Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы №680 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында АИВ/ЖИКС эпидемиясын жана анын социалдык-экономикалык залалдарын алдын алуу боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууну мониторингдөөнүн жана баалоонун мамлекеттик системасы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. МжБ мамлекеттик системасынын принциптери
3. МжБ мамлекеттик системасынын максаты
4. МжБ мамлекеттик системасынын милдеттери
5. МжБ боюнча мамлекеттик системанын катышуучуларынын ортосунда
функцияларды бөлүштүрүү
6. Маалымат топтоо
7. Каржылоо
1. Кыргыз Республикасында АИВ/ЖИКС эпидемиясын жана анын социалдык-экономикалык залалдарын алдын алуу боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууну мониторингдөөнүн жана баалоонун мамлекеттик системасы (мындан ары - МжБ мамлекеттик системасы) Кыргыз Республикасындагы АИВ/ЖИКСтин абалы жөнүндө маалыматтарды чогултуу, сактоо, талдоо жана АИВ оорусу жөнүндө абалды, ошондой эле Кыргыз Республикасында АИВ/ЖИКС боюнча жасалган иш-чаралар жөнүндө маалыматтарды жайылтат.
2. МжБ мамлекеттик системасын түзүү, башкаруу жана пайдалануу ишмердиги Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна, башка нормативдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдерге, макулдашууларга жана милдеттенмелерге, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
3. МжБ мамлекеттик системасын иштөө принциптери төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- бул ишмердикти камсыздоодогу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетектөөчү ролу;
- көп тармактуу мамилени сактоо, башкача айтканда бул иште мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын, ишмер коомчулуктун жана ошондой эле эл аралык уюмдардын катышуусун камсыздоо;
- бирдиктүү унифициалдык көрсөткүчтөрдү, ошондой эле маалыматтарды чогултууну методдорун жана аны анализдөөнү колдонуу, буга гендердик багыттар кирет.
4. МжБ мамлекеттик системасынын максаты АИВ эпидемиясы менен күрөшүү тармагында натыйжалуу мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу үчүн маалыматтарды алуу жана учурда жүргүзүлүп жаткан Мамлекеттик программанын аткарылышынын процессин жана натыйжаларын системалык көзөмөлдөө жолу менен жакшыртуу болуп саналат.
5. Мамлекеттик деңгээлде тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн АИВ инфекциясына жооп катары аткарылган иш чаралардын натыйжалуулугу жөнүндө маалыматтарды тутумдаш топтоо, сактоо, талдоо жана жайылтууну камсыздоо.
6. Белгиленген максаттарды ишке ашыруудагы жетишкендиктерди так аныктоо үчүн бирдиктүү базалык жалпы улуттук көрсөткүчтөрдү, башкаруу схемасын, изилдөөлөрдү жүргүзүү ыкмаларын, маалыматтарды чогултуунун жана берүүнүн жол-жоболорун киргизүү.
7. Иштерди координациялоо жана секторлор аралык катыштарды уюштуруу, ошондой эле МжБ системасынын керектөөлөрүнө ыңгайлашкан бирдиктүү эсепке алуу-отчет документтерин киргизүү жана пайдалануу.
8. АИВ/ЖИКС боюнча маалыматтарды топтоодо талдоодо, сактоодо жана жайылтууда иштеген адистердин квалификациясын дайыма жогорулатып туруу.
