Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 617 токтому менен бекитилген
АИВ/ЖИКСке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Өлкөлүк координациялык комитет жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. АИВ/ЖИКС, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Өлкөлүк координациялык комитет (мындан ары - ӨКК) АИВ/ЖИКС, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча иш-чараларга тартылган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык, коммерциялык жана коммерциялык эмес, диний жана билим берүү уюмдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жарандык секторлордун, ошондой эле менчик түрүнө карабастан, юридикалык жактардын ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу жана координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлгөн өз ишмердигин коомдук башталыштарда жүргүзгөн улуттук координациялык кеңеш болуп саналат. 2. ӨКК өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. Кыргыз Республикасынын ӨКК ишмердүүлүгүн уюштуруу АИВ/ЖИКС, кургак учук жана безгек менен күрөшүү үчүн Глобалдык фонддун (мындан ары Глобалдык фонд) жана өнүктүрүү боюнча башка эл аралык өнөктөрдүн сунуштамаларына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Ишмердүүлүгүнүн максаты, милдеттери жана принциптери
3. Кызыкдар мамлекеттик органдардын, ошондой эле өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдардын АИВ/ЖИКС, кургак учук жана безгек менен күрөшүүдө техникалык жардам көрсөтүүчү эл аралык уюмдар менен ишти координациялоо маселелерин чечүүдө өз ара аракеттешүүнү камсыз кылуу ӨКК ишинин максаты болуп саналат. 4. ӨКК максатына жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди ишке ашырат: - жалпы координациялоону жана ЖИКС, кургак учук жана безгек боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук программаларын ишке ашыруу процессин башкарууну камсыз кылууну; - өлкөнүн артыкчылыктуу муктаждыктарынын негизинде Глобалдык фондго улуттук табыштамаларды даярдоо жана берүү ишин координациялоону; - Глобалдык фонддун гранттарын пайдаланышын, программаларды жана иш чараларды ишке ашыруу процессин жана алардын натыйжаларын көзөмөлгө алууну; - Глобалдык фонддон алынган жардам менен үч ооруга каршы (ЖИКС, кургак учук жана безгек) күрөшүү боюнча жана бардык программалардын алкагында алынган жардамдардын ортосундагы өз ара аракеттерди жана ырааттуулукту камсыз кылууну. 5. ӨКК төмөнкү принциптердин негизинде иштейт: - ишинин ачык-айкындыгы; - мамлекеттик жана мамлекеттик эмес секторлордун өнөктөштүгү; - анын ишине АИВ/ЖИКС, кургак учук же безгек менен жашаган же жабыркаган адамдардын катышуусу; - чечимдерди демократиялык негизде кабыл алуу (бардык секторлордун ж.б. өкүлдөрүнүн добуштарынын тең укуктуулугу); - Кыргыз Республикасында АИВ/ЖИКС, кургак учук жана безгектин туташ жайылышы менен күрөшүүдө бардык кызыкдар тараптардын кызматташтыгы жана өнөктөштүгү; - кызыкчылыктардын карама-каршылыгын болтурбоо.
