Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы №684 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги №243 токтомунун редакциясына ылайык)
Киришүү
I. Учурдагы кырдаалды талдоо (резюме)
II. Концепциянын максаты жана милдеттери
III. Дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатынын
негизги багыттары жана артыкчылыктары
IV. Мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун негизги механизмдери
V. Концепцияны жүзөгө ашырууну каржылоо булактары
VI. Дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү
жана баа берүү системасы
Корутунду
Кризистүү кырдаалды жоюуга жана демократия менен рынок экономикасынын негиздерин курууга багытталган коомду социалдык-экономикалык жана саясый жактан кайра түзүү өндүрүштүн бардык тармактарында жана социалдык чөйрөдө терең өзгөрүүлөрдү пайда кылды. Реформалоо процесси адам ресурстарын, келечекке умтулган өлкөнүн негизги капиталдарын өнүктүрүү менен тыгыз байланышкан.
Муну менен бирге ден соолуктун чыңдыгы жана дене тарбия жагынан даярдык инсанды рухий-адептик тарбиялоо жана интеллектуалдык жактан өнүктүрүү менен бирдикте "адам ресурсунун" курамдык компоненти болуу менен дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн актуалдуулугун аныктайт.
Бул маселенин актуалдуулугу дене тарбия жана спорт коомдо жүрүп жаткан социалдык-экономикалык кайра түзүүлөргө жана өлкөнүн эл аралык дурус кадыр-баркын калыптандырууга көмөк көрсөтүү милдетин аркалагандыгы менен ого бетер күчөйт.
Азыркы дүйнөлүк практика дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө өндүрүштүк-инвестициялык иштер өнүгүп жаткандыгы менен мүнөздөлөт. Дене тарбия жана спорт инфраструктурага трансформацияланууда, ал калкка жана мамлекетке дене тарбия жана спорттук кызматтарды көрсөтүп, алардын ден соолукту чыңдоо жана оорулардын алдын алуу маселелериндеги керектөөлөрүн канааттандырып, күч түзүмдөрүнүн кызматчыларынын дене тарбия жана күжүрмөн даярдыгын жогорулатат.
Дене тарбия жана спорт жаштарды тарбиялоо, сабырдуулукту калыптандыруу жана жаман жүрүм-турумдардын алдын алуу фактору катары кеңири колдонулат. Коомдо калктын социалдык жактан аялуу тобун социалдык реабилитациялоо жана интеграциялоо, алардын жашоо-турмушунун сапатын жакшыртуу азыркы дене тарбия жана спорттун тенденцияларынын бири болуп калды.
Муну менен бирге жогорку жетишкендиктеги спорт тармактык саясатта борбордук орунду ээлейт жана социалдык жана тарбиялык милдеттерди чечүүдө улам кеңири колдонулуп жатат.
Мындай тенденциялар ата-мекендик дене тарбия жана спорт үчүн да мүнөздүү.
Соңку жылдары дене тарбия жана спорттун айрым багыттары боюнча дурус өзгөрүүлөр белгиленүүдө. Спортсмендердин жетишкендиктери дүйнөлүк спорт тарыхында түбөлүккө калтырылды. Бирок, дене тарбиянын жана спорттун жалпы абалы адистердин, көз карандысыз эксперттердин жана изилдөөчүлөрдүн жалпы пикири боюнча кризистүү катары бааланат.
Тилекке каршы, мындай абал дене тарбиянын жана спорттун бардык формалары жана түрлөрү, жана тармактык инфраструктуранын аспекттери үчүн мүнөздүү. Дене тарбиянын жана спорттун социалдык, жалпы педагогикалык жана атайын функциялары талаптагыдай жүзөгө ашырылбайт, дене тарбия милдеттери чечилбей жатат.
Жарандардын активдүү эс алууга жана спорт менен машыгууга болгон конституциялык укуктарын, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү боюнча мамлекеттин милдетин эске алуу менен тармактык саясаттын концепциялык негиздерин иштеп чыгуу максатка ылайыктуу көрүнөт.
Концепциянын негизги идеясы дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоодо турат, ал орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте бүткүл тармактын "өсүү чекити" болуп саналат.
Мамлекеттик саясатты түзүү идеясынын артыкчылыктуулугу тармакты ресурстук: финансылык, кадрдык, инфраструктуралык, илимий, убактылуу камсыз кылуу боюнча мамлекет менен коомдун чыныгы мүмкүнчүлүктөрүн эске алууга негизделген.
