Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-октябры № 615
"Жер участокторду которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жер участокторду которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
| Ө.Бабанов |
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана жерлерди бир категориядан башкасына же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктайт.
1-глава
Жалпы жоболор
1-берене. Негизги терминдер жана түшүнүктөр
Жерлердин түрлөрү - конкреттүү максаттар үчүн системалуу пайдаланылуучу же пайдаланууга жарактуу жана табигый-тарыхый белгилери боюнча айырмаланган (айдоо, кысыр аңыз, көп жылдык өсүмдүктөр өскөн жерлер, чабындылар, жайыттар, бак-бадал өсүмдүктөр, саз, көл, жолдор жана башкалар) жерлер;
Айыл чарбалык жана/же токой чарбалык өндүрүштүн жоготууларын төлөп берүү - айыл чарбалык же токой чарбалык жерлерди берүүдө же айыл чарбалык жана токой чарбалык өндүрүш менен байланышпаган жерлердин башка категорияларына же түрлөрүнө которууда төлөнчү сумма;
Кысыр аңыз - мурда айдоо катары пайдаланылган жана күздөн тартып бир жылдан ашык айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү үчүн пайдаланылбай турган жана буулантып айдоого даярдалбаган жер участогу;
Арыз ээси - жер участокту которуу жөнүндө өтүнгөн жеке же юридикалык жак, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар;
Айыл чарба багытындагы жерлер - айыл чарба муктаждыктары үчүн берилген же ушул максаттар үчүн арналган жерлер;
Жер пайдалануучу - жер участогун пайдалануу укугу берилген, өткөрүп берилген же мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөн жеке же юридикалык жак;
Көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер - мөмө-жемиш азыктарын алуу үчүн арналган, жасалма тигилген бактар, бадалдар үчүн (токой аянтысыз) пайдаланылган айыл чарба жерлери;
Жерлердин категориясы - бир эле максаттык багытта пайдаланылуучу жана пайдаланууга арналган жерлердин түрлөрүнүн жыйындысы;
Жайыттар - чөп баскан, мал жаюу үчүн жайыт катары жана башка максаттарда пайдаланылуучу, жерди эсепке алуу маалыматтарында чагылдырылган айыл чарба жерлеринин түрү;
Түп-тамырынан бери жакшыртылган жайыт - тамырларды жок кылып, андан кийин чөп чабындыга айлантуу жолу менен пайда болгон чөптүү өсүмдүктөр баскан айыл чарба жери;
Айдоо жер - көп жылдык өсүмдүктөрдү эгүүнү жана таза буулантууну кошо алганда, айыл чарба өсүмдүктөрүн эгүү үчүн такай иштетилген жана пайдаланылган айыл чарба жери;
Жерлерди которуу (трансформациялоо) - жердин максаттык багытын же түрүн өзгөртүүнүн натыйжасында жердин категориясын өзгөртүү;
Чабынды - чөп чабуу үчүн такай колдонулган айыл чарба жери;
Түп-тамырынан бери жакшыртылган чабынды - тамырларды жок кылып, чөп айдоо жолу менен чабынды катары пайдаланылчу айыл чарба жери;
Атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу мамлекеттик орган;
Алынбай калган пайда - менчик ээси же жер пайдалануучу жарандык жүгүртүүнүн кадимки шарттарында киреше алышы мүмкүн болгон, бирок алынбай калган кирешелер.
2-берене. Жерлерди которууга байланыштуу келип чыккан мамилелерди укуктук жөнгө салуу
Жерлерди которууга байланыштуу келип чыккан мамилелерди укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, бул Мыйзамдын ченемдерине жана ушуларга жараша кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
3-берене. Жерлерди категорияларга киргизүү жана жерлерди которуу
1. Жерлерди категорияларга киргизүү алардын негизги максаттык багытына ылайык жүргүзүлөт.
Жерлерди бир категориядан башкасына которуу мамлекеттик функция болуп саналат, алардын негизги максаттык багыты өзгөртүлгөн учурда жүргүзүлөт.