3. Укуктар жана милдеттер
6. ӨКК төмөнкүлөргө укуктуу: - Глобалдык фонддун грантын негизги алуучунун функцияларын жүзөгө ашырууга жөндөмдүү бир же бир нече уюмдарды тандоого; - Глобалдык фонддон грант/каржылоо алууга билдирмелер боюнча чечим кабыл алууга; - негизги алуучулардын жана кошо алуучулардын ӨКК жана Глобалдык фонд тарабынан жактырылган иш чараларды аткарууларын жана программаларды ишке ашырууларын контролдоого; - иштеп чыккан "Көзөмөлгө алуу планына" ылайык өлкөдө Глобалдык фонддун бардык гранттарынын пайдаланылышын жана ишке ашырылып жаткан иш чаралардын жана программалардын ишке ашырылышын көзөмөлгө алууга; - гранттарды негизги алуучулардын жана кошо алуучулардын отчетторун үзгүлтүксүз жана зарыл болгондо кезексиз угууга; - Глобалдык фонддун жана башка эл аралык уюмдардын программаларын ишке ашыруу планына жана программалардын бөлүмчөлөрүн каржылоо артыкчылыгына өзгөртүүлөрдү сунуш кылууга; - негизги алуучуга гранттардын негизги кошо алуучуларын алмаштырууну сунуштоого; - Глобалдык фондго гранттардын негизги алуучуларын алмаштырууну сунуштоого; - Глобалдык фонддун гранттары жана бүткүл өлкөнүн аймагындагы башка булактар менен каржыланган үч оору боюнча ишке ашырылып жаткан программалардын жана долбоорлордун стратегиялык мониторингин жүргүзүүгө; - негизги алуучунун жана/же алуучулардын ишинин натыйжалуулугун кошо алганда, бул программалардын натыйжалуулугун баалоого; Глобалдык фонддон каржылоонун адегенде жактырылган эки жылдык мөөнөтү бүткөнгө чейин каржылоону улантуу жөнүндө табыштаманы кароого киргизүүгө; - Глобалдык фонд, саламаттыкты сактоо жана социалдык колдоо көрсөтүү жагындагы башка программалар тарабынан каржылануучу долбоорлордун ортосундагы байланышты жана ырааттуулукту камсыз кылууга; - ушул Жобого ылайык өзүнүн ички эрежесин жана жобосун иштеп чыгууга жана бекитүүгө; - эгерде өзгөрүлгөн шарттар жана муктаждыктар талап кылса, өлкөгө бөлүнгөн гранттардын алкагында финансылык каражаттарды кайра багыттоого жана кайра бөлүштүрүүгө. 7. ӨКК төмөнкүлөргө милдеттүү: - Глобалдык фонд жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөр тарабынан колдоого алынган программаларды иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда айкын өнөктөштүк мамилелердин принцибинде аракеттенүү жана чечимдерди кабыл алууда толук ачык айкын болууга; - бардык мүчөлөрдү чечимдерди кабыл алуу процессине катышуу жана өз пикирлерин айтуу укугуна ээ тең ата өнөктөштөр катары кароого; - көз карашын көрсөтүү жана алардын алдында отчет берүү үчүн, өздөрүнүн документтелген жана ачык жол-жоболорунун негизинде өздөрүнүн коомчулуктары тарабынан шайлануулары тийиш болгон мамлекеттик эмес сектордун өкүлдөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өкүлдөнгөн мамлекеттик өкүлдөрдү кошууга; - өлкөдөгү бардык кызыкдар тараптар менен байланышты кармоого, алардын ой-пикирлерин айтуу жана өз иштеринде алардын кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн, алардын атынан чыккан тараптар менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп турууга; - бардык тиешелүү кызыкдар тараптардын жумушка катышууларын жана бул процесстин коомчулук үчүн ачык айкындыгын камсыз кылууга, ошондой эле бардык кызыкдар тараптардын арасында Глобалдык фондго тийиштүү маалыматтарды таратууга (ӨКК тарабынан кабыл алынган билдирмелерди, чечимдерди кабыл алуу жөнүндө жарыяларды жана каржылоо алуу үчүн жактырылган долбоорлор боюнча кеңири маалыматтарды); - Глобалдык фонддун каражаттарынын үзүрлүү пайдаланылышы жөнүндө отчетторду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына берүүгө; - ӨКК иши үчүн ресурстарды мобилизациялоого.
