Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 7-октябры № 624
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-глава
Жалпы жоболор 1-берене. Бул мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр:
Бул мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары- МЖӨ) - бар же жаңы түзүлүп жаткан инфраструктуралык объекттерди түзүүгө, реконструкциялоого жана башкарууга мамлекеттик өнөк тарабынан жеке өнөктү тартуу маселелери боюнча мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн өз ара узак мөөнөттүү (беш жылдан он жылга чейин) кызматташуусу;
мамлекеттик кепилдиктер - мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунда ишке ашырылып жаткан инвестицияларды коргоо максатында жеке өнөктөргө жана долбоордук компанияларга мамлекет тарабынан берилүүчү кепилдик;
мамлекеттик колдоо - МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруунун жагымдуу жана өз ара пайдалуу шарттарын түзүүгө багытталган мамлекеттик финансылык жана/же экономикалык колдоо жана МЖӨ тууралуу макулдашуу боюнча мамлекеттик өнөктөрдүн милдеттенмелерин камсыздоо;
тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган - жагымсыз натыйжалар пайда болуусун азайтууга багытталган иш-аракеттерди жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
мамлекеттик өнөк - аткаруучу бийликтин мамлекеттик органы же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы;
инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөр- инфраструктуралык объектти колдонуу менен долбоордук компания жүргүзүүчү жана көрсөтүүчү жумуштар жана/же кызматтар;
инфраструктуралык объект - мамлекеттик өнөктүн менчигинде турган жана/же мамлекеттик өнөктүн менчигине бериле турган жана инфраструктуралык кызматтар көрсөтүү максатында колдонулуучу социалдык же өндүрүштүк маанидеги мүлк же мүлк комплекси;
конкурс - МЖӨ долбооруна катышуу үчүн жеке өнөктү тандоо боюнча квалификациялоонун алдындагы жана тендерден, тандоодон турган эки этаптуу процесс;
жеке өнөктөр бирикмеси - жеке өнөктү тандоо процессине катышууга биргелешкен сунуш берген эки же андан көп жеке өнөктөр;
долбоорго карата минималдуу талаптар - МЖӨнүн долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, МЖӨнүн долбоорун демилгелөө тууралуу же МЖӨ тууралуу сунуштарды даярдоо учурунда мамлекеттик өнөк тарабынан иштелип чыгуучу техникалык, эксплуатациялык, коммерциялык жана башка мүнөздөгү минималдуу милдеттүү талаптар;
МЖӨнүн долбоору - колдо болгон жана же жаңыдан түзүлүүчү инфраструктуралык объекттерди долбоорлоого, курууга, калыбына келтирүүгө, реконструкциялоого жана башкарууга карата мамлекеттик өнөк тарабынан жеке өнөктү тартуу боюнча макулдашуу менен жөнгө салынган өз ара мамилелердин комплекси;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары-Өкмөт) тарабынан бекитилүүчү долбоор - өкмөт тарабынан белгиленген инвестициялардын өлчөмү долбоордун минималдуу талап кылынган инвестициялардын өлчөмүнөн ашып кеткендигине байланыштуу Өкмөттүн жактыруусун талап кылуучу МЖӨ долбоору;
долбоордук компания - МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн багытталган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн коммерциялык юридикалык жак;
МЖӨ тууралуу макулдашуу - мамлекеттик өнөк, жеке өнөк жана долбоордук компаниялардын ортосундагы тараптардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктоочу МЖӨнүн долбоорун ишке ашыруунун башка шарттарын аныктаган жазуу жүзүндөгү келишим;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү негизги максаты болуп саналган, Өкмөт тарабынан аныкталуучу орган;
МЖӨнүн долбоорунун стадиялары - МЖӨнүн долбоорун даярдоо, жеке өнөктү тандап алуу жана МЖӨнүн долбоорун ишке ашыруу;
ТЭН же техникалык-экономикалык негиздеме - МЖӨнүн долбоорлоруна техникалык, финансылык, экономикалык, юридикалык жана экологиялык жактан баалоону жүргүзүү, анын негизги тобокелдиктерин жана иштеп кетүү жөндөмдүүлүгүн баалоо;
жеке өнөк - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча катталган юридикалык жак, мында мүлктөгү мамлекеттик же муниципалдык үлүш 30% дан ашпайт, же чет өлкөнүн мыйзамдары боюнча катталган юридикалык жактардын бирикмеси;
финансы мекемеси - Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин мыйзамдары боюнча катталган банк жана башка финансылык кредиттик мекемелер.
2-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
МЖӨ Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, ушул Мыйзамдын негизинде кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
3-берене. МЖӨнү колдонуу
МЖӨ калктын жана юридикалык жактардын кеңири катмары колдоно турган инфраструктуралык объекттерге жана инфраструктуралык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө колдонулат.
4-берене. МЖӨнүн принциптери
Кыргыз Республикасында МЖӨ төмөнкү принциптерге негизделет жана жүргүзүлөт:
- мыйзамдуулук - МЖӨ долбоорлорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашыруу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн бардык катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо;
- адилеттүүлүк тендердин бардык катышуучуларына бирдей мамиле кылуу; жеке өнөктү тандоодогу объективдүүлүк жана күн мурун жаман пикирден болбоочулук; мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн ортосундагы ак ниет жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты; ыйгарым укуктарды, жоопкерчиликти жана тобокелдиктерди макулдашып бөлүштүрүү; мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн мыйзам алдында теңдештиги;
- ачык-айкындуулук - мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн бардык стадияларында жеке өнөктөрдүн жана коомчулуктун маалыматка жетишүүсү;
- атаандаштык - конкурска катышуу үчүн кандайдыр-бир басмырлаган чектөөлөрдүн жок болушу;
- келишим эркиндиги - ушул Мыйзамда белгиленген тараптардын укуктарына жана милдеттерине кошумча, МЖӨ тууралуу макулдашуунун тараптарынын укуктарын жана милдеттерин мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн эркинин тандоо укугу;
- экологиялуулук - айлана-чөйрөнү коргоонун талаптарын эске алуу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун ишке ашыруу.
