Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы №674 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттарда радиациялык
контролду жүргүзүү
3. Өткөрмө пункттардагы радиациялык кырсык учурундагы бажы
органдарынын кызмат адамдарынын аракеттери
1-тиркеме. Стационардык радиоактивдүү материалдарды табуу
системасынын иштөөсү жөнүндө маалыматтарды каттоо
журналы
2-тиркеме. Товарларды жана транспорт каражаттарын тереңдетилген
радиациялык изилдөөдөн өткөрүү усулу
3-тиркеме. Иондоштуруучу нурлануусу жогору товарларды жана
транспорт каражаттарын тереңдетилген радиациялык
изилдөөдөн өткөрүү тууралуу корутунду
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарында радиациялык контроль жүргүзүү тартибин жана аны колдонуу шарттарын белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу алып өтүүчү товарлар жана транспорттук каражаттардын радиациялык контролу эл аралык ядролук курал жана ядролук материалдарын жайылтпоо режимине, мамлекеттик чек ара аркылуу иондоштуруучу нурлануусу жогорку деңгээлдеги радиоактивдүү материалдарды, товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы эрежелерин бузуу менен алынып өтүүсүнө жол бербөөгө багытталган. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү бардык адамдар, товарлар жана транспорттук каражаттар радиациялык контролдон өтүүгө тийиш.
Бул Жободо каралган методика аркылуу радиациялык контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген мамлекеттик чек арадагы стационардык радиоактивдүү материалдарды табуучу жабдуулар - радиациялык контролдоо порталдык мониторлору (мындан ары - порталдык мониторлор) менен камсыздалган өткөрмө пункттарда бажы органдары тарабынан жүргүзөт.
Аталган жабдуулар менен камсыздалбаган өткөрмө пункттарынан өтүүчү адамдардын, товарлардын жана транспорттук каражаттардын радиациялык контролун радиациялык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык жүргүзөт. Өткөрмө пункттардын порталдык монитор жабдуулары менен камсыздалуусуна жараша радиациялык контролду жүргүзүү радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык бажы органдарына өткөрүлүп берилет.
3. Иш жүзүнө ашырылган милдеттерге жараша Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдардын, товарлардын жана транспорттук каражаттардын радиациялык контролу төмөнкү багыттардан турат:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдардын, товарлардын жана транспорттук каражаттардын радиациялык контролун уюштуруунун негизги жоболорун жана жүргүзүү тартибин аныктоо;
- радиациялык коопсуздук чараларын сактоодо мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн жалпы критерийлерин аныктоо.
4. Бул Жободо түшүнүктөр төмөнкү мааниде пайдаланылат:
иондоштуруучу нурлануу булагы - иондоштуруучу нурланууну чыгаруучу же пайда кылууга жөндөмдүү радиоактивдүү зат же түзүлүш;
доза кубаты - убакыттын бирдигиндеги нурлануу дозасы (секундада, минутада, саатта);
радиациялык контроль - айлана-чөйрөдөгү радиациялык жагдай жөнүндө жана дозиметрикалык жана радиометрикалык контролду камтыган адамдардын нурлануу деңгээли жөнүндө маалымат алуу;
таңгак - радиоактивдүү заттарды ташуу үчүн тийиштүү радиациялык коркунуч белгилери бар комплект;
нурлануу деңгээли - бир саатына микрозиверт (мкЗв/с) менен көрсөтүлгөн доза кубаты;
коркунуч белгилерин иштеп чыгуу борбору - радиациялык контролдоо порталдык мониторлорунун операторунун автоматташтырылган иш оруну.
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында радиациялык контроль колдонулган жабдыктарга ылайык төмөнкү этаптардан турат:
1) алгачкы радиациялык контроль;
2) кошумча радиациялык контроль;
3) тереңдетилген радиациялык изилдөө;
4) экспертиза.
