пайдалануу, оңдоо, жаңылоо, пайдалануу мөөнөтүн узартуу жана утилдештирүү жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
| Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мүчө-мамлекеттеринин аскердик арналыштагы продукцияны иштеп чыгуу, өндүрүү, пайдалануу, оңдоо, жаңылоо, пайдалануу мөөнөтүн узартуу жана утилдештирүү жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгын Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө маалымдасын.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|