5-берене. Мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн ортосунда тобокелдиктерди бөлүштүрүү
1. Мамлекеттик жана жеке өнөктөр ортосунда тобокелдиктерди бөлүштүрүү МЖӨнүн долбоорлорунун негизги шарты болуп саналат.
2. Негизги тобокелдиктердин тизмеси жана аларды бөлүштүрүүнүн тартиби мамлекеттик өнөк тарабынан МЖӨнүн долбоорун даярдоо процессинде иштелип чыгат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана тобокелдикти башкаруу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылат. Кошумча тобокелдиктер МЖӨ тууралуу макулдашуунун тараптары тарабынан аныкталышы мүмкүн.
6-берене. МЖӨнүн долбоорлоруна жеке өнөктөрдүн катышуу формалары
1. МЖӨнүн долбоорлоруна жеке өнөктүн катышуусу инфраструктуралык объекттин түрлөрүнө, анын тармактык таандыгына, МЖӨнүн долбоорунун максатына жана МЖӨ тууралуу макулдашуунун тараптарынын макулдуктарына жараша ар кандай формада болушу мүмкүн.
2. МЖӨнүн долбоорлоруна жеке өнөктүн катышуусунун негизги формалары төмөнкүлөр:
1) Куруу жана өткөрүп берүү - жеке өнөк инфраструктуралык объекттин каржылоону жана курууну камсыздоону ишке ашырат жана курулуш иштери бүткөндөн соң аталган инфраструктуралык объектти мамлекеттик өнөккө өткөрүп берет. Мамлекеттик өнөк МЖӨ тууралуу макулдашууда белгиленген убакыт ичинде жеке өнөктүн инфраструктуралык объекттин курулушуна сарптаган чыгымдарын төлөп берет.
2) Куруу, ижарага берүү (алуу) жана өткөрүп берүү - жеке өнөк мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инфраструктуралык объекттин каржылоону жана курууну ишке ашырат жана ал инфраструктуралык объектти аныкталган убакытка ижарага алуу укугун сактап калуу менен инфраструктуралык объектти мамлекеттик өнөккө өткөрүп берет, ал убакыт бүткөндөн кийин инфраструктуралык объектке болгон укугу автоматтык түрдө мамлекеттик өнөккө өтөт.
3) Куруу, пайдалануу жана өткөрүп берүү - жеке өнөк инфраструктуралык объектти каржылоону жана курууну, андан ары - аны пайдаланууну жана кармап турууну ишке ашырат. Жеке өнөк МЖӨ тууралуу макулдашууда белгиленген убакыт ичинде инфраструктуралык объектти пайдаланат, ал убакыт аралыгында жеке өнөк ушул объектинин кызматтары үчүн керектөөчүлөрдөн акы алууга укуктуу. Бул акынын өлчөмү жеке өнөктү тандоого катышкан жеке өнөктүн билдирмесиндеги көрсөтүлгөн, же МЖӨ тууралуу макулдашууда аныкталган өлчөмүнөн ашпайт. Акы алуу жеке өнөктүн инфраструктуралык объектти курууга, пайдаланууга жана кармап турууга кеткен чыгымдарынын ордун толтуруу максатында ишке ашырылат. Жеке өнөк МЖӨ тууралуу макулдашууда белгиленген убакытта бүткөрүлгөн инфраструктуралык объектти мамлекеттик өнөккө өткөрүп берет.
4) Куруу, ээ болуу жана пайдалануу - жеке өнөк инфраструктуралык объектти каржылоону, курууну, ээ болууну, пайдаланууну жана инфраструктуралык объектини кармап турууну ишке ашырат. Жеке өнөк акыркы керектөөчүлөрдөн тийиштүү акы алуу аркылуу өзүнүн каржылоого, пайдаланууга жана объектини кармап турууга кеткен чыгымдарынын ордун толтуруп алууга укуктуу. Бул акынын өлчөмү жеке өнөктү тандоого катышкан жеке өнөктүн билдирмесиндеги көрсөтүлгөн, же МЖӨ тууралуу макулдашууда аныкталган өлчөмүнөн ашпайт. Жеке өнөк МЖӨнүн долбоорлоруна катышуусунун бул формасында, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса объектини мамлекеттик өнөккө өткөрүп берүү каралбайт.
5) Куруу, ээ болуу, пайдалануу жана өткөрүп берүү - жеке өнөк инфраструктуралык объектти каржылоону жана курууну, андан ары - аны пайдаланууну жана макулдашуунун мөөнөтү бүткөндөн кийин жеке өнөк объектти мамлекеттик өнөккө өткөрүп берүүнү ишке ашырат. Жеке өнөк МЖӨ тууралуу макулдашууда белгиленген убакыт ичинде инфраструктуралык объектти пайдаланат, ал убакыт аралыгында жеке өнөк ушул объектинин кызматтары үчүн керектөөчүлөрдөн акы алууга укуктуу. Бул акынын өлчөмү жеке өнөктү тандоого катышкан жеке өнөктүн билдирмесиндеги көрсөтүлгөн, же МЖӨ тууралуу макулдашууда аныкталган өлчөмүнөн ашпайт. Акы алуу жеке өнөктүн инфраструктуралык объектти курууга, пайдаланууга жана кармап турууга кеткен чыгымдарынын ордун толтуруу максатында ишке ашырылат. Жеке өнөк МЖӨ тууралуу макулдашууда белгиленген убакытта бүткөрүлгөн инфраструктуралык объектти мамлекеттик өнөккө өткөрүп берет;
6) Куруу, өткөрүп берүү жана пайдалануу - мамлекеттик өнөк инфраструктуралык объектти жеке өнөккө өткөрүп берет, ал муну менен байланышкан тобокелдиктердин мүмкүн болгон чыгымдардын каражаттарынын ашыкча чыгымын өзүнө алуу менен анын курулушун курууну ишке ашырат. Мамлекеттик өнөк инфраструктуралык объектти расмий түрдө кабыл алгандан кийин ага болгон менчик укугу мамлекеттик өнөккө өтөт, мында жеке өнөк мамлекеттик өнөктүн атынан аны пайдаланат.