9. АИВ/ЖИКС боюнча мамлекеттик стратегияны тактоо жана анын аткарылыш процессин жакшыртуу үчүн маалыматтарды берүү.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 372 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык маанилүү жана өтө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча өлкөлүк көп секторалдык координациялык комитетин түзүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Өлкөлүк көп секторалдык координациялык комитет:
- Мамлекеттик Программанын аткарылышын контролдойт;
- МжБ боюнча мамлекеттик системасынын өнүгүү стратегиясын аныктайт;
- ар кыл менчиктик формадагы уюмдардын, эл аралык жана чет элдик уюмдардын МжБ боюнча мамлекеттик системанын тынымсыз жакшыртуу боюнча өз ара иш-аракеттерин координациялайт;
- баардык улуттук уюмдардын, ошондой эле донорлордун иш-аракеттерин бирдиктүү МжБ мамлекеттик системасын бекемдөөгө багыттайт;
- МжБ мамлекеттик системасын колдоо үчүн каражаттарды мобилизациялоону камсыздайт, аны менен катар АИВ/ЖИКС, кургак учук, безгек боюнча глобалдык фонддон каражат алуу үчүн табыштамаларды колдоо жолу менен;
- МжБнын мамлекеттик планын карап чыгат жана колдойт;
- БУУнун, башкы ассамблеясынын АИВ/ЖИКСке каршы күрөш боюнча декларациясынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу өлкөлүк отчету бекитет;
- мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын, жергиликтүү мамлекеттик администрацияны, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын, эл-аралык кызматташтык уюмдарды, мамлекеттик эмес тармак жана коомчулуктуу мамлекеттик программанын ошондой эле ЖИКС, кургак учук жана безгек боюнча глобалдык фонд тарабынан каржыланган долбоорлордун аткарылыш натыйжалары менен кабардар кылат;
- Мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруунун ведомстволук пландарынын аткарылышын көзөмөлдөйт;
- АИВ/ЖИКСке каршы күрөшүүдөгү ички жана тышкы каражат агымдарынан мониторинг системасынын функцияларын түзөт жана координациялайт;
- МжБ мамлекеттик системасынын кызматташтарынын өз ара аракеттери боюнча координациялоочу милдетти ӨККК жыйындарынын ортосундагы мезгилде ӨККК катчылыгына тапшырат.
11. ӨКККнин алдындагы мониторинг жана баалоо техникалык сектору (МжБ техникалык сектору) ӨКККнин улуттук кеңеш берүүчү - эксперттик органы болуп саналат, ал:
- МжБ боюнча мамлекеттик планды иштеп чыгат, ошондой эле башка нормативдик укуктук документтерди эксперттик жана жумушчу топтордун чегинде карап ӨККК жыйынында бекитүүгө киргизет;
- АИВге каршы күрөшүү боюнча улуттук саясатын оптималдоо үчүн МжБ мамлекеттик системасын жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизет;
- МжБнын ведомстволук пландарын бекитет жана алардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
- АИВ/ЖИКС боюнча долбоорлордун, программалардын аткарылышына көз карандысыз баа берүүнү өткөрүүнү демилгелейт жана катышат, анын ичинде Мамлекеттик программанын (ички жана тышкы) ишке ашуусуна баа берүүнү уюштурат;
- АИВ/ЖИКС тармактарында маалыматты топтоо, талдоо, сактоо жана жайылтуу боюнча аракеттерге тартылган адистерди окутуунун системасында мониторинг жасоого катышат.
- мамлекеттик заказдын чегинде АИВ проблемалары боюнча программалардын, долбоорлордун жана иш-чаралардын натыйжалуулугуна баалоо максатында артыкчылыктуу атайын сандык жана сапаттык изилдөөлөрдү жана сурамжылоолорду аныктайт.
12. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- ӨКККнин МжБ мамлекеттик жана ведомстволук системаларынын катышуучулары менен ыкчам өз ара аракеттерин камсыз кылат;
- КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык "СПИД" борборун жана башка мамлекеттик медициналык мекемелерде жетекчиликти ишмердүүлүк, материалдык камсыздоо жана каржылоо менен камсыз кылат;
- МжБ маселелери жана медициналык статистика боюнча нормативдик-укуктук базаны өз убагында жакшыртуу жолу менен МжБ боюнча мамлекеттик жана ведомстволук системалардын натыйжалуу иштешине шарт түзөт;
- саламаттык сактоо системасындагы МжБнын тапшырмаларын аткаруу үчүн зарыл болгон оптималдуу штаттык расписаниени иштеп чыгат жана бекитет;
- АИВ/ЖИКСти алдын алуу боюнча медициналык кызматчылардын квалификациясын системалык түрдө жогорулатууну жана МжБ боюнча программаларды тиешелүү түрдө техникалык жабдууну камсыз кылат;
- мониторинг жана баалоо жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошот;
- эпидемиялык көзөмөлдүн, дозордук эпидемиялык көзөмөлдүн жана клиникалык мониторингдин ишке ашырылышына жалпы жетекчиликти жана контролду камсыздайт;
- АИВге карата тестирлөө саясатынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана АРВ-терапиясын колдонууга мониторинг жүргүзүүнү жакшыртуу үчүн чараларды колдонот;
- МжБнын мамлекеттик жана ведомстволук системаларында заманбап маалыматтык технологияларын киргизүүнү жана колдонууну камсыз кылат.
13. КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык "СПИД" борборун (мындан ары - "СПИД" РБ) МжБ мамлекеттик системасын учурдагы иш аракеттерине түздөн-түз жооп бере турган негизги мекеме болуп саналат.
Республикалык "СПИД" борбору:
- МжБ мамлекеттик системасынын баардык катышуучуларынын ыкчам өз ара аракеттерине жооп берет;
- АИВ боюнча эпидемиялык кырдаал тууралуу маалыматтарды чогултуу, сактоо, талдоо жана жайылтуу иштерин аткарат;
- АИВ эпидемиясына каршы күрөшүү программаларын, долбоорлорун жана иш-чараларын аткаруу жыйынтыктары жөнүндө кызыктар тараптарды маалымдайт;
- АИВ/ЖИКС боюнча эпидемиялык көзөмөл жүргүзөт;
- аялуу топтор арасындагы АИВге кайгуул эпидемиялык көзөмөлдү (мындан ары - КЭК) уюштурат жана жүргүзөт;
- эпидемиялык көзөмөлдүн жана КЭКтин жыйынтыктарынын сапатына жана ишенимдүүлүгүнө контрол жасайт;
- изилдөөлөрдүн бекитилген регламентине ылайык атайын сандык жана сапаттык изилдөөлөрдү, сурамжылоолорду өткөрүүнү камсыздайт;
- клиникалык мониторинг менен бирге АРВ-терапиясын колдонуу натыйжаларына мониторинг жасайт;
- АИВ эпидемиясына каршы күрөш боюнча программалардын, долбоорлордун жана иш-чаралардын натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүүнүн ыкмаларын жана механизмдерин иштеп чыгат;
- улуттук долбоорлордун тизмесин, маалыматтарды чогултуунун ыкмаларын жана тартибин иштеп чыгат жана жакшыртат;
- АИВ проблемалары боюнча жыйынтыкталган жана аналитикалык отчетторду даярдайт;
- МжБнын түзгөн мониторинге арналган улуттук көрсөткүчтөрдү, КЭКтин жыйынтыктарын, каржылык сарптоолорду, изилдөөлөрдүн жана сурамжылоолордун жыйынтыктарын, АРВ-терапиясын колдонууну, техникалык жардам долбоорлорун, нормативдик жана методикалык документтерди камтып МжБ боюнча бирдиктүү улуттук маалымат базасын түзүү жана андан ары жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышат;
- АИВ эпидемиялык кырдаалы боюнча мониторингдин жыйынтыктары жана АИВ эпидемиясына каршы күрөшүү программаларын, долбоорлорун жана иш чараларын аткаруу тууралуу басылмаларды даярдап, басып чыгарып, ошондой эле электрондук жөнөтмөлөр аркылуу жайылтат;
- АИВ таралган деңгээлине баалоо жана божомолдорду түзүү үчүн атайын компьютердик программалардын пакетин колдонот;
- МжБ боюнча буйруктарды, методикалык сунуштамаларды жана пособияларды иштеп чыгарууну аткарат;
- мониторинг жана баалоо ведомстволук системаларын түзүүдө жана жакшыртууда көрсөткүчтөрдү аныктоо, маалымат топтоонун методологиясын жана тартибин камтып техникалык жана кеңеш берүүчүлүк көрсөтөт;
- Республикалык "СПИД" борборун курамдык бөлүмдөрүнүн облустук алдын алуу жана ЖИКСке каршы күрөшүү борборлорунун жана МжБ улуттук системасынын бардык катышуучуларынын ортосунда МжБ маселелери боюнча ыкчам өз ара кызматташууну камсыз кылган МжБ боюнча бөлүмдүн иш-аракеттерин уюштуруп, камсыздайт. Бул бөлүм МжБ боюнча бирдиктүү улуттук маалымат базасын жүргүзүүгө жана жыйынтыкталган отчету даярдоого түздөн-түз жооп берет.
14. КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык Медициналык-маалыматтык борбору (мындан ары - КР ССМ РММБ):
- МжБ ички ведомстволук системасынын баардык катышуучуларынын өз-ара ыкчам аракеттерине жооп берет;
- медициналык, статистикалык маалыматтарды топтоо, сактоо, изилдөө жана жайылтууга жооптуу болот, ал кан кызматы, наркология жана венералогия, санитардык эпидемиялык көзөмөл, жугуштуу оорулардын лабораториялык диагностикасын сапатын көзөмөлдөө, медициналык жол-жоболордун коопсуздугу жана башка баардык деңгээлдеги медициналык мекемелердин каттоо маалыматтарынын негизинде ишке ашырылат;
- медициналык мекемелер үчүн статистикалык отчеттуулуктун формаларын иштеп чыгат жана киргизет;
- медициналык статистика маалыматтарын топтоп, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине (мындан ары - КР УСК) жиберет;
- МжБнын улуттук планында көрсөтүлгөн медициналык каттоо маалыматтарын чогултуу үчүн статистикалык отчеттуулуктун жана эсептин аракеттеги формаларына толуктоолорду киргизет, ал Республикалык "СПИД" борборун демилгеси жана УСКнин макулдашуусу менен аткарылат;
- Республикалык "СПИД" борборун жана башка медициналык мекемелерден алынган АИВ боюнча маалыматтарды салыштырып текшерет;
- медициналык статистикалык маалыматтарды жарыялайт;
- МжБ боюнча бирдиктүү улуттук базанын маалыматтарын алууда толук мүмкүнчүлүктөргө ээ жана аны толуктоо үчүн зарыл болгон медициналык статистикалык маалыматтарды берип турат.
15. Кыргыз мамлекеттик кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо медициналык институту (КМКДжДМИ);
- адистерди медициналык билиминен кийин мониторинг жана баалоо боюнча окутууну камсыздайт;
- МжБ боюнча окуу программаларынын аракеттеги мамлекеттик нормативдик укуктук документтерге жана эл аралык сунуштамаларга дал келүүчүлүгүнө кепилдик берет.
16. Мамлекеттик органдар жана өзүнчө уюмдар АИВ/ЖИКС боюнча мамлекеттик программасына ылайык:
- алардын тармактарына тиешелүү жана МжБ улуттук планында аныкталган улуттук индикаторлор боюнча маалыматтарды топтоого жана мамлекеттик программаларды аткарууга кошкон салымы жөнүндө жыл сайын отчет берүүгө жооптуу;
- ведомстволук көрсөткүчтөрдү иштеп чыгып мамлекеттик планды ишке ашыруунун ведомстволук пландарынын аткарылышына мониторинг жана баалоо жүргүзөт;
- берилген статистикалык маалыматтардын сапатын контролдойт;
- статистикалык отчеттуулуктун формаларын иштеп чыгып киргизүүнү камсыз кылат, ал Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун ведомстволук пландарына жана анын мониторингине ылайык аткарылат;
- өз ведомстволорунда МжБ боюнча окуу, билим берүү программаларын иштеп чыгып ишке ашырат.
17. Эл аралык техникалык агенттиктер жана донордук уюмдар:
- МжБ мамлекеттик системасына аны менен бирге МжБ улуттук планына ылайык маалымат чогултууга техникалык көмөк көрсөтөт;
- МжБ адистерди улуттук деңгээлде даярдоого көмөктөшөт;
- Мамлекеттик программанын жүзөгө ашырылышына тышкы жана ички баалоо жүргүзүүгө көмөктөшөт;
- улуттук индикаторлор жана АИВ/ЖИКС тармагында жүргүзүлгөн иликтөөлөр боюнча маалыматтарды берет.