Дене тарбия менен спортту өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын тандоо төмөнкүлөрдү эске алуу менен аныкталат:
- максатка ылайыктуулукту жана мамлекеттин социалдык-экономикалык саясатына ылайык келүүнү;
- ресурстук: финансылык, кадрдык, уюштуруучулук жана башка камсыз кылуунун болушун;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө жарандык коомдун таламдары менен салттарынын ылайык келишин;
- дене тарбия жана спорттун туруктуу иштешинин негиздерин калыптандырууга, дене тарбия жана спорттун инфраструктурасынын, формаларынын жана түрлөрүнүн башка аспекттерин (бүгүн артыкчылыктуу эместерди) өнүктүрүүгө таасир тийгизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын климаттык шарттарын спорттун түрлөрүн өнүктүрүүнүн кошумча фактору катары пайдалануу мүмкүнчүлүгүн.
Концепция дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү максаттарын, мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун принциптерин, артыкчылыктуу багыттарын жана механизмдерин аныктайт жана жалпы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарына ылайык келет.
Концепциянын мазмуну Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине, эл аралык актыларга: Адам укуктары жөнүндө жалпы декларацияга, Баланын укугу жөнүндө эл аралык конвенцияга, ООНдун дене тарбия жана спорт жөнүндө эл аралык хартиясына (1978-ж.), "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" (2000-ж.), "Спорттук улуттук түрлөрү жөнүндө" (2003-ж.), "Билим берүү жөнүндө" (2003-ж.), "Майыптардын социалдык жактан корголушу жөнүндө" (2002-ж.) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет.
Концепция мамлекеттин, жеке сектордун жана жарандык коомдун таламдарын билдирген тилектештик документи болуп саналат. Мындай жобо мамлекеттик башкаруунун борбордук жана жергиликтүү органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, илимий-педагогикалык жамаатты, ишкер чөйрөлөрдү жана жарандык коомду баш коштуруунун шарттарынын бири болуп калышы мүмкүн.
Концепцияны иштеп чыгуу дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө учурдагы кырдаалды талдоого негизделген.
Дене тарбия жана спорт-социалдык чөйрөнүн ыкчам өнүгүп жаткан тармактарынын бири. Муну менен бирге спорттук жетишкендиктердин андан ары өсүшү, машыгуу процессине жана мелдештерге илим жана техниканын жетишкендиктерин киргизүү, мамлекеттик-жеке өнөктүктү калыптандыруунун негизинде спорт индустриясын андан ары өнүктүрүү дүйнөлүк тенденция болуп саналат. Тармакты заманбап инфраструктура менен камсыз кылуу. Дене тарбиялык көнүгүүлөр менен машыгуунун массалуулугун өстүрүү.
Спорттук алдыңкы державалар жана дүйнөлүк система үчүн дене тарбиянын жана спорттун социалдык маңызын актуалдаштырууга мүнөздүү болуп калды.
Дене тарбиянын жана спорттун социалдык функциясын күчөтүүнүн негизги аспекти болуп төмөнкүлөр саналат:
- коомдун жана мамлекеттин дене тарбия жана спортко болгон керектөөлөрүн канааттандыруу, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматчыларынын кесиптик даярдыгынын натыйжалуулугун жогорулатуу;
- өлкөнүн дурус кадыр-баркын калыптандырууга көмөк көрсөтүү;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө өндүрүштүк-инвестициялык ишти өнүктүрүү, спорттук жана аралаш тармактарда кошумча жумуш орундарын түзүү;
- дене тарбия жана спорт менен алектенгендерди социалдаштыруу, өсүп келаткан муундун жана жаштар арасында жаман жана асоциалдык жүрүм-турумду сергек жашоо ыңгайынын идеясын алга илгерилетүү жана дене тарбияны өркүндөтүү аркылуу алдын алуу;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды социалдык реабилитациялоо жана коомго интеграциялоо, адаптациялык дене тарбияны өнүктүрүү аркылуу коомдо толеранттуулукту жана жогору рухту калыптандыруу;
- ден соолукту чыңдоонун, элдин генофондун сактоонун жана өнүктүрүүнүн фактору катары дене тарбияны жана спортту актуалдаштыруу. Мындай тенденция адамдын ден соолугу саламаттык сактоо системасына 10-15%га жана жашоо шартына жана ыңгайына 50-55%га байланыштуу экендигинин фактысын таанууга негизделген, анын маанилүү компоненти болуп адамдын дене тарбиясы саналат.
Дүйнөлүк тенденцияга ылайык Кыргыз Республикасында 20 жылдан бери тармакты өнүктүрүү багыттары боюнча ар түрдүү чаралар көрүлүп келген. Бирок, дене тарбия жана спорт кризистүү абалда турат.