7) Кеңейтүү жана пайдалануу тууралуу макулдашуу - жеке өнөк мамлекеттик өнөктөн ижарага алган иштеп жаткан инфраструктуралык объектти кеңейте алат. Жеке өнөк МЖӨ тууралуу макулдашууда белгиленген убакыт ичинде инфраструктуралык объектти пайдаланууну ишке ашырат, убакыт бүткөндөн кийин аны мамлекеттик өнөккө өткөрүп берет.
8) Реконструкциялоо, пайдалануу жана өткөрүп берүү - мамлекеттик өнөк колдо болгон инфраструктуралык объектти МЖӨ тууралуу макулдашууда аныкталган убакыт ичинде жаңы технологияларды киргизүү, өндүрүштү механизациялоо жана автоматташтыруу, эскилиги жеткен жабдууларды жаңы өзгөчө өндүрүмдүү жабдууларга модернизациялоо жана алмаштыруунун негизинде объектини кайра өзгөртүп куруу боюнча иш-чараларды жүргүзөт. МЖӨ тууралуу макулдашууда белгиленген убакыт ичинде жеке өнөк көрсөтүлүүчү инфраструктуралык кызматтар үчүн акы жыйноого укуктуу. МЖӨ тууралуу макулдашуунун мөөнөтү бүткөндөн кийин объект мамлекеттик өнөккө өткөрүлүп берилет.
9) Реконструкциялоо, ээ болуу жана пайдалануу - мамлекеттик өнөк колдо болгон инфраструктуралык объектти аны жаңыртуу, пайдалануу жана кармоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн, инфраструктуралык объектиге ээ болууга жеке өнөктүн укугун чектөөчү убакытты чектебестен өткөрүп берет. Жеке өнөк инфраструктуралык объектини пайдаланууга жана макулдашуунун шарттарын сактаганга чейин чектелбеген убакыт ичинде көрсөтүлгөн кызматтар үчүн керектөөчүлөрдөн акы алууга укуктуу.
3. МЖӨ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ар кандай формада ишке ашырылышы мүмкүн.
7-берене. Жеке өнөктөр бирикмелери
1. Жеке өнөктөр бирикмелери жеке өнөктөр менен катар эле жеке өнөктү тандап алуу жол-жоболоруна катышууга укуктуу.
2. Бирикмелердин мүчөсү түздөн-түз же ортомчу аркылуу бир бирикменин гана катышуучусу боло алат. Бул шартты бузуу жеке өнөктөштү тандап алуунун жол-жоболорунда бирикменин сунушунан баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
3. Бирикмелердин квалификациялык маалыматтарын кароодо мамлекеттик өнөк бирикменин квалификациялык маалыматтарын жыйындысын, ошондой эле бирикменин катышуучусунун ар биринин маалыматтын эске алат.
2-глава
Мамлекеттик жөнгө салуу
8-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө иштеген ыйгарым укуктуу органдар
МЖӨ чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болуп төмөнкүлөр саналат:
- Өкмөт;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- тобокелдикти башкаруу боюнча мамлекеттик орган;
- мамлекеттик өнөктөштөр.
9-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары
Өкмөттүн МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын жана программаларын ишке ашыруу жана координациялоо;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды жана тобокелдикти башкаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органды аныктоо;
- ушул Мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу жана бир түрдүү колдонуу үчүн зарыл болгон МЖӨнүн стадияларын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;
- Өкмөттүн жактыруусун талап кылган долбоорлор боюнча МЖӨнүн долбоорун жана тендердик документтерди демилгелөө тууралуу мамлекеттик өнөк берген сунуштарды бекитүү.
10-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын жана программаларын ишке ашыруу;
- МЖӨ тууралуу программалардын жана мамлекеттик саясатты аткаруунун маселелери боюнча бардык кызыкдар жактарга түшүндүрмөлөрдү берүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коммерциялык жашыруун сыр болуп саналбаган МЖӨнүн долбоорлорун даярдоого жана ишке ашырууга тиешелүү болгон бардык маселелер боюнча коомчулукка маалымдоо;
- Кыргыз Республикасында ишке ашырылуучу МЖӨнүн долбоорлорунун тизмесин жүргүзүү.
11-берене. Тобокелдикти башкаруу боюнча мамлекеттик органдын компетенциясы
Тобокелдикти башкаруу боюнча мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү тобокелдиктер тизмесин түзүү жана аларды мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн ортосунда бөлүштүрүү тартибин аныктоо;
2) МЖӨнүн долбоорлорун, мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүүнү камтыган МЖӨ тууралуу тендердик документацияны жана макулдашууларды макулдашуу.
12-берене. Мамлекеттик өнөктүн компетенциясы
Мамлекеттик өнөктүн компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) МЖӨ долбоорун даярдоо;
2) конкурс өткөрүү;
3) МЖӨ долбоорлорунун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо.
3-глава
Мамлекеттик колдоо
13-берене. Мамлекеттик финансылык колдоо
1. МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу максатында мамлекеттик өнөк жеке өнөккө жана/же долбоордук компанияга мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүүгө же көмөктөшүүгө укуктуу.