Алгачкы радиациялык контроль өткөрмө пункттан өтүүчү адамдар, товарлар жана транспорт каражаттары жагында бажы контролунун тиешелүү формаларын жүргүзүүчү бажы органынын кызматкерлери жүргүзөт.
Кошумча радиациялык контроль иондоштуруучу нурлануу булактарын табуу жана алгачкы локалдаштыруу жагынан атайын даярдыктан өткөн бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт.
Тереңдетилген радиациялык изилдөө жана экспертиза өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча саламаттыкты сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери бул Жобонун 2-тиркемесинде баяндалган методикага ылайык чогуу өткөрүлөт.
Тереңдетилген радиациялык изилдөөнүн натыйжасына жараша өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча саламаттыкты сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын (адиси) адистери бажы органынын кызмат адамы менен чогуу Кыргыз Республикасынын бажы кодексинин 45-главасынын жоболоруна ылайык мамлекеттик чек арадан өткөрүү же табылган иондоштуруучу нурлануу булактарын же радиоактивдүү материалдарды экспертизага жөнөтүү боюнча чечим кабыл алышат.
6. Радиациялык контролдун бардык этаптарында радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мыйзамдардын талаптарына ылайыктуу чаралар сакталышы керек. Радиациялык контроль белгиленген тартипте текшерилген жабдуулар менен жүргүзүлөт.
7. Алгачкы радиациялык контролдун максатын жогорку деңгээлдеги нурлануусу бар (айлананын фонуна жараша) объекттерди ыкчам табуу жана адамдар менен транспорт каражаттарынын агымынан бөлүп чыгаруу түзөт. Алгачкы радиациялык контроль бажы органдарынын кызмат адамдары радиактивдүү материалдардын бажы контролунун техникалык аспаптарын - ар кандай модификациядагы порталдык мониторлордун (темир жолдук, автоунаалык жана жөө жүргүнчүлөр үчүн) колдонуу менен жүргүзүшөт.
8. Порталдык мониторлор контролдоочу объекттин эки тарабында жайгашкан нейтрондук жана гамма-нурлануу детекторлору менен, добуш жана жарык белгилерди берүүчү, маалыматты көрсөтүүчү же анализдөөчү аспаптары менен жабдыланышы керек. Порталдык мониторлор сигнал бергичтердин белгилерин иштеп чыгуу аспаптары - тревога белгилерин иштеп чыгуу борбору менен камсыз болуусу мүмкүн.
9. Адамдарды, товарларды жана транспорт каражаттарын порталдык мониторлордон өткөрүүдө радиациялык контроль төмөнкү чектөөлөрдү колдонуу менен жүргүзүлүүгө тийиш:
- адамдардын порталдык монитор аркылуу өтүүсү кезек тартибинде жүргүзүлөт жана бажы органдын кызмат адамы тарабынан контролдонот. Мында порталдык мониторду бөлөк адамдардын жандап өтүүсүнө жол берилбейт. Адамдардын порталдык монитордун ортосунда токтоосуна тыюу салынат;
- транспорт каражаттардын автоунаалык порталдык монитордон 5 км/саат ашпаган ылдамдык менен өтүүсүнө уруксат кылынат. Автоунаалардын порталдык монитордун ортосунда токтоосуна тыюу салынат;
- темир жол транспортунун темир жолдук порталдык монитордон 20 км/саат ашпаган ылдамдык менен өтүүсүнө уруксат кылынат. Темир жол транспорт каражаттарынын порталдык монитордун ортосунда токтоосуна тыюу салынат.
Аталган чектөөлөр сакталышы үчүн порталдык мониторлор тиешелүү маалымат белгилери менен жабдылат.
10. Иондоштуруучу нурлануусу жогорку объектти классификациялоонун критерийи порталдык монитордун туруктуу (катасыз) кабар берген, алгачкы радиациялык контроль жүргүзүүчү аппараттарды пайдалануу менен аныкталган иштөөсү болуп саналат, аларга көчүрмө дозиметрлер, радиометр-дозиметрлери, издөөчү жана өлчөөчү режиминдеги ар бир нурлануунун түрүн тактаган радиометр-спеткрометрлер, рентген гамма нурлануунун дозиметрлери кирет.