4. ӨКК түзүмү
8. ӨКК жыйыны ӨКК жогорку органы болуп саналат. 9. ӨКК курамына мамлекеттик жана мамлекеттик эмес секторлордун өкүлдөрү кирет. Мамлекеттик сектордон: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары (макулдашуу боюнча), ЖИКС, кургак учук жана безгек менен күрөшүүгө тартылган аткаруу бийлигинин органдарынын, тармактык жогорку окуу жайлар жана менчиктин мамлекеттик түрүнө негизделген башка кызыкдар уюмдар. Мамлекеттик эмес сектордон - төмөнкүлөрдүн атынан чыгуучу ар кыл уюмдар: - аялдардын, жаштардын, азчылыктын, аз камсыз болгон топтордун кызыкчылыктарын; - диний уюмдар; - кесиптик жана академиялык ассоциациялар жана союздар; - АИВ/ЖИКС, кургак учук же безгек менен жашаган же жабыркаган адамдардын уюмдары жана бирикмелери; - жеке менчик коммерциялык уюмдар; - эл аралык өнөктөш агенттиктер; - Кыргыз Республикасында иштеп жаткан жана АИВ/ЖИКС, кургак учук жана безгек менен күрөшүүгө техникалык жардам көрсөткөн, саламаттык сактоонун башка чөйрөлөрүндө иштеп жаткан эл аралык өкмөттүк эмес уюмдар. 10. ӨКК ушул Жобонун негизинде шайланган мүчөлөрдөн - мамлекеттик жана мамлекеттик эмес секторлордун өкүлдөрүнөн, ошондой эле өз иштерин коомдук башталышта жүзөгө ашыруучу өнүгүү боюнча өнөктөштөрдөн турат. ӨКК 23 (жыйырма үч) мүчөдөн турат, шайлоо тартиби ушул Жобо менен аныкталат. 11. Мамлекеттик эмес сектордун өкүлдөрүнүн курамы ӨКК мүчөлөрүнүн жалпы санынын 40 пайыздан кем эмесин түзүшү керек. 12. ӨКК ар бир мүчөсүнүн өз альтернаты болот. Негизги өкүл болбогон учурда, ӨКК жыйындарында альтернат добуш берүү укугу менен катышат. Альтернат негизги мүчө болгон учурда ӨКК жыйынына добуш берүү укугу жок катыша алат. Альтернатты тандоонун тартиби ӨКК ички жоболору менен аныкталат. 13. ӨКК эки комитеттен турат: - Табыштамаларды даярдоо, ресурстарды мобилизациялоо, гармонизациялоо боюнча комитет; - Глобалдык фонддун гранттарынын каражаттарынын чыгымдалышына, программаларды жүзөгө ашырууга жана аларды жайылтуунун натыйжаларын өнүктүрүүгө көзөмөл жүргүзүү комитети. 14. ӨКК мүчөлөрүнүн башка комитеттерге катышуусу ӨКК жыйындарында аныкталат. 15. ӨКК аткаруу органы болуп Башкармалык саналат. 16. Башкармалыктын курамы: - Төрага; - Төраганын эки орун басары; - ӨКК комитеттеринин координаторлору. Төрага жана орун басарлар ар түрдүү секторлордон болуш керек. 17. Башкармалыктын Төрагасы жана орун басарлары кворум болгондо (ӨКК мүчөлөрүнүн жалпы санынын 50%дан көбү), ӨКК жыйналыштарында ачык добуш берүү жолу менен, жөнөкөй көпчүлүк добуш менен (катышкандардын санынан) эки жылдык мөөнөткө катары менен экиден көп эмес мөөнөткө шайланат. 18. Төраганын жана орун басарлардын кызматына көрсөтүүнүн тартиби ӨКК жыйындарында бекитилген ӨКК ички жоболорунда аныкталат. Төраганын жана анын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда алып салуу маселелери ӨКК жыйындарында бекитилген ички эрежелер менен аныкталат. 19. ӨКК Катчылыгы (мындан ары - Катчылык) ӨКК жумушчу органы болуп саналат. Катчылыкты конкурстук тандап алуу жолу менен башкармалык тарабынан дайындалган Жооптуу катчы башкарат. Конкурстук тандоону жүргүзүү тартиби ӨКК жыйналыштарында бекитилген ички жоболор менен аныкталат. Жооптуу катчы ӨКК алдында отчет берет. 20. Катчылык ӨКК тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарга ылайык өз алдынча башкаруу принциптеринде түзүлөт. 21. Катчылык ӨКК жыйындарында бекитилген ички жоболордун негизинде иш алып барат. 22. ӨКК жыйындарында ӨКК бюджети, чыгымдар сметасы, штаттык түзүмү, катчылыктын түзүмү жана функциялары бекитилет.