Концепцияны иштеп чыгуу өңүтүнөн алганда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 20-январындагы № 23 Жарлыгы менен бекитилген 2006-2010-жылдарга дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнүн мамлекеттик концепциясын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-апрелиндеги № 286 токтому менен бекитилген аны жүзөгө ашыруу боюнча Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруу кызыкчылык туудурат. Бул Концепцияны жүзөгө ашыруу дене тарбия жана спорт тармагын өнүктүрүүгө дурус таасирин тийгизди:
- саясый чечим коомдук резонансты жаратты. Биринчи жолу Кыргызстанда дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негиздерин билдирген концепция иштелип чыккан, тармактык саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу тажрыйбасы калыптанып, дене тарбия жана спорт тармагынын көз карандысыз эксперттеринин жамааты түзүлгөн;
- өлкө үчүн тарыхый мааниге ээ болгон Кыргызстандын спортсмендеринин Олимпиадалык жана Азия оюндарындагы айрым жетишкендиктери. Ал жетишкендиктер дүйнөлүк спорт санжыраларында калды;
- биринчи жолу Кыргыз Республикасынын делегациясы кышкы Азия оюндарына (2009-ж.) жана Кышкы олимпиадалык атайын оюндарга (интеллекти бузулган адамдар үчүн, 2009-ж.) катышкан;
- дем берүүчү ченемдик жана укуктук актылардын жок экендигине карабастан жеке сектор өнүгүүдө. Муну менен бирге жеке сектордун финансылык катышуусу көп учурда басымдуулук кылып же мамлекеттик катышуу менен бирдей үлүшкө ээ болгон;
- спортсмендерге, машыктыруучуларга жана дене тарбия жана спорт адистерине материалдык жана моралдык дем берүү жана социалдык жактан коргоо формалары олуттуу өнүктүрүлдү;
- спорттун түрлөрүнө карата курама командаларды илимий-усулдук жактан камсыз кылуу боюнча алгачкы кадамдар жасалды. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын базасында илимий-окуу борбору ачылды;
- адаптацияланган дене тарбия жана спорттун айрым багыттары боюнча мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды социалдык реабилитациялоо жана коомго интеграциялоо жакшырды.
Бирок Концепция дене тарбия жана спорт үчүн бурулуш боло алган жок жана анын кризистүү абалы төмөнкү симптомдор менен ырасталат:
- калктын ар кандай топторунун, анын ичинде балдар менен өспүрүмдөрдүн ден соолугунун абалынын начарлашы: мектеп окуучуларынын 20%ы жама мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн 80%га жакынында ден соолугунун абалынын четтеп кетиши оруп алган, жүрөк-кан тамыр ооруларынын жана башка куракка байланыштуу оорулар жашарып баратат;
- дене тарбия жана спорттун массалуулугу болгону 6-7%га жетет, бул элдин генофондунун коопсуздугунун босоголук деңгээлинен (15%) төмөн;
- аскерге чакырылуучу жана аскерге чакырылууга чейинки курактагы жаштардын жарымынан ашыгы дене тарбиясы боюнча ченемдерди жана талаптарды аткара албайт;
- калктын дене тарбиясынын заманбап ченемдик негиздеринин жоктугу;
- тамеки жана алкоголь продукциясын жарнамалоонун фонунда сергек жашоо ыңгайын жана дене тарбия менен спортту пропагандалоонун системасы натыйжалуу эмес;
- калктын эс алуусунун ден соолукту чыңдоо формаларынын өнүкпөгөндүгү;
- эл аралык аренада спорттук жогорку натыйжаларга жетишүүнүн сейрек мүнөздө болушу;
- дене тарбия жана спорттун материалдык-техникалык базасынын канааттандырарлык эмес абалы. Чындыгында Кыргыз Республикасында спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дүйнөнүн жана Азиянын чемпионаттарын өткөрүү мүмкүн эмес;
- жалпы билим берүү мектептеринин спорттук залдар менен камсыз болушу - 48,3%ды, стадиондор жана эң жөнөкөй курулмалар менен камсыз болушу - 91,3% түзөт, спорттук объекттердин 37%ынын абалы канааттандырарлык эмес катары мүнөздөлөт, мектептердин 70%ында шаймандар жана жабдуулар 15-20 жылдан бери жаңыртыла элек, калктын спорттук курулмалар менен камсыздалышы 16%дан 1% чейин (акыркы көрсөткүч сууда сүзүү бассейндери боюнча);
- келечектүү спортсмендер менен машыктыруучулардын "кетип жатышы";
- спорттун түрлөрү боюнча курама командалардын илимий-усулдук жактан камсыз кылынбагандыгы;
