Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 240 токтому менен бекитилген |
1-тиркеме
1. Жалпы жоболор
2. Агенттиктин максаты жана ишинин түрлөрү
3. Агенттиктин мүлкү жана каражаттары
4. Агенттиктин башкаруу органдары
5. Байкоочу кеңеш
6. Байкоочу кеңештин жыйындарын өткөрүү тартиби
7. Аткаруучу директор
8. Агенттиктин кызматкерлери
9. Агенттиктин ишин токтотуу тартиби
1. Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдында "Ала-Тоо Финанс" чакан кредит агенттиги (мындан ары - Агенттик) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Банк жана банк иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык түзүлгөн, кедейчиликти кыскартуу жана ишке орношууга көмөк көрсөтүү, аз камсыз болгон жарандардын материалдык, социалдык жана экономикалык шарттарын жакшыртуу максатында калкка мамлекеттик колдоо чараларын ишке ашыруучу коммерциялык эмес адистештирилген кредиттик мекеме болуп эсептелет.
2. Агенттик мекеменин укуктук формасындагы коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет, юридикалык жактын статусуна ээ. Агенттик юридикалык жактын статусун, ошондой эле ал мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып өз ишин ишке ашыруу боюнча укуктарды жана милдеттерди алат жана сотто доогер жана жоопкер катары чыга алат.
3. Агенттиктин уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги эсептелет.
4. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, эл аралык макулдашууларды жана келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын актыларын, ушул Уставдын жоболорун, Агенттиктин операциялык колдонмосун, Агенттиктин ички жоболорун жетекчиликке алат.
5. Агенттик өз ишин Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзөт.
6. Агенттиктин толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдында "Ала-Тоо Финанс" чакан кредит агенттиги";
расмий тилде: "Микрокредитное агентство "Ала-Тоо Финанс" при Министерстве молодежи, труда и занятости Кыргызской Республики";
англис тилинде: "Аlа-Тоо Fi№a№ce" Мicrofi№a№ce Age№cy".
Агенттиктин кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "Ала-Тоо Финанс" ЧКА;
расмий тилде: МКА "Ала-Тоо Финанс";
англис тилинде: "Аlа-Тоо Fi№a№ce" МFА.
7. Агенттиктин жайгашкан жери: Бишкек шаары.
8. Агенттик Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында региондук өкүлчүлүктөрдү жана филиалдарды уюштурууга укуктуу.
9. Агенттиктин ишинин негизги максаты кедейчиликти кыскартуу жана калкты ишке орноштуруу, Агенттиктин уюштуруу документтеринде каралган кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүү жолу менен аз камсыз болгон жарандардын материалдык, социалдык жана экономикалык шарттарын жакшыртуу боюнча чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү болуп эсептелет.
10. Агенттиктин ишинин негизги түрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишимдик шарттарда, карыз алуучулар менен сүйлөшүлгөн шарттарда жеке жана юридикалык жактарга чакан кредит берүү болуп эсептелет. Бул учурда чакан кредиттер агенттик тарабынан өздүк каражаттарынын эсебинен же болбосо донор уюмдардын, жергиликтүү жана эл аралык финансы уюмдарынын каражаттарынын эсебинен берилет.
11. Чакан кредит алууга укугу бар бир эле адамга, карыз алуучулардын категорияларына берилүүчү чакан кредиттин эң чоң өлчөмү бир карыз алуучуга 50000 (элүү миң) сомго чейинкини түзөт.
12. Агенттик чакан кредит берүү боюнча негизги ишин жүргүзүү менен катар эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишин камсыздоо үчүн башка бүтүмдөрдү жүргүзүүгө укуктуу, анын ичинде:
- Агенттиктин алдындагы милдеттенмесин тындырууда күрөөгө койгон мүлктү алып коюуга жана сатууга;
- чакан кредит берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү менен байланышкан консультациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүүгө;
- эл аралык донор уюмдардан, банктардан жана финансы-кредиттик мекемелерден каражатты карыз алууга;
- жеңилдетилген кредит берүүнү өнүктүрүүгө андан ары жумшоо менен гранттык финансы каражаттарын жана демөөрчүлүк жардамдарды тартууга;
- карыздык милдеттенмелерди сатып алууну жана сатууну жүргүзүүгө (факторинг);
- финансылык лизинг боюнча кызматтарды көрсөтүүгө, бул учурда Агенттик берүүчү же мүлктү чыгаруучу жана сатып алуучунун ортосунда ортомчу катары чыгып, берүүчүнүн же чыгаруучунун мүлкүн сатып алуу жана кредиттин шарттарында сатып алуучуга сатуу жолу менен анын мүлкүн сатууну каржылайт;
- уюштуруучулары мамлекеттик органдар болгон башка чакан финансылык органдарга кредит берүүгө укуктуу, мында чакан кредиттик уюмдар чакан кредиттерди Агенттик аныктаган шартта беришет.