Жерлердин категориясы жана түрү төмөнкүлөрдө көрсөтүлөт:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жер участокторду берүү жөнүндө актыларында;
- предмети болуп жер участоктору саналган келишимдерде;
- жерди эсепке алуу документтеринде;
- жер участогуна укукту тастыктаган документте.
2. Жерлерди которуунун белгиленген тартибин бузуу жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын актыларын жараксыз деп табууга негиз болот.
Жер участогун башка максатка пайдаланууга жол берилбейт.
4-берене. Жоготуунун жана алынбай калган пайданын ордун төлөп берүү
1. Ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 2-пунктунда айтылгандан башка учурларда, айыл чарба жерлерин айыл чарба багытындагы, токой, суу фондунун жана запастагы жерлердин категорияларынан айыл чарбалык жана токой чарбалык өндүрүшкө байланышпаган жерлердин башка категорияларына же түрлөрүнө которууда жоготуунун жана алынбай калган пайданын наркынын суммасы жаңы жер пайдалануучулар жана менчик ээлери тарабынан төлөнөт.
Токой чарбалык өндүрүштүн жоготууларынын ченемдери алардын ордун төлөп берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Жеке менчикте турган айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес багыттагы башка категорияга которгондо менчик ээси ушул Мыйзамдын 5-беренесинин талаптарын эске алуу менен жоготуулардын ордун төлөп берет.
3. Айыл чарбалык жана токой чарбалык жоготуулардын ордуна төлөп берүүдөн түшкөн каражаттар атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебине түшөт; алынбай калган пайдага төлөп берүүдөн түшкөн каражаттар жергиликтүү бюджетке кириштелет.
Атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды жана айыл чарбалык жана токой чарбалык жоготууларга төлөп берүүдөн түшкөн каражаттарды пайдалануу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
5-берене. Айыл чарбалык жана токой чарбалык өндүрүштүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөө
1. Айыл чарбалык жана токой чарбалык өндүрүштүн жоготууларынын суммасы жер участогуна укукту тастыктоочу документ берилгенге чейин төлөнөт.
2. Айыл чарбалык жана токой чарбалык өндүрүштүн жоготуулары жерлерди төмөнкүлөр үчүн которууда төлөнбөйт:
- айыл чарба багытындагы жерлерди сугаруу жана кургатуу үчүн арналган сугат системаларын куруу;
- көлмөдө жана көлдө балык өстүрүү ишканаларын, балык питомниктерин, балык өстүрүү ишканаларынын урук таштоочу-чабак өстүрүүчү чарбаларын куруу (айдоо жер жана көп жылдык бак-дарактар, түп-тамырынан бери жакшыртылган жайыттар жана чөп чабындылар ээлеген жерлерден сырткары);
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акысыз негизде берилчү турак үйлөрдү куруу үчүн;
- жергиликтүү жана республикалык бюджеттердин каражаттарынын эсебинен саламаттык сактоо объекттерин, мектептерди жана балдардын мектепке чейинки мекемелерин, социалдык мекемелерди, маданият жана искусство чөйрөсүнүн объекттерин, ошондой эле инженердик жана транспорттук инфраструктура объекттерин жана көрүстөндөрдү куруу;
- унаа жолдорун куруу, реконструкциялоо жана оңдоо;
- электр өткөрүү линияларын, мунай өткөргүчтөрдү жана башка өткөрмө түтүктөрдү куруу;
- жаратылыш коргоо жана тарыхый-маданий багыттагы объекттерди куруу (коруктар, токой чарба мекемелери, табигый, мемориалдык, улуттук жана дендрологиялык парктар, ботаникалык бактар, табигый, археологиялык жана тарыхый-архитектуралык эстеликтер).