Алгачкы радиациялык контролдун натыйжасында табылган иондоштуруучу нурлануусу жогорку деңгээлдеги объекттер адамдардын жана транспорт каражаттарынын агымынан бөлүнүп чыгарылат. Бөлүнгөн объекттер бажы органынын кызмат адамдары белгилеген бажы контролунун зонасынын участогуна кошумча радиациялык контроль өткөрүү максатында жайгаштырылат (адамдар жана транспорт каражаттарынын агымынан 15-20 метр алыстыктан кем эмес ачык аянтча же өзүнчө бөлмө).
11. Порталдык монитор тутуму нейтрондук канал аркылуу белги берип иштегенинде бажы органдарынын кызмат адамдарынын иондоштуруучу нурлануу булагын локализациялоо жана идентификациялоо боюнча андан аркы аракеттери нейтрондук нурлануунун детектору бар техникалык аспаптарды колдонуу менен жүргүзүлөт.
12. Порталдык монитордун тутумумун же көчүрмө радиациялык жабдыктарынын ар бир кабар берип иштөөсү жөнүндө "Стационардык радиоактивдүү материалдарды табуу системасынын кабар берип иштөөсү жөнүндө маалыматтарды каттоо журналына" же "Көчүрмө радиациялык контролдоо жабдыгынын кабар берип иштөөсү жөнүндө маалыматтарды каттоо журналына" бул Жобонун 1-тиркемесинде аныкталган формага ылайык катталат.
Борборлошкон маалымат тутумдары болсо каттоо электрондук түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн.
13. Алгачкы радиациялык контролдун натыйжасына жараша бажы органынын кызматкерлери тарабынан адамдардын, товарлардын жана транспорттук каражаттардын мамлекеттик чек арадан өткөрүлүшү жөнүндө же алгачкы контроль жүргүзүү жабдуусунун кабар берип иштегенде ал объектти кошумча радиациялык контролдон өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынат.
Алынып келинген товарларды жана транспорт каражаттарын мамлекеттик чек арадан өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу бажы органынын кызмат адамы тарабынан товарларды жеткирүүнү контролдоо документинин (ЖКД) тиешелүү графасына радиациялык контролдон өткөндүгү жөнүндө жазуу киргизүү менен жүргүзүлөт.
14. Адамдардын жана алардын жүгүнүн радиациялык контролу жүргүнчүлөрдү контролдоо имаратында жайгаштырылган жөө жүргүнчүлөр үчүн порталдык монитор аркылуу жүргүзүлөт. Радиациялык контроль жүргүзүү учурунда порталдык монитор кабар берип иштегенде адамдардын жана алардын жүгүнө тиешелүү бажылык контролунун тиешелүү формаларын жүргүзүүчү бажы кызматкери төмөнкү чараларды колдонуусу керек:
а) жабдуулар белги берип иштеген учурда, адам анын жүгүндө иондоштуруучу нурлануу булагынын бардыгы же ал радиофармацевтикалык препараттар менен дарыланганы, же жүрөгүнө кардиостимулятор орнотуу операциясы өткөрүлгөндүгү жөнүндө ооз эки суроо;
б) радиациялык контролдун көчүрмө аспаптары менен жүгүн текшерүү;
в) аталган медициналык дарылоодон өткөнүн күбөлөгөн медициналык документтери бар экенин аныктоо;
г) көчүрмө дозиметр аркылуу анын бүткүл денесинин сыртынан жана ооруган органы (калканча без, боор, жүрөк) тарабынан эквиваленттүү дозанын кубатын ченөө.
Ченемдин натыйжалары дарылоо курсунун өткөндүгүн так далилдебесе бажы органынын тиешелүү кызматкеринин уруксаты менен адамды карап чыгуу мыйзамдардын талабына жараша медициналык кызматтын өкүлүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт.