13. Агенттик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерди жүргүзүүгө укуктуу.
14. Агенттиктин кредиттик иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген нормалар менен жөнгө салынат.
15. Чакан кредиттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Уставдын шарттарына жана Чакан кредит берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобого (Кредиттик саясат) ылайык айыл аймактарынын кредиттик кеңештери берген тизмеге киргизилген жеке адамдарга берилет.
16. Чакан кредит берүүдө Агенттик берилүүчү акча каражатынын кайтарылышын камсыз кылууга милдеттүү, анын ичинде карыз алуучу же Агенттиктин алдында карыз алуучунун милдеттенмелерин тийиштүү аткарууну камсыз кылуучу адам менен күрөө, ипотека келишимдерин түзүү жолу менен. Агенттик карыз алуучулардан өз милдеттенмелерин аткарууга ар кандай мыйзамдуу кепилдиктерди, анын ичинде кепилдик, гарантия жана башка финансылык милдеттенмелерди талап кылууга укуктуу.
17. Агенттик берүүчү чакан кредит алууга укугу бар карыз алуучулардын категориясы Чакан кредит берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобо (Кредиттик саясат) менен аныкталат.
18. Агенттик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы чыгарган ченемдик актыларга ылайык өз активдерин жана кредиттик портфелин классификациялайт жана потенциалдуу жоготууларын жана зыяндарын жабууга резервдерди түзөт.
19. Агенттиктин мүлкү жана каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- менчик ээси ага өткөрүп берген каражаттардын;
- гранттар, демөөрчүлүк жардам, кредит, ссуда жана карыз алуулар аркылуу түшкөн каражаттардын;
- Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин юридикалык жактарынын, ошондой эле айрым жарандардын ыктыярдуу которууларынын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын.
20. Агенттик өз мүлкүн оперативдүү башкаруу укугуна ээ. Агенттик Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 231-беренесине ылайык мүлккө ээ болот, пайдаланат жана аларды тескейт.
Ресурстар жетишсиз болгондо Агенттик өз милдеттенмелерин жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
21. Агенттик бекитилген бюджетке ылайык операциялык чыгымдарды ишке ашырат.
22. Агенттиктин финансылык жана операциялык жылы ар жылдын 1-январында башталып 31-декабрында аяктайт. Финансылык/операциялык жыл аяктаганда жылына бир жолу Агенттик Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген талаптарга ылайык өз финансылык ресурстарына жана ишине тышкы аудит жүргүзөт.
23. Потенциалдуу жоготууларын жана зыяндарын жабууга, шектүү жана зыяндуу карыздарын эсептен чыгарууга резервдерди түзүү, ошондой эле потенциалдуу жоготууларын жана зыяндарын жабууга резервдерге оңдоо киргизүү Агенттик тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актыларына ылайык жүргүзүлөт.
24. Агенттиктин башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- башкаруунун жогорку органы - Байкоочу кеңеш;
- башкаруунун аткаруучу органы - аткаруучу директор.
25. Байкоочу кеңеш беш мүчөдөн турат, анын ичинен бирөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындоочу төрага болот.
Байкоочу кеңештин курамына кызматы боюнча төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри;
- Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- "Центерра Голд Инк" компаниясынын өкүлү (макулдашуу боюнча).
26. Байкоочу кеңештин өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- ушул Уставга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына, Агенттиктин ишине тиешелүү юридикалык макулдашууларга ылайык Агенттиктин ишине багыт берүү жана контролдоо;
- Агенттиктин Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- Агенттиктин аткаруучу директорун кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш киргизүү;
- Агенттиктин аткаруучу директорунун сунушу боюнча аткаруучу директордун орун басарын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу;
- Агенттиктин жылдык бюджетин жана ага ар кандай өзгөртүүлөрдү бекитүү;
- Агенттиктин жылдык отчетторун жана бухгалтердик баланстарын бекитүү;
- Агенттиктин негизги каражаттарын тескөө жөнүндө чечим кабыл алуу;
- Агенттиктин филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн түзүү жана ишин токтотуу жөнүндө маселелерди чечүү, алар жөнүндөгү жоболорду бекитүү;
- Агенттиктин иши менен байланышкан башка маселелерди чечүү;
- Чакан кредит берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобону (Кредиттик саясат) бекитүү.