5. ӨКК жана анын органдарынын функциялары
23. ӨКК функциялары: - стратегияны биргелешип иштеп чыгууга ар кандай катышуучуларды (министрликтерди, коомчулукту ж.б.) тартып, Глобалдык фонддон каржылоо алууга бирдиктүү улуттук табыштама көрсөтүү боюнча ишти координациялоо; - программаны ишке ашырууга жетишпеген каржылоо көлөмүн аныктоо; - Глобалдык фонддун талаптарына ылайык ӨКК уюштуруу жана натыйжалуу иштетүү; - Глобалдык фонддун долбоорлорун үч оору боюнча программаларды ишке ашыруу алкактарында башка тиешелүү долбоорлор жана программалар менен эриш-аркак келтирүү; - Глобалдык фонддун грантынын аткарылышын көзөмөлдөө; - Глобалдык фонддун гранттарынын негизги алуучуларын тандоо; - АИВ/ЖИКС кургак учук жана безгек боюнча Глобалдык фондго табыштамаларды даярдоо жана берүү процессин башкаруу; - ички эрежелерди жана жол-жоболорду бекитүү; - ӨКК жыйындарынын документтерин жүргүзүү жана Глобалдык фонд менен ӨКК атынан чыгуучу секторлордун ортосунда маалыматтарды алмашуу. 24. ӨКК мүчөлөрүнүн укугу: - өз ой пикирин ачык билдирүү; - Башкармалыктын Төрагасынын жана орун басарларынын, тармактык комитеттердин координаторлорунун кызмат орундарына талапкерлерди сунуш кылуу, ошондой эле ушул кызмат орундарына өзүн талапкер катары көрсөтүү; - кызыкчылыктардын карама-каршылыктары болгон маселелерди кошпогондо, кандай гана маселелер боюнча болбосун, добуш берүүгө жана чечимдерди кабыл алууга катышуу; - ӨКК жыйындары жөнүндө өз убагында маалыматтарды алуу, ошондой эле ӨКК ишине жана ӨКК мүчөсү катары өзүнүн милдеттерин аткарууга байланышкан бардык материалдарды жана маалыматтарды алуу; - ӨКК мүчөлөрүнүн кимисинен гана болбосун кызыкчылыктарынын карама-каршылыктары жөнүндө билдирүү. ӨКК мүчөсүнүн укуктары альтернатка да колдонулат. 25. ӨКК мүчөлөрүнүн милдеттери: - ушул Жобонун, ӨКК ишин жөнгө салуучу башка документтердин талаптарын аткаруу; - ӨКК жыйындарына катышуу; - ӨКК ишине жана АИВ/ЖИКС, кургак учук жана безгектин өлкөдөгү эпидемиялык абалына байланыштуу документтерди иликтөө жана талдоо; - тармактык комитеттердин ишине катышуу; - чечимдерди кабыл алууга активдүү катышуу жана өз коомдоштугунун жана жалпы сектордун кызыкчылыгын коргоо максатында өзүнүн добуш берүү укугун пайдалануу; - ӨКК жыйындарынын чечимдерин урматтоо жана аткаруу; - өзүнүн же өз уюмунун ой пикирине карабастан, өзүнүн коомдоштугунун жана өз секторунун кызыкчылыгындагы ой пикирди билдирүү; - ӨКК иши жана чечимдери жөнүндө кабарландыруу жана кайтарылма байланышты камсыз кылуу максаттарында өз секторунун уюмдары жана өкүлдөрү же коомдоштугу менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүү; - өзүнүн кызыкчылыктарынын карама-каршылыктары жөнүндө ӨККга кабарлоо; - кызыкчылыктардын карама-каршылыктарын жөнгө салуу саясатын сактоо; - өзүнүн коомдоштугу, сектору алдында отчет берүү. ӨКК мүчөлөрүнүн милдеттери альтернаттарга да колдонулат. 26. Башкармалыктын функциялары: - тармактык комитеттердин жумуштарын координациялоо; - планга жана ӨКК мүчөлөрүнүн сунуштарына ылайык, ӨКК жыйындарынын күн тартибин бекитүү; - Глобалдык фонд менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу; - ӨКК жыйындарынын чечимдерине ылайык Катчылык үчүн тапшырмаларды аныктоо; - ӨКК кезексиз жыйындарын чакыруу; - конкурстук тандоо жолу менен Жооптуу катчыны дайындоо. 