Адамды жана анын жүгүн радиациялык контролдоонун натыйжасына жараша бажы органынын кызмат адамы:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан адамды өткөрүү жөнүндө;
- адамды администрациялык кармоо менен мамлекеттик ыйгарым укуктуу радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча саламаттыкты сактоо жаатындагы органга жана бажы органынын бажы эрежелери жагынан укук бузууга каршы күрөшүү жүргүзгөн бөлүгүнө мыйзамдарга ылайык андан ары тиешелүү чараларды колдонууга маалымат берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
15. Товарларды жана транспорттук каражаттарды кошумча радиациялык контролдон өткөрүүгө төмөнкүлөр негиз болот:
- алгачкы радиациялык контролдун жыйынтыктары;
- ыкчам издөө ишинин субъекттеринен маалымат алуу;
- товар коштогон документтерди текшерүүнүн натыйжасы;
- радиоактивдүү материалдардын бардыгынын белгилерин жана радионуклиддеринин өлчөмү жогорку деңгээлинде болгон товарлардын табуу, анын ичинде радиациялык коркунуч белгилерин, атайын сактоочу контейнерлерди (таңгактарды) табуу.
Кошумча радиациялык контроль төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
- радиактивдүү материалдарды табуучу аппаратуранын белги берип иштешинин себептерин аныктоо;
- иондоштуруучу нурлануусу жогорку деңгээли бар объекттерди табуу жана локализациялоо, ал объекттин гамма жана нейтрондуу нурлануусунун деңгээлин таңгакты бузбай же транспорт каражатын ачпай ченөө;
- объекттин радиациялык коркунучунун деңгээлин баалоо.
Кошумча радиациялык текшерүүнү жүргүзүү зарылдыгынын критерийин объекттин бетиндеги гамма-нурлануу доза кубатынын үч ченеминин орто арифметикалык чоңдугунун деңгээли бажы контролунун зонасында ченелген айлананын табигый фонуна карата бир жарым эседен жогору болушу түзөт:
Нчен > 1,5 Нф, мында:
Нчен - гамма-нурлануу доза кубатынын үч ченеминин орто арифметикалык чоңдугу;
Нф - бажы контролунун зонасында ченелген айлана-чөйрөнүн табигый фондунун гамма-нурлануу дозасы.
Кошумча радиациялык контролун жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте текшерилген дозиметрикалык жана радиометрикалык аппаратура пайдаланууга тийиш. Иондоштуруучу нурлануусу жогорку деңгээлдеги объекттерди таап жана локализациялоо жүргүзүү учурунда жүк ташуучу сыйымдуулуктарды, транспорттук каражаттардын бөлмөлөрүн жана таңгактарды ачууга тыюу салынат.
16. Кошумча радиациялык контролду жүргүзүү учурунда радиациялык коопсуздугун сактоо максатында төмөнкү талаптар аткарылышы керек:
- иондоштуруучу нурлануусу жогорку деңгээли бар объект (транспорт каражаты же адамдын кол жүгү) мүмкүн болушунча алыстатылышы керек (турак жана кызмат кылуучу жайлардан 20 метрден кем эмес);
- иондоштуруучу нурлануусу жогорку деңгээли бар объекттин айланасында бажы органдарынын кызматкерлеринин болушунун убагы чектелиши керек. Нурлануу кубатын контролдоо үчүн жеке дозиметрикалык аспаптар милдеттүү түрдө колдонулушу керек;
- 3 метр аралыктан кем эмес так көрүнгөн радиациялык коркунуч жөнүндө эскерткен белгилердин орнотулушу.
17. Кошумча радиациялык контролду бажы органынын кызмат адамы төмөнкү методика боюнча жүргүзөт.