- спорт менен алектенген жаштардын жаман жүрүм-турумунун өсүшү, бул жалпы педагогикалык функцияларды жүзөгө ашыруунун жана дене тарбия жана спорттун тарбиялык милдеттерди чечүүнүн натыйжалуу эместигинин көрсөтөт;
- асоциалдык адаттардын өсүшү. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин, Республикалык наркология борборунун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин соттук-медициналык экспертизасынын республикалык бюросунун маалыматтары боюнча 2010-жылы өнөкөт аракечтиктен жапа чеккен 36 миң киши расмий катталган. 2011-жылдын 1-январына карата баңгиликке байлангандарды эсепке алууда 10171 киши турат, бул 2010-жылга салыштырганда 4,5%га көп. 2010-жылы баңгизатты ашыкча пайдалануудан 139 киши өлгөн, бул 2009-жылга салыштырганда 24,5%га көп;
- тармак мамлекет тараптан жетиштүү каржыланбайт. Киши башына ар жылдык каржылоо жакшы динамикага ээ болсо да Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча 2005-жылдагы 17 сомдон 2009-жылдагы 36 сомго чейин гана көбөйгөн жана бул кырдаалдын түп-тамырынан бери өзгөргөндүгүнүн көрсөткүчү боло албайт. Максаттуу программалык каржылоо жана кошумча финансы механизмдери жокко эсе.
Ошентип, дене тарбиянын жана спорттун кризистүү абалынын негизги көйгөйү рынок экономикасынын жана демократиялуу коомдун шартына дене тарбия жана спорт тармагынын уюштуруу-башкаруу, финансы-экономикалык жана ченемдик укуктук негиздеринин карама-каршылыгында турат.
Өз кезегинде негизги көйгөй дене тарбиянын жана спорттун бардык формаларында жана түрлөрүндө иш жүзүндө көрүнгөн натыйжалык деңгээлдин маселесин жаратат.
Концепциянын максаты дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн натыйжалуу мамлекеттик саясатын калыптандырууну камсыз кылган принциптерди, мамилелерди, артыкчылыктарды, багыттарды жана механизмдерди иштеп чыгуу болуп саналат.
Максаттарга жетишүү төмөнкү милдеттерди чечүүнү көздөйт:
1. Дене тарбия жана спортту башкаруунун уюштуруу-башкаруу системасын оптималдаштырууну.
2. Дене тарбия жана спортту каржылоонун кошумча ички булактарын түзүүнү жана тышкы булактарды тартууну.
3. Дене тарбиянын жана спорттун мыйзамдык базасын оптималдаштырууну.
4. Дене тарбия жана спорттун социалдык-коомдук маанисин жакшыртууну жана ишинин финансылык туруктуулугун камсыз кылган ченемдик укуктук базаны түзүүнү.
5. Дене тарбиянын жана спорттун абалына жана өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана баа берүү системасын иштеп чыгууну.
6. Өсүп келе жаткан муундарды жана жаштарды руханий-адептик тарбиялоого көмөк көрсөтүүнү, жаман жана асоциалдык жүрүм-турумдун алдын алууну, калктын аялуу тобун социалдык реабилитациялоону.
7. Жогорку квалификациядагы спортсмендерди даярдоону. Олимпиада жана Азия оюндарында, дүйнөнүн жана Азиянын чемпионаттарында спорттук жогорку натыйжаларга жетишүүнү. Спорттун түрлөрү боюнча улуттук курама командалар үчүн спорттук резервди даярдоону.
8. Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү фактору катары улуттук жана региондук деңгээлдерде комплекстүү мелдештерди уюштуруу жана өткөрүү системасын оптималдаштырууну.
9. Дене тарбия жана спортко туруктуу кызыгууну, ден соолукту чыңдоого жана мектеп окуучулары менен студент жаштардын дене тарбиялык даярдыгын жогорулатууну калыптандырууну.
10. Болон билим берүү системасын адаптациялык технологияларын жана башка формаларды, усулдарды жана технологияларды киргизүүнүн негизинде кесипкөй кадрларды даярдоо системасын оптималдаштырууну.
11. Армиянын жана күч түзүмдөрүнүн өздүк курамынын кесиптик-колдонмо дене тарбиялык даярдыгын өркүндөтүүнү.
12. Дене тарбия жана спорттун материалдык-техникалык базасын сактоону жана өнүктүрүүнү.
Мамлекеттик саясат дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, жарандардын жана калктын ден соолугун сактоого жана чыңдоого болгон укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн мамлекет тарабынан шарттарды түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясын жүзөгө ашырууга багытталган.
Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын артыкчылыктары:
- өткөөл мезгилдин реалийлерине ылайык дене тарбия жана спортту уюштуруу-башкаруу, ченемдик укуктук жана финансы-экономикалык негиздери;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптерин киргизүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле функциялык милдеттеринин жана укуктарынын чегинде мамлекеттик органдардын дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө чогуу катышуусу;
- жарандык сектордун жана бизнес жамааттын дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө катышуусу;
- өлкөнүн эл аралык кадыр-баркын калыптандыруу жана чыңдоо;
- элдин генофондун сактоо жана өнүктүрүү, өсүп келаткан муунду жана жаштарды руханий-адептик тарбиялоо;
- мектеп жана ЖОЖдордун шартында дене тарбия процессин оптималдаштыруу;
- дене тарбия жана спорттун социалдык-коомдук маанисин жогорулатуу жана алардын социалдык функцияларын жүзөгө ашырууну күчөтүү;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө кесипкөй кадрларды, анын ичинде ЖОЖдон билим алуудан кийин даярдоо системасын өркүндөтүү;
- армиянын жана күч түзүмдөрүнүн өздүк курамынын дене тарбиялык жактан даярдыгынын ченемдик деңгээлине жетишүү.
1. Дене тарбия жана спорттун уюштуруу-башкаруу системасын оптималдаштыруу механизмдери:
1.1. Концепцияны жүзөгө ашыруу боюнча ведомстволук жана аймактык программаларды иштеп чыгуу.
1.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штатына "дене тарбияны жана спортту уюштуруу боюнча инструктордун" бирдигин киргизүү.
1.3. Облустардын, райондордун жана муниципалитеттердин социалдык жактан өнүгүү көрсөткүчтөрүнө дене тарбиянын жана спорттун абалын мүнөздөгөн индикаторлорду кошуу.
1.4. Дене тарбия жана спортко мониторинг жүргүзүүнүн мамлекеттик системасын иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте бекитүү.
1.5. Жеке менчик спорттук секцияларды жана клубдарды педагогикалык процессин кадрдык, программалык, материалдык-техникалык жана усулдук жактан камсыз кылууну лицензиялоо тартибин иштеп чыгуу.
1.6. Дене тарбия жана спорттун региондук башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлеринин квалификациясын окутуу семинарларын уюштуруу аркылуу жогорулатуу.
1.7. Таламдаш министрликтер менен ведомстволордо дене тарбия жана спортту уюштуруу жана башкаруу боюнча ишти жакшыртуу.
1.7.1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- машыгып жаткандардын дене бой жагынан даярдыгынын деңгээлине жана дене тарбия процессинин натыйжалуулугуна калыс контролду жана баа берүүнү камсыз кылган мектеп окуучуларын, окуучуларды жана студенттерди дене бой жагынан тарбиялоонун "Президенттик тесттеринин" ченемдик негиздерин иштеп чыгуу;
- мелдештердин циклдүүлүк принциптеринин, окуу-машыгуу сабактарынын сапатын жакшыртуунун жана жаңы комплекстүү мелдештерди кошуунун негизинде мектеп окуучуларынын, окуучулардын жана студент жаштардын комплекстүү мелдештеринин системасын оптималдаштыруу. Бул үчүн мектеп окуучуларынын спартакиадаларын, орто кесиптик окуу жайларынан окуучуларынын спартакиадаларын, студент жаштардын универсиадаларын, мектеп окуучулары менен студенттердин ортосунда спорттун улуттук түрлөрүнүн программалары боюнча "Манасиадаларды", "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн олимпиада" программасы боюнча мелдештердин кезектүүлүгүн камсыз кылган комплекстүү мелдештердин регламентин иштеп чыгуу;
- бардык типтеги жана менчик формасындагы окуу жайларды ченемдик талаптарга ылайык спорттук курулмалар менен камсыз кылуу боюнча "Билим берүү жөнүндө" жана "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги №243 токтомунун редакциясына ылайык)
1.7.2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- кызматчылардын кесиптик-колдонмо дене бой жагынан даярдыгынын программалык-ченемдик негиздерин оптималдаштыруу;
- материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну жакшыртуунун, окутуучулук, машыктыруучулук жана инструктордук курамдын квалификациясын жогорулатуунун эсебинен окуу-машыгуу процессинин сапатын жогорулатуу;
- өздүк курамдын дене бой жагынан даярдыгы үчүн жооп берген бөлүмдөрдүн штатында врач-хирургдун бирдигин кароо;
- аскердик наамдарды берүү жана атайын дене тарбиялык даярдыкты талап кылган кызмат орундарына дайындоо маселелерин кароодо кызматчылардын дене бой жагынан даярдыгынын ролун жана маанисин жогорулатуу.