27. Башкармалыктын Төрагасынын милдеттери: - ӨКК жыйындарын чакыруу жана алып баруу; - башкарма мүчөлөрү жана өз орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүү; - ӨКК атынан кеңири коомчулуктун алдына чыгуу; - Катчылык үчүн тапшырмаларды аныктоо. 28. Башкармалыктын жыйындарында чечимдерди кабыл алуу процесси добуш берүү таризинде жүзөгө ашырылат. Добуш берүү ыкмасы (ачык же жабык) Башкармалыктын жыйынында аныкталат. Чечимдер кворум болгондо (башкармалыктын мүчөлөрүнүн жалпы санынын 50%дан көбү), добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү (катышкандардын саны) менен кабыл алынат. Төраганын орун басарларынын милдеттери Башкармалыктын Төрагасы тарабынан жана ӨКК жыйындарында бекитилген ички эрежелер менен аныкталат. 29. ӨКК тармактык Комитеттеринин функциялары: Көзөмөлгө алуу боюнча комитет төмөнкүлөрдү көзөмөлгө алат: - Глобалдык фонд тарабынан берилген гранттардын Негизги алуучулар тарабынан ишке ашырылышын; - Глобалдык фонддун гранттарын талаптагыдай жана өз убагында пайдаланууну, сатып алуулардын жүргүзүлүшүн; - программалардын натыйжалуу жүзөгө ашырылышын, гранттарды жана кошо алуучуларды натыйжалуу башкарууну; - гранттарды ишке ашыруунун натыйжаларын жана алардын таасирлерин; - үч оору боюнча программалардын ортосунда координациялоону, өз ара аракеттенүүнү, макулдашылгандыкты жана аларды каржылоо маселелерин. Табыштамаларды даярдоо, ресурстарды мобилизациялоо, гармонизациялоо боюнча комитет төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат: - ӨКК функцияларын жүзөгө ашыруучу ресурстарды кошо алганда, үч оору менен күрөшүү үчүн ресурстарды багыттоону; - Глобалдык фондго берүү үчүн табыштамаларды даярдоону; - үч оору боюнча өлкөдөгү программаларды жана долбоорлорду эриш-аркак келтирүүнү. 30. ӨКК иштеп жаткан комитеттердин курамында тармактык комитетчелерди түзөт, же болбосо аталышын жана функцияларды ӨКК эрежелерине ылайык алмаштыра алат. 31. ӨКК комитеттеринин координаторлорунун иш-милдеттери: - комитеттин иштерин координациялоо; - комитетчелерди жана техникалык топторду түзүү, зарыл болгондо комитеттин ишине эксперттерди тартуу; - комитеттин жумуш планын иштеп чыгуу; - Башкармалыктын ишине катышуу; - комитеттин жумушу, муктаждыктары жана ишинин натыйжалары жөнүндө ӨКК кабарландыруу.
6. ӨКК түзүү
32. ӨКК ушул Жобонун 8-пунктуна ылайык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес секторлордун өкүлчүлүгүнүн негизинде түзүлөт. 33. ӨКК курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бекитилет. ӨКК курамынын өздүк тизмеси секторлор тарабынан сунуш кылынган талапкерлердин негизинде ӨКК жыйынында бекитилет. 34. Мамлекеттик жана/же мамлекеттик эмес сектордун атынан чыккан жана ӨКК ишине катышуу үчүн өзүнүн өкүлүн көрсөткөн уюм төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек: - уюм өз иштерин Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырат; - уюмдун ишмердүүлүгү АИВ/ЖИКС, кургак учук же безгек маселелерине байланыштуу, уюм алар менен күрөшүүгө өз салымын кошот; - уюм мамлекеттин, сектордун же коомдоштуктун кызыкчылыктарын коргойт жана муну өзүнүн документтери менен ырастайт; зарыл болгон учурда ага ушундай ыйгарым укуктардын өкүлдөнгөнү (шайлоо өткөрүүнүн же дайындоонун негизинде) жөнүндө документтерди көрсөтөт; - уюм ушул Жобону жана башка ӨКК ички документтерин аткарууга милдеттенме алат. 35. ӨКК өзүнүн өкүлүн көрсөткөн, АИВ, кургак учук же безгек менен жашаган же жабыркаган адамдардын, жарандык коомдоштуктун атынан чыккан уюмду тандап алууда, ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын бүткүл аймактары боюнча жүзөгө ашырган уюмдарга артыкчылык берилет. 