Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-апрелиндеги №240 токтому менен бекитилген |
3-тиркеме
1. Жалпы жоболор
2. Кредиттик кеңештин негизги милдеттери жана функциялары
3. Кредиттик кеңештин укуктары жана ыйгарым укуктары
4. Кредиттик кеңешти түзүү тартиби
5. Кредиттик кеңештин ишин уюштуруу
1. Айыл аймагынын кредиттик кеңеши (мындан ары - Кредиттик кеңеш) чакан кредит алуу үчүн аз камсыз болгондордун категориясына кирген жумушсуз жарандардын тизмесин түзүү максатында түзүлөт.
2. Кредиттик кеңеш өз ишин коомдук башталышта жүргүзгөн туруктуу иштөөчү консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп эсептелет.
3. Кредиттик кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялуулук жана ачыктык принциптерине негизделген.
4. Кредиттик кеңеш юридикалык жак болуп эсептелбейт, өзүнө берилген укуктардын жана ыйгарым укуктардын алкагында иштейт, өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле ушул Жобонун негизинде ишке ашырат.
5. Кредиттик кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылык, агроөнөр жайлык кайра иштетүү, чакан өндүрүш, кол өнөрчүлүк, соода жана башка чөйрөлөрдө ишкердик ишти уюштуруу максатында чакан кредит алуу үчүн аз камсыздалгандардын категориясына кирген жумушсуз жарандардын тизмесин түзүү;
- бөлүнүүчү чакан кредитти натыйжалуу пайдалануу жана алардын андан ары кайтарылышы боюнча рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- бөлүнүүчү чакан кредиттердин карыз алуучулар максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү.
6. Милдеттерин чечүү үчүн Кредиттик кеңеш төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- жашаган жери боюнча калкты ишке орноштуруу органдарында белгиленген тартипте катталган жумушсуз жарандардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн (үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө ар айлык кирешеси кепилдикке алынган минималдуу кирешеден төмөн болгон үй-бүлө) тизмесине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдында "Ала-Тоо Финанс" чакан кредит агенттигине аз камсыздалгандардын категориясына кирген жумушсуз жарандардын тизмесин чакан кредит берүү мүмкүнчүлүгүн кароо үчүн ал түзүлгөн күндөн тартып 5 жумуш күнүнүн ичинде берүү;
- Кредиттик кеңештин иши, кабыл алган чечимдери жана алардын аткарылышы жөнүндө коомчулукка дайыма маалымдоо;
- айыл аймагынын тургундарынын жыйындарында жасалган иштер жөнүндө жыл сайын отчет берүү.
7. Кредиттик кеңеш өзүнө жүктөлгөн функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өз ишине аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, кредит берүү боюнча адистерди тартууга;
- белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан өз ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматты суроого жана алууга;
- Кредиттик кеңештин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча эксперттер, адистер же кызыкдар болгон коомдук уюмдар менен консультацияларды уюштурууга жана жүргүзүүгө;
- Кредиттик кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүүгө;
- аз камсыздалгандардын категориясына кирген жумушсуз жарандардын тизмесин кызыкдар мекемелерге жана адамдарга ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү жана чакан ишкердигин өнүктүрүү максатында берүүгө.
8. Кредиттик кеңештин курамын түзүү айыл аймагынын тургундарынын жыйындарында жүргүзүлөт.
9. Кредиттик кеңештин курамына жергиликтүү кеңештердин, жарандык коом уюмдарынын, аксакалдар кеңешинин, эксперттик жамааттын өкүлдөрү, айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери, жергиликтүү активисттер кирүүгө тийиш.
10. Кредиттик кеңештин сандык курамы айыл аймагындагы калктын санын эсепке алуу менен аныкталып, Кредиттик кеңештин 5тен 11ге чейинки мүчөсүнөн турат.
11. Кредиттик кеңештин курамы 3 жыл мөөнөткө шайланат. Бир эле адам Кредиттик кеңештин мүчөсү болуп катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.