1.7.3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- аракечтиктин, тамеки тартуунун жана баңгиликтин алдын алуу, сергек жашоо ыңгайын, өзгөчө мектеп окуучуларынын жана студент жаштардын арасында пропагандалоо боюнча алдын алуу ишин күчөтүү.
1.7.4. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги атайын рубрикаларды жана берүүлөрдү уюштуруу аркылуу сергек жашоо ыңгайын, көрүнүктүү спортсмендердин, машыктыруучулардын жана педагогдордун жетишкендиктерин пропагандалоону активдештирүү.
1.7.5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги:
- мектептердин, ЖОЖдордун жана башка окуу жайлардын спорттук курулмаларын, турак үйлөрдү жана конуштарды кабыл алуу жана эксплуатацияга киргизүүгө карата шаар куруу боюнча мыйзамдын талаптарын жана ченемдерин жүзөгө ашыруу.
2. Дене тарбия жана спорттун ченемдик жана укуктук базасын жана финансылык системасын оптималдаштыруу механизмдери.
2.1. Адистештирилген спорттук класстардын типтүү программаларын, мектептерде дене тарбия боюнча минималдуу социалдык стандарттарды (дене тарбия жана спорт боюнча минималдуу класс-комплект) иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте бекитүү.
Сунуштарды жүзөгө ашыруу максатында администрациялык-аймактык ведомстволорду жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигин социалдык жактан өнүктүрүү көрсөткүчтөрүнө бул индикаторду киргизүү.
2.2. Мектеп окуучуларын жана жаштарды дене бой жагынан тарбиялоонун ченемдик негиздерин оптималдаштыруу жана мектептик жана студенттик дене тарбия жана спортту андан ары өнүктүрүү максатында "Президенттик тесттер" дене тарбия-спорттук комплекстин долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү.
2.3. Көрүнүктүү спортсмендердин, машыктыруучулардын жана дене тарбия жана спорт адистеринин социалдык кепилдиктерин күчөтүү.
2.4. Финансылык камсыз кылуунун кошумча булактарынын түшүүсүн камсыздоо максатында мамлекеттик, коомдук жана жеке менчик спорттук лотереяларды өткөрүү жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү.
2.5. Дене тарбияны жана спортту программалык бюджеттөөнү жүзөгө ашыруу.
2.6. Спортсмендерди колдоонун Улуттук жана региондук фонддорун түзүү жана андан ары өнүктүрүү.
2.7. Төмөнкүлөрдүн эсебинен көп каналдуу каржылоону жүзөгө ашыруу:
- республикалык бюджеттин;
- жергиликтүү бюджеттин;
- бюджеттен тышкаркы каражаттарын;
- дене тарбия-спорттук кызмат көрсөтүүдөн жана ишмердиктин башка түрлөрүнөн дене тарбия жана спорт субъекттеринин өз каражаттарынан;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө инвестициялоонун мамлекеттик-жеке формасын өнүктүрүүдөн.
2.8. Борбордук жана региондук деңгээлдерде дене тарбия жана спорттун бюджеттен тышкары фонддорун түзүү.
3. Балдар менен жаштардын дене боюн өркүндөтүүгө, руханий-адептик тарбиялоого жана социалдаштырууга жетишүүнүн механизмдери.
3.1. Мектеп окуучуларынын жана студент жаштарды дене бой жагынан тарбиялоонун программалык жана ченемдик негиздерин оптималдаштыруу.
3.2. Ден соолукту чыңдоо, дене бой жагынан тарбиялоонун деңгээлин жогорулатуу жана балдар жана жаштар арасында (окуу жайларда дене тарбиясы боюнча милдеттүү сабактар менен чогуу) дене тарбия жапа спорт менен 12-15%га чейин массалык машыгуусун жогорулатуу фактору катары дене тарбиянын артыкчылыктуу формаларын жана түрлөрүн (футбол, минифутбол, волейбол, комплекстүү спорттук мелдештер ж.б.) өнүктүрүү.
3.3. Балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин, дене тарбия боюнча балдар-өспүрүмдөр клубдарынын материалдык-техникалык абалын жакшыртуу жолу менен спорттук резервдин ишинин секциялык формасын өнүктүрүү жана даярдоого көмөк көрсөтүү.
3.4. Дене тарбия жана спорт каражаттары менен балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын жамап жүрүм-турумун жана асоциалдык адаттарынын алдын алуу, дене тарбия жана спорттун социалдык жана жалпы педагогикалык функцияларын актуалдаштыруу жана тарбиялоо милдеттерин чечүү. Окутуунун жана тарбиялоонун заманбап ыкмаларын киргизүү.