36. ӨКК мүчөлөрүнүн санын аныктоо жана секторлордун ортосунда квота бөлүштүрүү добуш берүү жолу менен ӨКК жыйындарында кабыл алынат жана ӨКК бардык мүчөлөрүнүн милдеттүү катышуусунда добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен бекитилет. Квоталардын санын аныктоо жана бөлүштүрүү бөлүгүндө ушул пунктта белгиленбеген маселелер ӨКК жыйналыштарында бекитилген ички эрежелер менен аныкталат. 37. Зарыл болгон учурда ӨКК мүчөлөрү ӨКК курамын мөөнөтүнөн мурда өзгөртүүнү демилгелей алышат. Курамды өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизүүнүн тартиби ӨКК ички жоболору менен аныкталат. 38. ӨКК мүчөлүгүнө талапкерлер өзүнүн сектору тарабынан шайланат же көрсөтүлөт. Шайлоо жана көрсөтүү жүрүмү бардык уюмдар үчүн ачык, айкын жана талаптагыдай документтештирилген болушу керек. 39. ӨКК иштеринде мамлекеттин, сектордун жана коомдоштуктун кызыкчылыктарын ошол сектор же коомдоштук, мамлекеттик орган тарабынан шайланган же көрсөтүлгөн өкүлдөр гана, же болбосо алардын альтернаттары коргой алышат. Уюмдун башка өкүлдөрү ӨКК ишинде сектордун же коомдоштуктун кызыкчылыктарын коргой албайт, алардын же альтернаттардын милдеттерин аткара албайт жана ӨКК жыйналыштарында добуш бере алышпайт. 40. Альтернаттардын тутуму коомдоштуктардын, алар ӨКК жыйналыштарында болбогон учурда, ӨКК мүчөлөрүн айкалыштыра ала турган мамлекеттик органдардын альтернативдик өкүлдөрүн шайлоону талаптайт. Альтернаттардын саны ӨКК мүчөлөрүнүн саны менен тең болуп саналат жана ӨКК орундардын тиешелүү квоталары менен аныкталат. ӨКК жыйналышында ӨКК анык мүчөсү болбогондо, альтернат ӨКК анык мүчөсүнүн атынан чечимдерди кабыл алууда тең укукка ээ болот. Өздөрүнүн альтернаттарын жумуш жана чечимдер жөнүндө кабарландыруу, зарыл болгон учурда өзүнүн катышуусун айкалыштырууну координациялоо ӨКК мүчөлөрүнүн милдети болуп саналат. Башкармалыктын Төрагасы жана төраганын орун басарлары кызматына шайланган ӨКК мүчөлөрүнүн альтернаттары өз секторлорунун атынан чыгууну уланта беришет, бирок алардын милдеттерин аткарууда төраганы жана төраганын орун басарларын айкалыштыра алышпайт. 41. ӨКК мүчөсү жана анын альтернаты ӨКК ишине катышуу үчүн 2 жылдык мөөнөткө шайланат/көрсөтүлөт. Бир эле өкүл кайталанган мөөнөткө 2 жолудан ашуун шайланышы мүмкүн эмес. 42. Өзүнүн милдеттерин аткара албаган, ушул Жобонун талаптарын аткарбаган ӨКК мүчөсү, же болбосо анын альтернаты мүчөлүктөн чыгарылышы мүмкүн. Чыгаруу жана ӨКК жаңы мүчөлөрүн кабыл алуу жол-жобосу ӨКК жыйындарында бекитилген ички эрежелер менен аныкталат. 43. ӨКК мүчөсү, же болбосо альтернаты анын курамынан өз ыктыяры менен чыга алат. Ушунун негизинде чыгаруу жана ӨКК жаңы мүчөлөрүн кабыл алуу ӨКК жыйындарында бекитилген ички эрежелер менен аныкталат. 44. ӨКК мүчөлөрүнүн курамы бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эсепке алуу менен түзүлөт.