Иондоштуруучу нурлануусу жогорку узун объекти (темир жол вагону, жүк ташуучу унаа, контейнер) ченөө капталынын (узуну тарабынан) ортоңку сызыгы боюнча өткөрүлөт. Ченөө кадамы 1-3 метрди түзүшү керек. Аспаптын көрсөткүчтөрү эң жогорку деңгээлин аныктаган жеринде ченөө ошол жер менен эки коңшу ченөө чекиттеринин аралыгында жүргүзүлөт. Бул процедура бир нече жолу ченем сызыгы менен чоңдуктар эң бийик деңгээлин көрсөткөн орун табылмайынча кайталанат. Аталган орунга тик тарабынан дагы ченөө процедурасы жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн методика менен ченөө тартиби объекттин башка жагына дагы (каптал тарабынан) колдонулат. Бул ченөөдө эң көп жана эң аз көрсөткүчтөрдүн айырмасы 10 эседен жогору болсо, радиациянын булагы локалдуу мүнөздө жана анын орду чоңдуктар эң көп көрсөткөн жерде жайгашкан деп болжол кылынат. Эң көп жана эң аз көрсөткүчтөрдүн айырмасы 2 эседен жогору болсо радиациялык булак изилдөө жүргүзүлгөн объекттин бардык көлөмүндө текши жайылган деп саналат. Орточо учурларда радиация булагынын көлөмү объекттин көлөмү менен салыштырмалуу десе болот.
Иондоштуруучу нурлануу булагын издөө жана локалдаштыруу учурунда порталдык монитордун тынчсыздандыруу белгилерди иштеп чыгуу борборунун көрсөтмөлөрү колдонулушу мүмкүн, анткени алар текшерилүүчү объекттин көлөмүнө жараша иондоштуруучу нурлануу деңгээлинин эң бийик көрсөткүчтөрүнүн орундарын белгилейт.
Радиоактивдүү булактын объектиде бары аныкталгандан жана анын локализациялоо деңгээли такталгандан кийин ал объектти көрүнгөн атайын тосмо менен курчоо жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга радиациялык коопсуздукту сактоо чараларын кабыл алуу максатында кабар берүү боюнча иш чаралары колдонулат.
Өлчөмү чакан объектти текшерүүдө иондоштуруу нурлануусу жогорку деңгээлин тактоо максатында изилдөө жүргүзүлөт, ал такталганда бөлүп чыгаруу, курчоо жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кабар берүү иш чаралары дагы колдонулат.
18. Кошумча радиациялык контролду жүргүзүү учурунда бажы органынын кызмат адамы тарабынан чечим кабыл алууда аспаптардын белги берип иштегенинин төмөнкү себептери эске алынышы керек:
- алынып өтүүчү товарлардын иштелип чыгуусунун өзгөчөлүктөрү менен шартталган табигый булактардын бар болуусу, аларды тактоо үчүн өткөрмө пункттар атайын маалымат адабияттары (справочниктер) менен камсыз кылынылат;
- бажы эрежелерин бузуу менен алынып бараткан табигый радиоактивдүү материалдарды "тартып алуу" мүмкүнчүлүгү.
19. Кошумча радиациялык контролдун натыйжасына жараша бажы органдарынын кызмат адамдары мамлекеттик чек арадан өткөрүү чечимин же ыйгарым укуктуу органдарына андан аркы радиациялык коопсуздукту сактоо боюнча чараларды жүргүзүүсү жана чечим кабыл алуусу үчүн токтоосуз түрдө кабар берилет.
20. Тереңдетилген радиациялык изилдөө жүргүзүүдө өзгөчө кырдаалдар боюнча жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардын адистеринин иш аракеттери бул Жобонун 2-тиркемесине ылайыктуу жүргүзүлөт. Тереңдетилген радиациялык изилдөөнүн натыйжасында бул Жобонун 3-тиркемесине ылайык "Иондоштуруучу нурлануусунун деңгээли жогору болгон товарларды жана транспорт каражаттарын тереңдетилген радиациялык изилдөөдөн өткөрүү тууралуу корутунду" түзүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар боюнча орган радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган жана бажы органынын кызмат адамы менен бирге иондоштуруу нурлануусунун деңгээли жогору болгон товарлар, транспорт каражаттар жана багаж менен андан аркы жүргүзүлчү иш аракеттердин тартибин аныктайт. Мамлекеттик чек ара аркылуу радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз алынып баратканы табылса, бажы органы бажы кызматынын бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча бажы кызматынын бөлүгүнө тиешелүү иш чараларын өткөрүү үчүн кабар берет.