2. Мамлекеттик финансылык колдоо мамлекеттик өнөктүн, атайын каражаттарынын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен берилиши мүмкүн.
3. Мамлекеттик финансылык колдоо жеке өнөккө жана/же долбоордук компанияга төмөнкү түрдө көрсөтүлүшү мүмкүн:
1) жеңилдетилген шарттарда карыз берүү;
2) мамлекеттик өнөктүн милдеттенмелерин аткаруусуна кепилдик берүү;
3) тарифтик субсидияларды берүү;
4) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каражаттардын бир бөлүгүн каржылоо;
5) бажы мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктерди жана/же кийинкиге калтыруу жана/же бөлүп төлөөгө мүмкүндүк берүү.
14-берене. Мамлекеттик экономикалык колдоо
1. МЖӨнүн долбоорлорун ишке ашыруу максатында мамлекеттик өнөк жеке өнөккө жана/же долбоордук компанияга мамлекеттик экономикалык колдоо көрсөтүүгө укуктуу.
2. Мамлекеттик экономикалык колдоо жеке өнөккө жана/же долбоордук компанияларга төмөнкү түрдө көрсөтүлүшү мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болууга укук берүү;
2) лицензияларды, уруксатты, макулдашууларды алууга көмөктөшүү;
3) мамлекеттик жана/же муниципалдык менчиктеги кыймылдуу жана кыймылсыз объекттерге сервитут берүү;
4) мамлекеттик жана/же муниципалдык менчиктеги мүлктү колдонгондугу үчүн ижара акысынын жеңилдетилген ставкасын белгилөө;
5) МЖӨ тууралуу түзүлгөн макулдашуунун алкагында иш-аракеттерге артыкча укуктарды берүү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген мамлекеттик өнөк тарабынан колдоонун бардык түрлөрүн берүү.
15-берене. Мамлекеттик кепилдиктер
Жеке өнөккө жана долбоордук компанияга МЖӨнүн долбоорундагы жеке инвестицияларды коргоого кепилдик берүү максатында төмөнкүлөргө кепилдик берилет:
1) МЖӨ тууралуу макулдашууда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан башка учурларда жеке өнөктүн жана долбоордук компаниянын экономикалык иш-аракеттерине мамлекеттик өнөк тараптан кийлигишпөөгө;
2) МЖӨ долбоорундагы инвестицияларга эркин ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген максатта алардан алынган кирешеге жана пайдага болгон укуктарга;
3) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын ар кандай башка чет элдик валютага эркин алмаштырууга жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун натыйжасында алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин, валютаны эркин алып чыгууга;
- МЖӨ тууралуу макулдашуунун шарттарын кайра карап чыгууга жана мөөнөтүнөн мурда МЖӨ тууралуу макулдашуунун бузууга жана жеке өнөк жана/же долбоордук компания тарабынан МЖӨ тууралуу макулдашууда каралган шарттарга салыштырганда МЖӨнүн долбоорлорун ишке ашыруунун шарттарынын начарларына алып келүүчү ченемдик укуктук актыларды кабыл алган учурда келтирилген зыяндын ордун толтурууну алууга.
5-глава МЖӨнүн долбоорунун стадиялары
16-берене. МЖӨ долбоорунун стадиялары
1. МЖӨнүн стадиялары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) МЖӨнүн долбоорун даярдоо;
2) жеке өнөктү тандоо;
3) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу.
2. МЖӨ долбоорун даярдоо стадиясына МЖӨ долбоорун демилгелөө тууралуу сунушту демилгелөөнү жана бекитүүнү, тендердик комиссияны түзүүнү, алдын ала тандоонун эрежелерин жана тендердик документтерди даярдоону камтыйт.
3. Жеке өнөктү тандоо стадиясына жеке өнөктөрдү алдын ала тандоо, тендер өткөрүү, жеңүүчүнү аныктоо, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана МЖӨ тууралуу макулдашууну түзүү этаптары кирет.
4. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу стадиясы МЖӨ тууралуу макулдашуунун күчүнө кирген күнүнөн баштап, макулдашуунун иштөө мөөнөтү бүткөндөн кийин токтолот.
5. Мамлекеттик өнөктөр МЖӨнүн ар кандай стадиясын даярдоо жана ишке ашыруу үчүн калыс кеңешчилерди тартуу укугуна ээ.
6-глава МЖӨ долбоорун даярдоо
17-берене. МЖӨнүн долбоорлорун демилгелөө жана бекитүү
1. МЖӨнүн долбоорлору мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык программаларын, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программаларын, тармактарды өнүктүрүүнүн жана башка айрым аймактык бирдиктерди өнүктүрүүнүн программаларын эске алуу менен мамлекеттик өнөк тарабынан демилгеленет.
МЖӨнүн долбоорлору Өкмөт тарабынан да демилгелениши мүмкүн. Өкмөт тарабынан демилгеленген долбоорлор МЖӨнүн долбоорун бекитүү үчүн мыйзамда талап кылынган бардык жол-жоболорду аткаруу үчүн тиешелүү мамлекеттик өнөккө өткөрүлүп берилет.
2. МЖӨнүн долбоорун демилгелөө максатында мамлекеттик өнөк тандалып алынган объектиге МЖӨнүн колдонулушу максатка ылайык экендигинин негиздемесин, долбоорго болгон минималдуу талаптарды, мамлекеттик финансылык жана/же экономикалык кепилдиктердин түрлөрү жана берүүнүн шарттарын, Өкмөт тарабынан бекитилүүчү ченемдик укуктук актыларда каралган башка документтерди камтыган кубаттуу долбоорго баа берүүнү жүргүзөт.