7. ӨКК ишмердүүлүгү
45. ӨКК жыйыны кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда ӨКК кезексиз жыйыны өткөрүлүшү мүмкүн. ӨКК кезексиз жыйындары өзгөчө, кечиктирилгис жагдайларда анын ишинин маанилүү маселелери боюнча өткөрүлөт жана Башкармалыктын Төрагасы (орун басары) тарабынан же болбосо ӨКК мүчөлөрүнүн 20%дан кем эмесинин Катчылыкка кайрылуусу боюнча өткөрүлөт. ӨКК жыйынында Төрага болбогон учурда, анын функцияларын орун басарлардын бири жүзөгө ашырат. 46. Тармактык комитеттердин жана техникалык топтордун жыйыны иштеп чыккан ыкчам жумушчу планына ылайык, ошондой эле зарылдыкка жараша тармактык комитеттердин функционалдык тапшырмаларын аткаруу үчүн өткөрүлөт. Тармактык комитеттердин жыйыны кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. 47. ӨКК жыйындарында чечим кворум болгон учурда кабыл алынат. Мүчөлөрдүн көпчүлүгү катышканда, бирок 50% жана бир добуш болгон учурда кворум катары таанылат. Кворум эрежеси анык мүчөлөрдүн ордуна ӨКК жыйынына альтернаттар катышкан учурга да колдонулат. 48. ӨКК чечимдери бардык мүчөлөрдүн жалпы макулдугунун негизинде кабыл алат. ӨКК жыйынында макулдашууга келбеген учурда, чечим добуш берүү жолу менен (кворум болгондо жөнөкөй көпчүлүк менен) кабыл алынат же чечим кабыл алуу кийинки жыйынга которулат. 49. Тармактык комитеттер өз алдынча чечимдерди кабыл албайт, алар кароо жана чечимдерди кабыл алуу үчүн ӨКК жыйынына сунуштамаларды беришет. Тармактык комитеттер тарабынан чечимдерди кабыл алуу боюнча сунуштамаларды берүү тартиби жана тармактык комитеттердин өткөрүлгөн жыйындары жөнүндө отчеттуулук тартиби ӨКК ички эрежелер менен аныкталат. 50. ӨКК жыйынында чечим кабыл алуу процесси добуш берүү түрүндө жүзөгө ашырылат. Добуш берүү ыкмасы (ачык же жабык) жыйындын өзүндө аныкталат. Добуш берүүнү өткөрүү жол-жобосу жана тартиби ӨКК ички эрежелери жана жол-жоболору менен аныкталат. 51. Анык мүчөнү айкалыштырган учурда альтернаттар тең укуктуу добушка ээ болушат. Анык мүчө да, альтернат да болбогон учурда добуш берүү укугу эч кимге берилбейт. 52. ӨКК жыйынында добуш берүүнү өткөрүүдө "макул" жана "каршы" добуштардын саны тең болгон учурда, чечүүчү добуш укугу Башкармалыктын Төрагасында же эгерде Төрага болбогон учурда анын орун басарларында калат. 53. Эгерде негизги алуучу ӨКК мүчөсү болуп, кызыкчылыктардын карама-каршылыгы болсо, ал добуш берүүдө калыс болот, анын маселеси боюнча чечимдерди кабыл алууда ӨКК жыйынынан чыгып кетет. ӨКК мүчөсү болуп саналбаган негизги алуучу ӨКК жыйналыштарына чакыруу боюнча добуш берүүгө укугу жок катышат. 54. ӨКК бардык мүчөлөрү ӨКК жыйынын өткөрүү жөнүндө, анын өтөөрүнө он календарлык күн мурда кабарлайт жана таанышуу үчүн документтерди үч жумушчу күндөн кем эмес мезгилде алуулары керек. Альтернаттар да кабарландыруу жана документтердин көчүрмөлөрүн алууга тийиш. Кабарландырууларды жана тиешелүү документтерди таратуу үчүн жоопкерчиликти Катчылык тартат. 55. ӨКК иши боюнча бардык документтерди даярдоонун, таратуунун тартиби анын жыйындарында бекитилген ички жоболор менен аныкталат. 56. Башкармалык Катчылык аркылуу ӨКК жыйынына кошо алуучуларды жана/же техникалык эксперттерди добуш берүү укугусуз, байкоочулар катары чакыра алат. 57. ӨКК жыйындарына добуш берүү укугусуз, байкоочулар катары, секторлордун башка өкүлдөрү катыша алышат. 58. Байкоочулардын түрлөрү, алардын катышуусу жана ӨКК жыйынына чакыруу тартиби ӨКК ички эрежелер менен аныкталат. 59. Ушул бөлүмдө жөнгө салынбаган маселелер ӨКК ички эрежелери жана жол-жоболору менен жөнгө салынат.
|
|