6-берене. Айыл чарбалык өндүрүштүн жоготууларынын ордун толтуруучу сумманы эсептөө
1. Айыл чарбалык өндүрүштүн жоготууларынын ордун толтуруу суммасын эсептөө төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
айыл чарба багытындагы жерлерди которууда, төмөнкү формула боюнча:
Нвп = В х S х С х К, мында
Нвп - айыл чарбалык өндүрүштүн жоготууларынын ордун толтуруу суммасы,
В - жерди тиешелүү түрүн өздөштүрүү үчүн сумма төмөнкүдөй жерлерди которууда колдонулат:
- өзгөчө баалуу айыл чарба жерлери 10000 сом өлчөмүндө;
- азыраак баалуу айыл чарба жерлери 2000 сом өлчөмүндө;
S - жер участогунун которулуучу аянты, га менен;
С - жер участокторун берүү мөөнөтү - берүүнүн иш жүзүндөгү мөөнөтү колдонулат (50 жылга чейин), ал эми менчикте болгон учурда - 99 жылга;
К - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жер участогунун жайгашкан жери боюнча коэффициент.
Тиешелүү коэффициент белгиленбеген учурда, ал 1,0гө барабар деп алынат.
7-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жерлерди которуу боюнча компетенциясы
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин (айдоо жерлер, көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер, кысыр аңыз, түп-тамырынан бери жакшыртылган чабындылар, түп-тамырынан бери жакшыртылган жайыттар) жерлердин азыраак баалуу башка түрлөрүнө же жерлердин башка категориясына которот;
- токой фондунун жерлерин жердин башка категорияларына которот;
- суу фондунун жерлерин жердин башка категорияларына которот;
- өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлерин жердин башка категорияларына которот;
- айыл чарбалык жана токой чарбалык жоготууларга төлөп берүүдөн түшкөн каражаттарды колдонуу тартибин бекитет.
8-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жерлерди которуу боюнча компетенциясы
1. Райондун мамлекеттик администрациясы:
- азыраак баалуу айыл чарба жерлерин (токой фондунун жерлеринен башка чабынды, жайыт жерлерди) башка көбүрөөк баалуу жана (же) тең баалуу айыл чарба жерлерине же жердин башка категорияларына которот;
- калктуу конуштардын жерлерин башка категорияларга которот;
- өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлерин жана башка багыттагы жерлерди жердин башка категорияларына которот;
- запастагы жерлерди айыл чарба багытындагы жерлердин категориясына которот;
- көбүрөөк баалуу айыл чарба жерлерин жана запастагы, токой, суу фондунун жана өзгөчө корголгон жаратылыш аймактарынын жер участокторун жердин башка категорияларына которууга чечим түрүндө макулдук берет жана белгиленген тартипте облустун мамлекеттик администрациясына киргизет.
2. Облустун мамлекеттик администрациясы:
- запастагы жерлерди жердин башка категорияларына которот;
- көбүрөөк баалуу айыл чарба жерлерин жана запастагы, токой, суу фондунун жана өзгөчө корголгон жаратылыш аймактарынын жер участокторун жердин башка категорияларына которууга чечим түрүндө макулдук берет жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет.
9-берене. "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча жерлерди которуу жөнүндөгү документтерди кароо
1. Жерлерди которуу жөнүндөгү арыздарды кароо "бирдиктүү терезе" принциби боюнча ишке ашырылат.
2. Жерлерди которуу боюнча жерге жайгаштыруу материалдарын даярдоо функцияларын кыймылсыз мүлккө укук каттоону жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү каттоо органы (мындан ары - жергиликтүү каттоо органы) аткарат.
10-берене. Документтерди даярдоо тартиби жана жерлерди которуу тууралуу арыздарды кароо
1. Жерлерди которуу үчүн жеке адамдар же юридикалык жактар мамлекеттик администрацияга жерлерди которуу тууралуу арыз беришет.
Арызда жер участогуна болгон укук тууралуу маалымат, которула турган жер участогунун категориясы жана өлчөмү, жер участогун жердин бир категориясынан башкасына же бир түрүнөн башкасына которууга негиздеме көрсөтүлөт.