3.5. Маданий мурастарды жана этнопедагогиканы сактоо жана андан ары өнүктүрүү, өсүп келаткан муундун улуттук дене тарбиянын дөөлөттөрүн өздөштүрүү максатында мектеп окуучуларынын, окуучулардын жана студент жаштардын арасында спорттун улуттук түрлөрү боюнча "Манасиада - Манас оюндары" комплекстүү мелдештерин иштеп чыгуу жана киргизүү.
3.6. Интеллекти бузулган мектеп окуучуларын социалдык реабилитациялоо жана коомго интеграциялоо, волонтердук кыймылга тартуу аркылуу жалпы билим берүү мектептеринин мектеп окуучуларынын арасында толеранттуулукту калыптандыруу максатында "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн олимпиада" комплекстүү мелдештерин жана "Бириккен спорт" спорттук программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги №243 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Өлкөнүн эл аралык спорттук кадыр-баркын калыптандыруу, жогору квалификациялуу спортсмендерди жана спорттук резервдерди даярдоо механизмдери.
4.1. Олимпиадалык жана Азия оюндарына, Азия жана дүйнө чемпионаттарына ийгиликтүү катышуу үчүн спорттун артыкчылыктуу түрлөрүн өнүктүрүү. Спорттун артыкчылыктуу түрлөрү боюнча курама командалардын мүчөлөрүн даярдоо үчүн өзгөчө шарттарды түзүү: окуу-машыгуу жыйындары, комплекстүү илимий топторду уюштуруу аркылуу курама командаларды врачтык-медициналык, илимий-усулдук жактан камсыз кылуу, эл аралык мелдештерге жетиштүү санда катышуу, калыбына келтирүү иш-чаралары.
4.2. Спортто көрүнүктүү ийгиликтерге жетишүүгө спортсмендерди, машыктыруучуларды жана адистерди шыктандыруу системасын андан ары өнүктүрүү.
4.3. Материалдык-техникалык базаны жакшыртуунун, машыктыруучу-окутуучулар курамынын квалификациясын жогорулатуу, спорттук машыгуулардын заманбап технологияларын жана усулдарын киргизүүнүн эсебинен спорттук интернаттардын базасында окуу-машыгуу процессин оптималдаштыруу.
4.4. Спорттук жактан шыктуу мектеп окуучулары үчүн адистештирилген спорттук класстардын тармагын өнүктүрүү.
4.5. Дене тарбиянын жана спорттун Республикалык мамлекеттик башкаруу органдарында жана спорттун түрлөрү боюнча федерацияларда шыктуу спортсмендердин маалыматтар банкын түзүү.
4.6. Ата-мекендик спортту дүйнөлүк аренага чыгаруу максатында Азия жана Олимпиадалык программаларды өнүктүрүү тенденцияларын иликтөө.
5. Дене тарбия жана спорттун материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү механизмдери.
5.1. Мектептерди дене тарбиянын мамлекеттик программасынын базалык түрлөрү: жеңил атлетика, кыймылдуу оюндар, волейбол жана баскетбол боюнча спорттук шаймандарынын минималдуу комплекстери менен камсыз кылуу жана 100% көрсөткүчкө жетишүү.
5.2. Региондордун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүн эске алуу менен облустук мамлекеттик администрацияларга жергиликтүү бюджеттен 50%, республикалык бюджеттен 20% жана тартылган булактардан 30% каржылоонун болжолдуу түзүмү менен спорттук объекттерди реконструкциялоо же куруу.
Баткен, Нарын жана Талас облустук мамлекеттик администрацияларына - республикалык бюджеттен 60%, жергиликтүү бюджеттен 20% жана тартылган булактардан 20% бөлүү.
5.3. Инвестициялоонун мамлекеттик-жеке формасынын жана түздөн-түз инвестициялардын негизинде спорттун кышкы түрлөрүнүн материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын өнүктүрүү.
6. Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо системасын оптималдаштыруу механизмдери.
6.1. Спорттун түрлөрү боюнча машыктыруучуларды даярдоонун жогорку курстарын ачуу.
6.2. Кадрларды: спорттун түрлөрү боюнча машыктыруучуларды, дене тарбия мугалимдерин жана дене тарбия менен спортту уюштуруучуларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруу.
6.3. Жогорку дене тарбиялык билим берүү системасына, анын ичинде адистерди ЖОЖдон кийин даярдоо системасына Болон процессинин технологияларын киргизүү.
