Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-октябры № 621
Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи спорттук майданындагы жайларды жана спорт аянтчасын өткөрүп берүү жөнүндө
Дене тарбиянын жана спорттун материалдык-техникалык базасына колдоо көрсөтүү, Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи спорттук майданындагы жайларды сактоо жана андан ары пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетине Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 17 дарегиндеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи спорттук майданынын чыгыш трибунасынын астындагы жайларды жана спорт аянтчасын бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин балансына белгиленген тартипте өткөрүп берүү сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи спорттук майданынын чыгыш трибунасынын астындагы жайларды жана спорт аянтчасын кармоону жана эксплуатациялоону жыл сайын республикалык бюджетте каралуучу финансылык каражаттын чегинде ишке ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 490 "Спартак" стадионунун чакан спорттук аренасынын жайларын жана спорт аянтчасын өткөрүп берүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
|
|