21. Өткөрмө пункту аркылуу радиоактивдүү материалдарды ташууда радиациялык кырсык болсо же иондоштуруу нурлануусу айланадагы табигый фонуна карата бир далай бийик деңгээли бар товарлар жана транспорттук каражаттар табылган учурда кошумча радиациялык контроль жүргүзгөн бажы органдарынын кызмат адамдары айланасында нурлануу дозасынын кубаты 100 мкЗв/сааттан ашпаган коопсуздук аймагынын чектерин аныктайт. Радиациялык кырсыктын кесепетин минималдаштыруу максатында бажы органынын кызмат адамдары төмөнкү иш чараларды токтоосуз түрдө жүзөгө ашыруусу зарыл:
а) кооптуу объекттин жайгашкан орду доза кубаты 2 мкЗв/саат периметри боюнча тосулат;
б) тосулган аймактын периметри боюнча 3 метрден кем эмес аралыкта так көрүнгөн радиациялык коркунуч белгилери орнотулат;
в) аталган аймактын айланасынан бардык адамдар четтетилет;
г) радиациялык коопсуздукту камсыздоо боюнча чараларды көрүү үчүн өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу органга жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органга кабар берилет;
д) бажы органынын жетекчилигине окуя жөнүндө кабар берилет;
е) жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары кабарланат;
ж) радиациялык коопсуздукту сактоо максатына багытталган бөлөк иш чаралар жүзөгө ашырылат.
1-тиркеме
┌───────┬──────────┬────────────┬────┬──────────┬─────────┬───────────┐
│Иштеген│Автомобил-│ Товардын │Ка- │Алгачкы │Айлананын│ Кошумча │
│ күнү │дин номери│ аталышы │нал-│контролдун│ табигый │контролдун │
│ жана │(вагондун,│ │дын │натыйжала-│ фону │ натый- │
│убакты-│ т/ж │ │түрү│ры. │ │ жалары. │
│ сы │контей- │ │ │(Аспаптар-│ │ Кабыл │
│ │неринин №)│ │ │дын көр- │ │ алынган │
│ │ │ │ │сөтмөлөрү │ │ чечим │
│ │ │ │ │ нурлануу │ │ тууралуу │
│ │ │ │ │ дозанын │ │ маалымат │
│ │ │ │ │ кубаты) │ │ │
├───────┼──────────┼────────────┼────┼──────────┼─────────┼───────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │
└───────┴──────────┴────────────┴────┴──────────┴─────────┴───────────┘
Көчмө радиациялык контролдоо аппаратынын
иштөөсү жөнүндө маалыматтарды каттоо
ЖУРНАЛЫ
┌───────┬──────────┬────────────┬────┬──────────┬─────────┬───────────┐
│Иштеген│Автомобил-│ Товардын │Ка- │ Алгачкы │Айлананын│ Кошумча │
│ күнү │дин номери│ аталышы │нал-│контролдун│ табигый │контролдун │
│ жана │(вагондун,│ │дын │натый- │ фону │ натый- │
│ убак- │ т/ж │ │түрү│жалары. │ │ жалары. │
│ тысы │ контей- │ │ │(Аспаптар-│ │ Кабыл │
│ │ неринин │ │ │ дын │ │ алынган │
│ │ №) │ │ │ көрсөт- │ │ чечим │
│ │ │ │ │ мөлөрү │ │ тууралуу │
│ │ │ │ │ нурлануу │ │ маалымат │
│ │ │ │ │ дозанын │ │ │
│ │ │ │ │ кубаты) │ │ │
├───────┼──────────┼────────────┼────┼──────────┼─────────┼───────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │
└───────┴──────────┴────────────┴────┴──────────┴─────────┴───────────┘
2-тиркеме
Тереңдетилген радиациялык изилдөөдөн өткөрүү үчүн ушул Жобонун 17-пунктуна ылайык, изилденип жаткан объекттин иондоштуруучу нурлануусунун жогорку деңгээлин жана жана/же анда радиоактивдүү материалдардын болушун тастыктаган кошумча радиациялык контролдун натыйжалары негиз болуп саналат.