Концепцияны каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- республикалык бюджеттин;
- жергиликтүү бюджеттин;
- жеке сектор, анын ичинде өндүрүштүк инвестициялоо, демөөрчүлүк, кайрымдуулук, чарбакер субъекттердин чегерүүлөрүнүн;
- эл аралык инвестициялардын;
- инвестициялоонун мамлекеттик-коомдук формасынын.
Мониторинг, мамлекеттик саясаттын милдеттүү компоненти катары дене тарбиянын жана спорттун программалык-пландык иш-чараларын аткаруу жана өнүктүрүү маалыматтарын системалуу чогултуунун, талдоонун, ошондой эле программалык-пландык иш-чараларга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн каражаты болуп саналат. Андан тышкары мониторинг дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин жыйынтыгын чыгарып жана баа берүү үчүн дене тарбия менен спорттун борбордук жана облустук башкаруу органдары тарабынан пайдаланылат.
Дене тарбиянын жана спорттун мониторинг жүргүзүү жана баа берүү системасы негизги индикаторлорго, мамлекеттик саясаттын тийиштүү максаттарына, милдеттерине жана артыкчылыктарына негизденет. Мониторинг өзүнө таасир көрсөтүү, процесс жана ресурстук индикаторлорун, мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун натыйжаларын камтыйт.
Мониторинг дене тарбия жана спорттун республикалык мамлекеттик башкаруу органы тарабынан уюштурулат.
Мониторинг чарбалык иштин тибине жана менчигинин түрүнө карабастан дене тарбия жана спорт субъекттери тарабынан жүргүзүлөт.
Ирилештирилген индикаторлор төмөнкүлөргө берилет:
- статистикалык отчеттуулуктун белгиленген формасы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине;
- статистикалык отчеттуулуктун бирдиктүү формасы боюнча дене тарбия жана спорттун республикалык мамлекеттик башкаруу органына.
Артыкчылыктуулук дене тарбия жана спорттун "өсүү чекитин" аныктоого жана өнүктүрүүгө негизделген мамлекеттик саясаттын негизги идеясы катары тармактын кризистүү абалын жоюуга гана эмес, ошондой эле келечекте тармактын туруктуу иштешин түзүүгө да багытталган.
Бул милдет демократиялык коом, рынок экономикасы ырааттуу өнүккөн жана жакынкы келечекте дене тарбия жана спорт мамлекеттин социалдык саясатынын артыкчылыктарынын бири катары таанылган шартта аткарылат.
Чынында эле өсүп келаткан муунду руханий-адептик тарбиялоо, балдар менен жаштардын арасында жаман жүрүм-турумдун жана асоциалдык адаттардын алдын алуу менен бирдикте дене боюнун өркүндөтүлүшүн айкалыштырган ар тараптан жана шайкеш өнүктүрүү фактору катары дене тарбия жана спортко карата мамлекеттик жана коомдук пикир талаптагыдай бааланбайт.
Өлкөнүн дурус кадыр-баркын, коомдо толеранттуулукту жана сабырдуулукту калыптандыруунун көп аспектүү фактору катары дене тарбиянын жана спорттун мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулбайт.
Дене тарбия жана спортту калктын жигердүү эс алуу жана сергек жашоо ыңгайы жагындагы мамлекеттик жана коомдук керектөөлөрдү канааттандырууга жөндөмдүү инфраструктурага трансформациялоо анын экономикалык потенциалын ачып көрсөтөт.
Концепцияны жүзөгө ашыруу реалдуулук, максатка умтулгандык, маалымдуулук, уланмалуулук, ачык-айкындык жана циклдүүлүк принциптеринин негизинде дене тарбия жана спорт субъекттеринин программалык-пландык документтерин иштеп чыгууну болжолдойт. Биринчи кезекте аны дене тарбия жана спорттун республикалык мамлекеттик башкаруу органдары, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдары иштеп чыгууга тийиш. Муну менен бирге Концепция спорттун түрлөрү боюнча федерациялардын, ассоциациялардын жана башка коомдук бирикмелердин программалары менен долбоорлорунун негизинде дене тарбия жана спорттун формаларын жана түрлөрүн өнүктүрүүгө, жеке сектордун ролун олуттуу жогорулатууга багытталат.
Концепция мамлекеттин, жеке сектордун жана жарандык коомдун таламдарын чагылдырган бириктирилген документ болуп саналат. Бул борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарын, ишкер чөйрөлөрдү, жарандык коомду жана илимий-педагогикалык жамааттарды алдыга коюлган милдеттерди чечүү үчүн башка коштуруучу шарт болуп калат.