МЖӨнүн долбоорлорун каржылоого кызыкдар жеке өнөктөр мамлекеттик өнөктүн макулдугу менен, мындай баалоонун натыйжалары мамлекеттик өнөккө берилет деген шартта өз каражаттарынын эсебинен кубаттуу долбоорго өздүк баалоону жүргүзүүгө укуктуу. Мамлекеттик өнөк мындай баалоонун натыйжаларын пайдаланып ушул берененин жоболоруна ылайык МЖӨнүн долбоорун демилгелөө тууралуу сунушту түзүүгө укуктуу.
3. Бул берененин экинчи бөлүгүндө саналган документтердин жана маалыматтардын негизинде мамлекеттик өнөк МЖӨнүн долбоорун демилгелөө тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитип берүүгө жөнөтүлүүчү сунушун түзөт, ал эми мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүлгөн учурда тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органга МЖӨнүн долбоорун демилгелөө тууралуу сунушту түзөт.
Мамлекеттик колдоо жөнүндө суроо-талаптар МЖӨнүн долбоорлору боюнча сунуштардын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Мамлекеттик өнөк мамлекеттик бюджеттин колдоосун талап кылган бардык суроо-талаптарды, ал суроо-талаптардын негизделгендигин жана алгылыктуу экендигин изилдей турган жана мамлекеттин тике жана кыйыр милдеттери менен байланыштуу финансылык таасирин талдай турган тобокелдикти башкаруу боюнча мамлекеттик органга жөнөтөт. Мына ушул жүргүзүлгөн талдоолорго таянып тобокелдикти башкаруу боюнча мамлекеттик орган мамлекеттик колдоого суроо-талапты жактыруу же канааттандыруудан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат.
4. МЖӨ долбоорлорун бекитүү тууралуу чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат, мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүлгөн учурда ошондой эле тобокелдикти башкаруу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылат.
5. Өкмөт жактырган долбоорлор боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын оң экспертизасын алган шартта Өкмөт тарабынан, мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү зарыл болгон шартта тобокелдикти башкаруу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылгандан кийин долбоорду бекитүү тууралуу чечим кабыл алынат.
18-берене. Ыктыярдуу билдирме
1. Жеке өнөктөр мамлекеттик өнөккө же Өкмөткө МЖӨнүн долбоорун демилгелөө тууралуу сунуш менен кайрылууга укуктуу. Сунушка жеке өнөктүн эсебинен аткарылган алдын-ала техникалык-экономикалык негиздеме тиркелиши керек. Мамлекеттик өнөк мындай сунушту келген күндөн тартып 60 календардык күн ичинде кабыл алышы, же баш тартышы керек. Сунуштан баш тарткан учурда мамлекеттик өнөк жеке өнөккө баш тартууну себептерин негиздөө менен кабар жөнөтүшү керек. Сунуш менен макул болгон учурда мамлекеттик өнөк бул берененин жоболоруна ылайык аракеттенет.
2. Жеке өнөктөр МЖӨ долбоорлору боюнча сунуштарын өз демилгелери менен, эгер алар иштеп чыккан долбоорлор мамлекеттик колдоосуз мамлекеттик түз салымы формасында экономикалык жана финансылык жактан максатка ылайык болуп саналган учурда сунуштарды жөнөтүүгө укуктуу. Мындай билдирмелер ТЭН, курчап турган чөйрөгө таасиринин баалары жана билдирүүчү иштеп чыккан макулдашуунун долбоору менен коштолот. Мамлекеттик өнөк жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жана эгер алардын ТЭНи, ошондой эле билдирүүчүнүн укуктук, техникалык жана финансылык мүнөздөмөлөрү тендерге катышууга билдирме берген билдирүүчүгө уруксат берген, Өкмөт тарабынан бекитилген критерийлерге ылайык келсе, бул билдирмелерге баалоо жүргүзөт.
Билдирменин негизинде бекитилген МЖӨнүн ар бир долбоору үчүн жеке өнөк белгиленген тартипте атаандаштык жана ачык-айкындуулук негизде бир нече кубаттуу жеке өнөктөр катышкан конкурс аркылуу тандалып алынат. Билдирменин негизинде бекитилген МЖӨнүн долбоору ТЭНди даярдоонун документалдуу тастыкталган наркы конкурстук документтерде көрсөтүлөт. Конкурстун катышуучуларынан кимдир-бирөө билдирмени демилгелеген жеке өнөккө караганда айрыкча пайдалуу сунушту киргизсе, акыркысына ушул шарттарда макулдашууну түзүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Билдирүүчү ушул шарттарда макулдашууну түзүүдөн баш тартса конкурстан утуп чыккан жеке өнөк МЖӨнүн долбоорун даярдоодо ТЭНди даярдоого кеткен чыгымдарын кайтарып берет. Эгер башка билдирмелер алынбаган болсо, мамлекеттик өнөк билдирме берген алгачкы билдирүүчү менен макулдашууну түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
19-берене. Жеке өнөктү тандоону жүргүзүүгө карата даярдоо
МЖӨнүн долбоорун бекитилген учурда мамлекеттик өнөк тендердик комиссияны түзөт, алдын ала тандап алуунун эрежелерин жана тендердик документтерди иштеп чыгат, жана алдын ала тандап алуучу күнгө чейин 60 календарды күндөн кеч эмес, алдын-ала тандап алууну өткөрүү жөнүндө маалыматты массалык маалымдоо каражаттарында жарыялайт, мамлекеттик өнөктүн суроо-талабы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик өнөккө тендердик комиссияны түзүүгө, алдын ала тандап алуу эрежелерин жана тендердик документтерди даярдоого көмөк көрсөтөт.
20-берене. Тендердик комиссия
1. Тендердик комиссиянын компетенциясына алдын ала тандап алуу жана тендерди өткөрүү кирет.
2. Тендердик комиссия МЖӨнүн ар бир долбоору боюнча түзүлөт. Тендердик комиссиянын курамы мамлекеттик өнөк тарабынан түзүлөт жана бекитилет. Өкмөт тарабынан бекитилген долбоорлор боюнча тендердик комиссия Өкмөт тарабынан түзүлөт жана бекитилет.
Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн саны бештен кем болбошу керек. Тендердик комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү, тиешелүү инфраструктуралык объектке карата тажрыйбага жана билимге ээ болгон адис, экономика жана финансы жаатындагы адис, юриспруденция жаатындагы адис кириши керек.
3. Тендердик комиссияны түзүү, бекитүү тартиби, анын иш-аракети жана ыйгарым укуктары ушул Мыйзам жана Өкмөт тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
7-глава
Жеке өнөктү тандап алуу
21-берене. Жеке өнөктү тандап алуунун этаптары
1. Жеке өнөктү тандап алуунун жол-жоболору эки этаптан турат: алдын ала тандап алуу жана тендер.
2. Тендердик комиссия МЖӨнүн долбоорлорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, квалификацияга ээ болгон жеке өнөктөрдү табуу максатында алдын ала тандап алууну өткөрөт.
Жеке өнөктү алдын ала тандап алуунун тартиби ушул Мыйзам жана Өкмөт кабыл алуучу ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
3. Тендердик комиссия массалык маалымдоо каражаттарында, мамлекеттик жана расмий тилдерде алдын ала тандоого катышууга чакырууну жарыялайт. Чакыруу жарыяланган күндөн тартып тендердик комиссия алдын ала тандап алуунун эрежелерине ачык жетишүүнү камсыз кылат. Алдын ала тандап алууга катышууга билдирмелерди топтоо чакыруу массалык маалымдоо каражаттарында жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
4. Ушул берененин үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн соң тендердик комиссия алдын ала тандап алууга катышууга билдирме берген ар бир жеке өнөктүн квалификациясын баалайт. Баалоону жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча тендердик комиссия алдан ала тандап алуудан өткөн жеке өнөктөргө тендерге катышууга чакыруу жөнөтөт. Алдын ала тандап алуудан өткөн жеке өнөктөрдүн саны үчтөн кем болбош керек.
5. Мамлекеттик өнөк тендерге катышууга чакыруу алган жеке өнөктөргө конкурстук документтерди көрсөтөт. Жеке өнөктөр чакырууну алгандан кийин 30 календардык күндөн кеч эмес өз сунуштарын бериши керек. Мамлекеттик өнөк тарабынан берилүүчү конкурстук документтерге төмөнкүлөр кирет:
1) билдирүүчүлөр үчүн нускама;
2) концептуалдык иштеп чыгуулардын минималдуу стандарттары жана өзгөчөлүктөрү, курулуш планы, иштөөнүн техникалык шарттары, натыйжалуулуктун критерийлери, техникалык шарттар жана эсеп ставкасы, инфляциянын деңгээли жана чет өлкөлүк валюталардын курсу сыяктуу экономикалык параметрлер боюнча талаптар;
3) макулдашуунун долбоору;
4) билдирмени баалоо үчүн талап кылынуучу маалыматтарды көрсөтүү менен тендерге катышуу үчүн билдирменин формасы;
5) билдирмеде көрсөтүлгөн талаптарды аткаруунун кепилдигинин формасы.
6. Тендердик комиссия жеке өнөктөрдүн берген сунуштарына баалоону тендердик документацияда белгиленген мөөнөт ичинде, бирок акыркы сунуш келип түшкөн күндөн тартып 60 күндөн кеч эмес жүргүзөт. Сунуштарга баалоо жүргүзүү эки этаптан турат. Биринчи этапта сунуштун долбоордун минималдуу талаптарына жана тендердик документацияда белгиленген башка талаптарга шайкештигине баалоо жүргүзүлөт. Бул көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген сунуштар кабыл алынбайт. Биринчи этаптан өткөн сунуштар экинчи этапта финансылык көз караштан бааланат.
7. Финансылык жактан баалоо үчүн МЖӨнүн долбоорунун тандалып алынган моделине жараша төмөнкү параметрлердин бири колдонулат:
1) Өкмөттүн чечимине ылайык эгер конкурстук документтерде мезгилдүү тарифтик оңдоп-түзөтүүлөр үчүн параметрдик формула тапшырылган болсо, аны пайдалануунун башында МЖӨнүн долбоорунун кызмат көрсөтүүлөрү үчүн сунушталган акынын эң төмөнкү деңгээли;
2) ушуга окшош формулировка жок болгон учурда макулдашуу күчүндө болгон мезгилге сунушталган акынын айрыкча төмөнкү деңгээли;
3) мамлекет тарабынан төлөмдөрдүн эң төмөнкү деңгээли;
4) макулдашуу күчүндө болгон мезгилге сунушталуучу мамлекеттик субсидиялардын эң төмөнкү деңгээли;
5) концессиондук төлөмдөр, ижаралык же лизингдик төлөм, кепилденген төлөм же макулдашууда аныкталган мезгил ичинде катышуунун үлүшүнө жараша ар түрдүү төлөмдөр сыяктуу мамлекетке сунушталган төлөмдөрдүн эң төмөнкү деңгээли;
6) мамлекеттик өнөктү сунуштоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген, ылайык келүүчү финансылык параметри.
8. Тендердик комиссия тендердин жеңүүчүсүн тандоо тууралуу чечим кабыл алган күндөн тартып 5 күн ичинде тендердин жеңүүчүсүнүн атын жарыялайт.
9. Тендер өткөрүүнүн тартиби ушул Мыйзамдын жана Өкмөт кабыл алган ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
8-глава
МЖӨ тууралуу макулдашуу
22-берене. МЖӨ тууралуу макулдашуудагы тараптар жана МЖӨ тууралуу макулдашууда колдонулуучу укук
МЖӨ тууралуу макулдашуу мамлекеттик өнөк, тендердин жеңүүчүсү болгон жеке өнөк жана долбоордук компаниянын ортосунда түзүлөт. МЖӨ тууралуу макулдашууда колдонулуучу укук Кыргыз Республикасынын мыйзамдары болуп саналат.