Арызга: арыз ээсинин - жеке адамдын ким экендигин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү же юридикалык жакты каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, жер участогуна укукту белгилөөчү жана укукту тастыктоочу документтердин, курулуштун башкы планынын же шаар куруу документтеринин көчүрмөлөрү жана техникалык-экономикалык негиздеме тиркелет.
2. Райондун мамлекеттик администрациясынын суроо-талабы боюнча жергиликтүү каттоо органы жер участогуна материалдарды топтойт жана жерге жайгаштыруу делосун он иш күндүн ичинде райондук мамлекеттик администрация түзгөн комиссиянын кароосуна жиберет.
3. Райондун мамлекеттик администрациясы которулуп жаткан жер участок жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, арыз ээсинин жана жергиликтүү кызматтардын: архитектуранын жана курулуштун (жерди "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которууда), айлана-чөйрөнү коргоонун жана токой чарбасынын (токой фондунун жерлерин же токой фондунун жерлерине, өзгөчө корголуучу жаратылыш ресурстарынын жерлеринин категориясына которууда), айыл жана суу чарбанын, саламаттык сактоонун, өзгөчө кырдаалдардын, энергетиканын, жерлерди пайдаланууну жана коргоону контролдоо боюнча инспекциянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен комиссия түзөт (мындан ары - райондук комиссия). Райондук комиссияны райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары жетектейт.
Райондук комиссия он иш күндүн ичинде райондук мамлекеттик администрацияга жер участогун которуу мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги тууралуу корутунду берет.
Жерлердин башка түрлөрүнө которуу керек болуп жаткан айыл чарба жерлеринин кыртыштык-мелиорациялык абалы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо-изилдөө ишин жүргүзүүчү мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
4. Терс корутунду берилген учурда райондук мамлекеттик администрация арыз ээсине баш тартуу жөнүндө билдирүүнү комиссиянын корутундусу менен кошо жиберет.
5. Жерди курулуш үчүн которуу маселеси оң жагына чечилгенде райондук комиссия участокко курулуш куруунун белгиленген тартипте макулдашылган башкы планын же анын негизинде иштелип чыккан шаар куруу документтерин жана техникалык-экономикалык негиздемени корутундуга тиркейт.
6. Райондук комиссиянын оң корутундусу алынгандан кийин жергиликтүү каттоо органы жерлерди которууга жерге жайгаштыруу делосун тариздейт, ал төмөнкүдөй документтерден турат:
- арыз;
- участокко курулуш куруунун белгиленген тартипте макулдашылган башкы планы же анын негизинде иштелип чыккан шаар куруу документтери жана техникалык-экономикалык негиздеме;
- айыл чарба багытындагы жана/же токой фондунун жерлерин которууда болуучу жоготуулардын эсеби;
- ар бир менчик ээси жана жер пайдалануучу боюнча жердин түрлөрү боюнча жерлердин экспликациясы;
- чектерин жана көлөмүн көрсөтүү менен жер участогунун планы;
- райондук комиссиянын корутундусу;
- түшүндүрмө кат.
Жер участогун которуу тууралуу жерге жайгаштыруу материалдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кароосуна киргизилет, ал он иш күндүн ичинде өзүнүн чечимин чыгарат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими жергиликтүү мамлекеттик администрациянын кароосуна түшөт.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жерди которуу боюнча материалдарды он иш күндөн ашпаган мөөнөттө карайт жана өзүнүн компетенциясынын чегинде жер участокторду которуу же которууга макулдугу тууралуу чечим чыгарат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация:
- компетенциясына ылайык кабыл алынган жерлерди которуу жөнүндө чечимди жергиликтүү каттоо органына жөнөтөт;
- компетенциясына ылайык кабыл алынган жерлерди которууга макулдук жөнүндө чечимди материалдар менен кошо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтөт.