18. Улуттук статистика комитети (мындан ары - УСК):
- социалдык, укуктук, каржылык жана башка медициналык эмес улуттук көрсөткүчтөр боюнча маалыматтарды топтоону камсыз кылат;
- КР Саламаттык сактоо министрлигине көз каранды эмес ведомстволук медициналык мекемелерден АИВ/ЖИКС жана алар менен байланыштуу маселелер боюнча медициналык маалыматтарды топтойт;
- КР Саламаттык сактоо министрлигинен жана башка министрликтер ведомстволордон алынган маалыматтарды салыштырып текшерет;
- белгиленген тартипте мамлекеттик, жарандык жана жеке кошумча керектүү статистикалык маалыматтарды, ал мамлекеттик программаны ишке ашыруунун мониторинг жана баалоо пландарына ылайык аткарылат жана жалпыланган маалыматтарды ӨККК катчылыгына жиберет;
- ӨККК жана анын курамдык бөлүктөрүнүн (катчылыгы, МжБ боюнча техникалык тармак) талап кылуусу боюнча АИВ/ЖИКС боюнча иликтөөлөрдүн сапатына көз карандысыз техникалык экспертиза жүргүзөт. Анын максаты улуттук индикаторлорду эсептөөгө топтолгон маалыматтарды колдонуу үчүн ишенимдүүлүктү жана методологияларды унификациялоону камсыздоо;
- мамлекеттик жана ведомстволук статистикалык эсепке алуу-отчет формаларды МжБнын мамлекеттик жана ведомстволук системасынын керектөөлөрүнө ылайык бекитет.
19. Аймактык көп тармактуу координациялык комитет (мындан ары АККК):
- МжБ мамлекеттик системасынын максаттарын жана тапшырмаларын аткаруу боюнча аймактык деңгээлде жалпы пландарды аныктайт;
- ӨКККнын МжБ боюнча чечимдерин жана сунуштоолорун аткарууну аймактык деңгээлде координациялайт;
- ЖИКСти алдын алуу жана күрөшүү боюнча облустун борборлору менен кызматташтыкта АККК пландарын ишке ашыруунун жана аткаруунун жыйынтыктарын баалоону жүргүзөт;
- МжБ натыйжаларын аймактык деңгээлдеги башкаруучулук чечимдерин кабыл алууда пайдаланат;
- өз жыйындарында мамлекеттик, мамлекеттик эмес жана жеке тармактардын мамлекеттик программаны аймактык деңгээлде ишке ашырууга кошкон салымдары боюнча отчетторун карап чыгышат;
- долбоорлорду/программаларды жүзөгө ашыруунун чегинде статистикалык маалыматтарды топтоону жана МжБ мамлекеттик системанын бардык катышуучуларынын ортосунда алмашууну аймактык деңгээлде координациялайт.
20. ЖИКСти алдын-алуу жана күрөшүү боюнча облустук борбор (мындан ары - АЖКОБ):
- эпидемиялык жана кайгуул эпидемиялык көзөмөлдүн облустук, райондук жана шаардык деңгээлде жүргүзүлүшүнө жооптуу;
- мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруунун аймактык планына мониторинг жасоо жана баалоо боюнча эксперттик колдоо көрсөтөт;
- МжБ Улуттук планына ылайык аймактык деңгээлде (облус, район, шаар) маалымат топтоого жооп берет;
- аймактык деңгээлде абал боюнча кошумча маалымат алуу үчүн өз облустарында атайын жана суроо түрүндөгү зарыл болгон изилдөөлөрдү өткөрүүдө башка мекемелерге методикалык жардам көрсөтөт, аларга демилге кылат.
21. Шаарлардын мэриялары, райондук администрациялар, мамлекеттик программанын аймактык пландарына ылайык тиешелүү аймактык деңгээлде АИВге каршы күрөшүү чараларынын аткарылышын координациялайт жана мониторинг жүргүзөт.
22. Коммерциялык эмес уюмдар (мындан ары - КЭУ):
- калктын аялуу топторунун арасында алдын-алуу иш-чараларын өткөрөт;
- Мамлекеттик программанын тапшырмалары ишке ашырылганда жана каржылык каражаттарды жумшоонун натыйжалуулугуна коомдук контролду камсыз кылат;
- ишке ашырылып жаткан долбоорлорго донорлордун жана мамлекеттик МжБ системасынын сунуштоолору менен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү камсыздайт. МжБ боюнча отчетторду өз убактысында регулярдуу түрдө Республикалык "СПИД" борборуна жана УСКга берип турат;
- КЭУ кызматкерлеринин МжБ маселелери боюнча квалификациясын жогорулатууга шарт түзөт.