Тереңдетилген радиациялык изилдөөнүн максаты изилденип жаткан объектте камтылган радиоактвидүү материалдарды мүмкүн болушунча максималдуу локалдаштыруу жана алгачкы идентификациялоо.
Тереңдетилген радиациялык изилдөө өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана саламаттыкты сактоо жаатындагы радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын атайын даярдыктан өткөн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.
Тереңдетилген радиациялык изилдөөнү өткөрүү үчүн текшерүүдөн өткөн дозиметриялык жана радиометриялык аппаратура колдонулушу керек.
Иондоштуруучу нурлануусу жогорку деңгээлдеги объекттерди издөөдө жана локалдаштырууда транспорт каражаттарынын бөлүктөрүн, жүк орундарын, сыйымдуулуктарды жана таңгактарды ачуу радиациялык коопсуздуктун катуу талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Нурлануунун булагын издөө жана локалдаштыруу издөө режиминде турган радиометриялык аппаратуранын жардамы менен жүргүзүлөт.
Кыйла узун (темир жол вагону, жүк ташуучу автомобиль, контейнер) жана товарларга толтурулган (коробкалар, ящиктер, канистралар), иондоштуруучу нурлануусу жогору объектти ченөө ар бир жүк орунунун үстүндө жүргүзүлөт.
Радиоактивдүү булак дал ушул жүк сыйымдуулугунда экенинин божомолу катары табылган объекттен анын туура өлчөмүнүн төртүнөн кем эмес же ага барабар алыстыкта аспаптын көрсөткүчүнүн төмөндөшү эсептелиши мүмкүн.
Эгер жүк сыйымдуулугу бир топ чоң болсо, табылган объекттин чегинде радиоактивдүү булакты максималдуу локалдаштыруу максатында жана анын үстүндө нейтрондордун агымынын жыштыгынын жана гамма-нурлануу дозасынын максималдуу кубаттуулугун аныктоо, ошондой эле радионуклиддердин альфа жана бета-нурлануусунун үстүртөн булгануусун аныктоо үчүн жогоруда сүрөттөлгөн схема боюнча кошумча ченөөлөр жүргүзүлөт.
Изилденип жаткан объекттеги нурлануунун булагы локалдаштырылгандан кийин андагы радиоактивдүү материалдардын алгачкы идентификациялоосу жүргүзүлөт. Адегенде, объекттин үстүндө нейтрондук нурлануу бар экени аныкталат (эгер локалдаштыруу гамма-нурлануу боюнча жүргүзүлсө). Ал үчүн гамма-нурлануу дозасынын абсолюттук максималдуу кубаттуулугунун чекитинде нейтрондордун агымынын жыштыгы ченелет. Эгер локалдаштыруу нейтрондук нурлануу боюнча жүргүзүлсө, анда анын абсолюттук максимум чекитинде гамма-нурлануунун дозасынын кубаттуулугу ченелет. Нейтрондук нурлануу бар экендигин (фондон 2-3 эсе жогору) изилденип жаткан объекттин курамында бөлүнүүчү материалдардын болушунун ыктымалдуулугу айгинелейт.