Жер участогун которуу жөнүндө материалдарды кароо тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
7. Жер участокторун которуу же которууга макулдук берүү тууралуу чечим төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- жердин категориясын жана (же) түрүн өзгөртүүгө негиз;
- жер участоктун жайгашкан жери, аянты жана кадастрдык маалыматы;
- которула турган жердин категориясы менен түрү, жана которгондон кийинки болуучу категориясы жана түрү.
Жер участогун которуу тууралуу же жер участогун которуудан баш тартуу тууралуу чечимдин үстүнөн соттук тартипте даттанууга болот.
8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участокторду которууга чектөөлөр коюлган же которууга тыюу салынган учурларда жер участокторду которууга жол берилбейт.
9. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын демилгеси боюнча жүргүзүлгөн жер участокторун бир категориядан башкасына же бир түрдөн башка түргө которуу тууралуу жерге жайгаштыруу делосун даярдоо боюнча иштер жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен каржыланат; ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын демилгеси боюнча жана жер участокторунун менчик ээлеринин жана жер пайдалануучулардын арызы боюнча которууда - жеке каражаттардын эсебинен каржыланат.
11-берене. Жерлерди которууга байланыштуу жерди эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү
1. Жерди которуу тууралуу чечим ал кабыл алынган күндөн баштап он иш күндүн ичинде жергиликтүү каттоо органына жиберилет.
Жергиликтүү каттоо органы он иш күндүн ичинде жерди эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизет.
Которулган жер участогуна укук тастыктоочу документ берилгенден баштап жерлер которулду деп саналат.
2. Жерди которууда чечим кабыл алынган жер участокторуна укук бекитүүчү документтерди кайра тариздөө талап кылынбайт. Жер участогуна укукту тастыктаган документтерге тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилет же укук ээсинин арызы боюнча жер участогуна укук тастыктаган жаңы документ берилет.
12-берене. Жер алып коюлган учурда, анын ичинде мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн сатып алынган учурда жерлерди которуу
1. Жер алып коюлганына, анын ичинде мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн сатып алынганына байланыштуу жер участоктун максаттуу арналышын өзгөртүү зарыл болгон учурда бул жер участогун жерлердин бир категориясынын курамынан башкасына которуу ал алынгандан, сатып алынгандан кийин ишке ашырылат.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы алынып коюлган, анын ичинен сатып алуу жолу менен алынган жер участогун кызыкдар жеке же юридикалык жакка бергенге чейин аны бир категориядагы жердин курамынан бул жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыздоочу тийиштүү категорияга которууга милдеттүү.
2-глава
Жер участокторду которуунун өзгөчөлүктөрү
13-берене. Айыл чарба багытындагы жер участокторду которуунун өзгөчөлүктөрү
1. Айыл чарба багытындагы жерлерди башка категорияга которууга төмөнкүлөргө байланышкан учурларда жол берилет:
- жерлерди консервациялоодо;
- жерлерди экологиялык, илимий, жаратылышты коргоо, тарыхый-маданий, рекреациялык багыттагы жерлерге киргизүүгө байланыштуу өзгөчө корголгон жаратылыш аймактарын түзүүдө;
- шаар куруу документтеринин негизинде калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүүдө;
- башка жайгаштыруу жолдору болбогондо өнөр жай объекттерин жайгаштырууда;
- айыл чарба өндүрүшү үчүн жараксыз жерлерди токой фондунун, суу фондунун жерлеринин же запастагы жерлердин курамына киргизүүдө;
- жолдорду, электр өткөрүү линияларын, байланыш линияларын, мунай өткөргүчтөрдү, газ өткөргүчтөрдү жана башка өткөрмө түтүктөрдү, темир жол линияларын курууда;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткарууга, тийиштүү объекттерди жайгаштыруунун башка жолдору болбогондо өлкөнү коргоону жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоого байланыштуу;
- жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору болгондо пайдалуу кендерди алууга;
- социалдык, коммуналдык-тиричиликтик багыттагы объекттерди, саламаттык сактоо, билим берүү объекттерин жайгаштырууда, бул объекттерди жайгаштыруунун башка жолдору болбогондо;
- сугаруу булагы менен байланыш жоголгондо, ички чарбалык сугаруу системаларынын жана курулмалардын техникалык абалына байланыштуу.