23-берене. МЖӨ тууралуу макулдашуунун жоболору
1. МЖӨ тууралуу макулдашуу төмөнкү милдеттүү жоболорду камтышы керек:
1) МЖӨ тууралуу макулдашуунун предмети жана объекти;
2) МЖӨ тууралуу макулдашуунун мөөнөтү;
3) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу процессинде долбоордук компания тарабынан иштелип чыккан жана/же берилген инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү жана сапаты;
4) МЖӨнүн долбоорун каржылоонун тартиби жана шарттары;
5) мамлекеттик финансылык жана экономикалык колдоону көрсөтүүнүн, аларды берилген учурдагы, түрлөрү жана шарттары;
6) МЖӨ тууралуу макулдашуудагы тараптар ортосунда МЖӨ долбоорун ишке ашырууга байланыштуу тобокелдиктерди бөлүштүрүү тартиби жана шарттары;
7) жумуштарды ишке ашыруу жана пайдалануу жагында макулдашууну аткаруунун кепилдиги;
8) инфраструктуралык кызмат көрсөткөндүгү үчүн тарифтерди же жыйымдарды колдонуунун тартиби, ошондой эле мындай тарифтерди жана жыйымдардын эсептеп чыгаруунун ыкмалары жана формулалары;
9) инфраструктуралык объектке болгон менчик укугу;
10) долбоордук компаниянын макулдашуунун күчү токтогон учурда МЖӨ тууралуу макулдашуунун аткарылгандыгына байланыштуу берилген инфраструктуралык объектти жана башка укуктарды мамлекеттик өнөккө кайтарып берүүсүнүн тартиби;
11) айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жана МЖӨнүн долбоорун ишке ашыруу учурунда иштерди жүргүзүү коопсуздугун сактоонун талаптары;
12) МЖӨ тууралуу макулдашууну өзгөртүүнүн, узартуунун жана токтотуунун тартиби жана шарттары;
13) МЖӨ тууралуу макулдашуудан келип чыккан жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруу менен байланышкан талаш-тартыштарды жөнгө салууда колдонулуучу укук жана механизмдер.
2. МЖӨ тууралуу макулдашууга мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына кирген регулятордук же контролдоочу мүнөздөгү иш-милдеттерин жеке өнөккө жана/же долбоордук компанияга берүү жөнүндө жобону киргизүүгө тыюу салынат.
24-берене. МЖӨ тууралуу макулдашуу түзүүнүн мөөнөттөрү
1. МЖӨ тууралуу макулдашуу ММКда тендердин жеңүүчүсү тууралуу кулактандыруу массалык маалымдоо каражаттарында жарыяланган күндөн тартып 90 күндөн кеч эмес түзүлүшү керек.
2. Эгер ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган мөөнөт бүткөнгө чейин тендердин женүүчүсү МЖӨ тууралуу макулдашууга кол койбосо, тендердик комиссия тендердин жеңүүчүсүн дисквалификациялоо жөнүндө чечим кабыл алат жана жаңы тендерди жарыялайт.
3. Тендердин жеңүүчүсү жарыяланган учурда, тендердик комиссия бир жактуу тартипте МЖӨ тууралуу макулдашууну түзүүдөн баш тартууга жана тендердин жыйынтыктарын өзгөртүүгө укуксуз.
25-берене. МЖӨ тууралуу макулдашуу боюнча жеке өнөктүн жана долбоордук компаниянын укуктарын жана милдеттенмелерин башкаларга өткөрүп берүү
Эгер МЖӨ тууралуу макулдашууда башкача каралбаса, жеке өнөктүн жана долбоордук компаниянын укуктары жана милдеттенмелери мамлекеттик өнөктүн макулдугусуз үчүнчү жактарга өткөрүп берилбейт.
26-берене. МЖӨ тууралуу макулдашууну колдонуу жана аны узартуу мөөнөтү
МЖӨ тууралуу макулдашуу 5 жылдан 50 жылга чейин түзүлөт. МЖӨ тууралуу макулдашууну колдонуу мөөнөтү МЖӨ тууралуу макулдашууда каралган учурларда узартылат.
27-берене. МЖӨ тууралуу макулдашуунун күчүн токтотуу
МЖӨ тууралуу макулдашуунун күчү төмөнкү учурларда токтотулат:
1) макулдашуунун күчүнүн мөөнөтү бүткөндө;
2) макулдашуунун бардык тараптарынын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдашуусунун негизинде;
3) макулдашууда каралаган тартипте макулдашуунун тараптарынын биринин демилгеси боюнча;
4) талаш-тартыштарды чечүү боюнча макулдашуунун тараптарынын ыйгарым укуктуу органдарынын же адамдарынын чечими боюнча;
5) Кыргыз Республикасынын сотунун чечими менен долбоордук компанияны кудуретсиз же банкрот деп таанылганда, ал жоюлган учурда.
28-берене. МЖӨ тууралуу макулдашуунун күчүн токтотуунун натыйжалары
МЖӨ тууралуу макулдашуунун күчү токтотулган учурда жеке өнөк жана долбоордук компания, эгерде МЖӨ тууралуу макулдашууда башкача каралбаса төмөнкү аракеттерди аткарууга милдеттүү:
1. үчүнчү жак тарабынан кандайдыр-бир оордотулардан эркин боло турган, мамлекеттик өнөктөн алынган бардык активдерди мамлекеттик өнөккө акысыз өткөрүп берүү;
2. инфраструктуралык объектини пайдалануу үчүн зарыл болгон технологияларды акысыз өткөрүп берүү;
3. инфраструктуралык объектини пайдалануу жана материалдык техникалык жактан тейлөө маселелери боюнча мамлекеттик өнөктүн кызматкерлеринин маалымдоо жана даярдоо;
4. мамлекеттик өнөккө берилүүчү объектини тейлөө процессин жөнгө салуу үчүн мамлекеттик өнөккө зарыл болгон мөөнөттүн ичинде, эгер бул талап кылынса, ресурстарды, запастык тетиктерди, берүүнү кошо, көмөкчү кызматтарды көрсөтүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу.