Кредиттик кеңеште бош орундарды ээлөө айыл катышуучулардын санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен аймагынын тургундарынын жалпы чогулушунун чечими менен жүргүзүлөт.
12. Кредиттик кеңештин жаңы курамын түзүү анын мурунку курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүтөөрүнө бир ай калгандан кеч эмес жүргүзүлөт.
13. Кредиттик кеңеш Кредиттик кеңештин төрагасы, Кредиттик кеңештин төрагасынын орун басары, жооптуу катчысы жана мүчөлөрү курамында түзүлөт.
14. Кредиттик кеңештин уюштуруу жыйынында катышуучулардын көпчүлүгүнүн ачык добуш берүүсү менен төрага, анын орун басары жана жооптуу катчысы шайланат.
15. Кредиттик кеңештин ишин жетектөөнү төрага, төрага жок учурда анын орун басары жүргүзөт.
16. Кредиттик кеңештин төрагасы:
- Кредиттик кеңештин ишин уюштурат;
- Кредиттик кеңештин жыйындарына төрагалык кылат;
- иш планын бекитет;
- Кредиттик кеңештин жыйындарынын протоколдоруна жана башка документтерине кол коет;
- Кредиттик кеңештин чечимдерин ишке ашыруу боюнча ишти жүргүзөт;
- мамлекеттик органдарда жана чакан кредиттик уюмдарда Кредиттик кеңештин атынан чыгат.
17. Төраганын орун басары:
- төрага жок учурда анын милдеттерин аткарат;
- Кредиттик кеңештин же төрагасынын тапшырмасына ылайык башка функцияларды аткарат.
18. Кредиттик кеңештин жооптуу катчысы:
- Кредиттик кеңештин мүчөлөрү менен мамлекеттик органдын тиешелүү бөлүмдөрүнүн же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара байланышты камсыз кылат;
- Кредиттик кеңештин кезектеги жыйынын даярдоого, ошондой эле анын чечимдерин аткаруу мөөнөттөрүнө контролдоо жүргүзөт;
- Кредиттик кеңештин ишин уюштуруучулук жана маалыматтык колдоону камсыз кылат;
- иш кагаздарын жүргүзүүгө жана уюштурууга жооп берет;
- Кредиттик кеңештин, төрагасынын же анын орун басарынын тапшырмасына ылайык башка функцияларды аткарат.
19. Кредиттик кеңештин ишинин негизги формасы жыйын болуп эсептелет.
20. Кредиттик кеңештин жыйындары эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса, укуктуу болуп эсептелет.
21. Кредиттик кеңештин жыйындарын өткөрүү мезгилдүүлүгү иш-чаралардын бекитилген планына ылайык Кредиттик кеңеш тарабынан белгиленет.
22. Кредиттик кеңештин мүчөсү кезексиз жыйын чакыруу жөнүндө Кредиттик кеңештин кароосуна сунуш киргизүүгө укуктуу.
23. Кредиттик кеңеш өз ишин бир жылга бекитилген иш-чаралар планына ылайык жүргүзөт.
24. Кредиттик кеңештин мүчөлөрү алмаштыруу укугусуз жеке өздөрү анын жыйындарына катышат. Кредиттик кеңештин мүчөсү жыйынга келүүгө мүмкүн эмес болуп калган учурда өзүнүн пикирин күн тартибине киргизилген маселе боюнча жазуу жүзүндө жиберүүгө укуктуу.
25 Кредиттик кеңештин жыйындары ачык жүргүзүлөт, ага жарандар, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катыша алышат.
26. Кредиттик кеңештин жыйындарында Кредиттик кеңештин ар бир мүчөсү бир добушка ээ.
Кредиттик кеңештин чечимдери жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделип, ага төрага жана анын мүчөлөрү кол коюшат. Добуштар тең болуп калган учурда төраганын добушу чечүүчү болуп эсептелет. Кароонун жана чечим кабыл алуунун жүрүшүндө Кредиттик кеңештин мүчөлөрү айткан өзгөчө пикирлер протоколдо чагылдырылат.
27. Кредиттик кеңештин ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык камсыздоону тиешелүү айыл өкмөтү ишке ашырат.