2. Кыйла баалуу айыл чарба жерлерин азыраак баалуусуна которуу үчүн төмөнкүлөр негиз болот:
- сугат айдоо жерлерин кайрак жерлерге которуу үчүн - жерлердин агромелиорациялык, кыртыштык касиеттеринин алардын иш жүзүндө пайдаланылышына дал келбегендиги, сугаруу булактары менен байланыштын жок болгону, суу менен камсыздыгы, ички чарбалык сугат системасынын жана курулмалардын техникалык абалы;
- көп жылдык өсүмдүктөр бар жерди сугат айдоо жерине которуу үчүн - бак-дарактардын картайышы, алардын сейректиги, бак-дарактардын тектик жана сорттук курамынын канааттанаарлык эместиги;
- чабындылар менен жайыттарды башкаларга которуу үчүн - жердин чөлгө айланышы, шалбаа өсүмдүктөрүнүн бузулушу, сейректениши.
Кыйла баалуу айыл чарба жерлерин азыраак баалуусуна которуу үчүн айыл чарба жерлеринин эң аз түшүмдүүлүгү, кыртыштын туздуулук, шордуулук, бузулгандык деңгээли, таштактыгы, механикалык курамы сыяктуу айыл чарбалык жердин сапаттык абалына таасир берген мүнөздөмөлөр эске алынат.
Айыл чарба жерлери түшүмдүүлүгү боюнча тең баалуулугуна карата төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
- сугат айдоо жер көп жылдык өсүмдүктөр бар айыл чарба жери болуп саналат жана тескерисинче;
- кайрак жерлер кысыр аңызга барабар айыл чарба жери болуп саналат жана тескерисинче;
- жайыттар чабындыга барабар айыл чарба жери болуп саналат жана тескерисинче.
Айыл чарба жерлерин жердин бир түрүнөн башкасына которуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан компетенциясына жараша жер участогу, участоктор тобу, сугат массиви боюнча ишке ашырылышы мүмкүн.
14-берене. Өзгөчө корголуучу аймактардын жер участокторун которуу өзгөчөлүктөрү
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин башка категорияга которуу алар өзгөчөлүү жаратылышты коргоо, илимий, тарыхый-маданий, эстетикалык, рекреациялык жана башка өзгөчө баалуу маанисин жоготконуна байланыштуу максаттуу арналышы боюнча пайдалануу мүмкүн эмес болгон учурда мамлекеттик экологиялык экспертизанын жана айлана-чөйрөнү коргоо маселеси боюнча башка экспертизалардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ал тууралуу корутундулары болгондо жүргүзүлөт.
15-берене. Токой фондунун жер участокторун которуунун өзгөчөлүктөрү
Токой фондунун жерлерин которууга төмөнкүдөй учурларда жол берилет:
- өлкөнү коргоо жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо зарылдыгына байланыштуу;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү - жерлерди жаратылыш коргоо, тарыхый-маданий, рекреациялык жана башка өзгөчө баалуу багыттагы жерлерге киргизүү максатында, мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгондо;
- эгер алардын максаттык багыты токойго жайгаштыруу документтери же аймактык пландоо документтери жана саламаттык сактоо объекттерин, маданий-тиричиликтик, турак жай-коммуналдык, социалдык багыттагы объекттерди куруу жана иштетүү үчүн аймактарды пландоо боюнча документтер менен каралса;
- бекитилген башкы пландын негизинде калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүүдө;
- мамлекеттик же муниципалдык маанидеги объекттерди жайгаштырууда, бул объекттерди жайгаштыруунун башка мүмкүн болгон жолдору болбосо;
- жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору жана мамлекеттик органдардын экспертизасынын корутундусу болгондо пайдалуу кен байлыктарды алуу менен байланыштуу.