МЖӨ тууралуу макулдашуунун тараптарынын биринин күнөөсү боюнча МЖӨ тууралуу макулдашуунун күчү мөөнөтүнөн мурун токтотулса тараптар тарабынан келтирилген башка тараптын чыгымдарынын ордун толтуруу боюнча милдеттенмени алышат.
9-глава
Долбоорду ишке ашыруу
29-берене. Долбоордук компания
1. Тендердин жеңүүчүсү деп табылган жеке өнөк МЖӨ долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, юридикалык жак формасында долбоордук компанияны уюштурат.
2. Жеке өнөк макулдашууда белгиленген негизги техникалык мүнөздөмөлөргө ылайык майда-чүйдөсүнө чейинки инженердик планды жана долбоорду ишке ашыруунун планын даярдайт жана жактыруу үчүн, курулуш иштери башталганга чейин бул документтерди мамлекеттик өнөккө берет. Жеке өнөк мамлекеттик өнөк бекиткен инженердик пландын стандарттарына ылайык МЖӨнүн долбоору менен байланышкан курулуш иштерин жүзөгө ашырат. Жеке өнөк мамлекеттик өнөк бүткөрүлгөн жумушту кабыл алганга чейин колдонула турган курулуш иштерин аткаруунун кепилдигин берет.
3. Мамлекеттик өнөк, анын катышуусу долбоордук компаниянын мүлктөрүнө катышуу үлүшү үчтөн биринен ашпаган шартта гана долбоордук компаниянын кошо түзүүчүсү катары чыгууга укуктуу. Долбоордук компанияда мамлекеттик өнөктүн катышуу шарты тендердик документтерде жана МЖӨ тууралуу макулдашууда алдын-ала каралышы керек.
4. Мүлктү жоюу, кайра өзгөртүп түзүү, күрөөгө (башка оордотууга) берүү, же акцияларды (мүлктөгү үлүштөрүн, жайларын) ээликтен ажыратуу же күрөөгө коюу (башка оордотууга берүү), долбоордук компаниянын уставдык (үлүштүк) капиталынын өлчөмүн өзгөртүү тууралуу чечим мамлекеттик өнөктүн жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдын-ала жазуу жүзүндөгү макулдугу менен кабыл алынышы мүмкүн.
5. Долбоордук компания МЖӨ долбоорун каржылоого зайымдарды, кредиттерди же башка ыкмаларды колдонууга укуктуу.
30-берене. Инфраструктуралык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктары
1. Эгерде мыйзамдарда же МЖӨ тууралуу макулдашууда башкача каралбаса, МЖӨ долбоорун ишке ашыруу процессинде долбоордук компания инфраструктуралык кызматтардын керектөөчүлөрүнө бирдей мамилени камсыз кылууга милдеттүү.
2. Долбоордук компания менен инфраструктуралык кызматтарды керектөөчүлөрдүн ортосундагы мамилелер керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, техникалык жөнгө салуу мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
33-берене. МЖӨнүн долбоорун ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо
1. МЖӨнүн долбоорун ишке ашыруу мониторинг жүргүзүү жана баалоо мамлекеттик өнөк жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иликтенип бааланат.
2. Жыл сайын, учурдагы жылдын 1-майынан кеч эмес долбоордук компания мамлекеттик өнөккө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөн жылга МЖӨнүн долбоорунун аткарылгандыгы тууралуу отчет берүүгө милдеттүү. Жылдык отчет жеке өнөк жана көз карандысыз аудитор тарабынан тастыкталышы керек.
3. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун тартиби ушул Мыйзам, жана Өкмөтүн тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылар жана МЖӨ тууралуу макулдашуу менен жөнгө салынат.
10-глава
Корутунду жоболор
32-берене. Талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби
1. Жеке өнөктөрдү тандоодон келип чыккан жана анын тартиби менен байланышкан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын сотторунда чечилет.
2. МЖӨ тууралуу макулдашууну түзүүдөн, өзгөртүүдөн, аткаруудан жана күчүн токтотуудан келип чыккан жана аны менен байланышкан талаш-тартыштар МЖӨ тууралуу макулдашуунун жоболоруна ылайык сүйлөшүү жолу менен чечилет. МЖӨ тууралуу макулдашуунун тараптары Кыргыз Республикасынын сотторунда же Кыргыз Республикасынын бейтарап сотторунда же эл аралык коммерциялык арбитраждарда талаш-тартыштарды чече турган орунду аныктоого укуктуу.
3. МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө долбоордук компания керектөөчүлөргө инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүүдөн келип чыккан жана аны көрсөтүү менен байланышкан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын сотторунда чечилет. МЖӨ тууралуу макулдашууну түзгөн учурда мамлекеттик өнөк долбоордук компаниядан мындай талаш-тартыштарды чечүүнүн жөнөкөй жана натыйжалуу механизмдерин белгилөөнү талап кылууга укуктуу.
33-берене. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Өкмөт бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө:
1) өз ченемдик укуктук актыларын бул Мыйзамга ылайык келтирсин;
2) бул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук актылардын кабыл алууну камсыз кылсын.
3. "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп табылсын (2009-жылдын 11-майындагы № 154 "Эркин-Тоо" гезити).
Кыргыз Республикасынын Президенти