27. Байкоочу кеңеш Агенттиктин учурдагы ишине кийлигише албайт. Байкоочу Кеңештин мүчөлөрү Агенттиктин атынан аракеттенүүгө укуксуз.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү Агенттикке карата лоялдуулукту сактоого тийиш. Алар ушул Уставга каршы келген максаттарда өздөрүнө берилген мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алышпайт же Агенттиктин мүлктүк же мүлктүк эмес кызыкчылыктарына зыян келтиришпейт.
28. Байкоочу кеңештин биринчи жыйынын өткөрүү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан тиешелүү күбөлүктү алгандан кийин бир айдын ичинде аткаруучу директор тарабынан уюштурулат.
29. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү Агенттиктен же ар кандай башка булактан Байкоочу кеңештин мүчөсү катары өз ишин жүргүзгөндүгү үчүн эмгек акы, калем акы же башка компенсация алышпайт.
30. Байкоочу кеңеш өз ишин ушул Уставдын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Агенттиктин ишине карата юридикалык макулдашууларга ылайык жүргүзөт.
31. Байкоочу кеңештин жыйындары кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Байкоочу кеңештин кворуму анын бардык мүчөлөрүнүн жарымынын көбү катышканда болду деп эсептелет.
Байкоочу кеңештин чечими Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда төраганын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
Кезексиз жыйындар Байкоочу кеңештин төрагасынын, Агенттиктин аткаруучу директорунун сунушу боюнча чакырылышы мүмкүн.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө Байкоочу кеңештин жыйыны жөнүндө ал өткөрүлгөнгө чейин он жумушчу күндөн кеч эмес тиешелүү түрдө билдирилүүгө тийиш.
Кезексиз жыйындар өткөрүлгөн учурда билдирүү Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө жок дегенде үч жумушчу күн мурда жиберилиши керек.
Билдирүүдө күн тартиби менен байланышкан бардык зарыл документтерди тиркөө менен болуучу жыйындын күн тартиби камтылууга тийиш.
Байкоочу кеңештин жыйындары протоколдонот. Протоколдорго төрага кол коет, Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө жана аткаруучу директорго жиберилет.
Байкоочу кеңештин ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык камсыздоо Агенттик тарабынан ишке ашырылат.
32. Агенттиктин Байкоочу кеңештин мүчөсү тикелей же кыйыр материалдык кызыкчылыгы болгон маселелер боюнча добуш берүүгө катыша албайт.
33. Аткаруучу директор Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечими менен кызматка дайындалат.
Аткаруучу директор Байкоочу кеңешке отчет берет.
Байкоочу кеңеш аткаруучу директор өз милдеттерин тиешелүү аткарбаган, Агенттикке материалдык зыян келтирген учурда аны кызматтан бошотуу жөнүндө сунуш киргизе алат.
34. Аткаруучу директор Агенттиктин учурдагы ишине жооп берет. Аткаруучу директор өзүнүн ишин эч кимге көз карандысыз жана башкалардын кийлигишүүсүз ушул Уставдын жоболоруна ылайык жүргүзөт.
Аткаруучу директордун ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасында да, чет өлкөлөрдө да юридикалык жана жеке жактардын алдында Агенттиктин атынан чыгууну, Агенттиктин атынан келишимдерди, протоколдорду, макулдашууларды, учурдагы операциялык ишине тиешелүү башка документтерди түзүүнү, анын компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды камтыйт.
35. Аткаруучу директордун орун басары болот, ал аткаруучу директор аныктаган функцияларды ишке ашырат, ошондой эле аткаруучу директор жок учурда анын милдетин аткарат.
36. Агенттик өзүнүн кадрдык камсыздоо маселелерин чечет, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлерди жалдоонун (жалданма кызматкерлерди) тартибин жана шарттарын аныктайт.
37. Агенттиктин кызматкерлер менен болгон өз ара мамилеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү эмгек келишимдеринин негизинде түзүлөт.
38. Агенттиктин кызмат адамдары жана кызматкерлери мыйзамдардын жана эмгек келишиминин (контракттын) негизинде жана анда аныкталган тартипте алар келтирген зыян үчүн жоопкерчилик тартат.
39. Кызматкерлердин милдеттеринин чөйрөсү аткаруучу директор тарабынан аныкталат жана бекитилет.
40. Агенттиктин иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздерде сот тарабынан токтотулат.
41. Агенттик жоюлгандан кийин калган мүлк жана акча каражаттары жана юридикалык макулдашууларга ылайык кайтарылган кредит алуучулар менен эсептешүүлөр Агенттиктин уставдык максаттарын чечүүгө жумшалат.
42. Агенттиктин ишине байланышкан документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат жана сакталат.