16-берене. Суу фондунун жерлерин которуу өзгөчөлүктөрү
1. Суу фондунун жерлерин которууга төмөнкүдөй учурларда жол берилет:
- өзгөчө корголгон жаратылыш аймактарын түзүү;
- бекитилген башкы пландын негизинде калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү;
- мамлекеттик же муниципалдык маанидеги объекттерди жайгаштыруу, бул объекттерди жайгаштыруунун башка мүмкүн болгон жолдору болбосо;
- жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору болгондо пайдалуу кен байлыктарды алуу;
- суу объекттеринин иштешин токтотуу, нукту, чек араны өзгөртүү жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгондо суу объекттеринин жайгашкан жерин башкача өзгөртүү.
2. Башка категориядагы жер участокторун суу фондунун жер участокторуна которууга төмөнкүдөй учурларда жол берилет:
- эгер жер участокторун суу объекттери ээлеп турса;
- суу сактагычтарды жана башка жасалма суу объекттерин, ошондой эле гидротехникалык жана суу объекттеринде жайгашкан башка курулмаларды куруу;
- суулардын нугун өзгөртүү жана суу объекттеринин жайгашкан жерин башкача өзгөртүүлөр.
17-берене. Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун участокторун жана башка багыттагы жер участокторду которуу өзгөчөлүктөрү
1. Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жер участокторун жана башка багыттагы жер участокторду которуу өнөр жай, транспорт жана коргонуу маселелерин жөнгө салуучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын алдын ала макулдугу менен жүргүзүлөт.
2. Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун бузулган, булганган же жок кылынуучу (анын ичинде жер алдындагы) имараттар, курулуштар, курулмалар ээлеп турган жер участокторун жана башка арналыштагы жер участокторду башка категорияга которууга жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору болгондо жол берилет.
18-берене. Запастагы жерлердин жер участокторун которуунун өзгөчөлүктөрү
Жер участогун запастагы жерлердин курамынан башка категорияга которуу бул жер участокту андан ары пайдалануунун максатына жараша, запастагы жерлердин курамынан жердин башка категориясына которуу тууралуу чечим кабыл алынган жер участок белгиленген тартипте которулгандан кийин гана жүргүзүлөт.
19-берене. Пайдалуу кен байлыктар бар жер участокторду которуу
1. Пайдалуу кен байлыктар бар жерде жайгашкан жер участокторго жер алдындагы кен байлыктарды пайдалануу маселесин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча чектөөлөр киргизилет.
2. Пайдалуу кен байлыктар бар жер участокко чектөөлөрдү киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3-глава
Корутунду жоболор
20-берене. Жер участокторду кандайдыр бир категорияга киргизүү
1. Жер участокторун Кыргыз Республикасынын Жер кодекси менен белгиленген жердин бир категориясына киргизүү милдеттүү болуп саналат.
2. Мамлекеттик жер кадастрынын документтеринде жер участоктордун кайсы бир категорияга таандыктыгы тууралуу маалыматтар менен жер участокторго укукту белгилөөчү документтерде же жерге укукту тастыктаган документтерде карама-каршылыктар бар болсо, эгер мындай документтер бул Мыйзам күчүнө киргенге чейин алынган болсо, жер участокторун кандайдыр бир категориядагы жерлерге киргизүү жер участокторуна укук бекитүүчү документтерде же жерге укук тастыктаган документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде, жер участокторунун укук ээлеринин арыздары боюнча ишке ашырылат.
3. Жердин категориясы мамлекеттик жер кадастрынын документтеринде, жер участогуна укукту белгилөөчү документтерде же жерге укукту тастыктаган документтерде көрсөтүлбөгөн учурда ыйгарым укуктуу органдын жер участокту пайдалануунун максатына жараша жер участогун кандайдыр бир категориядагы жерлерге киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актысы кабыл алынат.
21-берене. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө бул Мыйзамдан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларын иштеп чыксын.
3. Бул Мыйзам күчүнө киргенден тартып "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|