Объекттин үстүндө нейтрондордун туруктуу агымы жок болгон учурда, алып жүрүүчү гамма-спектрометр же спектрометрдик каналы бар радиометр болсо, таңгакты ачпай туруп объектти гамма-спектрометриялык изилдөө жүргүзүлөт. Датчик атайын штативде объекттин үстүнө гамма-нурлануу дозасынын абсолюттук максимум кубаттуулугунун чекитине карама-каршы же спектрометрдин нормалдуу иштөөсүн камсыз кылган аралыкта орнотулат. Нурлануунун интенсивдүүлүгүнө жана спектрометрдин сезгичтигине жараша спектрди кабьш алуу убагын тандоо радионуклидцерди ишеничтүү идентификациялоо үчүн жетиштүү статистикалык маалыматтарды алууну камсыз кылуусу керек.
Тереңдетилген радиациялык изилдөөнүн натыйжалары боюнча изилдөө өткөргөн ыйгарым укуктуу органдын кызматкери (кызматкерлери) ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык "Иондоштуруучу нурлануусунун деңгээли жогору болгон товарларды жана транспорт каражаттарын тереңдетилген радиациялык текшерүүдөн өткөрүү тууралуу корутунду" түзөт.
Экспертиза өткөрүүгө негиз болуп иондоштуруучу нурлануусунун деңгээли жогору болгон товарларды жана транспорт каражаттарын тереңдетилген радиациялык текшерүүдөн өткөрүү тууралуу корутундунун (3-тиркеме) негизинде бажы органынын ыйгарым укуктуу адам чыгарган товарларды жана транспорт каражаттарды экспертизадан өткөрүү тууралуу токтому эсептелет. Экспертиза Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 45-главасынын жоболоруна ылайык жана тереңдетилген радиациялык изилдөөнү өткөргөн ыйгарым укуктуу органдын адисинин (адистери) макулдашуулугу менен дайындалат.
Товарды экспертизага берүүдө аны ташуу радиациялык коопсуздук чараларын жана ченемдерин сактоо менен бажылык укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча бажы органынын бөлүгүнүн кызмат адамдарынын контролунда жүргүзүлөт.
Экспертизанын жыйынтыктары тийиштүү чечим кабыл алуу үчүн бажы органына жиберилет:
- товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы чек арасынан өткөрүү тууралуу;
- администрациялык өндүрүш же жазык ишин козгоо тууралуу.
3-тиркеме
Өткөрүлгөн жери: _________________________________________________
Өткөрүү датасы: "____" _______________ 20___-жыл
Өткөргөн адис (адистер) __________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу орган, аты-жөнү, кызматы)
Катышкан өкүл: ___________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(ташуучунун, алуучунун же жөнөтүүчүнүн аталышы жана дареги,
жеке адамдын, айдоочунун аты-жөнү, дареги)
дозиметриялык жана радиометриялык текшерүүлөр жүргүзүлгөндөр
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(товарлардын аталышы, транспорт каражатынын тиби
жана номери, жүк орундарынын саны)
Нурлануунун түрү _________________________________________________ _______________________________________________________________________
Текшерүү жүргүзүүдө колдонулган жабдуунун тиби
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(жабдуунун тиби жана аны текшерүү тууралуу маалыматтар)
Ченөөлөрдүн жыйынтыктары:
┌─────┬─────────────────────────────────┬─────────────────────────────┐
│Катар│ Изилдөө объекти │ Доза, мкЗв/саат │
│ № │ │ (мкр/саат) чоңдугу │
├─────┼─────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
├─────┼─────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
├─────┼─────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
├─────┼─────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
└─────┴─────────────────────────────────┴─────────────────────────────┘
АДИСТИН КОРУТУНДУСУ:
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ ___________________________________
_______________________________________________________________________
Адистин (адистердин) аты-жөнү жана колу __________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Эскертүү: адис корутундуга текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча товарларды, транспорт каражаттарын жана/же табылган радиоактивдүү материалдарды экспертизага жиберүү зарылдыгын (алардын жоктугун) көрсөтөт.