23. Облустук, райондук жана шаардык мамлекеттик статистикалык бөлүмдөр: АИВ/ЖИКС боюнча медициналык эмес статистикалык маалыматтарды облустун, райондун, шаардын деңгээлинде топтоону аткарат.
24. Мамлекеттик МжБ системасы үчүн улуттук көрсөткүчтөрдүн негизинде маалымат топтоо АИВге эпидемиялык көзөмөл жүргүзүү, социалдык, атайын изилдөөлөрдүн жана сурамжылоолордун программалык жана каржылык башкарууга мониторинг жүргүзүү, медициналык жана социалдык маалыматтарды каттоо жолу менен ишке ашырылат.
25. Мамлекеттик, мамлекеттик эмес жана жеке уюмдар, эл аралык уюмдар менен донорлор Мамлекеттик программанын чегинде аткарылган иш-чаралар жөнүндө маалымат беришет. Эл аралык донорлор өз программаларын ушул Жобонун талаптарын сактоо менен аткарышат.
26. Улуттук көрсөткүчтөр тизмеси, маалымат берүү агымы, пландаштырылган натыйжалар, жооптуу уюмдар, маалымат топтоонун мезгилдүүлүгү жана жыйынтыктарды таратуу тартиби мониторинг жана баалоо планы менен аныкталат. Мониторинг жана баалоо планы КРнын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Андан кийин мониторинг жана баалоо планы Кыргыз Республикасынын АИВ/ЖИКС боюнча кезектеги мамлекеттик программаны даярдоо менен бирге иштелет жана анын курамдык бөлүгү болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги эки жылда кеминде бир жолу мониторинг жана баалоо планына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн карап чыгуу демилгесин көтөрөт.
27. Маалыматтарды топтоо жана көрсөткүчтөрдү эсептөө методологиясы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аныкталат.
28. МжБ боюнча бирдиктүү улуттук маалымат базасы Республикалык "СПИД" борборунда жайгашкан. Маалыматтар толук бойдон ӨККК катчылыгына берилет. Ал бирдиктүү Улуттук маалымат базасындагы маалыматтарды бардык пайдалануучуларга кайтарымсыз негизде берет. МжБ мамлекеттик системасынын документтери Республикалык "СПИД" борборунун документтери менен иштөө тартибинин талаптарына ылайык түзүлөт жана сакталат.
29. КР УСК башка министрликтерден, ведомстволордон, өкмөттүк эмес жана жеке тармактардан ошондой эле КРда катталган эл аралык жана чет элдик уюмдардан ишенимдүү маалыматтарды топтоону камсыз кылат.
30. МжБ мамлекеттик системасынын чегиндеги иштерди каржылоо МжБны колдоо үчүн жана бул программа боюнча иштерди аткарууга Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджетинен бөлүнгөн каражаттардын, ошондой эле эл аралык донор уюмдары аркылуу бөлүнгөн гранттардын эсебинен жүргүзүлөт.
31. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги МжБ мамлекеттик системасынын жана МжБ боюнча пландын аткарылышын каржылоодогу муктаждыктарды аныктайт. Болгон ажырымдарды жоюу үчүн каржылоонун булактарын сунуш кылып тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн ӨКККга баяндама кылат. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ӨККК катчылыгы катары МжБнын керектөөлөрүнө каражаттарды тартуу боюнча донордук уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана улуттук уюмдарга тиешелүү табыштаманы жана долбоорлорду даярдоодо жардам көрсөтөт.
32. Ведомстволук программаларды жана пландарды ишке ашыруу иш-чараларды өткөрүүгө министрликтер жана ведомстволор тарабынан бөлүнгөн жана мыйзам тарабынан тыюу салынбаган башка тартылган каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
33. МжБ мамлекеттик системасынын ишин жүргүзүү үчүн эл аралык донорлордон алынган жабдуулар башка максаттарда колдонулбайт.